“АЛЬФА-ГЕНИЙ” — АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ ЖОЛ АЧКАН МЕКТЕП
- 11.08.2024
- 0
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылында 2023-жылдын 1-сентябрында “Альфа-Гений” окуу комплекси айылдын балдарына эшигин ачкан. Бир жыл ичинде билим уясы сапаттуу билим берүүгө бардык шарттары бар экенин көрсөтүп, бир топ ийгиликтерди жаратты.
“Билимдүүгө дүйнө жарык “ демекчи, жылдан-жылга балдарын жеке менчик мектептерге окууга берген ата-энелердин саны өсүүдө. Алар балдарын заманбап талапка жооп берген, сапаттуу билим алууга бардык шарты бар мектепке окутууну каалайт.
Менчик мектеп сунуштаган заман талабына ылайык иштелип чыккан программалар, эл аралык жогорку окуу жайларга эшик ачуучу тесттерге даярдоо өз кезегинде балдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.
“Альфа-Гений” окуу комплексин жеке ишкер айым Анара Абдыкадырова негиздеп, айылга чоң жаңылык киргизди. Мектепте 1-класстан 11-класска чейин балдарга билим берип, окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Математика, англис тили сабагына басым жасалат. Англис тили сабагы Oxford, Solutions Series программалары менен тереңдетилип окутулат. Негизги сабактардан сырткары ар тараптуу өнүгүү үчүн, мезгилдин талабына ылайык: немис тили, менталдык арифметика, шахмат, хореография, теннис, актердук чеберчилик, сүрөт тартуу боюнча ийримдер иштейт.
— “Альфа-Гений “окуу комплексинде 2023-2024-окуу жылында 197 окуучу билим алды. Ал эми жаңы окуу жылында окуучулардын саны 350-400 окуучуга жетет деп ишеничтүү айта алабыз. Мектеп убактысы саат 8.00дон 17.00го чейинки толук окуу күнүн камтыйт. Үч маал ысык тамак берилет. Кошумча сабактар, ийримдер, тамактануу окуу баасына кирет. Бир класста 20-24 окуучу окуйт. Бул мектептин дагы бир өзгөчөлүгү — акысыз медициналык кароо болуп эсептелет жана бир жылда эки жолу жүргүзүлөт, акысыз анализдердин бардык түрлөрү алынат. Балдардын окуудагы ийгиликтерине жараша жеңилдиктер да каралган. Мектепте каникул учурунда балдарга жайкы эс алуу лагери ачылган. Эс алуу лагеринде балдар англис тилин тереңдетип үйрөнүп, сууга түшүп, үч маал ысык тамак менен камсыз болушат, — дейт тажрыйбалуу мектеп жетекчиси Миргүл Жаңыбаева.
Бир жылдын ичинде окуу комплекси жогорку жетишкендиктерди багындырып, айыл жериндеги балдар орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөөгө жетишти.
3-класстын окуучусу Мадалиев Элдар “Жаш Пифагор” математикалык олимпиадасына катышып, 3-орунду камсыздай алды. Ал эми 3-класстын окуучулары Абдыманапова Наима, Мадалиев Элдар, Сатыбаева Сумая, Ахмедов Умар, Турдалиев Султан, Ысаков Ариет (класс жетекчиси Н.Ю.Бернгард) “А.С.Пушкин балдардын үнү менен” атуу эл аралык фестиваль-конкурска катышып, жыйынтыгын күтүп жатышат.
Мектеп мүдүрү Миргүл Жаңыбаева мектептин үтүр, чекитине чейин билген тажрыйбалуу, кесипкөй жетекчи. Ал билим берүү системасында 23 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келатат. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси адистиги боюнча физика-математика мугалими.
- Мектеп жамааты тажрыйбалуу, билимдүү кадрлардан түзүлгөн. Азыркы күндө 200 чукул балдарга 18 мугалим билим берет. Мугалимдер ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Балдардын заманбап билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Мектептин негизги милдети — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин, өз оюн так айта алган жаңы муунду даярдоо, — дейт директор.
“Альфа-Гений” мектеби — бул илим-билимге, келечекке карай салынган даңгыр жолду айылдын балдарына ачып берди десек ашыкча болбостур.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер