2025-ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ТАТААЛ, БИРОК МААНИЛҮҮ РЕФОРМА

  • 10.02.2026
  • 0

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Агартуу министрлиги мыкты деген баага татыктуу болду. Коомдук ишеним индекси 48,7% түзгөн, бул 2024-жылдын аягына салыштырмалуу 11,4% жогору. 2024-2028-жылдарга карата “Алтын Казык” билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында, 12 жылдык мектептик билим берүү системасы этап-этабы менен ишке ашыруу башталды. Учурда Агартуу министрлиги тарабынан Иш-аракеттер планында белгиленген чаралардын 79% ийгиликтүү ишке ашырылып,  12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн биринчи этабы жүрүп жатат. Жыйынтыктоо коллегиянын отчету башка жылдардан айырмаланып даректүү тасма форматында берилди.

2025-ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ТАТААЛ, БИРОК МААНИЛҮҮ РЕФОРМА

Э.Байсалов: “Эч кимди күтпөй, секирик жасоо керек”

Коллегияга катышкан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө, мамлекет башчы  С.Жапаровдун сунушу менен мектептик билим берүү системасында эң оор, эң татаал, бирок эң маанилүү реформа жүрүп жатканына токтолду. Ал мектептик билим берүү реформасы кыйын жолго аттанып, 12 жылдыкка өткөнүн жана агартуу министри Догдуркүл Шаршеевна башында турган командасы менен кыйынчылыкка моюн бербей алдыга бараткандарына Президенттин, Өкмөттүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

2025-ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ТАТААЛ, БИРОК МААНИЛҮҮ РЕФОРМА

— Ар дайым жаңы идеялар, жаңы үмүттөр болгон. Ошондуктан реформа зарыл, бизге косметикалык реформа керек эмес. Биздин жашообуз толук өзгөрдү. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрү да эмне кылаарды билбей турушат. Бирок биз эч кимди күтпөй, секирик жасашыбыз керек. Анткени учурда коркунучтуу жарыш, атаандаштык, ресурстар үчүн күрөш жүрүп жатат. “Алтын Казык” трансформация программасы – өлкөнүн экономикасынан баштап билим берүү системасына чейин камтылган. Мамлекетте болуп жаткан бардык иштер Кыргызстан үчүн жасалууда. Эң маанилүүсү азыр мектепте болуп жатат. Анткени мектепте — биздин келечек, балдарыбыз. Ошондуктан, кымбаттуу мугалимдер, бул өтө маанилүү реформа. Татаал жолго чыктык, жоопкерчилигин алдык. Биз күтпөйбүз, аттанабыз дедик, ал үчүн дагы чоң эрдик керек болду.

Бир кылым мурдагы билим берүү тармагында сабатсыздыкты жоюудагы  Касым, Төрөкул, Ишенаалы, Жусуп аталарыбыздын иши кандай мааниге ээ болсо, азыркы Догдуркүлдөр, Токтобүбүлөрдүн иши ошончо эле мааниге ээ. 1-6-класстын окуучулары өздөрү жашаган микроучастоктогу мектептерге барышы керек. Бизге жүктөлгөн жүк өтө татаал, ошол эле кезде ардактуу. Учурда жасалып жаткан иш-аракеттер —  чоң тарых. Заман өзгөрүп жатат. Бардыгына даяр бололу! Жол өтө оор, кыйын, бирок максатыбыз – “Алтын Казык” көрсөткөн жол менен алдыга чыгуу. Күнү-түнү  ошол жол менен басышыбыз керек. Жашасын Кыргызстандын мугалимдери! – деп өз сөзүн жыйынтыктады.

Мектептик билим берүү

Быйылкы окуу жылында  КР Министрлер Кабинетинин  токтому менен 12 жылдык форматты камтыган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди. Алсак,  2025/2026-окуу жылынын башына карата ар бир сабак боюнча (1-6 жана 7-12-класстар үчүн) предметтик стандарттар жана окуу программалары иштелип чыгып, бекитилген. Ошондой эле жалпысынан 856 548 703 сомго 4 084 870 ОМК басылып чыгарылды. Мындан тышкары, жогоруда айтылган окуу жана методикалык комплекттердин 580 комплекти Брайль шрифти менен 7 320 000 сомго басылып чыгарылууда.

2025-ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ТАТААЛ, БИРОК МААНИЛҮҮ РЕФОРМА

КР Министрлер Кабинетинин  тескемеси менен 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнгөн 744 миллион сомдон тышкары, кошумча 112 миллион сом бөлүндү. Мындан тышкары, КР Агартуу министрлиги, Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги, «Просвещение» ААК жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин ортосундагы Меморандумдун алкагында 1-2-, 5- жана 7-класстар үчүн «Орус тили жана окуу», «Орус тили», «Орус адабияты» жана «Орус жана дүйнөлүк адабият» сабактары боюнча окуу-методикалык комплекстер Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында колдонуу үчүн ылайыкташтырылып, экспертизадан өткөрүлүп мектептерге жеткирилген. Ошондой эле  STEM мугалимдери үчүн жаңы билим берүү стандарттарын жана окуу-методикалык комплекттерди окуу процессинде колдонуу боюнча окуу модулу жана жумушчу дептерлер; мугалимдерди жаңы стандарттарды жана окуу-методикалык комплекттерди колдонуу боюнча окутуу боюнча тренерлер үчүн колдонмо иштелип чыккан.

Квалификацияны жогорулатуу

Жаңы Мамлекеттик стандарттын, предметтик стандарттардын жана окуу пландарынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун 88 программасы жаңыртылды. Алсак, 5-6- жана 7-8-класстарда интеграцияланган «Табигый илимдер» курсун окутуу үчүн илим мугалимдери үчүн 72 жана 100 сааттык офлайн кесиптик өнүгүү курстары, ошондой эле алты жаштагы балдардын физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен 72 сааттык курс иштелип чыкты.

Ар кандай мөөнөттөгү иштелип чыккан  курстарга көз чаптырып көрөлү: 72 сааттык курстар — 105; 100 сааттык курстар — 5; 144 сааттык курстар — 3; 300 сааттык курстар — 2. Республика боюнча угуучулардын саны жыл сайын өсүп жатат: 2018-жылы 11 139 мугалим, 2019-жылы 12 255 мугалим, 2024-жылы 56 445 мугалим, 2025-жылы 41 081 мугалим окутулган.

Инклюзивдик билим берүү

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты бардык окуучулардын билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга багытталган инклюзивдүү билим берүүнү карайт.  Министрлер Кабинетинин токтому менен үйдө узак мөөнөттүү дарыланып жаткан же стационардык саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелеринде жашаган балдар үчүн жекече билим берүүнү уюштуруу Тартиби бекитилген. Бул Тартип узак мөөнөттүү дарыланып жаткан же стационардык мекемелерде жашаган балдардын билим алуу укугун камсыз кылат.

Жылдын мыкты мугалими

КР Президентинин  Жарлыгына ылайык, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн улуттук «Жылдын мыкты мугалими» сынагы өткөрүлдү. Республиканын бардык аймактарынан келген 111 катышуучу 18 номинация боюнча күч сынашты. Жеңүүчү бир бөлмөлүү батирге сертификат алды, ал эми калган номинациялар боюнча биринчи орунду ээлеген 10 мугалим КР Президенттик Фондунан ар бири 500 000 сомдон акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Эл аралык аренада Кыргызстанды тааныткан интеллектуалдар

2025-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин Кыргыз Республикасы PISA-2025 эл аралык окуучуларды баалоо программасынын алкагында негизги изилдөө жүргүздү. Негизги изилдөөгө 196 жалпы билим берүү уюмунан 6911 окуучу катышты.

2025-жылы Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 29-Балкан жаштар математикалык олимпиадасында Кыргызстандын окуучулары тарыхта биринчи жолу 24 өлкөнүн ичинен 1 алтын жана 2 коло медалга ээ болушту. Австралиянын Саншайн-Кост шаарында өткөн 110 өлкөдөн 630 окуучу катышкан Эл аралык математикалык олимпиадада Кыргызстандын окуучулары 2 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту. Пекинде (Кытай) 33 өлкөдөн келген 206 катышуучунун арасында – 1 күмүш жана 2 коло медаль; Парижде (Франция) өткөн Эл аралык физика олимпиадасында 94 өлкөдөн келген 400дөн ашык катышуучунун арасында – 2 коло медаль; Бириккен Араб Эмираттарында өткөн 57-Эл аралык химия олимпиадасында 90 өлкөдөн келген 360 катышуучунун арасында – 2 коло медаль; Кесондо (Филиппиндер) өткөн XXXVI Эл аралык биология олимпиадасында – 2 коло медаль; Сукреде (Боливия) өткөн информатика боюнча XXXVII Эл аралык олимпиадада 84 өлкөдөн келген 330 катышуучунун арасында – 2 коло медаль; Бонндо (Германия) өткөн информатика боюнча Европа олимпиадасында 60тан ашык өлкөнүн арасында – 1 коло медалга татыктуу болушту.

Билим берүүнү санариптештирүү

Санариптик билим берүү платформаларынын экосистемасы түзүлдү: “Билим” бирдиктүү кирүү порталы бардык негизги билим берүү кызматтарына мүмкүнчүлүк берет — bilim.gov.kg;  “Балалык” мектепке чейинки билим берүүнү башкаруу системасы — balalyk.edu.gov.kg; Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги — мектепке чейинки, жалпы жана башталгыч кесиптик билим берүүчү мекемелердеги окуучулардын бирдиктүү санариптик реестри. Интеграция «Балалык» автоматташтырылган маалымат системасы жана «Күндөлүк» маалымат базасынын электрондук күндөлүгүнүн негизинде жүргүзүлөт; Биринчи класска арыз кабыл алуу үчүн «Мектеп» платформасы — 1mektep.edu.gov.kg; «Күндөлүк» мектептик билим берүү процессин башкаруу системасы — kundoluk.edu.gov.kg; «Аттестат» аттестаттарынын жана дипломдорунун реестри — attestat.edu.gov.kg; Мектептердин жана алардын инфраструктурасынын абалын көзөмөлдөө үчүн «Мектеп инфраструктурасы» автоматташтырылган маалымат системасы «Күндөлүк» системасы менен интеграцияланды; «Күндөлүк» автоматташтырылган маалымат системасына интеграцияланган мектептик тамак-аш модулу; Педагогикалык кадрлардын улуттук резерви “Мугалим” маалымат системасы — mugalim.edu.gov.kg; Билим берүү мекемелеринин директорлорун тандоо модулу ишке ашырылды; «Бош орундар» модулу ишке ашырылды; STEM сабактары боюнча санариптик билим берүү платформасы – stem.edu.gov.kg;  Окуу китептеринин электрондук версиялары үчүн «Окуу китеби» онлайн платформасы – мектептерде кагаз китептерди жеткирүү убактысына карабастан окуу процессин камсыздайт – kitep.edu.kg. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн «Тунгуч» онлайн мектеп платформасы ишке кирди – tunguch.kg; «Санариптик диктант» (Акыл Тест) автоматташтырылган маалымат системасы тесттик режимде иштелип чыкты (dictant.edu.gov.kg); АСУЛА маалыматтык системанын алкаганыда ишкке ашырылган жеке менчик мектептерди лицензиялоо модулу https://license.edu.gov.kg/ жана «Аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жана мониторинг жүргүзүү» модулу — https://dev8.edu.gov.kg/; Arduino программалоонун ачык платформасын пайдаланууга негизделген окутуу программасы иштелип чыкты жана аны «Алтын Түйүндүн» базасында апробациялоо жүргүзүлдү (окуучуларда программалануучу электрондук түзүлүштөр менен иштөөнүн базалык көндүмдөрүн калыптандыруу, техникалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, ошондой эле робототехникага жана заманбап технологияларга кызыгууну арттыруу). Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн ustat.edu.gov.kg электрондук окутуу платформасы; Кайра даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча «Кесип» билим берүү платформасы — kesip.edu.gov.kg.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 98,6% интернетке туташкан. Алардын ичинен 2128 мектеп DCASA-KR долбоору аркылуу туташкан, ал эми 24 мектеп КР Агартуу министрлиги аркылуу каржыланат.

Курулуш

2025-жылдагы республикалык бюджеттин алкагында КР Агартуу министрлиги курулуш планына «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча билим берүү мекемелерин кошууну сунуштаган. Натыйжада, 947 билим берүү мекемесинин тизмеси даярдалып, КР Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба министрлигине жиберилген.

Сунуштардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтыган: 135 артыкчылыктуу объектилер; 380 объект (жаңы мектептер, кошумча имараттар, спорт залдар); 432 бала бакча. 515 мектептин 152сине кошумча имараттар куруу сунушталган.

2025-жылдын аягына чейин республикалык бюджеттин каржылоосу менен 163 билим берүү объектиси бүткөрүлдү, анын ичинде:  76 мектеп жана 41 бала бакчанын курулушу; 41 мектеп жана 5 бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөө иштери.  Мындан тышкары, 16 мектеп жана 13 бала бакчанын курулушу (жалпысынан 29 объект) ар кандай булактардан (өнүктүрүү фонддору, жергиликтүү бюджеттер, демөөрчүлүк каражаттары ж.б.) каржыланган. Республика боюнча жалпысынан 192 билим берүү мекемеси курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы орус тилинде окутуу менен биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу максатында, жер участоктору боюнча бардык документтер толтурулуп, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна (ЕТӨФ) өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, Бишкек, Каракол жана Баткен шаарларында да даярдык жана курулуш иштери башталды жана жүрүп жатат.

Мектептердин материалдык-техникалык инфраструктурасы

120 мектепке 357 класстык комплект сатып алуу үчүн 57 828 714 сомдук келишим түзүлдү, алар райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн суроо-талаптарына ылайык жана капиталдык оңдоодон өткөн жана эмеректерге өтө муктаж болгон мектептердин муктаждыктарын эске алуу менен бөлүштүрүлдү.

23 инновациялык мектеп жана Кыргыз билим берүү академиясы үчүн инфраструктураны модернизациялоо чаралары ишке ашырылды: имараттарды текшерүү жүргүзүлдү, кемчиликтер боюнча отчеттор даярдалды, техникалык мүнөздөмөлөр жаңыртылды жана долбоордук-сметалык документтер иштелип чыкты.

2025-ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ТАТААЛ, БИРОК МААНИЛҮҮ РЕФОРМА

220 кластердик мектепке лабораториялык жана МКТ жабдууларын жеткирүү боюнча жеткирүүчүлөр менен келишимдер түзүлдү. Ал эми  2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтондо (АКШ) Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда “Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдүү билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө жетүүнү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча биргелешкен “Ислам өнүктүрүү банкы/Ислам тилектештик жана өнүгүү фонду/Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүк Smart-Ed долбоору” боюнча макулдашууларга кол коюлду жана ал Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланды.

2025-жылдын 14-октябрында Вашингтондо (АКШ) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 4 360 000 (төрт миллион үч жүз алтымыш миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоо («Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууларга жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2 000 000 (эки миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык техникалык жардам («Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо) жөнүндө келишим каттарына кол коюлду. Ошондой эле 2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «2025-2030-жылдарга көп секторлуу ишмердүүлүктү колдоо фонду» программасын каржылоо келишиминин алкагында каржыланган «Мектепти жана башталгыч кесиптик билим берүүнү трансформациялоо программасын даярдоо долбоору» боюнча субгранттык макулдашууларга кол коюлду.

Маалымат үчүн билим берүү боюнча негизги статистикалык көрсөткүчтөр:

Мектептик билим берүү менен камтуу 2394 мектепте (1-класстан 11-класска чейин) 1 536 633 окуучуну түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 45,8 миң балага жана 17 мектепке көп.

Мектептен тышкаркы билим берүү деңгээлинде:

КР Агартуу министрлигинин карамагындагы 76 мамлекеттик кошумча билим берүү уюмдарында окуган балдардын саны 78843 адамды түзөт.

2026-2027-окуу жылына карата пландар:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын индикаторлоруна ылайык, мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 55-60% чейин кеңейтүү.

— Мектептик билим берүү системасын 12 жылдык окутуунун форматына этап-этабы менен трансформациялоо.

— Мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыздоо, квалификациялуу кадрларды тартуу, мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо, санариптик платформаларды өнүктүрүү.

— Иштин сапатын, натыйжалуулугун жана статусун жогорулатууга басым жасоо менен республикалык жана аймактык деңгээлдерде педагогдорго методикалык колдоо көрсөтүү системасын трансформациялоо.

— Жумушчу кесиптерди алуунун инновациялык ыкмаларын, жумушчу кесиптерге окутуунун маалыматтык системасын, ошондой эле кесиптик лицейлердин базасында дуалдык окутууну өнүктүрүү.

— Вертикалдык жана горизонталдык байланыштарды өнүктүрүү – «Кесиптик лицей — Колледж — ЖОЖ».

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер