АГАРТУУ ЖОЛУНДАГЫ ЫЙЫК САПАР

  • 16.01.2026
  • 0

Адатта мугалимдин эмгегин багбандын мээнетине теңейбиз. Ошол чын бейм, мугалим да багбан сындуу баланы көчөт кезинен бапестеп өстүрүп, билимге сугарып турмуштун узак жолуна узатат эмеспи. Бул жерде анын орду, ролу, ата-эне менен тең болсо болор, асты кем эмес. Ошо ата-энедей камкор, мээримдүү мугалимге туш болгон адамдын бактысы тоодой экендиги айтпаса деле түшүнүктүү го. Андай агартуучулар сейрек болсо да арабызда бар. Өмүрүнүн 40 жылдан ашыгын улан-кыздарга билим-тарбия бергенге арнаган КР Билим берүүсүнүн мыктысы Гүлжамал ЕГЕМКУЛОВА жарык дүйнөгө мугалим болуп жаралгандай адам экендигин тастыктаган бир нече фактылар менен бөлүшкүм келди. Анын үстүнө быйыл 70 жаш кутман курагын белгилөө алдында турган юбилярды куттуктоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп турат.

Мен көрсө, өмүрүмдө ушундай – билими, жүрүм-туруму тургай, турган турпаты, өң-келбети, мүнөзү, нукура мугалим адамды кезиктирген жана аны менен аз убакыт болсо да бирге иштеген бактылуу адамдардын бири экенмин. Аны ал кезде кайдан аңдап билмек элек, оо, кийин, турмуш өйдө-ылдый калчаганда, ар түрдүү кыял-мүнөздүү адамдарга жолукканда салыштырып жүрүп отуруп, анан гана жетет тура…

АГАРТУУ ЖОЛУНДАГЫ ЫЙЫК САПАР

1984-жылы жогорку окуу жайга тапшырып экзаменден “кулап” калгандыгыма байланыштуу борбор калаабыздагы училищенин биринде секретарь-машинистка, азыркыча айтканда, катчынын курсун аяктап, бешене экен, СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинде, декандын кабыл алуу бөлүмүндө Гүлжамал Абыкеевна менен бирге иштеп калдым. Анын сулуулугу, тазалыгы, тыкан жүрүм-туруму, улуу-кичүүгө үнүн огеле катуу чыгарбаган, бирге иштеген кесиптештерине эле эмес, студенттерге да аяр, жумшак жылуу мамилеси менен дароо эле арбап алды. Мен ошол кездеги өзүмө байланыштуу эсимде калган бир-эки учурду кыстара кетейин. 3-курста бекен, адабият сабагынан берген агайдын экзаменинде мен билбеген билет туш келип калды. Менимче, агай аны дароо байкаса керек ко, “Ким үч деген баага макул болсо, автоматтык түрдө коюп берем” дегенде, араң отурган жаным татыктуу үчүмдү алдым да, кетип калдым. Кийин уксам, Гүлжамал эже ал үчүмдү оңдоттуруп коюптур, себеби андай баа менен стипендия албай калмакмын. Ал кезде стипендия албаган студентке чын эле өтө кыйын болмок. Деканыбыз Сансызбай Иманалиев стипендияга бир-эки сабактан илинбей калуу коркунучунда калган студенттерди чогултуп, баа койбой жаткан эжей-агайынын алдына алып барып, мындан ары жакшы окуйм деген убадасын бекем алып, баа койдуруп койгонуна өзүм да күбө болгонум бар. Ошондой бир үй-бүлөдөй ынтымактуу, кең пейил чөйрөдө тапталып-такшалган мен бактылуумун деп мактанып атканым да ошондон чыгар. Андан бери 40 жылдан ашык убакыт өттү. Гүлжамал эжем ошол жибектей созулган калыбында суп-сулуу, жап-жаш, сылык-сыпаа мүнөзүнөн жазбай агартуу тармагында эмгектенип келатат. Ал адам жүргөн чөйрө азыр да ошол кездей тунук, бийик, кең пейил экендигинен кыпындай да шегим жок, себеби андай адамдар күнү-түнү бирдей жалын чачкан чырактай жарык, ар дайым акактай таза болот. Гүлжамал эже өзү да эң биринчи адамдагы бийик адамгерчиликти, жөнөкөйлүктү жогору бааларын айтып калат.

– Менин убактымдын көбү жумушта өткөндүктөн, ишимди экинчи үйүм деп эсептеймин, анда иштеген ар бир инсан менин жүрөгүмдүн тереңинде орун алган. Мен бардык адамдарга бирдей мамиле жасаганга, колдон келген жардамымды берүүгө аракеттенип келем, анткени адамдагы эң чоң касиет — бул бийик адамгерчилик, жөнөкөйлүк деп билем. Мен өзүмдү сыйлап, колдоп турган адамдарды таарынтып алуудан корком, өзүмө жамандык жасагандарга дагы кечиргенге аракет жасаймын, анткени менин турмушумда кездешкен ар бири өз орду бар, мен үчүн эң кымбат адамдар, — дейт биздин оюбузду тастыктагандай.

Гүлжамал Егемкулованын кесиптеши, бир чети жердеш эжеси К.Карасаев атындагы БМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасынын башчысы, КР Эмгек сиңирген билим берүү кызматкери, ф.и.д, профессор Суусар Искендерова кереметтүү Кегети өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген керемет адам Гүлжамал Абыкеевнанын басып өткөн өмүр жолунун урунттуу учурларын учкай белгилеп өттү.АГАРТУУ ЖОЛУНДАГЫ ЫЙЫК САПАР

– Дүйнөдөгү туризм боюнча эксперттер кыргыз жеринин өтө жогорку деңгээлдеги сулуулугун, экологиялык тазалыгын өзгөчө белгилешип, эң алдыңкы эс алуучу өлкөлөрдүн катарына кошуп жатканы бекеринен эмес. Мына ушундай ажайып кооз жерлердин бири Кегети капчыгайынын жаратылышын бир көргөн адам өмүр бою эсинен чыгарбайт. Кегети суусунун күн чыгыш тарабында кол менен жасап койгондой тектирдей болгон жерде Арпа-Тектир деген айыл жайгашкан. Аты айтып тургандай тектирге жайгашкан 60-70 гана түтүн айылдагы Абыке ата менен Уулбүбү эненин үйүндө мындан туура 70 жыл мурда көзүн ачып көргөн, оозун ачып өпкөн тун кызы Гүлжамал жарык дүйнөгө келген. Ал Кегети айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, борбор шаарыбыздагы ошол кездеги жалгыз университеттин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган. Факультетти ийгиликтүү аяктаган көрүнүктүү студенттердин бири болгондуктан, анын ошол факультетте иштеп калганы таң калычтуу деле эмес эле. Ошол жерден тажрыйба топтоп такшалып, кийинчерээк К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине (азыркы БМУ) ишке которулат. Ал БМУнун алдындагы Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары болуп бүгүнкү күнгө чейин иштеп келатат, — дейт кесиптеши.

Бир эле жерде узак убакыт иштөөнүн өзү эмнени билдирет? Айтылуу институттун окуу процесси мыкты деңгээлде үзгүлтүккө учурабай бир тартипте иштеп келаткандыгында Гүлжамал Абыкеевнанын салымы өтө чоң экени талашсыз. Учурда ал бирге иштеген окутуучу-профессор кесиптештеринин, студенттердин  арасында эң бийик кадыр-баркка ээ.

– Мен Гүлжамалды жакындан билген адам катары, иш билгилигин, ар бир ишке жогорку жоопкерчилигин, айрыкча, анын мүнөзүндөгү сабырдуу, токтоо, улуу-кичүү менен бирдей тил табышып иштеген билгичтик сапатын баса белгилер элем. Дагы бир баарына үлгү болорлук сапаты – анын ата-энесине, бир туугандарына жасаган мамилеси. Биз ар дайым бала ата-энесин көзүнүн тирүүсүндө сыйлашы керек деп балдарыбыздын кулагына куюп келебиз, Гүлжамал өзүн бүтүндөй эле ата-энесине, бир туугандарына арнап койгон адам. Ал атасын кандай алпештеп, энесин кандай бапестеп бакканына баарыбыз күбөбүз. Андыктан ата-энеге сый көрсөтүүнүн бийик үлгүсүн Гүлжамал көрсөттү десек болот. Азыр мен анын сиңдилери аны кандай бапестеп сыйлап турушарын көрүп кубанам, сыймыктанам.

Жаратканым адамдын баарына эле өмүр берет экен да, бирок карылыкты баарына эле бере бербейт экен. 70 жыл дагы жашоонун жакшы бир учуру деп белгилегим келет, ошол үчүн Гүлжамалдын дөөлөттүү карылыкка жетип ак эмгегинин үзүрүн көрүп, узак өмүр сүрүшүн каалайм, — дейт Суусар Искендерова.

Гүлжамал Егемкулова менен КУУда (мурдагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы университет) бирген иштеген кесиптеши, жакын курбусу Шарипа Усупова юбиляр жөнүндө мына буларга токтолду.

– Гүлжамал менен биз кесиптештен тышкары, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Ушул 40 жылдан ашык убакыт аралыгында анын адамгерчилигине, адамдарга жасаган мамилелерине, ички дүйнөсүнүн ушунчалык аруу, тазалыгына суктанып да, таң калып да келем. Ал дос-тууган дегенде ичкен ашын жерге коюп жасаган мамилеси, чын ыкласы менен колунан келген көмөгүн көрсөткөнү, айтор, баары анын ички дүйнөсүнүн бийиктигин айгинелейт. Кыргызда мына ушундай адамдарды “сакадай бою сары алтын” деп коюшат, менин жеке баамымда менин курбум ашык-кеми жок ушундай баага татыктуу адам. Курбум көп балалуу үй-бүлөдө таалим-тарбия алып өскөн. Атасы Абыке аксакал партиялык, советтик чоң кызматтарды аркалап жүрүп, байбичеси Уулбүбү экөө балдарынын баарын жогорку билимдүү, жоопкерчиликтүү инсан болууга тарбиялап өстүрүштү. Гүлжамал ата салтын, кыргыздын бийик наркын бекем туткан пакиза айым. Кыргызда аялзатына баа бергенде “Ак көрпө жайыл” деп баалайт, ал ушундай бийик баага татыктуу. “Атаң өтүп кетсе агаң ата, энең өтүп кетсе эжең эне” демекчи, азыр өзү жетелеп өстүргөн бир туугандарынын, алардын балдарынын ардактуу төрүндө сый-урматка ээ болуп турган чагы. Ал чынында уул-кыздардын улуусу катары бир туугандарына эле эмес, алардын балдарына, демек, неберелерине да чоң энелик, таенелик милдетин татыктуу аткарууда.

Мен аны менен кыйла жыл ийиндеш иштеген кесиптеши катары, Гүлжамалдын дагы бир сапатын баса белгилеп кетким келип жатат, анын гумандуулугу, тазалыгы, билгичтиги анын колунан билим алып тарбияланып, учурда Кыргызстандын булуң-бурчунда иштеп жаткан улан-кыздардын ага болгон урмат-сыйынан улам байкалат. Алар кай жерден көрсө да ийилип салам берип, жылуу сөздөрүн арнагандарына көп эле күбө болуп жүрөм. Шакирттери, аны менен бирге иштеп, таалим-тарбиясын алган кыздар Асыл, Айнагүл, Гүлбара азыр да алдынан кыя өтпөй “эжекелеп” урмат көрсөтүп келишет.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ишенбек Сыдыковдун үй-бүлөсүнүн атынан Гүлжамал Абыкеевнага бекем ден соолук, бакубаттуу бактылуу өмүр каалап кетким келет, — дейт жакын курбусу.

“Бир жылдыгыңды ойлосоң эгин эк, он жылдыгыңды ойлосоң бак отургуз, жүз жылдыгыңды ойлосоң бала тарбияла” демекчи, адамдын айлап-жылдап өтөгөн эмгегинин өтөөсү ушинтип акыры көрүнөт тура. Мугалимдик улуу миссиясын татыктуу аткарып келаткан Гүлжамал Егемкуловадай эң жогорку сыйга арзыган адамдардын арабызда бар экендиги бизди күн сайын адам болууга умтултуп, ушундай бийик адамдар бизге үлгү болуп алдыга сүрөйт экен. Бар болуңуз, биздин сүйүктүү эжейибиз!

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер