АДЕПТҮҮЛҮК АДАМГЕРЧИЛИКТИН БАШАТЫ

  • 17.01.2025
  • 0

Адеп — бул адамдын жүрүм- туруму, адамдын өзүн-өзү алып жүрүүсү, улуулардын эл алдындагы тартип, нарк сактоо парызы, жаштардын улуулар алдындагы аткара турган милдети болуп саналат. Кыргыз эли эзелтеден бери өзүнүн эч жерде жазылбаган мыйзамдары менен жашап, муундан-муунга адеп, нарк, тарбия жөнүндөгү өзүнүн айныксыз салттарын калтырып келген.

Адамды коштоп жүрүүчү улуу эрежелер

Илимий жактан алып караганда, адептүүлүк — адамдын жүрүш-туруш нормасын аныктоочу моралдык эреже жөнүндөгү этикалык түшүнүк. Сылыктык, сыпайкерчилик, кичи пейилдик, уяттуулук деген түшүнүктөр адептүүлүктүн негизин түзөт. Адептүүлүк маданияттуу жүрүш-туруштун сырткы көрүнүшү катары коомдук жана жекече турмуштагы жүрүм-турумдун эрежелерин, өз ара мамилелерин сактоого багытталат. “Акылдуу жетээр муратка, акылсыз калаар уятка” деген элибиздин макалы бар. Адептүүлүктү сактоодо акыл жана тарбия башкы орунда турат. Улуу-кичүүнү урматтоо жана сыйлоо башка элдердей эле кыргыздарда да калыптанган тарбиялык үлгү болуп эсептелет.

Азыркы замандын талабына ылайык, адеп маданияты же болбосо маданияттуу жүрүм-турум ар бир кыргыз жаранынан коомчулук тарабынан талап кылынуучу мыйзамдык касиет болуп саналат.

Адептүүлүккө тарбиялоо — бул коомдогу адамдардын аң-сезиминин максатка жараша калыптанышы, аң-сезимдин ызааттуулук жактан өнүгүшү, башкача айтканда адам өзүнүн алдына кандай максат койсо, ошону аткарыш үчүн бардык аракетин жасайт. Ошол жолдо коомдук адептүүлүктүн, адеп маданиятынын сакталышы парыз.

Адамдын жүрүм-туруму, анын мүнөзүндөгү көнүмүштөрдүн пайда болушу, биринчиден, анын кичинесинен учкан уясынан алган тарбиясынан, экинчиден, анын айлана-чөйрөсүнөн, адамга түзүлгөн шарттан жана коомдогу мыйзамдуулукту сактай билүүдөн болот.

Канча адам айлана-чөйрөдөгү шарттан, көрүнүштөрдөн, күткөн чөйрөсүнөн  улам  ар кандай турмуштук шарттарга кабылышы мүмкүн. Бул жерде улуулардын нускасы, мектептен алган тарбия, жашап жаткан коомдогу мыйзамдуулуктун сакталышы чоң мааниге ээ.

Ошондой эле өз элинин эзелтен келе жаткан үрп-адаттарынын жакшы жактарын сактоо, адамдын өзүн-өзү байытуусу, окуп билим алуусу, ошол эле убакта башка элдердин да үрп-адаттарын, тилин, маданиятын, улуу жактарын сыйлай да, үйрөнө да билүү бүгүнкү жаштардын алдында турган милдет.

Мисалы, бир же бир нече тил билген адам эч жерде кор болбойт, ал ошол сапаты менен коомго, адамдарга кызмат кылат. Өз элинин жана башка элдердин маданиятын, салт-санаасын үйрөнүү жана аны керектүү жерде колдоно билүү адамдын күндөлүк турмуштагы адеп маданиятынын өсүшүнө жана калыптанышына алып келет.

Адамды бардык учурда чынчылдык жана адептүүлүк, адилеттикти сактоо жана ал үчүн күрөшүү коштоп жүрүшү керек. Ар ким өзүнүн жүрүш-турушун сын көз менен кароого милдеттүү. Ошондо гана адамда жогорку деңгээлдеги адеп маданияты сакталат.

