АДАБИЙ МУРАСТАРГА АСТЕЙДИЛ МАМИЛЕ
- 11.11.2025
- 0
(Заманачы акындарыбыз Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын адабий мурастары жөнүндө азыноолак кеп)
Кыргыз эли өзүнүн нечен кылымдык тарыхында татаал тагдырды башынан кечирген. Ошол татаал, узак жолдордо өзүнүн уникалдуу улуттук маданиятын түздү. Кылымдардан бери ар кыл муундар жараткан маданий адабий мурастар эл ичинде сакталып, өнүктүрүп бүгүнкү күнгө жетип отурат. Кыргыздын маданияты жөнүндө сөз болгондо, дегеле кыргыз элинин өткөндөгү тарыхына кайрылганыбызда сөзсүз элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылууга туура келет. Анткени элдик оозеки чыгармачылык тарыхтын, мезгилдин көркөм сөз түрүндөгү поэтикалык формасындагы күбөсү, документи болуп саналат.
Байыркы мезгилдерден бери кыргыздардын рухий байлыгы фольклор болгондугун биз дайыма кайталап айтып келебиз. Фольклордо элдин турмушу саясий-маданий өнүгүү, социалдык мамилелери, тарыхый тагдыры чагылдырылып, элдин үмүтү, кайгы-кубанычы, дүйнө таануу көз карашы жана эстетикалык идеялары баяндалат эмеспи .
Ошол элдин тарыхын, маданиятын салт-санаасын, үрп-адатын кулк-мүнөзү менен ой жоруу өзгөчөлүгүн илгертен кастарлап-сактап, укумдан- тукумга улаган талант даарыган көзү ачык билимдар адамдар элибизде эзелтен жашап келишкен. Алар кадимкидей кадыр-барк, аброй күтүшүп, «эл ырчылары» деген кыйла нускалуу үлкөн даражалуу атка конушуп, муундан-муунга даңаза болушуп, калайык-калктын оозуна алынып, өмүрү өткөнчө өрнөктүү өмүр сүрүп өз чыгармачылыгын ошол нукта өнүктүрүшкөн. Ошондой таланттар кылым бүктөмүндө да көөнөрбөй элдин бай казынасына айланып, улуттук классиканын үлгүсү болуп калышты. Арийне алар көркөм өнөр маданиятынын деңгээли чен-өлчөмдөрү боюнча Байыркы Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүнүн даанышман чөйрөсүнүн бийиктигине чыга алышпаса да, өз чарк-чамасы, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша айтаарга арзырлык адабий, маданий мурас калтырышты.

(Арстанбек Буйлаш у)
XIX кылымдын экинчи жарымы, XX кылымдын башталышында, дегинкиси андан илгерки доорлордо жашаган чыгармачыл инсандар да өмүр сүрүп, чыгармачылыгын ошол мезгилдик мерчемде өнүктүрүп келишкен эл акындарынын жоон тобу өз доорунун ошондогу тарыхый окуясын, саясий аң-сезимин, диний көз карашын көркөм чагылдырган бир бүтүн системадагы көркөм кубулуш катары ар тараптуу иликтөөнү талап кылып, бир канча окумуштуулардын башын бириктирди. Кантсе да бул ишке, асыресе адабиятчы менен сынчылар, тарыхчылар менен этнографтар, социологдор менен психологдор, тилчилер, өнөр таанучулар менен публицисттер активдүү тартылышты.
Анда тарыхый өнүгүүнүн ошол катмарында бүдөмүк бойдон калып калган, чыгармалары изилденбей изилденсе да бир жактуу каралып, кайра жарыялоо ишинин жолу бөгөлүп, ар кандай кысымдарга туш болгон Молдо Кылыч Шамыркан уулу, Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу сыяктуу ондогон акындар, же жөн гана бүтүндөй доор, мезгил бүктөмүндө калып, улам убакыт өткөн сайын унут болуп бараткан Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок, Эсенаман, Коргол, Ысак, Ысмайыл сыяктуу эл ырчыларынын өмүрү чыгармачылык таржымалы кеңири изилдөөгө алынып, компетенттүү сөз болгону жакшы. Булардын ар бири коомчулук тарабынан кызуу үйрөнүлүп, такай көңүлдүн борборунда болуп, ар тараптан кеңири иликтенип, өзүнүн акыйкат баасына жетүүгө тийиш. Алар ошого татыктуу.
Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында жаңыча ойлонуп, адамдын жан дүйнөсүн тазартып, жаңыртуу доору башталганда көркөм нарктарды баалоонун жалпы адамзаттык критерийлери биринчи планга көтөрүлүп жатканда, бул акындарга дагы жаңыча мамиле жасап, аларды мурдагыдай куугунтуктабай, таптык көз караштын чегинен бийик көтөрүлүп, алардын баа жеткис көркөм мурасын андан ары улантуу, аларга жаңыча мамиле жасоо биздин колубузда эле. Бардык нерсени өзүнүн өңүтүнөн карап көнгөн саясий идеологиянын кысымы, коомдук аң-сезимдеги шаблондор, авторитардык башкаруунун капшабы, эл акындары тарабынан түзүлгөн традицияны, жакшы жөрөлгөлөрдүн баарын жокко чыгарып, унут калтырууга гана алып келди.1
Тарыхтын оор бүктөмүндө калып калган мындай маданий мурастарды жалпы журттун энчисине кайтарып берип, анын көркөм нарк-насилин үстүртөдөн гана карап тим болбостон, алардын социалдык тарыхый ролун улуттук көркөм сөздүн өнүгүү жолундагы өзүнчө бир баскычы катары кароо керек. Анын маданий-рухий ордун, маанисин аныктап алуу милдетин иш жүзүнө ашыруу зарыл. Натыйжада, улуттук адабиятыбыздын тек-жайын, өзгөчөлүгүн тактап алууга гана өбөлгө түзбөстөн улутубуздун тарыхый таанып-билүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аң-сезимибизди да тереңдетип алган болор элек.
Коомдук аң сезимдин өсүү процессинде ар дайым улуу бурулуштар, үлкөн өзгөрүүлөр болуп келген. Андайлар соңку жылдарда да кыйла болду. Буга далил катары улуттардын маданий мурасына байланышкан прогрессивдүү кадамдарды айтсак болот. Асыресе мурдагы союздун курамындагы улуттардын дээрлик баары улуттук кайра жаралуу доорун башынан кечирип турган чагы.
“Натыйжада, маданий адабий мураска тиешеси бар бир катар маселелер кайра каралып, бөлөк позиция жаңы талаптардан чыгып, териштирилип, “агы-акка, көгү көккө” чыгарылып, ар нерсе өз баасын акыйкат алып жаткан мезгил келди. Көптөгөн кылымдар бою көмүскөдө жатып, саясий идеологиянын кысымында калып, ачыкка чыга албай,жарыяланбай калган бир катар акын-жазуучулардын тагдырынан да кыл өткөн жок 1. Алардын бизге калтырып кеткен адабий зор мурастары эми гана акыйкат таразаланып, өздөрү да атуул, жаран катары акталып, чыгармалары элине кайтарылып берилип,алар боюнча атайын изилдөөлөр ар тараптан активдүү жүргүзүлүп жатат. Кыргыз адабиятынын тарыхында жалпы эле акындар чыгармачылыгы жана элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноо жана изилдөө иши менен бирдикте, жыйырманчы жылдарда эле колго алынган экен. Бирок жыйнала баштаганы менен эл акындарынын чыгармачылыгы оош-кыйыштарды, ийгилик-өксүктөрдү, дурус-буруш жактарды терең талдоого алып, өмүр таржымалдарын белгилүү бир ыраатка салып, элге тартуулоо иши кыркынчы-элүүнчү жылдарда гана жүргүзүлө баштады деп белгиленет”. (“Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери” Фрунзе.”Илим”1988. 10-бет).
Аныгында эле 40-жылдардын аягында адабий мурастарды изилдөө боюнча өтө баалуу илимий эмгектер жазылган. Айрыкча Арстанбек, Калыгулдун мурастарын, элден жыйнап үйрөнүү кызуу колго алынган. Ал эми Молдо Кылычтын чыгармачылыгы ырааттуу изилдене баштаган мезгилде күтүлбөгөн жерден чуулгандуу окуя болду. Ошол Чубактын кунундай чубалжыган чуулгандуу окуя Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч өңдүү таланттуу, ойчул акындардын уруучулдугун, реакциячыл акын экендигин көрсөтүүгө умтулган. Аталган акындарга карата реакциячыл, уруу ырчысы деп куугунтукташкан. Мына ушундан кийин кыргыз элинин өткөндөгү тарыхын, жалпы маданий турмушун, айрыкча эскерилген акындардын мурасын үйрөнүүгө тыюу салынган. Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын мурастарын жыйнап-үйрөнүүгө тыюу салынышынын натыйжасында кыргыз адабияты менен маданияты бир топ тоскоолдукка учурады.

Андай өзгөчөлөнгөн тагдыр жолун Молдо Кылычтын мисалында карап көрөлү. Адабият гана эмес жалпы кыргыз маданиятынын бүгүнкү абалына чейинки өсүү жолуна узун тарыхына назар салсак, анын бар да өкүлүнүн тагдыры Молдо Кылычтыкындай опурталдуу татаал болбоптур. Анын чыгармалары бир мезгилде доор күүсү менен кошо чертилип, басма беттеринде байма-бай жарыяланып, китеби да жарык көрүп, алар жөнүндө макалалар жазылып, илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн экен. Адабиятчылардын, философтордун, тарыхчылардын көңүл борборунда болуп кадимкидей илимий багытта изилдөөнүн туруктуу обьектисине айланган. Анан эле коом аң-сезим деградацияланып, авторитардык бийлик калыптанып, кыбыр эткендин баары идеологиялаштырылып, саясатташып, адабий мураска, улуттук жөрөлгөлөргө болгон бир беткей мамиле орун алып, демагогиялык жана догмалык көз караш пайда боло баштады. Ал улам кеңири тамыр жайып, калыптана берип, жеке адамдын ой жүгүртүү жөндөмү чектелип, анын касиеттери ачылбай, чыгармачылыгы барган сайын мокоп, жекелик (индивидуалдык) талантын танган “баары жалпыныкы” деген догмалык философия чыга келди. Молдо Кылычтын жеке тагдыры чыгармачылыгы мына ушул толкунга туш болду. Анын чыгармаларына катуу тыюу салынып, коомго зыяндуу көрүнүштөрдү алып келүүчү коркунучтуу илдет катары тамырынан кесилди. Анын чыгармалары жарык көрмөк турсун, алар жөнүндө бирин-экин пикир айта койгон чыгармачыл адамдар куугунтукка алынган.

“Ак ийилет,бирок сынбайт” демекчи Молдо Кылычтын чыгармалары жөнүндө академик Болот Юнусалиев өзүнүн “Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жөнүндө” ( “О творчестве Молдо Кылыча: в связи с пересмотром вопроса об оценке дореволюционного литературного наследия кыргызского народа”) деген докладында акындын чыгармаларына кеңири талдоо жүргүзүп, жыйынтыгында оң баа берет. Ошондой эле акындын жалпы чыгармаларын кеңири талдоо менен анын ошол мезгилге чейинки чыгармаларын көлөмү, түрү(жанры) боюнча талдоо жүргүзөт. Эгерде Болот Юнусалиев Молдо Кылычтын чыгармачылыгына кызыкпаганда бул улуу инсан тарыхтын караңгы барактарында калып кетмек беле деген ойго келесиң. Биз жогоруда сөз кылгандай Молдо Кылычтын адабий мурасы туш келген тагдыры, ары түйшүктүү, ары трагедиялуу учурга туш болуп, көптөгөн кыйынчылыктардын кагылышкан кырдаалдардын сомосунан суурулуп чыгып,бүгүнкү биз жашап жаткан коомдун ар бир этабын калыбына келтирип, тарыхтын бөксө жерин толуктап жатат. Анын чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо момундай бир жагдайды айтпай кетүүгө болбойт. Драмалуу а балким трагедиялуу тагдыр күткөн бул инсанга болгон терс мамиле кечээ, 1985-жылдагы айкындык, улуттардын эркиндигине көркөм нарктарга башкача көзз караш менен карала баштаган мезгилде деле күч алып турду. Илимдер академиясынын басмасынан чыккан фундаменталдуу, коллективдүү жыйнакта мындай пикир айтылат: “ XIX кылымдын орто ченинде кыргыз акындар чыгармачылыгында “Заман” деп аталган адабий багыт пайда болду. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Калыгул Бай уулу (1785-1855), Арстанбек Буйлаш уулу(1840-1882), Молдо Кылыч Шамыркан уулу ( 1840-1917) болушкан. Булардын ичинен Молдо Кылычтын айырмачылыгы-чыгармаларын кол жазма (манускрипт) түрүндө жараткандыгында. Молдо Кылыч кыргыз жергесиндеги атактуу адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, кийин чоңойгондо диний мектептерден кат-сабатын ачып, диний китептер менен да таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул кырдаалда китеп жазуунун реалдуу турмушу менен таанышуу анын артыкчылыктарын көрүү, сезүү, поэзияга шыктуу жана адамдын жаңыча жолго мурдагыдай колго комуз алып, үн кошуп, оозеки төкмөлүк эмес, кагазга түшүрүп жазуу жолуна өткөнү анын жазгыч акын экендигин далилдеп турат. Ушундан улам Молдо Кылыч өзүнүн өзгөчөлүгү менен кыргыз адабиятына жаңы багыт ачкандардын бири. ”Замана” адабиятынын улуу өкүлдөрү Арстанбек, Калыгулдан айырмаланып ал өз чыгармаларын өткөндөгүдөй оозеки эмес, кагаз бетине жараткандыгында. Бирок эң өкүнүчтүүсү анын бир да кол жазмасы сакталбагандыгына карабастан кол жазма адабиятын баштоого жана өнүктүрүүгө зор демилге, шык менен киришкенине, жазуу иши анын кесибине айланганына анын 1911-жылы Казанда жарык көргөн “Зилзала” поэмасы талашсыз далил.
Акындын көп кырдуу, көп тармактуу (ошол эле мезгилде чуулгандуу) чыгармачылыгы ар кандай талаптардан чыгып, баа берилип келгендигинде, акыры минтип тереңдеп изилдөөгө алынышы, акыйкат ой айтылышы ар бир изилдөөчүнү кызыктырып, өзүнө тартпай койбойт. Анын үстүнө заманынан озуп, акылга, билимге карк прогрессивдүү түшүнүктөрү менен айырмаланган Молдо Кылычтай акындын чыгармачылыгы бүтүндөй эле ачылбай жаткан маданий кенч экендигинде талаш жок. Ачылбай жаткан андай кенч улуттук өзгөчөлүктү аныктаган философиялык багытта милдет аткарып, ошондой жүк көтөрүп, ошол демде бүткөрүлгөндөй таасир калтырат.
Дегинкиси, Молдо Кылычтын өмүр-таржымалы менен чыгармачылыгына байланышкан маселелер адабиятчылар менен сынчыларды гана эмес, тарыхый-маданий кубулуш катары жалпы адамзаттык, руханий асыл-нарк катары бүтүндөй коомчулукту, илимдин башка тармактарынын өкүлдөрүн, асыресе тарыхчылар менен этнографтарды, философтор менен публицисттерди, ал тургай каттардагы карапайым мугалимдерди жапырт кызыктырып, кызуу иликтөө ишине чакырышы керек. Акындын чыгармачылыгы кайсы багытта изилденип келди, кандай баага эгедер болуп, кандай тагдырларды башынан кечирди деген суроолорго жооп албай туруп, акынды толук кандуу кабылдоо мүмкүн эмес. Буга чейинки аздыр-көптүр жарыяланып келген макалаларда Молдо Кылыч адабият барактарында жаңыдан эле ачылып келе жаткан ысым катары, эми гана изилденип ар тараптуу иликтөөгө алына баштаган тагдыр катары мүнөздөлүп келген. Тилекке каршы мындай натуура түшүнүктүн орун алып келгендигин айта кетүү парз. Соңку мезгилдеги айрым эмгектерде гана ошол бөксөлөр толтурулуп, калыстыкты калыбына келтирүү боюнча азыноолак аракеттер жасалды. Тарыхый мезгилдин өтө татаал шарттарында өмүр сүргөн, чыгармачылыгын ошондой кыйчалыш шартта өнүктүргөн Молдо Кылыч сыяктуу акындын чыгармаларына баа берүүдө историзмдин принцибин жетекчиликке алуу зарыл экендиги талашсыз. Андыктан баарынан мурда тарыхый инсандын өзүн ага байланышкан фактыларды коомдук окуя, кубулуштарды, аң-сезимдин ошол мезгилдеги деңгээлин, конкреттүү инсанга болгон чөйрөнүн таасирин, ошол мезгил алкагында үстөмдүк кылган концепцияларга, идеологияга, саясатка жараша кароо керек.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе Молдо Кылыч өз доорунун көрүнүктүү жазуучу акыны болгон. Ал коомдогу айлана-чөйрө, жаратылыштагы өзү күбө болгон окуяларды, кубулуштарды, өзгөрүштөрдү чыгармаларында реалдуу чагылдырган. Ошондой эле ал элдин жашоо турмушу менен терең таанышып, болгон муктаждыктарын жакшы билген. Ушундан улам Молдо Кылыч өзү жашаган доордун саясий турмушунун негизги белгилерин, кыргыз жергесинин экономикалык жана саясий ал-ахвалын туура түшүнгөн. Акын өмүрүнүн аягына чейин элдин кызыкчылыгын жактап, эзүүчү катмарлардын өкүлдөрүн тайманбастан сындаган. Ушунун өзүндө Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын реалисттик мааниси өтө зор. Демек анын поэзиясы тематикалык жана жанрдык жагынан ар түрдүү болгон. Жалпылап айтканда XIX кылымдагы кыргыз адабиятынын ири өкүлдөрү болгон Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтардын көркөм мурастарына астейдил мамиле жасап аны артыбызда келе жаткан жаш муундарга өткөрүп берүү ар бир кыргыз атуулунун жарандык милдети деп эсептейм.
Айнур КАЧКЫНОВА,
Нарын облусу, Ат-Башы району. Ак-Жар айылы, Жаналы уулу Абдыракман атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер