АГАРТУУЧУЛУК ЖАНА ЖАЗУУЧУЛУК ЖОЛУНДАГЫ АСЫЛ ЭМГЕК
- 10.02.2026
- 0
Сулайман Рысбаев 70 жашта
АГАРТУУЧУЛУК ЖАНА ЖАЗУУЧУЛУК ЖОЛУНДАГЫ АСЫЛ ЭМГЕК
Педагог-устаттын чыныгы үлгүсү
Ар бир адамдын тагдырында багыт көрсөтүп, билимдин жарыгын чачкан улуу инсандар болот эмеспи. Мындай инсандар насааттуу сөзү, талыкпас эмгеги, жөнөкөйлүк асыл сапаты менен элдин эсинде болуп келет. Ошондой ардактуу адамдардын бири агартуу ишине өмүрүн арнаган, жүрөгүндө балдарга болгон чексиз мээримди сактаган Сулайман Рысбаев агай.
Быйыл ардактуу устатыбыз 70 жашка толуп олтурат. Бул — жөн гана календарлык дата эмес, бул — талыкпаган эмгектин, ак ниет кызматтын, көптөгөн окуучулардын тагдырында калган жарык издин далили деген пикирдемин.
Сулайман Казыбаевичте чыныгы педагогго мүнөздүү сабырдуулук, балдарды шыктандыруучу касиет жана чоң жоопкерчилик бар. Так ошол сапаттары менен билим берүү тармагында узак жылдар үзүрлүү, талыкпай эмгектенип, педагоогдук кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө зор салым кошуп келди. Кыргыз тили сабагында теориялык гана билим бербестен, балдардын ички дүйнөсүнө жол таап, алардын жашоодо өз ордун туура табууга жана адам катары калыптанышына өзгөчө маани берип келет.
Устат үчүн ар бир окуучу — өзүнчө тагдыр, өзүнчө үмүт эмеспи. Балага билимди мээрим менен берүү эң улуу жеңиш деп эсептейт.
Сулайман Казыбаевич салттуу педагогика менен жаңычыл ой жүгүртүүнү айкалыштыра билген агартуучу. Ал билим берүүнү кургак эрежелер менен эмес, жашоого жакын мисалдар, улуттук баалуулуктар жана элдик тарбия аркылуу жеткире билүүнү ар дайым айтып келет. Устатыбыздын өзгөчөлүгү — баланын тилин таба билгенинде. Ал орой сөз менен эмес, акыл-насаат, жомок, үлгү аркылуу таасир эткендигинде.
Улуттук Алиппенин автору
Кыргыз билим берүү тарыхында өзгөчө орунду ээлеген окуу куралдардын бири — улуттук Алиппе. Бул эмгек 1998-жылы Сулайман Рысбаев тарабынан жазылып, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы улуттук билим берүү системасын түптөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.
Алиппе жөн гана тамга үйрөтүүчү китеп эмес, баланын руханий дүйнөсүнө ачылган биринчи эшик болду. Бул эмгегинде баланын аң-сезимин, дүйнө таанымын, улуттук өздүгүн эске алуу менен сабаттуулукка үйрөтүүнү максат кылган. Алиппенин мазмуну кыргыз элинин тарыхы, тили, каада-салты, нарк-насили, табиятка болгон мамилеси менен тыгыз байланышта түзүлгөн.
1990-жылдардагы коомдук өзгөрүүлөр шартында билим берүүдө улуттук мазмунду калыбына келтирүү зарылчылыгы турган. Ушул шартта бул эмгек улуттук идеологияны билим берүү аркылуу жеткирген алгачкы системалуу окуу куралдардын бири болуп калды.
Мындагы негизги өзгөчөлүктөрдү айтып кетсек: тамгалар кыргыздын күнүмдүк турмушуна, улуттук буюмдарына, салттуу түшүнүктөргө таянып үйрөтүлөт (Ала-Тоо, Манас ата, ак калпак, ак элечек, комуз, камчы, боз үй, үй-бүлө тарбиясы ж.б.). Алиппе аркылуу балага улууну урматтоо, мекенди баалоо, эне тилге аяр мамиле жасоо сыяктуу түшүнүктөр сиңирилет. Ал эми, тил менен ой жүгүртүүнүн биримдигин автор тамганы механикалык жаттатууга эмес, сүйлөө, ой жүгүртүү, түшүнүү аркылуу өздөштүрүүгө басым жасайт. Макал-лакаптар, элдик накыл сөздөр, жөнөкөй фольклордук элементтер колдонулуп, жеңилден татаалга карай берилген. Демек, Сулайман Рысбаев агай баланы “билим алуучу объект” катары эмес, улуттун келечеги болгон инсан катары карагандыгы менен баалуу. Агай ар дайым “Эне тилинде сабат ачкан бала улутун тааныйт, улутун тааныган бала өз жолун адашпай таба алат” дейт.