Адам башкалардын кемчиликтерине да адилеттүү баа берүүгө үйрөнүшү парз. Бул жашап жаткан коомдо адам эч убакта жалгыз эмес. Анын айланасында ар дайым ал иштеген же окуган жамаат турат. Адамдардын ортосунда бирдиктүү тарбия болушу абзел жана керек. Адамдын эрки коомдун талаптары менен шайкеш келиши зарыл. Анткени адам коомдон сырткары, элден сырткары эч жалгыз жашай албайт. Адамга ар дайым  тегерегиндегилердин жакшы сөзү, колдоосу,  көмөгү, жардамы керек. Адам адамга ар дайым кол сунууга милдеттүү. Бул элибиздин салтындагы айныксыз, жазылбаган мыйзамдардын эң башкыларынын бири. “Жетимге кордук көрсөтпө” деген кыргыз.

Кадимки Курманбек баатыр калмактын каны Дөлөн хан тарабынан найза жеп жарадар болгондо досу, Кашкардын ханы Аккан келип, жарадар болгон Курманбекти ор ичинен араң таанып, жараатын таңып, дары сүйкөйт. “Эми жүр үйүңө алып кетейин“ дегенде, Курманбек жараатынан улам атка жүрө албастыгын билдирип, Аккан досуна мына мындай деп керээзин айтат:

Кара күрмө шайыңды,

Кие турган далым жок.

Кара памил чайыңды,

Иче турган шайым жок.

 

Кызыл күрмө шайыңды,

Кие турган далым жок.

Кызыл памил чайыңды,

Иче турган шайым жок.

 

Жолдо коргон көрүнсө,

Тийип өткүн четинен.

Жолдо ыйлаган жалгыздын,

Сүйүп өткүн бетинен.

 

Адырда коргон көрүнсө,

Тийип өткүн четинен.

Алты жашар жалгыздын,

Сүйүп өткүн бетинен.

 

Эл-журтума мен жактан,

Айтып өткүн саламды.

Ардактап жакшы багып ал,

Артымда калган баламды, — деп алты жашар баласын өлүм алдында Аккан досуна тапшырат.

Демек, эзелтеден бери эле боорукердик, гумандуулук, мээрмандык эл канына сиңип келген улуу касиеттерден.

Элибизде “Жардынын жүгүн көчүрбө, жаккан отун өчүрбө” деген накыл бар. Анын сыңарындай, бүгүнкү рыноктун, базар экономикасынын шартында колунда жокторго кол сунуу, алсызга жардам берүү  – бүгүнкү меценаттардын, байлардын парызы болуп саналат. Бардык эле адам өкмөттү карап отура бергенде болбойт.

Демек, адептүүлүк адамдын эрки менен анын руханий байлыктарынын шайкеш келиши болуп эсептелет.

Адам өмүр бою тарбияланып, такшалат, бирок ошентсе да, тарбиянын башаты, калыптануусу, жүрүш-туруштун тигил же бул эрежелерин үйрөнүүсү негизинен балалык, өспүрүм  кезинен башталат. Бул жерде эң биринчи ата-эненин ролу зор. Андан кийин  азыркынын шарты боюнча бала бакча,  мектеп, жогорку окуу жай же адам кездешкен чоң турмуш таасир берет.

Демек, адептүүлүк маданияты кайсы коом, кандай шартта болбосун адамды коштоп жүрүүчү улуу эреже. Кыргызда улууну сыйла, улуунун алдынан кыя өтпө, улуудан мурун сөз талашпа, улуулар айткан акылды сезимиңе түйө бил, ар дайым тазалыкты жана тартипти сакта, бирөөгө жардам керек болсо колуңдан келген жардамыңды аяба, чынчыл жана калыс бол, ак ниетиң менен эмгек кылсаң үзүрүн көрөсүң, арзан жана бекер оокатка алданба, бирөөнүн мүлкүнө же байлыгына көз артпа, улууну сыйласаң кичүүдөн урмат көрөсүң, өзүң эмгек кылып тапкан наның таттуу болот, адамдын сага кылган жакшылыгын эч качан унутпа, бирөөгө жаманчылык кылсаң өз башыңа келет деген асыл накылдар, кымбат баалуу тарбиянын түрлөрү бар.

Мына ушул тарбиянын баарысын бүгүнкү өзүбүз жашап жаткан коомго ылайыктап пайдалануубуз керек. Адеп маданияты — тарбиялуулуктун белгиси.

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы адептик ойлор

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кайсы гана чыгармасын албайлы, андагы башкы тема — Адам. Адамдын көз карашы, ойлогон ойлору, бул турмуштагы ээлеген позициясы,  күнүмдүк көр турмуштагы тарткан азабы, актык, чынчылдык, тазалык, адам аброюнун бийиктиги үчүн күрөшүү, адамдын жаратылыш менен болгон байланышы –мына ушунун баары жазуучунун чыгармаларындагы башкы критерийлер болуп саналат. Анын “Газетчи Дзюо” аттуу эң алгачкы аңгемесинен тартып акыркы романы болгон “Тоолор кулаганда» романына чейин адамдык турмуш, адеп-ахлак, ыйман маселеси негизги тематикалардын эң башкысын ээлейт.

Жазуучунун эң алгачкы чыгармачылык ийгиликке алып келген “Бетме-бет” повести анын адабий дебюту болсо, андан кийин жаралган “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, ”Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, ”Көздөн учкан көк жээк”- булардын ар бири өзүнүн идеялык – көркөмдүк, адеп-ахлактык проблемалары бар, ар бири өзүнчө эстетикалык бийиктикти түзгөн чыгармалар.

Албетте, булардын ар биринин өзүнүн жекече идеялык, тарбиялык мааниси бар. Адептик тарбия жөнүндө сөз болгондо  Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бала- каармандардын ролуна токтолууга туура келет. Бул жерде айтчу сөз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бала каармандардын негизин жазуучунун өзүнүн башынан  өткөргөн турмушу түзөт. Чыңгыз Айтматовдун адабий ачылышынын башталышы анын өзү туулуп-өскөн, балалык мезгилин өткөргөн жерден башталышы бекеринен  эмес.

Чыңгыз Айтматов адабий дүйнөгө Шекер айылы менен Күркүрөө өзөнүн ачты. Бир дагы географиялык картада белгиленбеген бул айыл, бул өзөн азыркы мезгилде Айтматовдун айылы, Айтматовдун өзөнү делип, бүт дүйнөгө таанымал. Ч.Айтматов эң биринчи жазуучулук сөздү, эң биринчи турмуштук сабакты Шекерден, Күркүрөөнүн боюнан алды. Ата мекендик согуштун учурундагы  Шекерде өткөргөн оор балалык күндөр, ”Эрте келген турналардын “ тагдыры, ошондогу турмуштук сыноолор жазуучунун өмүр бою чыгармаларында колдонуп келген сезимдик портреттерге айланды.

Мына карап көрүңүз, ошол кездеги Сейиттер жана Султанмураттар, Толгонайлар жана Жамийлалардын образдарын талдаганда адеп-ахлак темасынан, тарбия маселесинен эч кандай алыс кете албайсың…

Эгер Айтматовдун чыгармаларын чындап үңүлүп карап, окуп, андагы образдарды талдай турган болсок, анда ал жараткан ар бир кейипкердин, каармандын образы турмуштун ар түркүн  сабагынан кабар берет. Айтматовдун улам кийинки чыгармаларында баланын, жаш өспүрүмдүн образы алдыңкы планга чыкты. “Жамийладагы” Сейитти, “Ботокөздөгү” Кемелди, «Ак кемедеги» баланын, “Эрте келген турналардагы” Султанмуратты, “Көздөн учкан көк жээк “ повестиндеги Кирискти окуганда, ошол кездеги жаш балдардын сезиминдеги окуя азыркы адамдын да жан дүйнөсүн чымыратат.

Мындай бир окуяны эске салалы: атактуу “Жамийла” повестинде айылдагы кырмандан районго планды аткаруу үчүн эгин ташууга арабакеч жоктугунан бригадир Орозмат Сейиттин апасына келип: “Келиниң Жамийланы бер, араба айдасын. Киши жетишпей жатат, тиги жаңы келген жаңы тууган Данияр менен Сейитке кошуп берейин, үчөө бир бригад болуп стансага каттай беришсин“ деп келсе энеси асман-айга түйүлүп, таптакыр каршы чыгат.

-Барбайт андайыңарга! Кудайды карап иш кылсаңарчы, аял деген качан эле араба айдачу эле? Кой, айланайын, келинимди ошол очогуна эле тим койгула. Ансыз да жалгыз бойлуулуктун азабын тартып, эки үйдүн тең түйшүгү өйдө каратпайт! Бир базардан бери белиме жел туруп тиги жүгөрүлөрдүн түптөрү үйүлбөй жатат! — деп, заңкайта орогон элечектин ээк алгычын апам адатынча кайра-кайра жакасына кыстай, булкулдап жаткан экен.

Ошондо Сейит мындай деп жатпайбы, чыгармада: “Бир чети, бригадир менин мактоомду жеткизип, бир чети, ал менден кадыресе акыл сурап жатканга, анын үстүнө жеңем жанымда араба айдап жүрсө кандай сонун болоор эле деген балалык ой менен, мен мурчуюмуш болуп , апама айттым: — Айдай берсин, аны эмне карышкыр жейт беле! — деп, тиги чоң арабакечтерди туурап. Чырт түкүрүп, камчыны сүйрөй, жайбаракат теңселип бастым.

Андан аркысын мен уккан жокмун. Кичинекей колдору менен эпилдете тезек жайып, мага кубанычтуу жылмайган карындашыма анча деле назар салбай, далисте турган чоң кумганды эңкейте шашпай колумду жууп, колтугума аарчыдым да, дароо үйгө кирээрим менен адегенде чоң кесе айранды жутуп жиберип, экинчисин терезенин түбүнө алып барып, нан туурап жедим. Эшикте апам менен Орозмат дагы эле сүйлөшүп туруптур. Бирок бул жолу алар жай эле муң айтышып жаткандай көрүндү.

Айтор, капаланып бошой түшкөн апам, Жамийланын араба айдашына көндү окшойт, бир аздан кийин бригадир ыраазы болгондой жорго байталын шарт камчыланып, чойтоңдото бастырып кетти.

Анда бул иштин аягы эмне менен бүтөөрү апамдын да, менин да капарымда жок”.

Мына, Сейиттин образынан бир эпизод. Өзү кичинекей бала туруп, араба айдаганы аз келгенсип, ошол кездеги замандын оордугун, кишинин тартыштыгын сезип, жеңесинин араба айдашына каршы туралбай жатат…

Ал эми жазуучунун калган чыгармаларында болсо, “Ак кеме” повестиндеги Бала зордук-зомбулукка чыдабай, Мүйүздүү бугу эненин “өлгөнүн” көрүп, буга чыдабай, Орозкулдар менен бирге жашаганча”балык болуп сүзүп кетем” деп сууга кирип кетет.

“Эрте келген турналарда” Султанмурат согушка кеткен атасынан калган жалгыз аты чабдарды белгисиз келген ууруга алдырат.

Мына ушунун баарында адамды миң сан ойлонткон адеп маселесине тиешелүү каармандар да, окуялар да көп.

Аны түшүнүш үчүн жазуучунун ар бир чыгармасын окуп, талдап, чыныгы турмуштук окуялардай жан берген эпизоддорго сүңгүп кириш керек.

Сардагүл МАМБЕТОВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык колледжинин окутуучусу, КР билим бер
үүсүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер