АДАБИЯТЫБЫЗ  КАНДАЙ БАГЫТТАРДА ӨНҮГҮШҮ  КЕРЕК?

  • 23.03.2026
  • 0

АДАБИЯТЫБЫЗ  КАНДАЙ БАГЫТТАРДА ӨНҮГҮШҮ  КЕРЕК?

 

                                                           Бакашова Ж.Б.,

                                                        профессор, КУИАнын мүчө-корреспонденти

                                                   

                                                            Дүйшөнбаев  П.Э.,

                                                           жазуучу, изилдөөчү. Электронный адрес

                                                            рapan2021@mail. ru   тел. 0551-455-222

                                                        

Макалада улуттук кыргыз адабияты ХIХ кылымдагы классикалык орус адабиятынан азыктанып, аны үлгү тутуп, Октябрь революциясынан кийин социалисттик реализм методунун диктатында калыптанып, мыкты үлгүлөрү дүйнөгө таанылгандыгы, бирок кеңири алкактан алганда  дүйнөлүк адабий процесстерден четте калганы, ага тарыхый, социалдык өзгөчөлүктөр менен бирге руханий эркиндиктин жоктугу себеп болгону, оң каарман- терс каарман, адабият коомду, адамдардын кулк-мүнөздөрүн жакшыртат, гумандуу миссияны аткарат  деген жасалма түшүнүктөр социалисттик реализм методу менен кошо кыйраганы, адабияттын милдети-  бирөөлөргө акыл үйрөтүү же адамдарды оң-терске, жакшы-жаманга бөлүү  эмес, адамдын ички дүйнөсүн жана окуяларды гана ачып берүү, алардан окурмандар өздөрү гана жыйынтык чыгара турганы,бул багытта көз карандысыздыктан берки кыргыз адабиятынын улуу муундардагы өкүлдөрү бир катар резонанстык чыгармаларды жаратышкан менен жаңы муундардын  чыгармаларында сапаттык жылыштар болбой жатканы белгиленип, көз карашты  бекемдөө үчүн улуттук адабияттын айрым чыгаан өкүлдөрүнүн чыгармаларына саресеп жасалып, дүйнөлүк адабияттан мисалдар келтирилип, улуттук адабият мындан ары кандай өңүттөрдө, багыттарда өнүгүүсү, кайсыл темалар көркөмдүк жактан жетиштүү изилденбей, чагылдырылбай келатканы жөнүндө пикирлер жана конкреттүү сунуштар айтылат.

 

Улуттук жазма адабиятыбыз ХIХ кылымдагы классикалык орус адабиятынан азыктанып, элестүү айтканда, анын “шинелинен” чыккан.Чыгармачылыктарын Октябрь революциясына чейин жана  анын алгачкы жылдарында баштагандардын дээрлик баардыгы татар, казак   тилдерине которулгандар аркылуу А.Пушкиндин, М.Лермонтовдун, И.Крыловдун, Салтыков-Щедриндин айрым чыгармалары менен тааныш болушкан. Алардын таасиринде өз чыгармаларын  жаратышкан (мас.Тоголок Молдо). Ал эми совет бийлиги толук орногондон кийин мурдагы Союзга кирген аймактагылардын баардыгындай эле Кыргызстандын акын-жазуучуларынын чыгармачылыктарынын багыттарын, сапаттарын  аныктоочу сын-ченем социалисттик реализм болгон.

Социалисттик реализм деген термин 1932-жылы рапповчулардын (пролетардык жазуучулардын ассциациясы) философиялык категорияларды механикалык түрдө көркөм чыгармачылыкка проекциялаган диалектикалык-материалисттик чыгармачылык методуна жооп катары жаралган (1:414). Ал 1934-жылы  советтик жазуучулардын  Бүткүл союздук  биринчи сьездинде расмий түрдө кабыл алынып, бекитилген. ”Социалистический реализм утверждает бытие как деяние,-деп көрсөткөн А.М.Горький съездде жасаган баяндамасында бул ыкманын сынчыл реализмден өсүп чыккандыгын белгилеп келип,- как творчество,цель которого- непрерывное развитие ценнейших индивидуальных способностей человека ради победы его над силами природы, ради его здоровья и долголетия, ради великого счастья жить на земле, которую он сообразно непрерывному росту его потребностей хочет обработать всю, как прекрасное жилище человечества, обьединенного в одну семью” (2: 17). Бул  СССР Жазуучулар союзунун Уставына ким Союзда жашап, көркөм жана башка чыгармаларды жаратса, ал милдеттүү түрдө социалисттик реализм методун жетекчиликке алышы керек деген норма катары киргизилген (2:712). Социалисттик реализмди чечмелеп, жалпак тилге салып түшүндүргөндө: мурдагы чыгармачылык тажрыйбаларга таянуу менен компартиянын жетекчилигинде социализмдин ар бир аймакта гана эмес, бүткүл дүйнөдө жеңиши үчүн күрөшү, ал күрөштүн процесстерин партиялуулуктун жана идеялуулуктун негизинде көркөм каражаттар аркылуу чагылдыруу  болуп саналат (3:539-541).

Социалисттик реализм ыкмасында жакшы чыгармалар да жаралды. Алар эбак хрестоматияларга кирип калган.Кыргыз адабиятынын өкүлдөрү классикалык орус адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн салтында, соцреализмди кармануу менен чыгармачылыктын техникалык, стилдик, көркөмдүк-эстетикалык жактарын акыбалдары жетишинче өздөштүрүштү. Сөз жүзүндө соцреализмди даңазалаган менен иш жүзүндө чыгармаларына башка “…измдерди” да кошуп жиберген Чынгыз Айтматов бүткүл дүйнөгө таанылды.

Мурдагы падышалык Россиянын аймагында жашаган элдердин  республикаларды түзүп, маданияттарын өнүктүрүүгө киришүүсү  Латын Америкасындагы, Африкадагы бир катар элдердин улуттук боштондукка жетүү мезгилдерине туура келет. Алсак, Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү  саясый  жактан ХIХ кылымдын биринчи жарымында көз карандысыздыкка ээ болушкан менен жерлеринин, жаратылыш байлыктарынын, мүлктөрүнүн  ж.б. көпчүлүгү трансулуттук корпора-­циялардын, чет элдик компаниялардын ж.б. колдорунда болгон. Аларды улутташтырып, экономикалык, каржылык  жактан өз алдынчалыкка жетишүү ХХ кылымдын биринчи жармысында ишке ашкан. Континенттеги элдердин рухий жактан кайра жаралуу мезгили же адабиятынын дүйнөгө таанылуусу мына ошол учурга туш келет. ХХ кылымда Латын Америкасынын прозасы ХIХ кылымдагы орус адабиятындай дүйнөлүк феноменге айланып, жер шарынын баардык булуң-бурчтарына таанылган (4:3).

Саясый, экономикалык жана маданий жактардан постсоветтик аймактагы элдердин көпчүлүгү  да ХХ кылымда ошондой кайра жаралууну баштан өткөрүштү. Бирок анда эмнеге адабиятында андай масштабдагы феномен болбоду?  Ырас, Чынгыз  Айтматов дүйнөгө таанылды, бирок Борбордук Азиядан андан башка эч ким дүйнөлүк аренага чыга албады. Бир сүрөткердин  дүйнөлүк адабиятка, коомдук аң сезимге Латын Америкасынын  жазуучуларыныкындай таасир тийгизе албашы мыйзам ченемдүү көрүнүш.М.Астуриас, Г.Маркес, Ж.Амаду, Х.Борхес, Х.Кортасар, М.Льоса, К.Фуэнтес, П.Неруда…Латын Америкасынын булардай ХХ кылымда дүйнөгө таанылган жазуучу, акындарын санаса жыйырмадан ашат. Анткени, биринчиден, алар чыгармаларын дүйнөлүк маданиятка мурдатан эле терең интеграцияланган испан, португал тилдеринде жазышса, бизде андай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Экинчиден,руханий эркиндиктин жоктугу, саясатташкан бир методдун диктаты да терс таасирин тийгизген.

Европада ХХ кылымдын биринчи жармысында дүйнөгө А.Франс, Ф.Кафка, Э.Ремарк, М.Пруст, Р.Роллан,М.Шолохов, Л.Леонов, бир тууган Манндар сыяктуу ж.б. көркөм сөз чеберлери  таанылышкан. Бирок  алардын эч кимиси дүйнөлүк адабий процесске Э.Хемингуэйдей күчтүү  таасир тийгизе алышпаган. А.Франстын катардагы турмуштук көрүнүштөр түгүл, христиан дининен эч нерсе калтырбай мазактап, шылдыңдаган гротесктик сатирасы, Томан Манндын немис элинин жан дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн бир кейипкер аркылуу ачып берген «Доктор Фаустусу», эң жогорку деңгээлдеги интеллектуалдуу романдары, новеллалары, адабий-философиялык изилдөөлөрү, публицистикалык макалалары,  Ромен Ролландын адамдын жан дүйнөсүндөгүлөрдү музыкага айландырган эпопеялары ж.б. дүйнөлүк адабий чөйрөдө Э.Хемингуэйдин чакан аңгеме-повесттериндей, романдарындай резонанстарга ээ боло албаган. Ал дүйнөлүк кара сөз өнөрүнө жаңы стиль, жаңы ыргак, мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү подтекст киргизди. Анын фразаларында ашкере сүрөттөөлөр, салыштыруулар,ойку-кайкы чегинүүлөр, метафора, эпитет, миф, гипербола сыяктуу каражаттар жок. Бир окуяны ага калыс караган адам баяндап бергендей, же тажрыйбалуу эки адам маектешип отургандай эле жазылган. Ыгы келгенде айтса кетсек, Э.Ремарктын чыгармалары да ошондой. Бирок анын жөнөкөй сөздөрүнөн эле көркөм ой жүгүртүүнүн чоң иримдин айлампасына тартып бараткандай  табийгый стихиясы, күчү,  пружинадай чыңалган фразалардан, кээде өтө эле узарып кеткен диалогдордон  кейипкерлердин ички дүйнөлөрүндөгү кусалык, трагедиялуулук сезилип турат. Элестүү айтканда, анын ар бир диалогунун гана эмес, репликасынын артында тымызын өкүт-өксүк жатат. Бирок, чыгармачылыгын гана эмес, өзүн да жакшы билгендердин пикирлерине ылайык, Э.Хемингуэй прозадан адегенде эле өзүнүн кайталангыс  стилин, чыйырын, орусча айтканда, “золотая жиласын” тапкан менен өмүрүнүн аягына чейин андан чыкканга, же жаңы эксперименттерди жасаганга аракет кылбаган (5: 140-322).

