Аааламга жол айылдан башталат

  • 25.03.2026
  • 0
Айылдан чыккан ар бир чоң ийгилик — бул үмүттүн, эмгектин жана ишенимдин жыйынтыгы. Айылдын жөнөкөй турмушунда чоң максаттарды көтөрүп жүргөн балдардын кыялдары бар. Ал кыялдар туура багыт, туруктуу тарбия жана ишенимдүү колдоо менен коштолсо, сөзсүз түрдө ааламга жол ачат. Айылдан ааламга жеткен жол — бул чыдамкайлыктын, мээнеттин жана мекенге болгон сүйүүнүн жолу.
Бүгүнкү күндө мектеп — билимдин гана очогу эмес, инсанды калыптандыруучу ыйык жай. Ал эми мугалим — окуучунун тагдырында из калтырган эң маанилүү адам. Айрыкча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо сабактары жаш муунду тартипке, жоопкерчиликке, чыдамкайлыкка жана мекенчилдикке тарбиялайт. Бул сабактар баланын денесин гана эмес, анын ички дүйнөсүн, мүнөзүн да бекемдейт.
Мен √26 У.Турдубаев атындагы жалпы билим берүүчү мектепте 2 жылдан бери аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия сабактарынан мугалим болуп эмгектенип келем. Ошол эле учурда коомдук иштердин алкагында эркин күрөш боюнча тренерлик кылып, спортко кызыккан жаш балбандарды тарбиялап жатам. Бул иш алгач жөнөкөй машыгуулардан, чакан максаттардан башталган. Бирок балдардын спортко болгон кызыгуусу, өжөрлүгү жана алдыга умтулуусу чоң ийгиликтерге жол ачты.
Спорт — бул бир гана мелдеш же медаль эмес. Спорт — бул жашоо мектеби. Күрөш менен машыккан бала жеңиштин да, жеңилүүнүн да бар экенин түшүнөт. Ал жыгылса кайра турууну, чарчаган учурда дагы максатынан баш тартпоону үйрөнөт. Бул сапаттар спорт залында гана эмес, турмушта да адамды алдыга жетелейт. Ошондуктан спорт — тарбиянын эң күчтүү, эң таасирдүү каражаты.
Акыркы жылдары бул эмгектин жыйынтыгы райондук жана облустук мелдештерде байкалып, ийгиликтер жарала баштады. Ал эми 2025-жылы Кербен шаарында өтүп жаткан эл аралык деңгээлдеги эркин күрөш боюнча турнир — Кербен шаарынын мэринин кубогу — жаш спортчуларыбыз үчүн чоң сыноо жана чоң тажрыйба болду. Бул ири мелдешке 350дөн ашык балбан катышып, ар кайсы аймактардан жана өлкөлөрдөн келген спортчулар күч сынашууда.
Мындай масштабдагы мелдештер жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип, аларды чоң максаттарга жетелейт. Эл аралык деңгээлдеги таймаштар спорттогу достукту, тартипти, өз ара сый-урматты жана бекем рухту даңазалайт. Ошондой эле бул иш-чаралар Кербен шаарын спорттук борбор катары таанытууга зор салым кошот.
Бул эл аралык мелдешке Падыша-Ата айылынан 21 спортчу катышып, татыктуу күрөш көрсөтүштү. Алардын ичинен бир нече спортчу байгелүү орундарга ээ болду:
Алтын медаль ээлери:
– Ыманбердиев Арген (57 кг)
– Сатыбалдыев Тимур (44 кг)
– Асанбаев Байназар (20 кг)
Күмүш медаль:
– Анаркулов Бекболсун (35 кг)
Коло медаль:
– Тайырбеков Арген (44 кг)
– Асанбаев Муслим (32 кг)
Аааламга жол айылдан башталат
Бул спортчулардын көпчүлүгү болгону бир жыл мурда гана машыгууну баштаган. Бүгүн алар эл аралык деңгээлде күрөшүп, ата-энесин кубантып, айылына сыймык болуп жатышат. Эң негизгиси — алар тартиптүү жүрүм-туруму, адеп-ахлагы жана коомго болгон мамилеси менен теңтуштарына үлгү болууда. Бул — мугалим менен окуучунун ортосундагы ишенимдин, үзгүлтүксүз эмгектин жыйынтыгы.
Айылдан чыккан бала чоң ийгиликке жете албайт деген түшүнүк — эски көз караш. Эгер балага ишеним берилсе, туура багыт көрсөтүлсө жана жанында дем берип турган мугалим болсо, ал сөзсүз бийикти багындырат. Дени сак, тарбиялуу жана максаттуу жаш муун — бул мамлекеттин келечеги. Ал эми спорт — ошол келечекке алып баруучу эң ишенимдүү жол.
Айылдан башталган жол ааламга алып барат. Бул жол жеңил эмес, бирок үмүт менен, эмгек менен басылган ар бир кадам сөзсүз жеңишке жеткирет. Биздин милдет — балдардын кыялын өчүрбөй, аларга ишенип, жол ачып берүү. Анткени бүгүн спорт залында машыгып жаткан бала — эртең өлкөнүн сыймыгы.
Адылбеков Надырбек, Аксы району, Кербен шаары,Кашка-Суу айылы.
√26 У.Турдубаев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин
аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия сабактарынын мугалими,
эркин күрөш боюнча машыктыруучу 
Бөлүшүү

Комментарийлер