Агартуу министрлигинин сыйлыктары: Комиссия эмес, эми жасалма интеллект тандайт
- 26.02.2026
- 0
Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктардын санын кыскартуу жана аларды ыйгаруу тартибин өзгөртүү маселеси кызуу талкууларын жаткан чакта, Агартуу министрлиги ведомстволук сыйлыктардын ыйгаруу ишин санарип форматка өткөрүп, татыктуу талапкерлерди тандоого жасалма интеллектини киргизүүдө.
Тандоо процессинде адам фактору катышпайт
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктары төмөнкүлөр:
- «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси;
- «Кызматташтык салымы үчүн» медалы;
- Ардак грамота.
Сыйлыктарды ыйгаруу процессин санариптештирүү боюнча учурда бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Буга чейин сыйлыктарды кароо жана тандоо процесси жалпы билим берүү мекемелеринин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана министрликтин атайын түзүлгөн комиссиясынын катышуусунда жүргүзүлүп келген. Эми бул иштер толугу менен автоматташтырылган тартипте «АИС Мугалим» маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат.
Жаңы механизмге ылайык, ар бир талапкер бекитилген критерийлерге жараша өзүнүн кесиптик жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды жана ырастоочу документтерди жеке кабинети аркылуу жүктөйт. Жүктөлгөн маалыматтар система тарабынан автоматтык түрдө катталып, текшерилип, белгиленген көрсөткүчтөр боюнча баллдары эсептелет. Жыйынтык жалпы базага топтолгон маалыматтардын негизинде чыгарылат.
“Тандоо процессинде адам фактору катышпайт — чечим программа тарабынан алдын ала бекитилген так жана бирдиктүү критерийлердин негизинде автоматтык түрдө аныкталат. Бул ыкма ачык-айкындыкты, калыстыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылат. Ошондой эле убакытты үнөмдөөгө, документ жүгүртүүдөгү кыйынчылыктарды азайтууга жана сыйлык ыйгаруу механизмин заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө шарт түзөт”,-дейт Агартуу министрлигинин адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Гүлзат
Жаңы автоматташтырылган системаны туура түшүнүп, маалыматтарды так, толук жана өз убагында киргизүү — адилет баалоонун негизги шарты болуп саналат.
Эмгекти баалоонун критерийлери
Урматтуу мугалимдер!
Талапкерлерди кароонун негизин сиздин кесиптик портфолиоңуз түзөт. Негизги жетишкендиктериңиз — окуучулардын билим сапаты, квалификацияны жогорулатуу, автордук жана методикалык иштелмелер, олимпиадаларга даярдоо, долбоорлорго катышуу жана башка көрсөткүчтөр — система тарабынан автоматтык түрдө бааланат. Бул ар бир педагогдун эмгегин бирдиктүү жана адилет негизде кароого мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле учурда бул процессте сиздин кесиптик өзүн-өзү баалооңуз да маанилүү.
- Өзүңүзгө төмөнкү суроолорду берип көрүңүз:
Окуучуларымдын билим жыйынтыктары туруктуу жана сапаттуубу? - Окутууда заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонуп жатамбы?
- Квалификациямды үзгүлтүксүз жогорулатып, алган билимимди практикада колдонуп жатамбы?
- Кесиптик конкурстарга, долбоорлорго жана демилгелерге катышамбы?
- Тажрыйбамды кесиптештерим менен бөлүшүп жатамбы?
- Окуучуларым олимпиадаларда жана конкурстарда жетишкендиктерге жетишип жатышабы?
- Жетишкендиктерим портфолиомдо толук жана так чагылдырылганбы?
Эгер бул суроолорго берген жоопторуңуз конкреттүү жыйынтыктар менен бекемделсе, бул сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүздүн далили болуп саналат.
Ошондой эле өзүңүзгө эң маанилүү суроону бериңиз:
Менин кайсы жетишкендиктерим чындап эле сыйлыкка татыктуу?
Бул — окуучулардын туруктуу ийгиликтери, натыйжалуу методикаларды киргизүү, мектептин же билим берүү системасынын өнүгүшүнө кошкон салым, насаатчылык ишмердик, маанилүү демилгелерди ишке ашыруу сыяктуу коом үчүн баалуулугу бар иштер болушу мүмкүн.
Санариптик система бул жетишкендиктерди каттоого жана объективдүү баалоого жардам берет. Бирок алардын мазмунун жана чыныгы баалуулугун аныктаган — сиздин эмгегиңиз.
Сизди «АИС Мугалим» системасындагы портфолиоңузду толук, так жана актуалдуу жүргүзүүгө чакырабыз. Анда сиздин чыныгы эмгегиңиз, жетишкендиктериңиз чагылдырылышы керек.
Сиздин эмгегиңиз маанилүү! Дал ошол эмгек татыктуу бааланып, сыйлыкка негиз болушу керек.
Ой-пикириңизди [email protected] электрондук дареги аркылуу күтөбүз.
“Ардактуу кызматкер”
Агартуу министрлиги ошондой эле билим берүү тармагында үзүрлүү жана талыкпай эмгектенген, бирок мугалимдик кесиби жок же түздөн-түз педагогикалык кызматта иштебеген жарандар үчүн «Ардактуу кызматкер» төш белгисин киргизүүнү сунуштоодо. Бул сыйлык билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана ишинин натыйжасы үчүн ыйгарылат. Аталган сыйлык боюнча да атайын тизме жана критерийлер бекитилет.
Комментарийлер