ХХ кылымдын экинчи жармысында  дүйнөлүк адабий коомчулук Габриэль Гарсиа Маркестин чыгармаларынын таасиринде жашады. Анын негизги чыгармасы “Жалгыздыктын жүз жылы” романы- байыркы гректердин адабий эстеликтерине да, эпоско да, фантастиканын, мифологиялык чыгармалардын мыкты үлгүлөрүнө да салыштырылды, теңештирилди. Дүйнөлүк тилдердин баарысына болбосо да басымдуу көпчүлүгүнө которулуп, жарым кылымдан ашык убакыттан  бери  жыл сайын 150-200дөн кем эмес ирет кайра басылып чыгарылууда.  Г. Маркестин, Латын  Амери­касынын жогоруда аталгандай белгилүү  жазуучуларынын чыгармалары магиялык реализм, мифологиялык  фантастика,сюрреализм, зкзистенциализм сыяктуу европалык жана дүйнөлүк маданий тажрыйбаны  өздөштүрүп, сиңирип, аны жаңы эстетикалык реалдуулукка айландырган улуу культурологиялык миссия  катары чечмеленүүдө (4:9). “Но все таки  нужен был именно Гарсиа Маркес, -деп белгилейт изилдөөчү  В.Земсков, чтобы окончательно       стало ясно, что Латинская Америка из “страны будущего”, как ее называл в своей философии истории Гегель, превратилась в реальный фактор всемирной духовной жизни” (9:4).

ХХ кылымдагы Латын Америкасынын адабиятынын мыкты үлгүлөрү сюжеттик түзүлүшү, стили, сүрөттөп, сыпаттоосу, көркөм каражаттарды колдонуусу ж.б. боюнча  салттуу адабияттын үлгүлөрүнөн кескин айрымаланат. Аларда тарыхый окуялар, фантастикалык, реалдуулук менен ирреалдуу көрүнүштөр, рационалдуу  аң сезим менен иррационалдуу нерселер аралашып жүрөт. Ч.Айтматов белгилегендей, Г.Маркестин романынын бир жери жомокко окшошуп кетсе, экинчи жеринде публицистикалык баяндоолор үстөмдүк кылат, үчүнчү жеринде мифологиялык каражаттар колдонулат. Диалог деген жокко эсе. Анткени, көркөм чыгармалардагы диалогдордун көбү жасалма болот, жазуучулар баяндоо менен замыселиндегилерди жеткире албай баратканда текстти бир аз жеңилдетүү үчүн диалогго кайрылышат. Маркестин романы аябагандай тыгыз стилде жазылган, айрым жерлеринин сүйлөмдөрүнүн арасына аба да өтө алгыстай сезилет. Ал жазгандарына  Л.Толстой менен Г.Флобердей өзгөчө катуу талап койгондугу менен айрымаланган. Л.Толстой “Түш” деген аңгемесин 90го жакын ирет оңдоп, көп жерин кайра жазса, Г.Маркес интервьюларынын биринде, жазгандарын кайра-кайра оңдоп, бир күндө орто эсеп менен 1-2 абзац  гана калтырарын  айткан. Бирок анын айрым абзацтары 1-2 бетти түзөрүн да эске алуу зарыл. Мына ушундан улам изилдөөчү: “Сто лет одиночества”- это своеобразная пародия (вспомним “Дон Кихота”) на бытописательский роман, будем надеяться, навсегда его похоронившая. При этом подобно Сервантесу, пародировавшему, по существу, не рыцарские идеалы, а эпигонские рыцарские романы, Гарсия Маркес пародировал (впрочем, в отличие от Сервантеса, не ставя перед собой столь четкой задачи) не принципы правдивого отражения действительности, а  расхожие приемы эпигонской реалистической прозы”(4:9) деген жыйынтык чыгарган.

Мындан автоматтык түрдө  сыпаттап, сүрөттөгөн (описание) көркөм чыгармалардын мезгили өттү, бүттү деген жыйынтык келип чыкпайт. Алардын мыкты үлгүлөрү кайсыл учурда болбосун окурмандарын табат.Бирок өткөн кылымда эле, белгилүү деңгээлде андай чыгармалардын “ширпотребдик комплекси” пайда болгону да чындык. Азыр жөнөкөй катардагы окурман түгүл адабият таанууга адистешкен окутуучу, илимпоздун деле дүйнөлүк адабияттын классикасынын ондон бирин окуп чыкканга өмүрү жетпейт. Эң жакшы дегенде, көбү  багыттары, координаттары менен эле үстүртөн тааныш болушат. Көзү көрбөй калгыча китеп окуган Х.Борхес деле ашып кетсе жармысы менен таанышканга араң үлгүрсө керек.

Адабияттын айрым жанрларын сыпаттап, сүрөттөмөсүз элестетүүгө мүмкүн эмес. Аларга тарыхый, дилогия, трилогия, эпопея жанрындагылар кирет. Тарыхый чыгармаларда тарыхый инсандар, алардын айлана чөйрөсүндөгүлөр, окуялар, ал эми масштабдуу романдарда ондогон кейипкерлерге кошо социалдык процесстер, мезгилдик-мейкиндик тилкелер чагылдырылат. Мында баса белгилей кетчү нерсе, адабий жанрлардагы тарыхый чыгармалардын азбы-көпбү, кесипкөйбү же үйрөнчүкпү, иши кылып мезгилине жараша туруктуу окурмандары болот. Анткени, элдин бир бөлүгү тарыхка дайыма  кызыгат. Ошон үчүн жогорку адабий сын-ченемге толук жооп бербеген чыгармалар деле “тарыхый” деген грифи бар үчүн кайра-кайра басылып турат. Азыркы мезгилде алардын милдетин көп жагынан оргуган маалыматтык булактар: интернет, социалдык тармактар  аткара баштагандыгы да чындык. Алар көркөм чыгармаларды толук алмаштыра албайт, бирок жетиштүү маалыматтар, комментариялар менен камсыз кылат. Потенциалдуу окурмандардын көпчүлүгүнө ошол деле жетишет.

Мурдагы мезгилдерде көркөм адабияттын негизги окурмандары жогорку класстардын окуучулары, студенттер, дыйкандар жана жумушчулар, билимдери, көз караштары компартиянын идеологиясынын диктаты менен чектелген  интеллигенттер болсо, азыр китепти негизинен ааламдаштыруунун шартында, дүйнөлүк маалыматтар, инновациялык процесстер менен үзбөй кабардар болуп тургандар окушат. Аларды предметтердин сырткы көрүнүштөрүнөн мурда ички сырлары, өндүрүштүк, чыгармачылык, аскердик ж.б. окуялар, фактылардан мурда, аларды жаралышын шарттаган психологиялык процесстер же адамдын ички дүйнөсүндөгүлөр көбүрөөк кызыктырат. Салттуу формадагы, мазмундагы адабий чыгармалар көп жагынан эскирди. Илим нанатехнологияларды жаратып жаткан мезгилде адабият  эч кандай оптимисттик же нигилисттик аша чабууларсыз адамдын калькуляцисындагы кыймылдаткыч күчтөрдү  обьективдүү толук ачып бергенде гана өз вазийпасын өтөйт.

Советтик мезгилде адамдын негизинен реалдуу турмуштан алыстап кеткен жасалма бейнеси түзүлгөн.Буга ондогон мисалдарды келтирсе болот, бирок ага убакыт жок. Ал адабияттаануудагы оң жана терс делген кейипкерлердин баарына бирдей тиешелүү болгон. Автор соцреализмдин ыкмасына салып оң бейне жаратса идеалдаштырбаса да ошого жакындата апыртуу, терс бейнесине адамдык жакшы сапаттардын бирин да ыраа көрбөй кара боёкту биротоло коюулатуу мүнөздүү болгон.  Ал эми турмушта бир да адам жалаң- оң, же жалаң- терс сапаттардан турбайт.Жакшы, жамандары дайыма аралашып жүрөт. Маселе алардын пропорцияналдык катышында гана. Ток этерин айтканда, сүрөткер  бир “…измди” карманып албастан, адамдын акыл-эсинин, аң-сезиминин булуң-бурчтарындагы караңгы, жарык нерселерди, сезим-туюмдарындагы мүнөт сайын өзгөрүп турган агымдарды  мүмкүнчүлүгү жеткенче ачып бергенде гана чындыкка жакындайт.Же азыркы мезгилдин адабияты гана эмес, искусствосу да идеялык же эстетикалык нерселерге эмес, биринчи кезекте адамдын ички дүйнөсүндөгүлөрдү чагылдырууга басым жасоосу зарыл.

Мында буга байланыштуу эки фактыны келтире кеткибиз келет. А.Хичкоктун эрди-катындын ажырашуусунун себебине арналган эки сериялуу кино тасмасы бар. Анын 1-сериясы күйөөсүнүн ажырашууга себеп болгон версиясына арналган. Ал эми 2-сериясында ажырашуунун себептери жөнүндө аялынын версиясы көрсөтүлөт. Биз сериялардын катарын алмаштырып алышыбыз да мүмкүн, бирок андан маани өзгөрбөйт. Эринин версиясын көргөндө анын позициясына кошулуп, анын логикасына макул болосуң, ал эми аялынын версиясы менен таанышкандан кийин анын логикасына да ынанып, аягында кимисинин аргументтерине, логикасына артыкчылык берериңди билбей каласың.

Р.Л.Стивенсондун “Странная история  доктора Джекила и мистера Хайда”деген повести адамдын жан дүйнөсүндөгү полярдык карама-каршылыкта турган дуалисттик көрүнүштү көркөмдүк жактан изилдөөгө арналган. Жекил -күндүз билгендердин  баардыгы сыйлап, урматтаган даңазалуу дарыгер  врач болсо, ал эми түнкүсүн шаардыктардын жүрөктөрүнүн үшүн алып, үйлөрүнөн чыкпай бекинип отурганга мажбурлаган  адам өлтүргүч маньяк Хайдга  айланат. Повестте реалдуулук менен фантастика жуурулушуп кеткен (9: 293). Ф.С.Фицджеральддын “Великий Гэтсби” романынын башкы кейипкери Гэтсби аймактагы аябагандай бай, дасторконун кеңири жайып, муктаждардан жардамын аябаган, бирок ошол эле учурда төрөпейил адам. Романдын подтекстинен, кокустан айтылган репликадан анын өмүрү трагедиялуу экени, мыйзамга, адеп-ахлакка ылайык келбеген иштерге аралашканы сезилип турат. Антип кейипкеринин чыныгы жүзүн подтекст аркылуу көрсөтүү көркөм сөздүн чыныгы чеберлеринин гана колдорунан келет.

Бул өңүттөн алганда дүйнөгө белгилүү баатырлардын окуяларын сүрөттөгөн чыгармаларга караганда бир жөнөкөй адамдын ички дүйнөсүн, андагы сезим-туюмдардын агымдарын жеткире ачып берген чыгармалар жогору турат. Маселен, М.Дрюондун, Д.Балашовдун же В.Яндын, В.Пикулдун тарыхый романдарына караганда Кнут Гамсундун  психологиялык  чакан романдары, повесттери  окурмандарга терең таасир тийгизери талашсыз. Бул биздин жекече пикирибиз. Анткени, тарых деген өткөн нерсе, ал адамда өзгөчө   симпатияны же антипатияны пайда кылбайт. Ал эстеликтердей эле биздин күндөлүк кызыкчылыктардан сырткары турат. Анын үстүнө аларда канвалары окурмандарга негизинен белгилүү окуялар баяндалат. Ал эми  Гамсундун чыгармалары  адамды жогорку пафостогу түшүнүктөр эмес, негизги инстинкттер башкарары, адамдардын жан дүйнөлөрүндөгү нервдик системадай дайыма өзгөрүп, кубулуп турган сезим-туюмдар чагылдырылат. Эки жаш бири-бирин аябай сүйүшөт, күнү-түнү бири-бири жөнүндө гана ойлошот, ал эми жолугушканда негедир бири-бирине карата ич күптүлүк, антипатиялык сезимдери ойгоно  баштайт.Кээде уруша да кетишет. Анткени, алардын чыңалган ички күчтүү сезимдери адекваттуу реализацияланбай жүрө берип, жаратмандык эмес, бузуучу формасына өтө баштаган, андан ары бузуп-жаруучу көрүнүштөргө айланып кетүүсү мүмкүн. Же электр тогу чеги менен чыңалганда жаратман куч болсо,  чегинен ашканда кыйраткыч күчкө айлангандай эле көрүнүш. Адамдын ички дүйнөсү деле ошондой. Андай нерселер З.Фрейд, Э.Фромм, К.Юнг сыяктуу психоаналитиктердин эмгектеринде илимий жактан эбак эле ырасталган. Бирок, К.Гамсунга чейин андай   көрүнүштөр көркөмдүк жактан ишенимдүү  ачылып берилген эмес. Анын  чыгармаларында  рационалдуу логикага сыйбаган көрүнүштөр да  бар. Мүмкүн, биз аларды азырынча түшүнбөй жаткандырбыз.”Но ещё более впечатляще, чем жизнь природы, описывал он жизнь человеческих чувств,-деп белгилеген көрүнүктүү адабиятчы, илимпоз Борис Сучков анын чыгармалары жөнүндө,-дисгармоничность внутреннего мира человека, властную, порабощающую силу любовной страсти, ее странности и причуды, запутанную игру человеческих эмоций, конфликтность и антогоничность отношений, скрытые за обыденностью и заурядностью повседневного людского существования” (6:100).  М.Горькийдин жазуучулар “адамдын жан дүйнөсүнүн инженерлери” дегенин эске алганда, көркөм сөз жаратуу менен алектенгендердин милдети да, максаты да ушул болуп эсептелет. Бүгүн күн тартибинде кокустан пайда боло калып, эртең эле унутула турган проблемалардын, кандай максатта жаралганы түшүнүксүз икая- баяндардын чыныгы адабиятка тиешеси деле жок. Тилекке каршы, биздин улуттук адабиятыбызда андай көрүнүштөр аз эмес.

Р.Ролландын монументалдуу эки романы (“Жан Кристофф”, “Очарованная душа”) адамдын жан дүйнөсүнүн тарыхы, жан дүйнөсүнүн дарыясы, музыкасы, күн чубактуу маанайынын агымы деген сыяктуу аныктамалар менен сыпатталып келет.Бизде андай  окуяларга, процесстерге, аларга аралашкан инсандардын сырткы көрүнүштөрүнө, кыймыл аракеттерине эмес, ички дүйнөсүндөгү сезим-туюмдардын,  маанайлардын ар кандай деңгээлдердеги агымдарын, деңиздин билинер –билинбес шыбырттарындай майда толкундарын, мүнөт сайын бири-бири менен алмашып турган антипатия-симпатияларын гана ачып берүүгө басым жасаган көркөм чыгармалар барбы?

Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбеков, К.Акматов, С.Раев, К.Жусубалиев, М.Сейталиев сыяктуу жазуучулардын чыгармаларында андай элементтер бар, бирок артыкчылыктуу, орустар “самодовлеющий” деп айткыдай  өлчөмдө эмес. Көз карандысыздыктан кийинки мезгилди алсак, Т.Сыдыкбековдун “Жол”(Б. Zhamgyr,  2022.-581 б.) романындагы мистикалык, эзотерикалык жана фантастикалык элементтер өзүнчө чоң талдоого аларлык көрүнүш. Автор бешиктен берки убактагылардын баары эсинде экенин айтып, ар кандай далилдерди келтирет. Анын канчасы обьективдүү чындыкка жакындашат, канчасын жазуучунун оюнан чыгарылгандар же негедир өзү ишенип алган мистикалык, фантастикалык көрүнүштөр? Анткени, айрым сүрөткерлер мистикаларга, легендаларга жакын болушат. Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун өзүнүн жеке турмушуна, өмүр жолуна байланышкан айрым нерселерди мистификациялап жиберген учурлары болгон.

“Жолду” окугандан кийин автор жөн жеринен “Мен миң жыл” жашадым деген жыйынтыкка келбегенин түшүнөсүң. Улуттук адабияттын патриархынын акыркы жыйнактарынын бири ушундай аталат (8). Анын биринчи бөлүгүнүн жалпы темасы- “Аян, аңгемелер”. Анда да мистикалык, эзотерикалык нерселер чоң орунду ээлейт.  Аны кыскача баяндардын “Жышаана-белги”, “Он үч кишинин ордуна келгенмин”, “Шумдуктуу белги”, “Үмүт -белги”, “Арбак аяны”, “Укмуш-аян” деген ж.б. аталыштары эле  айтып турат. Бешиктен берки майда-чүйдө окуялардын баары эсинде сакталып жүрсө, анын үстүнө үч доорду башынан өткөрсө, адам чын эле миң жыл жашагандай болот окшойт. Же ал кандайдыр бир себептер менен жазуучунун аң сезимине биротоло сиңип калган эзотерикалык же мистикалык параллелдүү жашоонун белгилериби?

Адатта адамдар өмүргө тойбойт, 90-95ке чыгышса да дагы бир нече жыл жашасам деп тилешет. Кылымды чамалаган өмүрлөрү көз ирмемдей эле сезилет, ал эми  Т.Сыдыкбеков сексен жылдык жашоосун миң жылга теңештирген. Андай сезим анда  байыркы кыргыздардын тарыхын изилдеп, “Көк асаба” романын жаза баштаганда пайда болгонун айтат. Андай сезим улуттук тарыхка сүңгүп, элибиздин кырда жүргөнүн да, ойго түшкөнүн да, жылдыздуу түндөрүн да, бороондуу күндөрүн да  өзүнүнүн жекече ташпишиндей  жүрөгүнөн өткөрүп, алар менен жашап,  тарыхый эстутуму жана тарыхый  аң-сезими  тереңге кеткен  даркан инсанда  гана жаралат.

АДАБИЯТЫБЫЗ  КАНДАЙ БАГЫТТАРДА ӨНҮГҮШҮ  КЕРЕК?

Жазуучунун өзүн миң жыл жашагандай сезгенинин дагы бир себеби, өмүр бою күрөштөн башы арылбагандан да болгон. Ал жашынан жокчулукту, Үркүндү, жоготууларды башынан өткөрдү,  анан ооруу, көрө албастар, ичи тарлар менен күрөшсө, 1970-жылдардан тартып, Союздук деңгээлде майда улуттар басмырланып, Улуу Ата Мекендик согуштагы ролдору төмөндөтүлүп жатканын, Кыргызстанда кыргыздардын тили малчылардын, чабандардын гана тилине айланып, иш кагаздардан, башкаруу иштеринен сүрүлүп калганын, славян улутундагы интеллигенциянын өкүлдөрүнүн  айрымдары кыргыздардын салт-санааларын, үрп адаттарын маскаралап жатышканын ачык айтып, аларды Кыргызстан КП БКга, СССР Жазуучулар союзуна чейин жазып, И.Сталинди жактап, М.Шолоховдун “паршивый кумыс” деген сыяктуу айрым шовинисттик сөздөрүн сындап, куугунтукка алынган жаш жазуучуларды акыбалы жетишинче коргоду.

1971-жылы апрелде СССР Жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасы Г.Марковго жазган катында  Россияда шовинисттик маанай күчөп, ал адабий көркөм чыгармаларга, кино картиналарга, искусствого   трансформацияланып жатканын көрсөтүп, “Орус улутуна сыйынуу- Улуу Октябрдын жеңишине доо кетирип жатканын” ачык айткан. Ал эми кийинки жылы Кыргызстан КП БКнын пленумунда сындалган жаш жазуучу Абдимитал Камаловду коргоп чыккан. Нааразылык иретинде 1972-жылы ага ыйгарылган  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасын албай да койгон.

Өз позициясына, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына бекем туруп, көп нерселерин тобокелге салгандыгы жагынан кыргыз адабиятында Түгөлбай Сыдыкбековго тең келгидей инсан жок. Бекеринен атаандаштары аны “баатыр” дешкен эмес.

Булар системалаштырылып, бир өңүттө изилденип, талданса, улуу жазуучунун дагы бир дүйнөсү же фантастикалык же башка “….измдерге” таандык тилкелери да ачылмак.Кошумчалай кетсек, мистикалык элементтер жазуучунун “Тоо арасында”, “Жолдун” уландысы  катары эсептелген “Бел-белес” романдарында да бар.

Көз карандысыздыктан кийинки мезгилде жарыяланып, тема­тикасы,масштабы,поэтикасы, көркөмдүк-эстетикалык сапаттары жагынан өзгөчөлөнүп, окурмандардын арасында ар кандай деңгээлдерде резонанстарды жараткан чыгармалардын катарына Чынгыз Айтматовдун “Кассандранын эн тамгасы”, “Тоолор кулаганда”, Төлөгөн Касымбековдун “Баскын”, “Кыргын” , Асанбек Стамовдун “Кан Тейиш” романдарын, Казат Акматовдун “Архат” романын, “Тринадцать шагов Эрики Клаус”, “Шахидка”  повесттерин кошууга болот. “Тоолор кулаганда” автордун мурдагы салттуу чыгармаларынан формасы, сюжети, поэтикасы (сүйүү, базардык  экономиканын кыйраткыч күчү, адамдарды барымтага алуу, илбирстердин этология-инстинкттеринин өзгөчө ынанымдуу ачылып берилиши ж.б.) боюнча көп деле айрымаланбаса, “Кассандранын эн тамгасында” биоэтикалык, кылмышкерликтин кыры менен бараткан биотехнологиялык, моралдык, адеп-ахлактык маселелер козголот. Эзотерикалык, фантастикалык мотивдер да бар. Бирок автордун мурдагы чыгармаларына салыштырганда негизги кейипкерлердин ички дүйнөлөрүн, сезим-туюмдарын ынанымдуу ачып берүүгө эмес, мерез акыл-эске, рационалдуулукка негизги басым жасалгандай, роман автордун мурдагы чыгармаларындай, күчтүү эмоционалдуу психологиялык сезимдерден жаралбастан, көп жагынан акыл-эс тарабынан конструкциялангандай  көрүнөт. Романды идеялык чыгарма десе да болот. Андан Кемел менен Жамийладай, Асел менен Илиястай, Авдий менен  Элестей туйлаган жалындуу жүрөктөрдү  эмес, мезгилдин кылмышкерлик менен чектелген илимий маселелери менен алпурушкан реалдуулукка негизделген  рационалдуу алкактан чыкпаган супер окумалдарды көрөбүз.Алардын идеялары, аткаргандары кызыктырган менен бири да инсан катары симпатия жаратпайт, өзүнө тартпайт. Романда козголгон маселелер чын-чынына келгенде азыр фантастика же эзотерика эмес, мындан чейрек кылымдай мурда эле  чындык  болуп калган. Анткени, роман жарыяланган 1994-жылдан берки мезгилдин ичинде илим кескин секирик жасады. Азыр биотехнология, биоэтика, клондоштуруу, пренаталдык жана  перинаталдык психология, эвтаназия ж.б. көндүм көрүнүштөргө айланган.

Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Баскын” романында падышалык Россиянын Кыргызстанды  басып кирип, оторчулар  жергиликтүүлөрдүн жакшы жерлерин тартып алып, өздөрүн акырындап тоолорго, сайларга сүргөнү, ар кандай формалардагы зордук-зомбулуктары көрсөтүлсө, “Кыргын” (11) романы андай көрүнүштөргө, өзгөчө Россия падышасынын жергиликтүүлөрдөн тылдык иштерге тартуу жөнүндө Жарлыгынан кийин  элдин  чыдамы түгөнүп, 1916-жылы жайында, күзүндө куралдуу көтөрүлүшкө чыгып, бирок  даярдыктары жок, тартиби, курал-жарактары начар болгондон улам жеңилүүгө учурап,Кытайга качкандагы кыргыны  чагылдырылган.

Орто Азиядагы  көтөрүлүш алгач Жизакта башталган, анын себептери, кесепеттери андагы окуяларга башынан аягына чейин күбө болгон Өзбекстандын эл жазуучусу Назир Сафаровдун Т.Сыдыкбековдун “Жол” менен “Бел-белесиндей” эле,  эскерүү мүнөзүндө жазылган “Навруз” деген романынын “День  проклятий и день надежд” деген биринчи китебинде көрсөтүлгөн. Падышалык Россиянын аскерлери Ысык-Көлдөгү, Чүйдөгү кыргыздарды кырып, тукум курут кылууну максат кылышса, Жизакта мурдатан элге жек көрүндү болуп бүткөн  үч мамчиновник өлтүрүлгөнү үчүн шаардын элинин баарын жайкы саратанда Түркмөнстан менен чектешкен ээн талаа, эрме чөлгө кууп чыгарып салышкан (12:119-246). Эч кандай суусу, көлөкө кылгыдай бадал- дарактарыы түгүл, тутам чөбү да жок эрме чөлдөгү аптапта кары-картаңдардын, жаш балдардын көбү өлгөн. Же геноцид Жизактан башталган.

“Кыргындан” «Сынган кылычтагыдай» чыңалган контрасттуулукту жана драмалуулукту, кейипкерлердин ички дүйнөлөрүн агынан жаргандай аңтара ачып берген тереңдикти, окурмандардын көңүлдөрүнө ташка чеккендей  кадала түшкөн кургак, так стилди көрбөйбүз. Кылдат караган адамга Т.Касымбековдун ар чыгармасында стилин, баяндоо манерасын өзгөрткөнгө аракеттенгендиги байкалат. Алгачкы аңгемелеринен, “Адам болгум келет” повестинен “Сынган кылычтын” стили кескин айрымаланат, андан “Келкели” өзгөчөлөнөт. “Келкелден”- “Баскындын”, “Кыргындын” баяндоо, диалог түзүү ыкмасы, сүйлөмдөрдү кураштыруу стили башкача. Акыркы эки романында автор орустар “боковое зрение” деп айткандай ыкмага артыкчылык бергендей.

Үркүн темасы А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” дастанында, К. Баялиновдун «Ажар» повестинде, Мукай Элебаевдин «Узак жолу» романында, А.Токтомушевдин «Какшаалдан катында», Ы. Шайбековдун «Кайран элинде» ж.б. бир катар чыгармаларда чагылдырылып, учурунда тийиштүү  резонанстарды жараткан. Бирок аларда трагедиянын айрым жактары, локалдуу көрүнүштөрү гана көрсөтүлгөндүктөн улуттук адабиятта “Сынган кылычтай” кеңири резонанска ээ боло алышкан эмес. Дүңүнөн алганда “Кыргынга” да окуяларды ошол убактагы аймактык, европалык процесстердин тутумдарынан алып караган масштабдуулук,  тарыхый фактыларга гана таянып,  аларды көркөм ой жүгүртүүнүн  элегинен калыс өткөргөн  обьективдүүлүк жетишпейт десе болот. Анткени, 1916-жылдагы кандуу окуяларда сырткы күчтөрдүн таасирлери да чоң болгону азыр ачык айтылып, маалыматтар жарыяланып жатат. Мисалга алсак, Германиянын архивдеринде эле 1916-жылдагы окуяларга байланыштуу жалпы көлөмү  1,5 миң бетке жакын материалдар бар (13).

Тарыхый темада жарыяланган урунттуу чыгармалардын бири- Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” романы (14) болуп эсептелет. Ал калмактардын ХVII-  ХVIII кылымдарда кыргыз жергесине басып кирүүсүнө, аларга каршы элдин Хан Тейиш, Көкүм бий, Чаа бий, Манап бий, Эр Солтоной, Эр Табылды, Жайыл баатыр, Бишкек баатыр сыяктуу мекенчил эр жүрөк уулдары жетектегендер  ондогон жылдарга созулган согуштардан кийин баскынчыларды талкалап, кууп чыгарып, Анжиандан тартып, Каратегин, Ысарга чейин ооп кеткен кыргыздарды кайра ата мекенине кайтарганына  арналган.

Роман масштабдуу, сюжеттик жактан көп бутактуу. Окуялар негизинен баяндоо, диалог ыкмалары аркылуу ачылып берилет. Сүрөттөп, сыпаттоо аз. Автор мурдатан лирикалык, стилдик жактардан чебердиги менен айрымаланып келсе, ал сапаттар белгилүү деңгээлде “Хан Тейишке” да мүнөздүү болуп саналат. Роман негизинен максатына жеткен менен көп сөздүүлүгү, диалогдордун өтө эле майдаланып кеткендиги, анан айрым тарыхый фактыларды өзү каалагандай бурмалап жибергени аксатып турат. Айрым окумалдар төкмө акын Нурмолдо менен  ак эшен Нурмолдону бир адам дешип жазып, а түгүл китеп да кылып чыгарып жиберишкендей, автор мурдатан макалаларында  багбан дыйкан Бишбек менен  баатыр Бишкекти, алардын генеологиясын  алмаштырып жүрсө, ал ката бул романга да кирип кеткен.

Көз карандысыздыктан кийин чымыркана изденип, динамикалуу иштеген Казат Акматов болду. Ал адегенде Кыргызстандагы 1980-1995-жылдардагы саясый окуяларга арналган эскерүүлөрүн, анан коомчулукта чоң резонансты жараткан  эзотерикалык темадагы “Архат”, социалдык мүнөздөгү “Тринадцати шагов Эрики Клаус” романдарын, “Шахидка” деген повестин жарыялады. Акыркы чыгарма аты айтып тургандай саясый өңүттө жазылган. Алардын баарын бириктирип, мурдагыларын кошуп, жети томдук  чыгармалар жыйнагын чыгарды. Ыгы келгенде кыстара кетсек, акыркы убактарда чыгармалар жыйнактарын чыгаруу тыйын-тыпырлуу калемгерлер үчүн модага айланды. А.Стамовдун 11 томдугу басылды. Кара сөз менен алектенгердикинин мындай жемиштүүлүгүн түшүнсө болот. Бирок, айрым акындардын 7-8, а түгүл 10-12 томдук жыйнактарын көргөндө, А.Пушкин, М.Лермонтов, И.Крылов  сыяктуу классик акындардын прозалары кошулуп 2 том (академиялык басылмаларын эске албаганда. Алардын дээрлик жармысын чечмелеп, түшүндүрүүлөр түзөт) араң болгонун эстеп, дандарына кошо саман-топондорун да шыкай беришеби дегендей ойго кетесиң. Дүйнөлүк адабияттын классиктери деп эсептелген Г.Флобер, Г.Мелвилл, Э.Хемингуэй,  Ф.Кафка, Т.Вульф  сыяктуу прозачылардын чыгармалар жыйнактары деле 3-4 томдон ашпайт.

“Архатта” козголгон көйгөйлөр реалдуу турмуштан алынган менен параллелдүү башка тилкеде фантастикалык, эзотерикалык каражаттардын жардамы аркылуу  ачылып берилген. Башкы кейипкердин аты Адилет болгону менен жарык дүйнөгө келээри менен эле адилетсиздикке туш болуп, эс тарта баштаганда андан да жамандарын көрүп, уккандарынан, окугандарынан идеалдуу, гармониялуу коомду издеп жүрүп, ал акырында Тибетке барып, кечилге айланып, түбөлүктүү аалам оту, адамдын планеталар аралык учуу жөндөмдүүлүгү, өлгөн адамдын кийинки доордо кайра жаралуусу (инкарнация), гравитациялык коридорлор жөнүндө илимдерди үйрөнүп, үчүнчү көзү ачылып, Мани Ясо деген жаңы ысымга ээ болот. Ал автордун логикасы боюнча “Архат” деп аталат. Мунун илимий негизи барбы же жокпу, ал маанилүү эмес. Ч.Айтматовдун манкуртундай  эле сүрөткер андай символ-координатты жасаганга укуктуу. Ал үчүн жер алдындагы жолдор ачылгандан кийин адамдардын жүзүн караганда эле ичтеринде эмне барын дароо көрүп, билип, өмүрлөрүн кудай жолуна арнагандардын, алардын арасында Далай Ламанын шакирттеринде деле ичи тар, көрө албастар, жамандык издегендердин аз эместигин түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарга, сыноолорго тушуккандыгына карабай бүт күчүн адамдардын пейилдерин агартып, тазалоого, эгосун оңдоп-түзөтүүгө арнайт.

Бир сөз менен айтканда, роман  кайсыл жерде жашабасын жалпы пенделерге мүнөздүү көрө албастык, өзүмчүлдүк, кызгануу, сүйүү-күйүү сыяктуу сапаттар, жер шарынын ар жагындагы коомдорго таандык (маселен, Кыргызстан, Тибет, Индия ж.б) социалдык терс көрүнүштөр да жетишерлик көрсөтүлгөн менен  ал баарынан мурда моралдык, руханий жактан сырттан адамдык (сверхчеловек), а мүмкүн андан да бийигирээк чекке жетүүнү милдет кылып коюп, ал үчүн көртурмуштун баардык кызыкчылыктарынан кечкен инсандын изденүүсүн чагылдырууга арналган.

Чыгармада реалдуу көрүнүштөр менен бирге фантастикалык, мифологиялык а түгүл шарттуу символдук каражаттар да кеңири колдонулат. Кейипкерлер бирде реалдуу эле кыртышта болсо, бирде мейкиндик, убакыттык жактан алга, артка кетип, мифологиялык, фантастикалык чөйрөлөргө деле аралашып жүрө беришет.

Мына ушундай сапаттары үчүн роман коомчулукта чоң талкууну жараткан. Чыгарма боюнча Ч.Айтматов, С.Эралиев, С.Жусуев, А.Эркебаев,Ж.Сааданбеков, Т.Абдылдабеков, Ү.Култаева,  А.Акматалиев, К.Асаналиев, К.Байбосун, А.Шепеленко, П.Дүйшөнбаев  сыяктуу ж.б. пикирлерин билдиришип, макалаларын, рецензияларын жарыялашты. Алардын ичинен философ К.Байбосундун эмгеги романды терең жана кеңири талдоого алып, азыркы мезгилдин көйгөйлөрүнүн, философиялык категорияларынын өңүттөрүндө чечмелегендиги менен айрымаланат.

“Бул роман жеке К.Акматовдун эмес, азыркы кыргыз адабиятынын, анын ичинде роман жанрындагы бир чоң жеңиши,- деп белгилеген “Архат” жөнүндө академик А.Эркебаев. Буга, менимче, үч жол, үч булак алып келди”(16:229).Андан ары академик үч жолдун, үч булактын биринчиси катары автордун чыгармачылык изденүүсүнүн логикалык жыйынтыгы, анын үрөндөрү жазуучунун мурдагы “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар” деген чыгармаларында болгон, экинчиден, эзотерикалык, фантастикалык элементтер элдик оозеки чыгармачылыктын “Манас”, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” сыяктуу эстеликтеринде, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Нурмолдо, Барпы сыяктуу төкмө акындарынын, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков сыяктуу жазуучуларынын чыгармаларында бар, үчүнчүдөн, бул темалар дүйнөлүк илимде, философияда жана адабиятта күчтүү катмарды түзөт деп эсептейт.

Дегинкисинде, Казат  Акматовдун  чыгармаларындагы идеялар, поэтика, көркөм каражаттардын колдонулушу, автордун өзүнө гана таандык баяндоо ыкмасы, деталдарды колдонуудагы чебердиги  ж.б. өзүнчө чоң изилдөөнү талап кылат. Алсак, “Мезгил” романындагы бир эпизоддо эле чоң трагедия жатат. Ал Емельян Красин менен Зейнептин ортосундагы маселе. Үркүндөгү кагылышууларда Красиндин энеси өлтүрүлөт. Ага өчөшкөн Красин Зейнептин биринчи күйөөсүн жардан ыргытып, апасын үйүндө кылычтап өлтүрөт да белгисиз жакка кетип калат. Бирок башка жерге көнө албай Долонотуга кайра келип, жылкы фермасында иштеп калганда ал жерде жашаган Зейнеп аны дароо тааныйт. Зейнеп ага жолугуп, бул жерден кет дейт, бирок ага Красин көнбөйт. Болгон окуяларды кийинки  күйөөсү Бекниязга айтып берсе,  анын ачуусу келип, аны сөзсүз өлтүрөрүн айтат. Бирок ага Зейнеп каршы чыгат… Эгерде ушул эпизодду эле кеңейтип чечмелесе, Шекспирдикине жетпесе да “Атанын тагдырындай” драмага айланмак.

Адамдын көңүлүндө кандай туруктуу жаман, жакшы ойлор болбосун, алар акырындап материалдаша берет. Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасындагыдай» эле бул идея да «Архаттын» башталышынан аягына чейин кызыл сызык менен өтөт. Андай идея-парадигманы Адилет-Мани Ясо ырдаса, ал отурган бөлмөдөгү аура дароо өзгөрүп, гүлдөр да өзгөчө ачылып, ал башка адамдардын оюндагыларды жүздөрүнөн эле окуй турган архаттык деңгээлге жеткенинен, кара дуба ж.б.д.у.с. бир катар эпизоддордон көрөбүз

К.Акматов  «Архаты» менен «Кыяматтай», «Кассандра тамгасындай» жаңы роман-координатты, Адилет – Миларепа аркылуу жаңы образ-символду  жаратты. Буга чейин инсандык деградациянын эң төмөнкү чегинин символу катары манкурттун образы айтылып келсе, эми мындан ары руханий, адеп-ахлактык  жактан идеалдуу эң бийик чекке умтулуунун, адамдардын пейилдерин тазартуунун символу – Адилет Миларепа болуп калуусу да ыктымал. Аны мезгил көрсөтөт.

Улуттук адабиятыбыздагы өзүнчө кайталангыс стили, көркөм ой жүгүртүүсүнүн өзгөчөлүгү, романтикалык жарык маанайдагы поэтикасы менен айрымалангандардын бири, Эл жазуучусу  Абдиламит Матисаков болуп саналат. Анын 1980-жылдарда жарыяланган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген эссеси адабияттын тарыхына кирип, аталышы идиомага айланды. Ал Т. Сыдыкбековдун Ыманбайындай, Т.Касымбековдун маңдайына илинген чокою алынганда өзүн хан кылганды ордодон кетирип, өлүм жазасына буйруткан Шералыдай, айлакерлиги башынан ашкан Абил бийдей, Ч.Айтматовдун манкуртундай символ, түбөлүктүү образ-координат болуп калды. Алсак, азыр эл арасында Шералы, Абил бий, манкурт “Манастагы” Тазбайматтай эле А.Матисаковдун идиомасы да өзүнчө да, перефразаланган түрдө да колдонулуп келатканын көрүп эле жүрөбүз.

Көз карандысыздыктан кийин ал “Атамды көргөн өлбөсүн”, “Баткан күндү аяймын” деген жыйнактарын жарыялап, алардын тандалмаларын орусчага котортуп “Уроки доброты” деген жыйнак кылып чыгарды (24). Ал адегенде эле өз стилин жана ритмин таап, ошол жолдо келатат. Повестиби, аңгемелери болсунбу, эсселериби, же публицистикалык адабий портреттериби, айтор, кайсыл түрүн албайлы, романтикалык (кээде сентименталдык) мүнөздөгү, жан дүйнөсү адамдарга ачык, алардын тагдырларына, сезимдерине боордоштугу ар абзацынан сезилген, сүйлөмдөрү кыска, күчтүү подтексттүү, өзүнө гана мүнөздүү ыргагы менен окурмандарды өзүнө тартып турат. Ага мисал катары “Ак журтчу аман- журт аман”, “Тандыр”, “Атамды көргөн өлбөсүн”, “Далдалчынын уулу”, “Экзамен”, “Таразачы” деген сыяктуу бир катар чыгармаларын көрсөтүүгө болот. Ал эми “Турмуштан тамган тамчылары” өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт.

Тынбай изденүүдө келаткан прозачылардын бири- Султан Раев. Ал акыркы жыйырма жылга жакын убакыттын ичинде “Ханышанын көз жашы” (2008-ж.) деген драмалар жана повесттер, аңгемелер жыйнагын, “Жанжаза” 2013-ж.) идеялык, философиялык романын, “Топон” (2018-ж.) аттуу роман- притчасын (жыйнакта идеялык “Кашаба” повести да бар) жарыялады. Жазуучунун аңгемелери анын “Пусу” (2019-ж.) деген жыйнагына топтолгон.Булардын ортосунда “Антистандарт” (2013-ж.) деген неомодернисттик мүнөздөгү ырлар жыйнагын да жарыялоого үлгүрдү.

Баса көрсөтчү нерсе, С.Раев романдарында чоң проблемаларды көтөрөт. Инжилдик философиянын деңгээлинде чечмелегенге аракеттенет, бирок анын чыгармалары көркөм ой жүгүртүүгө жетишерлик жуурулуштурулбагандыктан кээде супсактай, рационалдык, философиялык  дидактикадай болуп калат. Проза көркөм чыгарма деп аталгандан кийин анда кандай маанилүү маселелер козголбосун көркөм ой жүгүртүү үстөмдүк кылып турушу керек.

Казат Акматовдой эле Султан Раевдин чыгармачылыгы да өзүнчө келки көрүнүш. Биз макаланын максатына, көлөмүнө жараша негизги өзгөчөлүктөрүн гана констатацияладык.

Бейшенбай Усубалиев тилчи окумуштуулукту  жазуучулукка айкалыштырып келаткан автор.Көз карандысыздыктан кийинки мезгилде анын “Түн” (2009-ж.) повесттер, “Зоока” (2023-ж.) аңгемелер жыйнагы чыкты. Буларга советтик мезгилде  жана андан кийинки убактарда жазылгандары кирген. Акыркы жыйнагы жөнүндө сөз кылсак, ал дайыма турмуштук бир окуяны же көрүнүштү алып, аны чакан повестке же аңгемеге айландырып, андан философиялык, социалдык, адеп ахлактык жыйынтыктарды чыгарууга аракенттенет. Аны айрымдар В.Шукшинге салыштырышат, бирок чындыгында анын чыгармаларынан Шкушиндин “чудиктеринин” эмес, Хемингуэйдин поэтикасынын, көркөм ой жүгүртүү ыкмасынын, анын подтекстинин таасирлерин издеген туура деп ойлойбуз. Ага далил катары “Ачкыч”, “Кофта”, “Паспорт”, “Гарбачок”, “Бүгүн күн жаман ысып турат” деген аңгемелерин көрсөтсө болот. Алсак” “Бүгүн күн жаман ысып турат” деген аңгемеде Назар деген окутуучу ЖОЖдук деңгээлдеги таасирдүү кызматка дайындалганда аны бир эски тааныш аял куттуктаганы келет.  Ал сыртынан эки тааныштын  амандашып, аны-муну сурашканындай эле көрүнгөн менен подтекстинде чоң өксүк, трагедия жаткандыгы көрүнүп турат. “Ачкыч” деген аңгемесинде да андай мотив күчтүү. Антип негизги окуяларды кыйыр түрдө подтекст аркылдуу айтуу баардык эле жазуучулардын колдорунан келе бербейт.

Буларга советтик мезгилде  жана андан кийинки убактарда жазылгандары кирген. Акыркы жыйнагы жөнүндө сөз кылсак, ал дайыма аңгемелеринде подтекст менен сүйлөөгө аракеттенет.

Бирок Б.Усубалиевге гана эмес, майда аңгеме, новелла, повесть жазгандардын көпчүлүгүнө мүнөздүү кемчилик: автор сөздү алыстан баштап, бир маселени козгойт, элестүү айтканда,  каалганы кылтайтып ачат да ар жактан чыныгы турмуштун ырайы көрүнө калганда чоочуп (коркуп десе да болот)  кетип, шашыла кайра жаап, чыгармасын эч кимге ысык-суугу жок бир нерселер менен бүтүрө коёт. Б.Усубалиевдин бир катар аңгемелери да ушул жагынан аксайт.  Замыселдегилер өтө эле жарды, максаты өтө эле жупугу болсо, анда чыгарма жазам да түйшүктөнгөндүн кандай  кажети бар?  Проблеманы көтөргөндөн кийин буканы мүйүздөн алган балбандай  аны  “жыкканга” аракет кылып көрүү, болбосо ага жакындабоо да керек.

Республикабыздагы теологиялык, философиялык жана эзотерикалык багыттарда тынбай изденип келаткан чоң ойчул- Темиралы Кунаш (16). Ырасын айтуу керек, Ч. Айтматов тамашалап аны “дервиш” дегендей, Кыргызстанда андай оригиналдуу ойчул, чыгармачыл инсан жок. Т.Кунаш ислам динин, адабиятты, астрономияны, философиянын эзотерикага, теологияга байланышкан багыттарын жакшы билет. Ал адегенде Курандын орусчадан кыргызчага которулгандарын редакциялады.  Анан ал Куранды араб тилинен түз кыргыз тилине которуп чыгарды (17). Чынгыз Айтматов менен Рысбай Абдыкадыров жөнүндө шедевр деп айтарлык  эскерүүлөр китебин жазды. Орус тилиндеги “Основы учения Адама, Ноя и Аврама”, “Священный коран: Три периода человечества” деген китептеринде Куранды чечмеледи.  Анын Куранда айтылгандар боюнча арифметикалык, геометриялык чечмелеп эсептөөлөрүн ж.б.  бир институт бир айда араң аткарат. Ал дүйнөнүн сырлары, башталышы менен аягы Куранда, “Манаста” жатат, туура чечмелеп түшүнүү гана керек дейт.  Анын теологиялык чечмелөөлөрүн түшүнүүгө атайын даярдык талап кылынат. Биз аларды тийиштүү адистерге  калтырып, темабызга ылайыктуусун гана айтсак: “Манас” эпосунда эзотерика менен мистика аябагандай күчтүү. Аны адабияттаануунун алкагында эле чечмелеген түшүнүксүз болуп калат. “…”Манас” эпосу азырга чейин бизге белгилүү болгон адабият теориясынын алкагына сыйбайт,- деп белгилейт Т.Кунаш. Аны тек гана элдик оозеки чыгармачылык катары карап, мурдагы сокур теориянын шаблонуна салып кайталап, беш-он “адабиятчынын” менчигине айлантып, мунусу “миф”, тигиниси “дин” деп ботко чала бергенде, эпос өз баасынан кемийт. Анткени, нечендеген доорлорду басып өтүп келген эпосто миф менен дин да, философия менен тарых да, деги эле адам акылы жеткен, туюп сезген, көзү менен көргөн көп нерселер андан өз ордун таап жай албаган болсо, анда ал океан эпос боло алмак эмес…” (18:6) Эзотерика- диндин эле бир бөлүгү. Ошондуктан эпостогу эзотериканы  ислам эзотерикасы же суфизм менен бирге алып кароо керек,- деген жыйынтык чыгарат, ал.

Көз карандысыздыктан кийин тарыхка, элдик оозеки чыгармачылыкка, биринчи кезекте “Манас” эпосуна  кызыгуу аябагандай күч алды. Эпостун мотивдеринде көркөм чыгармалар да жаралууда. Алардын бири Жедигер Саалайдын  “Манас дух” (19) деген ырлар жана поэмалар жыйнагы болуп саналат. Андагы “Арыба, күн!” деген поэмада эпостогу идеялар азыркы мезгилдин көйгөйлөрүнүн тутумунан алынып каралып, андан бизди кризистик көрүнүштөрдөн Манастын дүхү  гана алып чыга алат деген жыйынтык чыгарылып, ал духтагы эзотерикалык көрүнүштөр да чагылдырылат. Китепте “Кыз Сайкалдын махабаты” (19:87) деген көлөмдүү баллада да бар.  Ал логикалык жактан “Арыба, күндүн!” уландысы  болуп саналат.

Поэмада кайып дүйнө, идеал дүйнө, кайыптар, лемурлар жөнүндө сөз козголот. Лемурлар- жарыкчылыкта көп күнөөлөрдү жасап өлгөндөрдүн арбактары. Адабиятчы Эсенбай Нурушевдин ырастоосунда, алар кош жыныстуу болгон, гиперборея, пацифида, филистия деген түрлөрү бар. Айчүрөк, Арууке, Көкмончок, Куялы ж.б.кейипкерлердин тектери, туугандары, чилтендер; перилер, жез кемпир, жез тырмак, Кумайык куш, көрүнүштөрдүн, жан-жаныбарлардын жана ардактуу кесиптердин ээлеринин колдоочулары да кайыптар. Философ Гүлзат Аалиева кыргыз фольклорундагы эзотерикалык көрүнүштөгө арналган  эмгегинде  андай 89 колдоочуну келтирген (20: 99-102).

«Манаста»  Каныкей, Бакай, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро, Кененим, Асылбача, Бөлөкбай уста, Көкбөрүнүн баласы Коёналы, Алманбеттин Нур атасы, Манастын сөөгү ж.б.  кайып болуп  кетишет.

Эртеңки күн Кыргыз өлкө оңолуп,

Ууру-кески,кылмыш деген жоголуп,

Манас атам колдоп кайып дүйнөдөн,

Менин өлкөм- Өлкө болсо гүлдөгөн!  (19:87)-деген каалоосун билдирген Ж.Саалай поэмасында. Бул саптар анын чыгармасынын квинтэссенциясын түзөт.

Же бир сөз менен айтканда, мурдагы муундардагы жазуучу-акындар  эзотерикалык, мистикалык көрүнүштөрдөн да элибизди рухий кризистен чыгаруунун жолдорун издешип, ар кандай багыттарда проекцияларды, профетикалык болжолдорду жасашып, версияларын жаратышууда. Алардын баарын санап чыгуу да кыйла орунду алат, биз бул жерде урунттуу деп эсептегендерибизге гана токтолдук. Бирок жаңы муундагы калемгерлерге андай изденүүчүлүк,  масштабдуулук жетишпей жаткандыгын да белгилей кетүү зарыл.

Эгемендүүлүктөн берки кыргыз адабиятынын ал-акыбалы; жетишкендери, кемчиликтери белгилүү адабияттаануучу академик Абдыганы Эркебаевдин “Бар бол адабият” (22) деген монографиясында ийне-жибине чейин деп айтарлык дегендей деңгээлде кеңири талданып, чемеленген. Ал эмгекти улуттук адабияттаануунун энциклопедиялык тактамасы десе да болот. Көз карандысыздыктан кийинки мезгилдеги адабиятыбызды изилдегендерге андан кыйгап өтүп кеткенге мүмкүн эмес. Анда ондогон-ондогон жазуучулардын, акындардын ысымдары аталып, урунттуу чыгармаларына кыскача сыпаттама берилип, оң, терс жактары так көрсөтүлгөн. Китеп менен дыкат таанышып чыккандан кийин  сөзсүз академиктин андай титандык деп айтарлык эмгегине ыраазы болуу менен бирге, эмне деген менен, азыркы адабиятыбыздын 1960-1980-жылдарга салыштырганда динамикасы солгундаганыне  да түшүнүп, маанайың чөгө түшөт. Азыр элдин көбү китеп сатып албай калды, ал жөнүндө эмгекте айтылат, ал факты. Бирок биздин баамыбызда, мурдагы советтик мезгилде деле кыргыздар жыргатып китеп окушчу эмес. Окуса-окушпаса деле модадан калбоо жана кийинчерээк кымбатыраак сатууну көздөгөн славяндарды ээрчип, экинчи жагынан өтө арзан болгондуктан колдоруна тийген китептерди сатып ала беришчү. Алардын көпчүлүгү көз карандысыздыктан кийинки катаал жылдарда тонналап макулатурага тапшырылганын да көрдүк. 1978-жылы Ч.Айтматовдун “Гүлсарат” деген көлөмдүү жыйнагы 50 миң нускада чыгарылса, кийин алардын бир бөлүгү макулатурага тапшырылганын С.Жигитов айтып, жазып жүрдү. Элдин адабиятка кызыгуусун кескин жандандыруу үчүн көп шарттар талап кылынат, аларды тизмектегенге мында убакыт жок. Эң негизгисин гана айтсак, азыр  убагында чоң резонанстарга ээ болгон “Узак жол”, “Ажар”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо арасында”, “Каныбек”, “Майдан”, “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Делбирим”, “Сынган кылыч”, “Мезгил”, “Кылымга тете күн”, “Кыямат” сыяктуу чыгармалар жаралбай жатат. Же элди ойгото турган чыгарма жаралмайынча окурмандардын катарлары көбөйбөйт. Колумбия гана эмес, белгилүү деңгээлде жалпы Латын Америкасында  ошондой болгон. Г.Маркестин улуу романы жаралгандан кийин гана элдин адабиятка кызыгуусу кескин көбөйгөн.

Адабияттаанууда академик Осмонакун Ибраимовдун орду чоң. Ал китептерин орусча жазып, Москвада “ЖЗЛ” сериясында чыгарып, кыргыз адабиятын, чыгаан уулдарын постсоветтик мейкиндикте пропагандалоодо чоң эмгек өтөп жатат. Бирок ал негизинен азыркы учурдагы адабиятка эмес, адабияттын тарыхына  басым жасоодо. Анын Бишкекте басылган көлөмү “Манастын” бир томдугундай болгон  монографиясы (23) улуттук жазма адабиятыбыздын тарыхына жана К.Жантөшев, А.Осмонов, М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков сыяктуу классиктердин чыгармачылыгына арналган. Бирок анын негизги сүйгөн темасы- “Манас” эпосу жана Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы болуп саналат. Алты жүз бетке чамалаган аталган монографиясынын сезилерлик бөлүгү Ч.Айтматовдун чыгармаларын иликтеп, талдап, чечмелөөгө арналган. Андан сырткары К.Жусубалиев, К.Акматов, Т.Муканов, Ж.Мамытов, С.Тургунбаев, А.Жакшылыков, С.Акматбекова сыяктуу бир катар жазуучу-акындардын чыгармаларына талдоолор жүргүзүлгөн.

Адабияттын өнүгүшү үчүн илимий фантастикалык, окуялуу детективдик чыгармалар да керек. Токойлордо асман тиреген карагай, арчалар, жаңгактар ж.б. менен бирге бадалдар, тикендер, чөп-чарлар болгондой эле адабиятта да баардык жанрлардагы чыгармалардын болуусу кажет.Адабияттагы “бадал-тикендерди, чөп-чарларды” “адабияттын жанындагы адабият” деп коюшат. Жаш окурмандын адегенде эле Ф.Достоевскийдин,Ч.Диккенстин же И.Гётенин, Г.Маркестин чыгармаларын өздөштүрүп кетиши кыйын. Алгач ал А.Дюма, Дж.Чейз, Ж.д.Вилье сыяктуу, улуттук адабиятыбыздагы М.Элебаев,  К.Жантөшев,  Т.Касымбеков өңдүү авторлордун аңгемелерин, повесттерин жана романдарын окуп, же жөнөкөйлөрдөн баштап, анан даярдыгы артканда социалдык, философиялык  чыгармаларга өтөт. Ал эми бизде азыркы талаптарга ылайык келерлик фантастика, детективдик, орустар “дамский роман” деп айткандай, Даниэла Стилдикиндей сентименталдык, романтикалык  чыгармалар таптакыр жок. Андайларды жаратууга аракет да боло элек. Бул жагынан алганда улуттук адабиятыбыз башында аздыр-көптүр мөмө-чөмөлөрү болгон менен  бутактары аз, жалбырактары жок жылаңач  дарактай болуп турат.

Тарыхты, элдик оозеки чыгармачылыкты жаңы өңүттөргө, милдеттерге ылайык проекциялап, чечмелеп, трансформациялоо сөзсүз керек. Бирок азыркы мезгилдин көйгөйлүү маселелерин, азыркы адамдын ички дүйнөсүн ачып берүү андан да зарыл. Бул өңүттөн алганда азыркы улуттук адабиятыбыз кай жагынан аксоодо, эмнелер жетишпей жатат? Кайсыл багыттарда өнүгүүсү керек?

Бул маселелерге токтолуудан мурда бир аз чегинүү жасоого туура келет.

Бизде “Манасты”  толук окубагандар- Манас!-деп ураан салып, Ч.Айтматовдун айрым чыгармаларын окугандар  аны Л.Толстойго, Ф.Достоевскийге (кээде  Шекспирге, Гётеге да) теңештире беришет. Ал жөн эле сабатсыздык, кыргызбайлыкка мүнөздүү ала көөдөндүк. Дүйнөлүк адабиятты, анын иерархиясын жетиштүү билбегендик. Ч.Айтматов улуттук масштабда  улуу жазуучу, чоң ойчул, бирок дүйнөлүк көркөм сөз өнөрүндөгү масштабы, орду  жагынан жогоруда аталгандар түгүл, ХХ кылымдагы Томас Манн, Ромен Роллан, Эрнест Хемингуэй, Габриэль Маркес, Владимир Набоков, Михаил Булгаков,  Кобо Абэ, Кендзабуро Оэ сыяктуу сүрөткерлерден кыйла эле жупуну орунда турарын да эстен чыгарбоо керек.Мекенчилдик деген билсе- билбесе деле улутка тиешелүүлөрдүн баарын  апырта мактай берүү эмес, мекенчилдик-  биринчи кезекте өз элинин рухий, маданий дөөлөттөрүнө,кулк-мүнөзүнө, адамдык материалынын сапатына, коомдогу көрүнүштөргө максималдуу түрдө сын көз менен карап, калыс баалап, алардан обьективдүү жыйынтыктарды чыгаруу болуп саналат. Ансыз өнүгүү, илгерилөө болбойт. Көкүрөктү ургулагандан бир нерсе өзгөрүп кете турган болсо,  эбак эле  элдин баары  моюндарына бирден  барабанды илип алышмак.

Сүрөткерлердин көркөмдүк, эстетикалык эволюциясы-  алар окурман катары кимдерди үлгү тутуп жүрүп, акыр аягында кимдерге токтолгонунан көрүнөт. Алсак, 1950-1970-жылдарда окурман катары Ч.Айтматов: Л.Толстой, Ф.Достоевский, А.Чехов, М.Ауэзов, К.Паустовский, А.Твардовский, Т.Манн, В.Распутин, А.Ким сыяктуу жазуучуларды жогору баалаган.  Константин Паустовскийдин реалдуу турмушка көп деле жакындабаган романтикалык, сентименталдык аңгемелерин тамшанып окуй турганын бир нече ирет билдирген. Ал эми өмүрүнүн акыркы жылдарында  «Из мировой литературы близки мне Маркес, Джойс, Пруст. Из наших писателей-  Фазиль Искандер» (7:506) деген жыйынтыкка келген. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мезгилдер өтүп, билим, тажрыйбасынын артуусу  менен адамдын көп нерселерге көз карашы, мамилеси да  өзгөрөт. Ал табийгый процесс. Маселе акырында кандай жыйынтыкка келгенинде.

Маркестин чыгармачылыгындагы көркөм ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү  жогоруда айтылды. Джойс менен Пруст сезим-туюмдардын агымдарын чагылдыргандар. Орус тилдүү абхаз жазуучусу Фазыл Искендердин чыгармачылыгынын негизги темасын- Чегем капчыгайында жашагандардын күндөлүк турмушу түзөт. Анын чыгармаларында чындык менен фантазия, ирония менен сатира аралаш жүрөт. Анын көркөм ойлонуу ыкмасы, чыгармаларынын поэтикасы, стилистикасы   Латын Америкасынын атактуу жазуучуларынын чыгармаларына жакын.

Ф.Искендер  адамдарды гана эмес, саясый, социалдык көрүнүштөрдү, жердештеринин күндөлүк турмуштарын дайыма жумшак юмор, ирония менен чагылдырган.Кээде айрымдарын шылдыңдагандай да сезилет. Кыска повесттерден, новеллалардан турган чыгармаларынын тутумунан, ал окурмандарга карап: менин кичи мекенимдегилердин болгон-толгондору ушул, кандай кабыл алсаңар ыктыяр өзүңөрдө, бирок мен жердештериме же бийликтегилерге жагынуу үчүн чындыкты бурмалабаймын деп муңайым жылмайып тургансыйт. Анын Чегемдик Сандросу, козлотуру (тоо теке), коёндор менен чоң жылааны (удав), Королу, күндө мамалыга жеп, винону челектеп ичкен оргу-баргы мүнөздөгү жердештери солдат Чонкиндей эле дүйнөлүк адабиятка кайталангыс көрүнүш болуп кирип калды. Апасынын кыз кезине (көбү фантазиясынан жаралган) арналган чакан повести  дүйнөлүк адабияттагы баланын энесине карата кусалык лирикалык сезиминин, ошол эле мезгилде урматынын  мыкты үлгүсү десе болот. Ф.Искендер   өзү жакшы билгендер жөнүндө гана жазган, актуалдуу делген модалуу темаларга жана көйгөйлөргө жакындаган да эмес. Убагында ал үчүн сындарды угуп, сыйлыктарды, наамдарды бөлүштүрүүдө четке сүрүлүп келген, бирок мезгил анын көз карашы, позициясы тууралыгын ырастады.

Бул жагынан ал Э.Хемингуэй менен У.Фолкнерге окшош. Элестүү айтканда, анын чыгармачылык орбитасы Чегем капчыгайы менен чектелет. “Ты деревенский парень, все, что ты знаешь-это крохотный клочок земли в Миссисипи, откуда ты родом. Но и этого достаточно. Это тоже Америка: пусть самый маленький и неизвестный ее уголок, но вытащи его, как кирпичик из стены,- и стена развалится”.(5:46),- деген У.Фолкнер  андан чыгар-мачылыгынын негизги  темасын сурашканда. Анын башка темаларга арналган чыгармалары да бар, бирок алар көркөмдүк-эстетикалык, философиялык жактан  киндиктеш Йокнапатофасындагыларга арналган романдарына, повесттерине атаандаша албайт.

Бул жерде айтайын дегенибиз, Ч.Айтматов да өмүрүнүн акыркы жылдарында күнүмдүк саясый, социалдык ж.б. проблемаларды эмес,  адамдын ички дүйнөсүнө басым жасап, аларды максималдуу реалдуулукта чагылдырган чыгармаларды жогору баалай  баштаган. Ал өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө катаал сын айткан, ал Казат Акматов аркылуу коомчулукка тараган. Эгерде башка бирөө анын чыгармачылыгына андай сын айтса, аны эч качан кечирмек эмес. Бирок улуу инсандар өз иштерине дайыма сын көз менен карашат. Кээде өздөрүн аёосуз сындашат. Л.Толстойдун деле белгилүү чыгармаларынан “Круг чтение” деген эки томдугуна кирген притчаларды, дидактикалык, риторикалык икаяларды,  Шекспирден Г.Бичер-Стоунун романын жогору койгон учурлары болгон. Мындай көрүнүштөр алардын дайыма изденүүдө, үйрөнүүдө болуп, кээде бир максималдуу чектен экинчи максималисттик позицияга кантип өтүп кеткенин өздөрү байкабай калгандыгын гана айгинелейт.

Азыркылар Ч.Айтматовдун мына ушул  жагынан да үлгү алуулары керек. Ал адегенде классикалык орус адабиятын окуду. Михаил Шевердиндин примитивдүү чыгармаларына таасирленип, бир нече аңгеме жаратты, В.Катаев менен М.Бубенновдун соцреализмдин духундагы чыгармаларын үлгү тутуп, айрымдарын которду. Анан Г.Гессе, Т.Манн, М.Булгаков, К.Воннегут сыяктуу  авторлордун философиялык  чыгармаларын үйрөндү, алардагы айрым идеяларды өзүнүн чыгармаларына трансформациялады. Анан бир нече жыл  “Иностранная литература” журналын жетектеп, кызматтык милдетине ылайык дүйнөлүк адабияттын дагы көптөгөн мыкты үлгүлөрү менен таанышып, турмуштук тажрыйбасы да арткандан кийин жогорудагыдай  экзистенциалдык жыйынтыкка келген.

Бул экономиканы экстенсивдүү өнүгүүдөн –интенсивдүү өнүгүүгө, технологияларды автоматташтырылган циклдерден- роботтоштурулган системаларга которуу дегендей эле  табийгый көрүнүш.Коом динамикалуу өнүгүүдө, адам күн санап өзгөрүүдө. Демек, анын рухий азыктарынын бири болгон адабият да өзгөрүүсү же сынчыл, социалисттик реализмдердин чыйырларында  эски арабадай кылдырттап келе бербестен жаңы багыттарды, формаларды, идеяларды жана көркөм каражаттарды издөөсү, же мурда негизинен сырткы көрүнүштөр, окуялар менен алек болуп келсе, эми адамдын ички жан дүйнөсүндөгүлөрдү үңүлө карап, адекваттуу чагылдырууга аракеттенүүсү керек. Ансыз адабиятыбызда көркөмдүк-эстетикалык жактан жаңыланып, өзгөрүү болбойт. Советтик мезгилдеги кайра жаралууда идеяларды жаңыртууга, өндүрүштүк процесстерге, тышкы сулуулукка, кооздукка артыкчылык берилсе, азыркы сапаттык кайра жаралууда адамдын ички дүйнөсүндөгү сулуулукту, кооздукту, ошол эле мезгилде амвиваленттик, турбуленттик ж.б.  көрүнүштөрдү адекваттуу чагылдырууга негизги басым жасалууга тийиш. Дүйнөлүк адабият эбак ушул жолго түшкөн.

Биз адабият жалаң экзистенциалисттик чыгармалардан же сезим-туюмдардын агымдарынан турушу керек дегенден алыспыз. Бирок бул жаатта сезилерлик сегмент калыптанса, улуттук адабиятыбыздын алкагы, масштабы дагы кеңеймек, көркөм сөз өнөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү дагы артмак, жалпы маданиятыбыз, рухий дүйнөбүз байымак. Эң негизгиси, азыркы заманбап процесске кошулуп, гумандуулук, адеп-ахлактык мааниси кыйла жогоруламак.

Ошентип резюмелегенде, социалисттик реализм методу менен кошо саясый, социалдык актуалдуулук, оң каарман-терс каарман, адабият адамды тарбиялайт, өзгөртөт, белгилүү деңгээлде “образ” деген түшүнүктөр да кыйраган. Алсак, Нобелдик сыйлыктын лауреаты Орхон Мамыктын чыгармаларында кандай образ бар? Анын романдарындагылар галлюцинация менен чектешкен оор түштөй, постмодернисттердин, авангардисттердин сүрөттөрүнүн эскиздериндей нерселер. Орхон Мамыктын чыгармаларында аларды актап-жактабаган же терс көрүнүштөр катары сындабаган, көркөм каражаттар аркылуу болгонундай кабылдап, чагылдырган меланхолиялык, экзистенциялык маанай гана үстөмдүк кылып турат.

Адабиятка педа­го­гиканын,пропаганданын милдеттерин жүктөбөө, андан андай нерселерди талап кылбоо да  керек.  Адабияттын милдети- адамды, негизинен анын ички дүйнөсүн болгон-толгонундай ачып, көрсөтүп берүү гана. Андан кандай жыйынтыктарды чыгарышат, же чыгарышпайбы, ал- окурмандардын өздөрүнүн иши.  Алсак, Ф.Достоевский, Н, Гоголь, А.Чехов сыяктуу клас­сиктердин чыгармаларында, Г.Маркестин атактуу романында (Урсуланын айрым сапаттарын эске албаганда),Томас Маннда же Владимир Набоковдо, Орхон  Мамыкта  биздин түшүнүктө оң каарман деп айтарлык бир кейипкер барбы? Жок! Д.Джойс, Ф.Кафка,Г.Гессе, А.Камю ж.б., экзистенциалисттер жөнүндө деле ушуну айтууга болот.  Фолкнердин сөзү менен айтканда:     «Не его пред­­­­наз­на­­че­ние- изменять народ или учить его. Я думаю, это дело пропаганды» (5:201).

Түгөлбай Сыдыкбековдун жогоруда айтылганын перефразалаганда акыркы жүз жылдын ичинде миң жылга тете жолду басып өттүк. Бирок, алардын-  басмачылык, совет бийлигинин калыптануусу, маданий рево­лю­ция ж.б.д.у.с. урунттуу учурларын көркөмдүк жактан изилдеп, аңдап, түшүнүп (осмыслить), чагылдырууда мурдатан калыптанган шаблондордон чыга албай келатабыз.Адатта бизде басмачылык, Кыргызстанда совет бийлигин орноткондор же өз алдынча облус, республика түзүү демилгесин көтөрүп, ишке ашыргандар жөнүндө жазылса, локалдуу окуялар гана алынат да (мас. Ж.Таштемиров, Т.Касымбеков, С.Өмүрбаев, М.Жоошбаев ж.б.), Россиядагы, чектеш мамлекеттердеги алардын жаралуусун шарттаган процесстер четте калат. Алардын баарын камтууга мүмкүн эмес, бирок андай аракеттерсиз басмачылыктын, совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы авантюра менен чектешкен айрым иш-аракеттердин себептери түшүнүксүз болуп калып жатпайбы.

Азыр Москвада, Санкт-Петербургда, Россиянын башка ири шаарларында мурда таптакыр белгисиз болуп келген маалыматтар жарыяланууда. Аларды окугандан кийин 1920-1930-жылдардагы айрым окуялар жөнүндөгү түшүнүгүң, көз карашың түп тамырынан өзгөрөт. 1937-1938-жылдардагы репрес­сиялардын күнөкөрлөрү катары Сталин, Ежов, Лоцманов аталат , бирок чагым арыздарды, билдирүүлөрдү жазып, жүздөгөн, миңдеген адамдарды каматтырып, аттыргандар көркөмдүк жактан ой калчоодон өткөрүлмөк түгүл, ысымдары да атала элек.  Бул өңүттөн алганда котормочу, жазуучу Абдулхай Алдашев убагында И.Лоцмановдун чыныгы жүзүнүн четин ачкан (21: 64-67), ал тарыхчылар үчүн да, жазуучулар үчүн да кызыктуу тема. Бирок ал версия алиге чейин аягына чейин изилденбеди, такталбады. Ал да азырынча жашыруун сыр катары эсептелет.Эгерде ал версия ырасталса, И.Лоцманов Ежовдон да эки эсе коркунучтуу кылмышкер болуп чыгат. 1937-1938-жылдарда мурдагы Союзда  тийиштүү органдарга партиялык, советтик кызматкерлердин, интеллигенциянын өкүлдөрүнүн үстүнөн 4 миллиондон ашык  чагым кат жазылган экен, алардын канчасы Кыргызстанга туура келет?

Орус адабияты В.Астафьевдин, Д.Граниндин ж.б. чыгармалары аркылуу Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү чындыктын четин ачты, биз ага жакындай да элекпиз.

Кайра куруудан көз карандысыздыкка чейинки, андан кийинки мезгилдерде драмалуу гана эмес, трагедиялуу көрүнүштөр да аз болбоду. Атактуу токойчу С.Турдумалиев айылындагы Калбү деген жалгыз бой кемпирдин отун-көмүрү жок кышында тоңуп өлүп калганын жазып, ал үчүн өзүн эч качан кечирбей турганын билдирген. Андай окуялар, дары-дармектердин жоктугунан, убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндөн, тамак-аштын жетишсиздигинен, каатчылыкка байланышкан ж.б. себептерден улам мезгилинен эрте жарыкчылыктан кеткендер Таластын бир айылында эле болуптурбу? Жок. 1992-1997-жылдарда андай көрүнүштөр Кыргызстандын көпчүлүк айыл-кыштактарында, шаарларында жашагандарга мүнөздүү болгон. Бирок ошол убакта республиканы башкаргандардан  андай трагедиялар  үчүн өздөрүн күнөкөр сезип, С.Турдумалиевдей ушул убакка чейин абийирлери тынчыбай жүргөндөрү барбы?  Ал убакта элдин коомдук аң сезими, улуттун рухий дөөлөттөрүн жараткандар кандай пертрубацияларга туш болушту?

Адабияттын сынчыл реализмден бери  келаткан милдети коомдогу мына ушундай көрүнүштөрдү көркөм каражаттар аркылуу ачып, элге жеткирүү болуп саналат. Калгандарынын чыныгы адабиятка тиешеси деле жок.

АДАБИЯТТАР

  1. Социалистический реализм. В книге: Литературный энциклопедический словарь. М. “Советская энциклопедия”, 1987.- 752 с.

2.Первый всесоюзный съезд советских писателей. Стенографический отчет. М. “Советский писатель”, 1990.- 718 с.

3.Борбугулов М., Адабият теориясы. Окуу китеби. Б. “Шам”, 1996.-552 б.

  1. Багно Вс.,Ясновидение былого и чудесного. В кн: Книга песчинок. Фантастическая проза Латинской Америки. Л. «Художественная литература», Лен. отд.. 1990. -416 с.

5.Фолкнер У., Статьи, речи, интервью, письма.  М. «Радуга», 1985.- 488 с.

  1. Сучков Б., Лики времени. Статьи о писателях и литературном процессе. Т.2. М. ”Художественная литература”,1976.-367 с.
  2. Айтматов Ч., Основу жизни составляет любовь. ПСС в десяти томах. Т.10. Б. «Улуу тоолор», 2018.- 568 с.

8.Сыдыкбеков Т., Мен миң жыл жашадым. Аян, аңгемелер, маектер, каттар. Түзгөн Медералиев Ж., Б. “Акыл”, 1998.-496 б.

9.Набоков В., Лекции по зарубежной литературе. СПб.  Азбука-Аттикус, 2014.-544 с.

10.Чепрунов Б., Джунаидхан,.Т. Госиздательство художественной литературы, 1959.-252 с.

11.Касымбеков Т., Баскын. Эки китептен турган тарыхый роман.Биринчи китеп.Б.»Бийиктик», 2012-ж. 8 томдон турган чыгармалар жыйнагы. 6-8 томдор.  6-том, 264 б., 7-том, 288 б., 8-том, 408 б.

  1. Сафаров Н., Навруз. Роман в двух книгах. М. “Художественная литература”, 1984.- 454 с.
  2. Исраилова-Харьехузен Чынара., Жаңы маалыматтар 1916-жылдагы окуяларга жаңыча кароого чакырат. “ММкызмат”, 2015-жыл, 12-октябрь.
  3. Стамов А., Хан Тейиш”. (Жунгар-ойрот жапырыгы) тарыхый роман. Б. “Бийиктик”, 2009.-808 б.

15.Эркебаев А., Руханият жана “Архат”. Китепте: Казат Акматов. Чыгармаларынын 7 томдон турган жыйнагы. 6 том. Б “Турар”,  б. 229.  2012.-406 б.

  1. Темиралы Кунаш. Основы учения Адама, Ноя и Аврама”, Б. “Бийиктик”, 2003.-126 б., Священный Коран:Три периода человечества, Б. “Глобал принт”, 2018.- 160 с., Манастын эзотерикасы, Б. “Аалам”, 2023.-  258 с., Манастын жети жортуулу, Б.  ЖИ “Сарыбаев Т.Т.”, 2025.- 280 б.
  2. Ыйык Куран. Арабчадан которгон Темиралы Кунашов. Б. “Турар”, 2020.- 576 б.
  3. Темиралы Кунаш. Манастын эзотерикасы, Б. “Аалам”, 2023.-258 б.

19.Жедигер Саалай, Манас дух. Ырлар, терме, поэмалар, балладалар, котормолор. Б. “Турар”, 2020.-232 б.

  1. Аалиева Г., Эзотерика в кыргызском фольклоре. Б. Типография УУЖ, 2019.- 398 с.
  2. Алдашев А., Жер төлөдө ой толгоо, Б. “Кыргызстан”, 1997.-268 б.
  3. Эркебаев А., Бар бол адабият, Б. “Proffaut”, 2025.- 110 б.
  4. Ибраимов О., История кыргызской литературы ХХ века. 3-е дополненное издание. Б. Изд-во КРСУ, 2021.-626 с.
  5. Матисаков А., Атамды көргөн өлбөсүн… Аңгемелер, повесть, публицистикалар. Б. “Бийиктик”, 2004.- 464 б., Баткан күндү аяймын… Повесть, аңгемелер жана публицистикалар. Б. “Турар”, 2022.- 608 б., Уроки доброты. Повесть, рассказы, эссе, очерки, литературные портреты. Б. “Улуу тоолор”, 2023.- 392 с.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер