Англис тили дүйнөгө жол ачат

  • 17.10.2024
  • 0

Азыркы учурда чет өлкөдө билим алуу көпчүлүктүн эле кыялы болсо керек. Чынында башка өлкөдө  билим алуу адамдын ой-жүгүртүүсүн өстүрүп, кругозорун кеңейтет. Бирок маалыматтын жетишсиздигинен мындай кыялдар дайыма эле орундала бербейт. Бүгүн чет өлкөдө билим алуу үчүн эң жөнөкөй, ошондой эле маанилуу талаптардын бири болгон англис тили тууралуу, аны үйрөнүүдөгү   туура усулдар жана тилди билүү деңгээлин аныктаган тесттер тууралуу кеп кылабыз.

Англис тили дүйнөгө жол ачат

Психологдор бир гана тил менен чектелгендерге караганда бир нече тилди жакшы билгендер чырдуу кырдаалды оңой жөнгө салышы ыктымал дешет. Тил билүү бир эле билим алуу үчүн эмес, ал биздин жеке өсүшүбүзгө, адамдык сапатарыбызга түздөн-түз тиешеси болот экен.

Кыргызстандын дээрлик ар бир мектебинде англис  тил сабагы өтүлөт. Тилекке каршы, мектепти аяктаганча эркин сүйлөп чыккан окуучулар чанда кездешет. Негизи тилди туура методдор менен тынымсыз  окуса 2-3 жылда толук үйрөнүп чыга алат.  Азыр технология өнүккөн, санариптешкен заманда өнүгүп-өсүүгө зор мүмкүнчүлүктөр жаралды. Кичинекей чөнтөк телефон аркулуу эле дүйнөнү таанып, каалаган маалыматка жете алабыз. Мисалы тил үйрөнүү  үчүн атайын тиркемелерди, ютубду колдонуу бир топ жемишин берет. Тескерисинче кээбир мугалимдерге жана алардын методдоруна караганда интернеттен түрдүү маалымат алса болот. Дал ушундай жол менен тилди өздөштүрүп, карьерасын куруп жаткан Алина бизге өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Алина азыркы учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинин магистранты. 2024-жылы ошол эле окуу жайдын англис тили факультетин аяктаган. Ал англис тилин окуудагы технологиянын орду тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

-Негизи башка тилдерге салыштырмалуу англис тили бир топ жеңил. Болгону аны туура ыкма менен окуш керек. Мисалы кайра-кайра грамматикалык эрежеледи жаттоо керек эмес. Болгону аны практикада колдонууну билиш керек. Канчалык англис тилдүү адамдар менен маектешсең, ошончолук бат сүйлөйсүн. Ошондуктан атайын тиркемелерди  көчүрүп, ошол жактан чет өлкөлүк досторду табып практикка кылса болот. Жөнөкөй эле күнүмдүк турмушта колдонгон буюмдарды англисче айтып, тилге болгон эркиндигин өстүргөн жакшы. Санариптешкен заманда “мектепте англис тили мугалим жок болчу, же китеп жок, курс жок” деген шылтоо  уят нерсе. Тил үчүн атайын колдонмолорду  көчүрүп же ютубдан эле каалаган методдо окуткан каналдарды тапса болот. Мен өзүм дагы ошонтип окуганмын.

“Кайсы тилди билсең, ошол элдин маданиятын тааныганга барабар” дешет эмеспи. Тил үйрөнүү бизге дүйнөнүн эшигин ачат. Жогорку окуу жайлардын студенти Нуржанда англис тили аркулуу убагында чоң мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калган. Ал алмашуу программасы аркулуу Америкада окуп келген. Нуржан англис тилин билүү зор  мүмкүнчүлүктөрдү бергендиги тууралуу  айтып берди:

-Чынында бул тилде эркин сүйлөө азыркы замандын талабы десек да болот. Бир эле чет өлкөдө эмес, Кыргызстанда дагы көп мекемелер чет тилин билгендерге басым жасап баштады. Жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн эң жөнөкөй  мисалы катары айтсам:  азыр өлкөбүздө же кошуна мамлекеттерде ар кандай эл аралык конферециялар өткөрүлүп турат. Көпчүлүгү англис тилинде жүргүзүлөт. Ага жөн эле көрүүчү болуш учун дагы англисче керек болуп жатпайбы…Мен бакалаврды окуп жүргөндө, окуу жайда алмашуу программалары менен чет өлкөдө окуп келгенге мүмкүнчүлүк алдым. Буга деле тил билуу себеп болуп жатпайбы. Азыркы учурда жеке туристтик агенстводо гид болуп  иштеймин. Туристтерди  Кыргызстандын кооз  жерлерине алып барып, тааныштырып, ал жерлердин тарыхын айтып, тамак-аштарды түшүндүрүп, кыскача айтканда Кыргызстанды  таанытып берем.  Келечекте окуумду чет өлкөдө улантсам деймин”.

Англис тили дүйнөгө жол ачат

Туура усул менен окуу көздөгөн жерге жетүүгө өбөлгө болот. Котормочулук багытын аяктаган, тил үйрөнүүдө бир топ тажрыйбасы бар Гулжан Максатбекова чет тилди окуюм дегендерге төмөнкүдөй кеңештерди берди: “Кандай гана окуу болбосун биринчи кезекте адамда максат болуш керек. Эмнеге бул тилди үйрөнүп жатам? Эмне кереги бар деген суроолорду ар бир адам өзүнө берип,анан башташ керек. Экинчи кезекте дициплинаны кармануу – ийгиликтин ачкычы дегим келет. Окуп баштагандан кийин таштабай, кун сайын план менен тынбай окуса сөзсүз жыйынтык көргөзөт. Баары майдадан башталат дейт эмеспи. Ошондуктан аз болсо да, негизгиси окуп, аягына чыгаруу. Эгерде окуучу чет өлкөдө окуюм десе атайын тесттерди тапшырып, деңгээлин аныкташы абзел. Дагы бир айткым келген нерсе, өзүнөрдү чектебегиле. “Билбейм, сүйлөй албайм, колумдан келбейт” дебестен, кандай гана мүмкүнчүлүк болсо өзүнү сынап көргөнү  жакшы. Ар бир жаңы нерседен адам өзүнө сөзсүз тажрыйба топтойт. Мындай нерселер келечекке бекем пайдубал түзүп берет.

Тилди билуу деңгээлин аныктаган тесттер

Дүйнөлүк  окуу жайлар англис тилин билүү  деңгээлин аныктаган сертификаттарды талап кылат. Алгач ошол тесттерден өтүп, анын жыйынтыгы менен тапшырууга болот.  Ал тесттер “Эл аралык  англис тили боюнча тестирлөө системасы” (IELTS – International English Language system) жана “Чет тили катары англис тили боюнча тест – интернеттин негизинде аныктоо” (TOEFL iBT – Test Of English as a Foreign Language).

Англис тили дүйнөгө жол ачат

Бул сынактар сиздин англис тилинде жазуу, окуу, угуу жана оозеки сүйлөө деңээлинизди аныктап берет.  Алар Бишкек шаарында белгиленген мөөнөтөрдө гана өткөрүлүп турат. Тилди жетиштүү  түрдө үйрөнгөндөн кийин бул сынактарга даярданса болот. Эгер каалсаңыз ютуб платформасын колдонуп, каалаган маалыматты ала аласыз. Же болбосо тесттерге атайы даярдаган окутууучу же курстарды тапсаңыз болот.

Англис тили дүйнөгө жол ачат

Карантин мезгилинен баштап аталган сынактарга  кошумча дагы бир жаңы тест кошулду. Ал Dualingo сынагы. Мунун өзгөчөлүгү эмнеде? Аталган тесттин ыкчамдуулугу. Dualingo го өзүңүзгө ыңгайлуу убакта регистрация кылсаңыз болот. Башкача айтканда дедлайн жок. Кааласаңыз тестти түндө да, күндүз да тапшырса болот. Анткени бул толугу менен ойнлайн форматта жүргүзүлөт. Жыйыныгын 48 сааттын ичинде ала аласыз. Ал сиздин почтанызга жөнөтүлөт. Ал эми IELTS жана TOEFL тесттери белгиленген убакта гана өткөрүлөт. Сиз ошол датага даяр болуп, ошол күнү гана тапшыра аласыз. Бул тесттер көпчүлүк убакта офлайн түрдө болот. Тесттин жыйынтыгын аз дегенде эки жумага чукул күтүш керек. Dualingo нун дагы бир өзгөчөлүгү арзандыгы. Ал болгону 50 долларды түзөт. Ал эми IELTS жана TOEFL тесттерине катталуу 250 доллардын тегерегинде болот. Бул эки тесттин артыкчылыгы эмнеде? Сиз бул тесттер менен дүйнөнүн дээрлик баардык окуу жайларына тапшыра аласыз. Ал эми Dualingo тестин кээбир окуу жайлар кабыл албайт. Өзгөчө Европа мамлекеттериндеги университеттер кабылдабайт.

Англис тили дүйнөгө жол ачат

Айдана Маматбердиева

«Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер