«5Ө» МОДЕЛИ жана ИШМЕРДИККЕ НЕГИЗДЕНГЕН ДЕӉГЭЭЛДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ
- 03.02.2026
- 0
Сулайман РЫСБАЕВ, профессор
«5Ө» МОДЕЛИ жана ИШМЕРДИККЕ НЕГИЗДЕНГЕН ДЕӉГЭЭЛДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ
«5ϴ» деген эмне?
Учурда ар кандай окутуу технологиялары Кыргызстанга келип, мугалимдер аларды чыгармачылык менен колдонуп, ар кандай деӊгээлде натыйжаларын көрүп жатышат. Мына жакындан бери «3Э» жана «5Э» деген технологиялар мугалимдерди кызыктыра баштады. Албетте, алар окуучуларды ой жүгүртүүгө, билгенин түшүнүнүүгө ж.б. аракеттерин жумшоого, билимди өз аракети менен алууга сезимин ойготууга жумшалары шексиз. Ушул эле учурда мен «5Ө» эксперименталдык моделин сунуштагым келет. Ал моделди төмөндөгүчө, кыргыз турмушунун эле табияты менен түшүндүргүм келет. Мисалы:
ӨНҮҮ — бул, буудай топуракка түшкөндөгүдөй алгачкы абал; алсак, буудай топуракка түшкөндөн үч күн аралыгында ак соё чыгып, өнүп чыгат; муну- “буудай өндү” дейбиз; ал үчүн ага табихый жагымдуу шарт керек, т.а. жылуулук жана нымдуулук.
Муну эми мектеп баласына алып келели. Мектепке келген бала үй чөйрөсүнөн билим чөйрөсүнө кирет, башкача социалдык-маданий кырдаалга өтөт, ал жерде үйдөгү чөйрө окуу чөйрөсүнө алмашат, бала аз-аздап ал чөйрөнүн максатын, маанисин түшүнөт, демек, баланын жан дүйнөсүндө буудайдын алгачкы ак соёсу сымал жаӊы сезим-туюм өнүп чыгат.
ӨЗГӨРҮҮ- бул, буудайдан ак соёнун өнүп чыгышынан соӊ, анын биологиялык табиятынын өзгөрүүсү башталган абал; бала дагы мектеп шартына келгенде ал жердеги социалдык-маданий жагдайдан, системалуу уюштуруу-педагогикалык шарттардан улам, баланын ички дүйнөсү, сезим-туюму, көз карашы, ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму жана мамилеси өзгөрөт, бала окуучуга айланат, биологиялык бала- социалдык-маданий балага айланат; баланын мектептен алган тарбиясынан — билим алууга жолун ачкан окуучуга айлантуусу, билгенин, үйрөнгөнүн өнүктүрүүсү, аз-аздап билген билимин практикада колдонуп, өз алдынча билим тажрыйбасын топтоого пайдубал түзүүсү.
ӨНҮГҮҮ – бул, буудайдын ак соёсунан жашыл сабак өсүп чыгышы, сабак топуракты жарып, жер үстүнө чыгышы, андан өйдө көтөрүлүүсү сыяктуу; ошол сыӊары окуучу дагы билгенин жаттап гана албастан ой жүгүртүү менен, өз алдынча оюн билдирип, көз карашынын өсүп чыгышы, жеке мамилесин билдирип, башканын ою менен гана чектелбей, өз алдынча сынчыл ойлуу адам катары өсүп чыгышынын башталышы.
ӨРКҮНДӨӨ – бул, буудайдын баш алып, башына дан байлашы сыяктуу кырдаал; буудайдын дан байлашы анын андан аркы жашоосуна жол алышы, өзүнөн кийин миӊдеген жаӊы буудайлардын өсүп чыгышына негиз болуучу- урук улантуу мезгилинин келиши; ушул сыяктуу балада чыгармачыл мамиленин калыптанышы, мугалим көрсөткөн гана жол менен эмес, өзүнчө жолду табышы, мугалим айткандай гана, окуу китептен окуганындай гана эмес, башкача, чыгармачыл мамиле менен, өз мүмкүнчүлүгүн өз көз карашы менен билдирүүгө жетиши, окуган, үйрөнгөн, билген билимине чыгармачыл мамиле жасашы.
ӨРЛӨӨ— буудайдын бышышы, эч бир башка өсүмдүктөргө окшобой, өз алдынчалуу, жаӊы өнүмдү (продукцияны) бериши; окуучунун дагы өз алдынча жаӊы продукцияны бериши, жаӊы чыгарманы жаратышы, жаӊы нерсени өз алдынча ойлоп табышы, автордук чыгарманы жаратышы.
Бул “жаратмандык” деӊгээл- мектеп билим берүүсүнүн жеткен бийиктиги, мугалим менен окуучунун көп жылдык чыгармачыл эмгегинин жемиши, баланын өз алдынча шыгынын, табихий талантынын ойгонушу.
Бул 5 деӊгээл- биз кеп кылып келген ишмердиктин беш деӊгээлине да дал келет.
1-деӊгээл: Маалыматтык билим деңгээли
“Билим парадигмасына” негизделген бул деңгээлде окуу материалдары, аны өздөштүрүүгө карата коюлган тапшырмалар кыргыз тилин мектептерде үйрөтүүнүн стандартынын чегинен, анын өлчөмүнөн чыкпайт; кыргыз тили программасында белгиленген материалдарды өздөштүрүүгө карата коюлган компетенциялар негизги таяныч болот; окуучулар окуу китептерде берилген таяныч үлгүлөрдүн негизинде иш аткарышат; тапшырмалар жана суроолор карапайым деңгээлде болот; сөздөрдү, эрежелер менен мисалдарды окуучулар эске сактоо, эске түшүрүү механизмдери аткарылат, т.а. бул деңгээл маалыматтык билим деңгээл деп аталат.
Бул деӊгээлде эмнеге басым жамалат? Мисалы:
а) кыргыз тилинен:
-тилдик терминдерди билүү;
-эрежени билүү;
-эрежеге ылайык мисалдарды билүү;
-тилдик материалдын (фонетика, лексика, грамматика) классификациясы билүү;
-тилдик материалдын түрлөрүн (мүчөлөрдү), типтерин (сүйлөмдөрдү) билүү;
-тилдик материалдын (сөздөрдүн) жазылышын билүү;
-тилдик материалдарды мүнөздөй алуу (тыбыштарды, сөз түркүмдөрдү) ж.б.
Б) Кыргыз адабиятынан:
— адабий жанр, түр, тек тууралуу маалыматты билүү;
-жазуучунун өмүр баянынан маалыматтуу болуу;
-жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу маалыматтуу болуу;
-чыгармалардын сюжети, мазмуну, идеясы тууралуу маалыматтуу болуу;
-чыгармалардын каармандары тууралуу маалыматтуу болуу ж.б.
Бул деӊгээлге ылайык окуучунун билимин баалоодо өз алдынча критерийлерге таянылат, тактап айтканда:
- жеткиликтүү бекем жана тереӊ билимдин болуусу;
- билгенин кайталап айтып бере алуу;
- билгенин баяндап айтып бере алуу;
- билгенин жаттап айтып бере алуу;
- үйрөнгөнүн сүрөттөп айтып бере алуу;
- эсте сактаганын айтып бере алуу;
- көркөм окуп бере алуу;
- көркөм айтып бере алуу;
- окуу техникасын туура сактоо;
- жазуу жүзүндө жооп бере алуу;
- оозеки түрдө жооп бере алуу ж.б.
Эмесе, мына ушул деңгээлдерге коюлуучу талаптар, тапшырмалардын мазмуну жана мүнөзү тууралуу кеп кылалы.
Бул деңгээлдеги суроо-тапшырмалардын мазмуну
Бул, негизинен, окуучунун теориялык-мазмундук маалыматтуулугун, фактыларды, маалыматтарды, эрежелерди эске тутуусун тактоо үчүн суроо-жооп менен бышыктоо болуп эсептелинет.
Мында, негизинен, өтүлгөн тема боюнча маалыматтуулугун текшерүү, баалоо, маалыматтарды жаттоо, кайра аларды кайталатып айтуу же текшерүү мүнөзүндө гана иш жүрөт. Окуучулардын өтүлгөн темадагы фактыларды жаттап эсте тутуусун баалоо менен чектелишет.
Мисалга алсак, мындагы суроо тапшырмалардын мүнөзү төмөндөгүдөй болот:
- баяндап айтып берүү үчүн суроо-тапшырмалар;
- сүрөттөп айтуу үчүн суроо-тапшырмалар;
- эсте сактоосун текшерүү үчүн суроо-тапшыр-малар;
- жаттоосун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;
- көркөм окуусун текшерүү үчүн суроо-тапшыр-малар;
- көркөм айтуу үчүн суроо-тапшырмалар;
- окуу техникасын текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;
- жазуу жүзүндө жооп берүүчү суроо-тапшырмалар;
- оозеки түрдө жооп берүүчү суроо-тапшырмалар.
Ушул жерден, сөзүбүз кургак болбосун үчүн, эки тесттик тапшырманы мисалга тарталык.
Мисалы,1-деңгээлге жараша жөнөкөй тапшырмаларды камтыган тесттин мазмуну төмөндөгүдөй болуусу ыктымал:
1.Кыргыз тили сабагынан:
Тексттин эң кичине бирдиги кайсы?
а) тексттин эң кичине бирдиги – сүйлөм;
б) тексттин эң кичине бирдиги – абзац;
в) тексттин эң кичине бирдиги – микротема;
г) тексттин эң кичине бирдиги – сөз.
- Кыргыз адабияты сабагынан:
Бул саптар кайсы чыгармадан жана кимдин ыры?
«Түбөлүк чечилбеген улуу талаш:
Канткенде адам уулу адам болот?»
а) «Кылым карытар бир күн», Абуталиптин;
б) «Фудзиямадагы кадыр түн», Сабырдын:
в) «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», Органдын ыры;
г) «Биринчи мугалим», Дүйшөндүн ыры.
Мында көрүнүп тургандай, биринчи тапшырмада талап сүйлөмдүн эӊ кичине бирдиги кайсы экенин эсте сактоосун текшерүү мүнөзүндө коюлган болсо, экинчисинде Ч.Айтматовдун билгилүү чыгармасындагы жалпы элге маалым болгон сөзү тууралуу маалыматтуулугун билүүсүн текшерүү гана талабы коюлду. Мындай тапшырмалар тесттерде көп учурайт, аларда окуучулардын сабакта ээ болгон маалыматтуулугун жана эсте сактоосун гана текшерүүгө басым жасалат.
Экинчиден, билимди практикада колдонуу деңгээли— өзгөрүү мезгилине туура келет.
2-деңгээл: Билимди практикада колдонуу деңгээли
Бул деңгээл — коюлган суроолор менен тапшырмалардын татаалдануусу менен айырмаланат; эске сактаган маалыматты, эрежелерди, буга чейинки жетишкендиктерин окуучулардын эми практикада колдоно билүүсүнө басым коюлат, тактап айтканда, колдонуу технологиясына үйрөтүү деңгээлине көңүл бурулат да “компетенттүүлүк парадигмасын” эске салат.
Колдонуу деӊгээлинде, айрыкча, эмнелерге көӊүл бурулат? Мисалы:
А) Кыргыз тилинен:
— сөздөрдү колдонуп сүйлөм түзүү;
— эрежени мисал менен далилдөө;
— эрежеге таянып жаӊы тапшырманы аткаруу;
— таяныч сөздөрдү колдонуп иштөө;
— таяныч сөздөрдүн топтомунан сүйлөм же текст түзүү;
-сөздөрдүн маанисин чечмелөө;
— сөздөрдү бир сөз түркүмүнөн экинчи сөз түркүмүнө айлантуу;
— кеп маданиятынын талаптарына жараша (таза сүйлөө, так сүйлөө, туура сүйлөө, орундуу, адептүү сүйлөө, логикалуу сүйлөө, бай сүйлөө) практика жүзүндө иштөө;
— сүйлөмдү, текстти өзгөртүп түзүү;
— сүйлөмдү, тексти өркүндөтүү ж.б.
Б) Кыргыз адабиятынан:
— окуган чыгармасына жараша жазуучуга жекече баа берүү;
— окуган чыгармасына идеялык, эстетикалык баа берүү;
— көркөм каарманга өз алдынча эмоционалдык, психологиялык, этикалык баа берүү;
— окуган чыгарманын каарманын мүнөздөп, турмуш менен байланыштыруу;
— окуган чыгарманын идеясын, сюжетин, каарманын өз турмушунан табуу, аны баалоо, аларды турмушунда колдонуу;
— окуган чыгарманын сөзүнө, сөз байлыгына баа берүү;
-чыгармадан алынган сүйлөмдү, тексти анын маанисине жараша толуктоо, тактоо, каарманын мүнөздөө ж.б.
Бул деӊгээлде окуучунун билимин, практикалык машыгууларын баалоодо төмөндөгүдөй критерийлерге таянабыз. Атап айтканда:
- эрежени практикада далилдей алуу;
- үйрөнгөнүн практикада колдоно алуу;
- үйрөнгөнүн практика жүзүндө түшүндүрө алуу;
- сөз маанисин талдап түшүндүрө алуу;
- фактыларды талдап далилдей алуу;
- түшүнүктү мисал менен талдап аныктай алуу;
- түшүнүктү мисал менен далилдей алуу;
- түшүнүктү мүнөздөп, далилдеп бере алуу…..ж.б.
Ушул багыттагы критерийлерге карап, анын талаптарына жараша суроо-тапшырмалар түзүлөт.
Билимди практикада колдонуу деңгээлдеги суроо-тапшырмалар
Суроо-тапшырмалардын максаты – үйрөнгөнүн практикада колдоно билүүгө машыктыруу үчүн үлгү тапшырмалар менен бышыктоо жана текшерүү болуп саналат.
Мында мугалим сабакта өтүлгөндөрдүн маанисин түшүнүүсүн, аны практикада колдонуп сүйлөп, жазууга машыгуусун текшерет. Окутуунун практикалык багыты жүзөгө ашырылат. Окуучулар үйрөнгөнүн чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жол алат. Мисалы:
- үйрөнгөнүн практикада колдонуу үчүн суроо-тапшырмалар;
- үйрөнгөнүн практика жүзүндө түшүндүрүү үчүн тапшырмалар;
— эрежени далилдөө үчүн суроо-тапшырмалар;
— сөз маанисин талдап түшүндүрүү үчүн суроо-тапшырмалар;
— фактыларды талдоо үчүн суроо-тапшырмалар;
— түшүнүктү аныктоо үчүн суроо-тапшырмалар;
— түшүнүктү тактоо үчүн суроо-тапшырмалар;
— түшүнүктү мүнөздөө үчүн суроо-тапшырмалар;
Ушул багыттагы эки тапшырманы мисалга алып, оюбузду бекемдейли.
Кыргыз тилинен тесттик суроолор:
- Макалдын маанисин түшүнүп, макалдын түшүндүрмөсүндөгү көп чекиттин ордун тууралап толтургула. «Эринчээкке эшик – арт». Мында арт сөзү… маанисинде колдонулду. а) жүктө; б) арка жак; в) ашуу, бел; г) алыс, ыраак.
- Морфологиялык каражаттар сөз маанисин байытат, анда эмесе, ошондой каражаттар аркылуу сөздөрдүн эркелетүү маанисин билдирүүчү мүчѳлѳр колдонулган катарды тап.
а) иничек, эжеке, энекебай
б) жар-жар, Алымкан, Сатике
в) Кулунум, ак чүч, келинчек
г) каралдым, апээй, сонун
- Кепте зат, сын жана сан атооч сөздөрүнүн ордуна колдонулган сөздөр ат атооч болушат, андай болсо, төмөнкүлөрдө ат атооч кандай учурда бул кызматты аткарды?
А) Асан келди (Ким келди?)
Б) Асан ойноду (Асан эмне кылды?)
В) Кооз гүл (Кандай гүл?)
г) Гүл өстү (Гүл эмне болду?)
Кыргыз адабиятынан тесттик суроолор:
- А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасында Толубай өз айтканын эмне менен жана кантип далилдеди?
а) Элди үндөп ханга каршы көтөрѳт.
б) Хандын жылкыларынан мыкты тулпарды таап берип, сынчылыгын далилдейт, ага эч бир тулпар жете албайт;
в) Кармыш кулдун жаман чаарын кырк күн күнү-түнү таптап, тулпар кылат, ага эч бир күлүк жетпейт;
г) Чыныгы тулпарды таап берип, Толубай хандан урмат-сый көрөт.
- Үзүндүдөгү көп чекиттердин ордуна кайсы сөз туура келерин белгилегилеп, текстти толуктап түшүндүр.
«Алтын менен …,
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен …,
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен …,
Бир өзүнөн бүткөндөй» («Манас»)
а) күмүштүн, тооңдун, жылдыздын;
б) каухардын, жылдыздын, күнүңдүн;
в) күмүштүн, жериңдин; күнүңдүн;
г) күмүштүн, жылдыздын, күнүңдүн.
Байкап көрсөк, бул тапшырмалардын биринчисинде ат атооч сөзүнүн аныктамасын мурдагы өтүлгөн сабактагы маалымат менен толуктап, андагы маалыматты эми практикада колдонуп далилдөө, т.а. зат, сын, сан атоочордун ордуна колдонулуп, анын атын атабай туруп, алмаштырып, ким, эмне, кандай, канча ж.б. суроолорго жооп берген сөздөр болорун далилдөө талабын чече алуусу, же болбосо, морфологиялык каражаттардын кепте кантип колдонулуу менен сөз маанисин байытарын билүүсү — окуучунун алдыга чоӊ кадам таштоосу болуп саналат. Мындагы маселе — сөздөрдүн маанисин билип жана аларды жазууда же оозеки кебинде туура колдоно алуу тажрыйбасын текшерүү болуп саналат.
Адабияттан берилген тесттеги окуучунун жообу дагы — чыгармалардагы маалыматтарды, каармандардын ким жана кандай экенин тексттеги сүрөттөөлөрдү же сюжеттерди колдонуу аркылуу тастыктоону талып кылды. Мында Манас баатырдын мүнөздөмөсү менен Толубай сынчы өз сынчылыгын кантип далилдегенин, Кармыштын жаман атын кантип тулпар кылып тапта-ганын туура жооп аркылуу далилдей алганын туюнтту. Демек тесттердин жоопторун талдап келип, окуучулар өзүнүн практикалык машыгууларынын жана теориялык билиминин деңгээлин аныктайт.
Үчүнчүдөн, проблема чечүү деӊээли- өнүгүү мезгилине дал келет.
3-деңгээл: Проблема чечүү деңгээли
Бул деңгээл ишмердик парадигмасына негизденет. Анда окуучунун ишмердик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө стимул берүүчү проблемалуу, татаалыраак көнүгүү-тапшырмалары менен суроолор, сүйлөмдөр жана тексттер менен иштөөгө басым коюлат. Андай тапшырмаларды аткарууда окуучулардан ой жүгүртүү менен чыгармачыл дараметтеринин негизинде, проблемалык изилдөө түрүндө же эвристикалык ыкмада иштөөсү талап кылынат.
Мисалы:
А) Кыргыз тилинен:
— тилдик котегориянын табияты бири-бирине кантип өтөт? (фонема тыбышка кантип айланат жана тыбыш кантип фонемага өтөт?)
— бир тилдеги фонема менен тыбыш эмне үчүн бирдей эмес;
— бир тилдеги тамга мене тыбыш эмне үчүн бири-бирине төп келбейт?
— бир сөздөгү тыбыш менен тамга кантип бири-бирине төп келбейт?
— тилдик терминдин эрежеси эмне үчүн ушундайча аталат жана ал терминге шайкеш келеби? ?
— сүйлөмдөгү ойду билдирүү үчүн тилдик каражаттар (мүчөлөр) кантип бири-бири менен байланышат?
— эреже эмне үчүн керек, ал кантип жана кайдан жаралат?
— эреже кынтыксыз туурабы же шарттуубу?
-бир эле тилдик каражат (сөз же сөз айкашы) кантип бир сөз түркүмүнөн башкага өтүп кетет?
— сөздүн лексикалык мааниси кантип грамматикалык мааниге өтөт?
— сөз кайдан жарала же сөз мааниси кантип жылышат, ж.б.
Б) Кыргыз адабиятынан:
— жазуучунун чыгармачылыгынын же айрым чыгармаларынын анын өмүр жолу менен байланышы барбы?
-жазуучунун чыгармачылыгында кандай өнүгүү этаптарын байкай аласыӊ?
-чыгармадагы каармандын мүнөзү же абалы эмне үчүн ушундайча жана ал эмнеге алып барат?
-жазуучу чыгармасында эмнени айтып жатат жана аны эмне үчүн ушундай айтты?
-каарман кандай каарман жана ал эмне үчүн ушундай, анын пайдасы жана зыяны кандай?
— чыгармачылыгына жараша жазуучуну бир сөз же сүйлөм менен кантип баалоого жана мүнөздөөгө болот?
-ошол чыгармадагы каарман сен болсоӊ, кандай кылат элеӊ же эмне үчүн? ж.б.
Бул деӊгээлдеги баланын билимин баалоодо кандай критерийлерге таянабыз? Атап айтканда:
— проблемалуу жагдай түзө алуу;
— түзүлгөн проблемалуу жагдайды чече алуу;
— проблемалуу милдеттерди коё билүү;
— проблемалуу милдеттерди аткара алуу;
— проблемалуу айтылган ойду далилдей алуу;
— түшүнүктөрдү анализдеп, талдай алуу;
— далилдерди салыштырып иликтей алуу;
— түшүнүктөрдү синтездей алуу;
— түшүнүктү жалпылап, жыйынтыкка келе алуу;
— түшүнүктөрдү классификациялай алуу;
— схема түзө алуу;
— түшүнүктөрдү системалуу түшүндүрө алуу ж.б.
Проблемалык-эвристикалык деңгээлдеги суроо-тапшырмалардын
мүнөзү
Мындай проблемалык-эвристикалык деңгээл-деги суроо-тапшырмалардын мүнөзү – үйрөнгөн көндүмдөргө таянуу менен, өз алдынча жаңылыктарды ачууга багытталган тапшырмаларды аткарып бышыктоо катары каралат. Мында:
— айтылган ойду далилдөө үчүн суроо-тапшыр-малар;
— түшүнүктөрдү анализдөө үчүн суроо-тапшыр-малар;
— проблемаларды чечүү үчүн коюлган суроо-тапшырмалар;
— далилдерди салыштыруу үчүн суроо-тапшырма-лар;
— түшүнүктөрдү синтездөө үчүн суроо-тапшыр-малар;
— түшүнүктү жалпылоо үчүн суроо-тапшырмалар;
— түшүнүктөрдү классификациялоо үчүн суроо-тапшырмалар;
— схема түзүү үчүн суроо-тапшырмалар…
Мында, мугалим өтүлгөн сабакта айтылган ойлорунун себеп—натыйжалаш табиятын ачып түшүндүрөт. Окуучу аларды сынчыл көз карашта кабыл алуу менен проблема коюп чечүүгө үйрөнөт. Мисал келтирели.
Кыргыз тилинен тесттик суроолор:
- Бул стиль — образдуулук, эмоционалдуулук-экспрессивдик касиеттерге ээ. Кеп кайсы стиль тууралуу болуп жатат жана аны эмне менен далилдөөгө болот?
а) публицистикалык стиль, анткени ал аркылуу коомдук маселелер, адам турмушунун проблемалары, кайгы-кубанычы берилет, образдуулук менен далилде-нет;
б) сүйлѳшүү стили, анда адамдын кеби, ал аркылуу адамдын ой-пикири, жан дүйнөсү берилет, ал проблема коюусу менен далилденет;
в) кѳркѳм стиль, анткени ал аркылуу адам турмушу, табият көркөм жана образдуу берилет, ал образ түзүүсү менен далилденет;
г) илимий стиль, анткени анда адам турмушундагы илимий-изилдөөлөр, анын адам турмушундагы ролу ачылып берилет, проблема коюусу менен далилденет.
- Албетте, заттын сын-сыпатын билдирген жакшы жана билимдүү сыяктуу сөздөр лексикалык маанисинде сын атооч сөздөрү болушат, бирок алар сүйлөм ичинде грамматикалык мааниге өтүп кетет. Эмне үчүн ушундай болот жана ал кандай милдетти аткарып калат?
Мисалы: Жакшы бала жакшы окуйт.
а) аныктооч, затты гана аныктады;
б) аныктооч, толуктооч, затты аныктады жана ойду толуктады;
в) аныктооч, бышыктооч, затты аныктады жана кыймыл-аракетти бышыктады;
г) аныктооч, баяндооч, затты аныктады жана кыймыл-аракетти баяндады.
- Биринчи жана экинчи сүйлөмдөгү байлам-таны жана жандооч сөздөрүн тап. Кандай себептен ал сөздөр бири-бирине өтүп кетти? Далилдегиле. Мисалы: Бекташ чарба дүкөнүнөн кайчы жана күрөк сатып келди. Анан кайчы менен дарактарды бутап, күрөк менен дарактын түптөрүн жумшартты.
а) биринчисинде: жана — байламта, сөз менен сөздү байланыштырды, экинчисинде кыймыл-аракет менен байланыштырды.
б); биринчисинде: жана — байламта, анткени ал сөз менен сөздү байланыштырды, экинчисинде, жана — жандооч, кыймыл-аракетти аткаруунун куралы катары келди;
в) биринчисинде: жана — жандооч, экинчисинде –жана байламта, кыймыл-аракетти аткаруунун каражаты болду;
г) биринчисинде да, экинчисинде да жана-байлам-талык милдетти аткарды.
Талдап көрөлү: биринчи тестте: көркөм стилдин табиятына, анын мүнөзүнө жана кепте колдонулушуна, экинчи тестте: сын атооч сөзүнүн кепте бышыктоочко өтүүсүндөгү жана үчүнчү тестте: байламтанын сүйлөм-дүн жандооч мүчөсүнө өтүп кетүүсүндөгү көрүнүштөрдү камтыган проблемалуу көрүнүштөр боюнча проблемалуу жагдайлар чечмеленди. Мындай мүнөздөгү тапшырма-ларды бардык эле окуучулар аткара алышпайт, ал үчүн кептеги сөздүн колдонулушун жакшылап түшүндүрүү, ага машыктыруу менен, биринчи деңгээлдеги тапшыр-маларды туура аткарууга көнүктүрүү керек.
Кыргыз адабиятынан тесттик суроолор:
- Мисалы: Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аӊгемесинде балага апасы Жээнкүл мындай деп айтат: «Тынч отур, тигиногу — сенин атаӊ…!» Апасы уулуна эмне үчүн ушинтип айтты?
а) Элге тынчтык бербей, ээнбаштык кылгандыгы жана кинодогу баатыр солдатты тынч отуруп көрүүсү үчүн;
б) Атасы кинодо баатыр жоокердин ролун аткарып жаткандыгын билсин үчүн;
в) Кинодогу баатырдык менен курман болгон солдатты көрүп, бала атасынын кандай эр жүрөк экендигин элестетсин үчүн;
г) Атасы согушта өлгөндүгүн угузуш үчүн.
Дагы бир тапшырмага көӊүл буралы:
- Ж.Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» аттуу уламышында карыя душмандардан коргонуу үчүн чеп куруп жаткан элге эмне үчүн экинчи жолу келди жана баланы неге куткарып калды?
а) Карыя келбегенде, эл баланы чептин түбүнө көөмп коюшмак;
б) Чепти бийиктетип куруу керек деп айтыш үчүн келди жана баланы куткарып калды;
в) Чептин түбүнө чоӊ баланы көмүш керек деп айтыш үчүн келди жана жаш баланы куткарып калды;
г) Элди чеп эмес, патриот уулдар коргой турганын айтыш үчүн келди.
Бул соӊку эки тестте, биринчисинде Ч.Айтматовдун аӊгемесиндеги балага энеси, албетте, атасы кандай эр жүрөк баатыр адам болгондугун кинодогу эпизод аркылуу билдирип, тааныштырып отурат. Бул окуя бала үчүн чоӊ тарбиялык таасир берди. Экинчи суроодо элди-жерди эмне коргойт, адам бою жетпес, үстүнөн куш учуп өтө албас темир чеп коргойбу же, баатыр, патриот уул-кыздары коргойбу — деген проблемалуу суроолор боюнча балдардын ой жүгүртүүсүн текшерүү жүзөгө ашты десек болот.
Чыгармачыл мамиле деӊгээли— өркүндөө мезгилине дал келет. Мисалы:
4-деңгээл: Чыгармачыл мамиле деңгээли
Окутуунун чыгармачыл мамилесин өнүктүрүүчү бул деңгээл – «чыгармачыл парадигмасына» негизденет. Бул деңгээл кыргыз тилин өздөштүрүүдө өзгөчө зиректигин көргөзгөн, таланттуу, өздүк чыгармачылыгы күчтүү окуучуларды аныктоого жана алар менен иштөөгө багытталат.
Бул чыгармачылык деңгээлдеги суроо-тапшырмалардын мазмуну мындай болуп саналат, т.а. калыптанган көндүмдөргө жана теориялык билимге таянып, эми өз алдынча проблеманы чечүү аркылуу чыгарма-чылык менен изилдөө жүрөт. Окуучунун чыгармачылык менен өздөштүрүүсүнө багыт берет, чыгармачыл ишин уюштурушат жана бир катар критерийлер коюлат.
Мисалы:
- ишмердик мамилесин текшерүү жана баалоо үчүн суроолор жана тапшырмалар менен иштей алуу;
- каармандын андан аркы тагдыры тууралуу ой жүгүртүүсүн билүүчү проблемалык ой жүгүртүү үчүн суроолор жана тапшырмаларды аткара алуу;
- предмет аралык байланышты ишке ашыруу үчүн суроолор жана тапшырмаларга жооп бере алуу;
- чыгармачылык менен иштөө үчүн суроолор жана тапшырмаларды аткара алуу;
- жеке көз карашын билдирүү жана аны далилдөө үчүн суроолор жана тапшырмаларды аткара алуу;
- жеке мамилесин билдирүү жана аны далилдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар менен иштей алуу ж.б.
Бул мезгилде адабият сабагында төмөндөгүдөй иштер аткарылышы мүмкүн жана төмөндөгүдөй критерийлер коюлуусу мүмкүн:
-маалыматты жаӊы идеялар, жаӊы сөздөр, терминдер менен байытуу;
-тексттин стилин оӊдоо, түзөтүү;
-мазмунду жаӊы маалыматтар менен байытуу;
-маалыматты жаӊы ой, идея менен байытуу;
-жаӊы көз карашын билдирүү;
-тексттин композициясын жаӊылоо;
-корутундуларын тактоо, байытуу.
- чыгармага, анын каарманына жеке пикирин, сын көз карашын билдирүү, пикир жазуу;
- чыгарманын эпизоддору боюнча элестетип, өз алдынча иллюстрация тартуу;
- каармандары элестетип портреттерин тартуу;
- чыгарманын окуясын логикалык жактан улантып, өз алдынча улама дил баян жазуу;
- чыгарманын сюжети, идеялык мазмунун жана анын авторунун жалпы чыгармачылыгы тууралуу тесттик тапшырмаларды түзүү;
- чыгарманын авторунун башка чыгармаларын иликтөө жана окуп-үйрөнгөн башка чыгарма менен салыштыруу;
- чыгарма боюнча талкуунун суроолорун түзүп, класста талкуу уюштуруу;
- чыгарма боюнча диспут уюштуруу;
- чыгарманын мазмуну, сюжети боюнча виктори-нанын суроолорун түзүү жана аны класста өткөрүү;
- чыгарма боюнча конференция өткөрүү;
— чыгарманын автору жана чыгарма тууралуу дол-боор түзүү;
— чыгарманын автору менен жолугушуу уюштуруу;
— чыгарманын авторунун сабагын уюштуруу;
— чыгарманын эпизоду боюнча ролдорду аткарып, сценка көрсөтүү;
— чыгармага баа берип, ал тууралуу пикир, рецензия жазуу;
— чыгарманын сюжетин поэмага айлантуу;
— чыгарма тууралуу чакан дил баян жазуу;
— чыгарманын тилин изилдөө;
— чыгарманын сюжети, мазмуну тууралуу кластер, синквейн, таяныч чиймелерди түзүү;
— чыгарма боюнча реферат жазуу;
— чыгармага аннотация жазуу;
— чыгармага жараша музыкалуу кече уюштуруу.
Албетте, бул айтылган ойлордун, иш-аракеттердин бүткүл жыйынтыгы – сабакта окуучунун жетишкендиктерин объективдүү баалоого алып барат.
Чыгармачылык деӊгээлдин мисалдары
Чыгармачылык деӊгээлдге кыргыз тили сабагынан мисал келтирели.
Изилдөө: «Алты бакан» сөзүнүн мааниси.
Алты бакан деген сөз кайдан келди экен? Албетте, биз бул сөздү айтканда анын селкинчек экенин түшүнөбүз. Ошентсе да анын «алты бакан» деп аталып калышынын себеби бар болуу керек да, чынбы?
Бул үчүн сөздүн маанисин изилдеп үйрөтүүчү этимологиялык сөздүктү пайдаланып, жогорудагы сөздүн маанисин чечмелеп үйрөнүүгө окуучуларды көнүктү-рөбүз.
Илгертен ата-бабаларыбыз майрамдарында, тойлорунда кыздар менен жигиттердин селкинчек оюнун курушчу. Оюнда жерге эки түркүк орнотуп, алардын баштарын бириктирген узун жыгачты байлап, ага селкинчек жасашчу. Балдар-кыздар селкинчек тепкенде тияк-биякка термелип жыгылып кетпесин үчүн, эки башынын эки жагынан дагы да экиден баканды тиреп бекем бекитишчү экен. Мына эки жагынан үчтөн алты бакандан салынган селкинчек алты бакан болуп калбай эмне болмок?
2-мисал: «Кош келиӊиздер!» сөзүн ким кандай түшүнөт.
Дайыма биз мейман тоскондо: «Жакшы келдиңиз-дерби?» же «Кош келиңиздер!» – деп тосуп алабыз. Анын үстүнө, мектептерде же бала бакчалардын эшик алдында да бардык жерде: «Кош келиңиздер!», кээде «Куш келиңиздер!» деп жазылып турат. Албетте, ал экөө тең «Жакшы келиңиздер!» деген маанини туюнтат.
Сөздүктү пайдалануу менен мындагы «куш» деген иран сөзү «жакшы» дегенди билдирерин табабыз. Ушул сөздөн улам: «кушубак кечиңиздер менен!», «көңүлү куш», же «куш кабар» деген сөздөр жаралган. Алар «көңүлдүү кечиңиздер менен!», «көңүлү ачык» жана «жакшы кабар» деген маанини билдирерин аныктайбыз.
Бешинчиден, жаратмандык деӊгээлине- өрлөө мезгили дал келет. Демек, мугалим бул деӊгээл менен “5Ө” моделин өз ара логикалуу, жандуу байланышта сезип колдонуусу жакшы натыйжа берери шексиз.
5-деӊгээл: Жаратмандык деӊгээл
Жаратмандык деген эмне? Жаратмандык –жаӊы муундун жаратмандыгы, бул 2010-жылдан берки, бүгүнкү күндөгү 2025-жылдын жаштарынын сапаттык белгиси.(Альфа мууну) Бул-глобалдашуу мезгилинде илим менен техниканын, жаӊы технологиялардын өнүгүшү жана аны үйрөнүп, жашоосунда колдонуп жашап жаткан жаштардын мууну. Тактап айтканда, ЖИни үйрөнүүнүн, аны жашоосуна киргизүүнүн жолун издөө, ал үчүн жеке интеллектин өнүктүрүү. Анын мүнөздүү белгиси – тарыхый шартты, улууларча эмес, жаӊыча түшүнүү, шартка жараша жашоо эмес, өз көз карашына жана мезгилине жараша жашоо, аны өз көз карашына ылайыктап жаӊыча жашоо…
Бул иш-аракеттер баланы өнүктүрүү аркылуу ишке ашат, тактап айтканда, ал учурда “билим-өнүктүрүүчү” күчкө ээ болот. Мисалы:
-ой жүгүртүү ишмердигин өнүктүрүү,
-акыл ишмердигин өнүктүрүү,
-окуу ишмердигин өнүктүрүү.
-окурмандык ишмердигин өнүктүрүү,
-кеп ишемердигин өнүктүрүү,
-чыгармачылык ишмердигин өнүктүрүү,
-оюн ишмердигин өнүктүрүү,
-жазуу ишмердигин өнүктүрүү,
-көз карашын өнүктүрүү,
— натыйжада: баланын жаратмандыгын, өз алдынча ойлоп табуу сезимин өнүктүрүү ж.б.
Эми ушул жылдардан тартып дүйнөгө “бета” муну келет деген божомолдоолор бар. Ал муундун өзгөчөлүгү- жаӊы муун улууларды көп нерсеге үйрөтүүгө жөндөмдүү келери айтылат, т.а. дүйнөдө толеранттуу жашоого, ачыктыкты, жаӊыны тез кабыл алуу… Ушундан улам, “бета” мууну- жашоосун толук автоматташтыруу, ЖИни турмушунда толук колдонуу, аны менен ойлонуусун, жашоосун толук өзгөртүү…
Бул- сөзсүз жаӊы муун өз жашоосуна жаӊыча, жаратмандык менен жаӊыча мамиле кылууга алып барат.
Ушундай шартта коомдо улуу муундун ролу өсөт, анткени улуу муундун турмуш тажрыйбасы коомдук мамилелерди жөнгө салуу, жеке мамилелерин уюштуруу, ж.б. боюнча жаш муунга кеӊеш берип, жаӊы шартта кантип жашоого жол көрсөтөт. А жаш муун өзүнүн жаӊы нерсесин жасоого умтулуу, аны жасоо, турмушунда аны дадилдөө, жаӊылыгы менен коомго өзүн көрсөтүү, жаӊылыгы менен коомго таасир этүү, өзүнүн жаӊыча оюн дадилдөө, жаӊылыгы менен кайра коомго, элге таасир берүү…ж.б. ишке ашуусу мүмкүн.
Мындай коомдук шарттан мектеп артта калбашы керек, жаӊыга умтулган замандан бала артта калбашы үчүн мектепте билим берүүнү ошого жараша уюштуруу, окуу концепцияларын, стандарттарын, программаларын ошондой багытта жазып, окуу китептерине киргизип, методикалык көрсөтмөлөрдү жаӊы жазуу керек. Сабактын максаттарын да –“альфа” жана “бета” муунунун талаптарына жараша коюп, алардын талаптарын эске алуу менен окутуу зарыл. Ошондо окуучулар ЖИни колдонуу менен, өзүнүн жаратмандыгы аркылуу түрдүү жаӊы нерселерди жасоого багыт алат.
Айталы:
1) кыргыз тили жана адабияты сабагында жаӊы эмне жарата алат?
Мисалы:-автордук эссе жаратат;
-автордук ыр жазат;
-автордук аӊгеме жазат;
-автордук тамсил жазат;
-автордук жомок жазат…
-автордук этюд жазат…
2) Музыка сабагында эмне кыла алат:
-автордук обон жаратат.
3) Сүрөт сабагында:
-автордук картина жаратат;
4) Окуучу башка сабактардан өз алдыларында ачылыштарды жасайт, ойлоп табуулар болот…ж.б.
Албетте, жогоруда айтылгандай, окуучулар сабактарда ЖИни активдүү колдонуучулардан болушат да, бардык араткеттерин ЖИ менен ишке ашырууга өтөт. Мындай шартта дагы да улуу мундун өкүлдөрү жаш муунга өзүнүн акыл-кеӊешин айтып, окуучулар жалаӊ ЖИ (жасалма интеллект) менен иштебестен, өз акылы менен иштөөгө, акылын өстүрүүгө, акыл ишмердигине ээ болууга үндөп, анын үлгүсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
Деңгээлдик билим берүүгө окуучуларды машыктырууда сабактын типтерин колдонуу
Мына ушундай натыйжалуу иштер аркылуу жаратмандык бийиктикке жетүү үчүн мугалим өз ишине чыгармачылык менен мамиле жасап, окутуу практикасында 1-класстардан тартып, төмөндөгүдөй системалуу иш-аракеттерди жасашы шарт:
1)Сабактын түрдүү типтерин колдонуу (жаӊы билим берүүчү сабак, бышыктоочу сабак, текшерүүчү сабак, кайталоочу сабак, жалпылоочу сабак);
2)Сабактын түрдүү формаларын пайдалануу (оюн сабагы, мелдеш сабагы, сахна сабак, жомок сабагы, викторина сабагы, саякат сабагы, окуучу сабак өтөт, жеке иштөө, топто иштөө, жупта иштөө… ж.б.);
3)Сабактын түрдүү методдоруна таянуу (айтып берүү, аӊгемелешүү, проблемалуу маектешүү, изилдөөчү, талкуу, тестирлөө, окуучунун өз алдынча ишин уюштуруу, көрсөтмөлүүлүк ж.б.);
4)Сабактагы түрдүү ыкмаларды жетекчиликке алуу (демилге ыкмасы, ролдук ыкма, текшерүүсүз текшерүү ыкмасы, кайталоосуз кайталоо ыкмасы, тапшырмасыз тапшырма, тапшырма-жаза, тапшырмасыз сыйлык, «оодарылган» сабак ж.б. ) ;
5)Түрдүү окуу каражаттарын пайдалануу (китеп, сүрөт, видео, окуучунун өз чыгармасы, окуучу өзү тандаган текст, дидактикалык материал, жасалма интеллект ж.б.);
6)Түрдүү баалоо жолдорун практикалоо (бирин-бири баалоо, өзүн өзү баалоо, баа-сыйлык, баа- жаза, баа коюусуз баалоо ж.б.)
Демек, бүгүнкү мугалим окуу процессин ишмердикке негизденүү менен деӊгээлдик билим берүү технологиясы жана “5Ө” моделине таянып уюштуруу аркылуу жакшы натыйжага жетүүнү жана билимди туура баалоону ишке ашырат деген ойдобуз.
Сулайман РЫСБАЕВ, профессор
Комментарийлер