Бүгүнкү күндө да бул эмгек улуттук мазмун маселелеринде актуалдуу тажрыйба катары бааланат жана педагогдор, методисттер үчүн баалуу тажрыйба жана руханий булак, келечекке багыт болуп калууда.
Бүгүнкү күндүн Андерсени
Сулайман агай агартуучулук жана жазуучулук ишиндеги өзгөчө барак — анын балдар үчүн жазылган жомоктору. Бул жомоктор жөн гана кызыктуу окуя эмес, терең тарбиялык мааниге ээ руханий байлык. Анын жомокторунда: боорукерлик менен адилеттүүлүк, эмгекчилдик менен чынчылдык, табиятты сүйүү жана ата-энени сыйлоо сыяктуу асыл сапаттар баланын аң-сезимине жатык тил менен сиңирилет. Мындай жомоктор дүйнөсү аркылуу устат балдардын дүйнөсүнө жарык нур чачып, аларды жакшылыкка үндөп келет. Агайдын калемине таандык жомоктор эч качан актуалдуулугун жоготпой, мугалимдер менен ата-энелер үчүн ишенимдүү тарбиялык курал болуп келе жатат десек жаңылышпайбыз.
Балдардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн ачууга, жомокко болгон кызыгуусун арттырууга жана көркөм ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган “Балдар жомокту жандандырат” аттуу долбоор быйыл ийгиликтүү ишке ашты. Долбоорду кыргыз балдар жазуучусу Бурул Асакеева эжебиз жетектеди. Бурул эже Сулайман Рысбаев агайыбыздын жомокторунун негизинде балдарга арналган “Балык балдар” жана “Торгой ырчы” аттуу эки жомокту кино форматында тартып, өзгөчө жаңычыл ыкма менен жалпы көрүүчүлөргө сунушталды.
Долбоордун башкы өзгөчөлүгү жомоктогу каармандарды балдар өздөрү жандандырып, ролдорду өздөрү аткаргандыгында. Балдар бул долбоордо жөн гана көрүүчү же угуучу болбостон, чыгарманын түздөн-түз катышуучулары, аткаруучулары жана жандандыруучулары болушту. Бул ыкма балдардын өзүн эркин алып жүрүүсүнө, сахналык жана актёрдук жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө, тил байлыгынын кеңейишине, команда менен иштөө маданиятынын калыптанышына шарт түздү. Балдардын табигый ойноосу, чын дилден берилген эмоциясы фильмди жасалмасыз, ишенимдүү кылып, жомоктун тарбиялык маанисин күчөттү.
Бул жомокто балдар каармандардын ички дүйнөсүн, сезимдерин жеткирүүгө аракет кылып, көркөм образды өз алдынча түшүнүп, сахнада ишенимдүү алып чыга алышты. Бул долбоор аркылуу жомок кайрадан жанданып, балдардын үнү, кыймылы, эмоциясы менен кино кыргыз тилинде сүйлөй баштады. Бул балдардын чыгармачылык потенциалы чексиз экенин жана жомок бүгүнкү компьютердин заманында да тарбиянын күчтүү куралы бойдон кала берерин далилдеди.
Шамалды да китеп окуткан жазуучу
Балдар жазуучусу — бул жөн гана текст жараткан адам эмес, ал баланын дүйнөсүнө кире алган, анын жүрөгүн сезген, ой жүгүртүүсүн түшүнгөн өзгөчө инсан. Балдар үчүн жазуу чоң жоопкерчиликти талап кылат, себеби ар бир сөз баланын мүнөзүнө, кыял-жоругуна, дүйнө таанымына таасир этет. Чыныгы балдар жазуучусу баладай ойлоно билет. Ал баланын суроолоруна олуттуу карайт, анын кубанычын да, капасын да сезе алат. Балдарга жогорудан эмес, тең атадай мамиле кылат. Балдар адабияты — тазалыктын, боорукерликтин, жакшылыктын булагы. Ошондуктан балдар жазуучусунун ички дүйнөсү да жарык, ниети ак. Ал зомбулукту эмес, тынчтыкты, жамандыкты эмес, жакшылыкты даңазалайт.
Сулайман Рысбаев агайыбыздын “Китеп окуган шамал” аңгемеси чыгармачылык жолумду дүйнөгө ачкан акжолтой аңгеме болгон. Дал ушул аңгеме аркылуу мен калем кармоонун жоопкерчилигин, сөздүн күчүн жана адабияттын адам тагдырына тийгизген таасирин терең сезе баштагам. Чыгарманын мен үчүн баалуулугу анын көркөм мазмунунда, мага алып келген тагдырлуу жолунда да жатат.
2022-жылдын 30-ноябрында Канаданын Монреаль шаарында Эл аралык адабий сынак өткөн. Ошол сынакка агайдын “Китеп окуган шамал” аңгемесин англис тилине которуп кыргыз-англис тилинде катышып калдым. Шамал сыяктуу болдум, ал чекти билбейт, убакытка баш ийбейт. Бир жолу жазылган сөз башка бир жүрөктө жаңырып, башка тагдырга таасир этет. Монреалда алынган эл аралык сыйлык ушул ойдун чын экенин далилдеди, кыргыз тилинде жазылган чыгарма дүйнөлүк окурманга жетип, бааланат экен. Эл аралык чоң сыйлыкка татыктуу болуп, 1-даражадагы диплом менен сыйландым. Бул жетишкендик менин чыгармачылык жолумдагы эң маанилүү баскычтардын бири болду. Бул образ аркылуу агай китептин унчукпаган, бирок терең күчүн, окуу адамдын ички дүйнөсүн кандайча өзгөртөрүн көркөм формада берүүгө аракет кылган.
“Китеп окуган шамал” ошентип мен үчүн ак бата сыяктуу, чыгармачылыгымдын башаты болгон. Бул аңгеме мага өзүмө ишенүүнү, сөзгө берилгендикти жана чыгармачылык жолдон тайбай жүрүүнү үйрөттү. Ал эми алынган сыйлык жоопкерчиликти арттырган, жаңы изденүүлөргө дем берген белги болду. Эми бул мени дайыма алга жетелейт, шамалдай болуп, калемимди жаңы жолдорго, бийиктиктерге баштай берет.
Мени ойлонткон чыгарма
Сулайман Казыбаевич баланын кыймылын, сөзүн, күлкүсүн, таң калуусун, айлана-чөйрөнү кылдат байкайт. Кичинекей көрүнгөн окуядан чоң маанини таап, аны жомокко же аңгемеге айландыра алат. Мен муну устатыбыздын ар бир чыгармасынан байкайм. Бир күнү агай мага жаңы эле чыккан балдар турмушунан алынып жазылган “Бала бойдон калба” аттуу повестин белек кылды. Мен кызыгып, окуй кеттим. Окуп бүтүп, бирде күлдүм, бирде бушайман болдум, бирде ыйладым… Менин бүт өмүрүмдү көрүп, билип жазып койгондой болуптур. Телефон чалдым. Агай алды. Эч нерсе айта албай ыйлагым келди. Ыйладым. Сага эмне болду? – деп таң кала сурап жатты. Бир убакта басылып, жүрөгүмдүн түпкүрүндө жүргөн санаадан арылгам. Агай мага жол көрсөтүүчү, руханий устат болду деп ойлойм. Мага окшогон канча адамдын, баланын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнүн сээп, анын адам болуп калыптанышына салым кошту дейсиз… Мындай иш таза жүрөктүү жана чексиз мээримдүү асыл адамдын гана колунан келсе керек.
Шакирттердин тарбиячысы
Элге кызмат — өмүрдүн маңызы демекчи, жогорку окуу жайын бүтүргөндөн берки дээрлик жарым кылымдык эмгек жолунда Сулайман Рысбаев шакирттеринин арасында мугалимдер, маданият кызматкерлери, окутуучулар, коомдук ишмерлер бар — бул устат үчүн эмгегинин эң жогорку баасы.
Илим менен билимдин өнүгүшү ар дайым устаттын эмгеги, бул эң биринчи сабыры жана ишениминен башталат. Жаш муунду изденүүгө жетелеп, илимий ой жүгүртүүнү калыптандыруу ар кимдин колунан келе бербеген чоң жоопкерчилик. Ушул жоопкерчиликти татыктуу аркалап, көп жылдык эмгегинин натыйжасында 20 аспирантты жана 1 докторду даярдап чыгаруу илим жолундагы зор жетишкендик.
Аспиранттар менен иштөө жөн гана диссертация жаздыруу эмес. Бул — изилдөөгө багыт берүү, ой жүгүртүүнү тереңдетүү, илимий тактыкка, академиялык адептүүлүккө үйрөтүү. Даярдалган 20 аспирант ар бири өз тармагында илимге салым кошуп, билим берүү жана илимий чөйрөдө ишмердүүлүгүн улантып келет.
Ал эми илимдин докторун даярдап чыгаруу илимий жетекчиликтин эң жогорку деңгээлин айгинелеген көрсөткүч. Терең теориялык негизди, чоң тажрыйбаны жана үзгүлтүксүз колдоону талап кылат. Бул жетишкендик жетекчинин илимий көз карашынын кенендигин, илимге болгон чыныгы берилгендигин көрсөтөт.
Илимий жетекчи катары негизги өзгөчөлүк жаш изилдөөчүнү даяр калыпка салуу эмес, өз алдынча ой жүгүртүүгө, жаңы идея жаратууга үйрөтүү. Дал ушундай мамиле аспиранттардын жана доктордун калыптанышына өбөлгө болуп, илимий мектептин түптөлүшүнө шарт түздү.
20+1 бул жөн гана сан эмес, бул адам тагдырлары, илимге берилген жылдар, талыкпаган эмгек. Мындай устаттык жол кыргыз илиминин өнүгүшүнө кошулган баалуу салым катары тарых бетинде калат.
Булактын көзүн ачкандай…
Пандемия дүйнөнү өзгөрткөн, адамдарды алыстаткан оор мезгил болгон. Бирок ошол оор күндөрдөн кийин тагдыр айрым жолугушууларды өзгөчө мааниге ээ кылып тартуулайт экен. Мен үчүн ошондой тагдырлуу учурлардын бири пандемия аяктап калган жылдары Сулайман агай менен болгон жолугушуум болду.
Ал жолугушууга себепчи болгон адам менин курсташым, кесиптешим Айгүл Батыркулова болгон. Мен ошол кезде илимий жетекчи издеп жүргөм. Бул тааныштык жылдар өтүп, бара-бара ишенимге, сый-урматка жана үзөнгүлөш эмгекке айланды…
Алгачкы баарлашуудан эле ортобузда кесипке болгон окшош көз караш, билимге жана илимге, чыгармачылыкка болгон чыныгы мамиле бар экени байкалган. Сөздөн сөз уланып, ойлор үндөшүп, алгачкы пландар да жарала баштады. Ошол күндөн тартып бир багытта иш алып баруу, пикир алмашуу, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу табигый уланды.
Бүгүнкү күнгө чейин Сулайман агай менен үзөнгүлөш болуп иштешип келебиз. Бул жөн гана кызматташтык эмес, бир максатка чогуу умтулуу, бири-бирин колдоо, ишеним менен таянуу деп түшүнөм. Илимде, билим берүүдө жана чыгармачылыкта мындай мамиле өзгөчө баалуу деп ойлойм.
Бул жолугушуу мага дагы бир ирет тагдырдын мыйзам ченемдүүлүгүн далилдеди. Демек, туура адамдар туура убакта жолугат экен.
Жүрөктөн чыккан каалоолор!
Урматтуу Сулайман Казыбаевич!
Сизди 70 жаш мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул курак жөн гана жылдардын эсеби эмес, бул акылмандыктын, тажрыйбанын, үзүрлүү эмгектин жана коомго сиңген кызматтын бийик чеги.
Өмүр жолуңуз илимге, билим берүүгө жана адамды тарбиялоого арналган өрнөктүү жол. Сиз менен иштешүү кесиптик гана эмес, адамдык жактан да чоң мектеп болду. Терең ой жүгүртүүңүз, так кеңешиңиз, жөнөкөйлүгүңүз жана ишке болгон жоопкерчилигиңиз ар дайым үлгү.
70 жаш өткөнгө сереп салып, келечекке ишеним менен караган улуу курак. Алдыңызда дагы көптөгөн жакшы күндөр, берекелүү иштер, шакирттердин ийгилиги жана эл сыйы болсун!
Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, шакирттериңиздин урматы жана илимдеги изги жолуңуздун чексиз улана берүүсүн каалайбыз. Түптүү кыргыз элинин сыймыктуу, кадыр-барктуу инсаны болуп жүрө бериңиз!
70 жаш кут болсун, агай!
Айдай БЕКБОЕВА,
Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери
Комментарийлер