АЙТИ АГАЙ ЖАНА “СМУГЛЯНКА”

  • 11.12.2025
  • 0

Айти агай биз жетинчиде окуп жатканда мектебибизге мугалим болуп келди. Кең далылуу, сакадай бойлуу бул инсанды алгач көргөндө өмүрүмдөгү олуттуу бурулушка себеп болот деп түк ойлобоптурмун.

АЙТИ АГАЙ ЖАНА “СМУГЛЯНКА”

Ал бизге орус тили жана адабиятынан сабакка кирди. Чү дегенде эле жанардай албырттаган энергиясы, сабакты абдан берилип өткөнү жана тамашакөй пейли менен арбап алган. Кызыкпаган сабагың зеригиштүү өтөт эмеспи. Ал эми Айти агайдын сабагы бүтпөсө экен деп тилейт элем. Анын класстагы 45 мүнөтү — төрт мүнөттөй бат өтчү. Ошол аралыкта теманы түшүндүрүп, үй тапшырмаларын сурап гана чектелбестен, баа жеткис акыл-насааттарын айтып, келечекке туура багыт берип, дымак-демди ойготкон шыктандыруучу сөздөрүн, азил-тамашасын айтып үлгүрчү.

***

— Суроо бергенди үйрөнгүлө, — дечү ал. — Суроодон суроо чыгарып кете бериш керек. Мисалы, “Пушкин “Капитан кызы” повестин ким тууралуу жазган?”, — десем, “Орусияда чоң көтөрүлүштүн башында турган Емельян Пугачев жөнүндө”,- деп айтасыңар. Ушундан суроо чыгаралы: “Анда эмне үчүн чыгарма “Капитан кызы” деп аталат?”. Ар бириңдин өз-өзүнчө жообуң бар. Алардан да суроолор чыгат. Аягында издеген жообуңду табасың.

— Ушундай изденип билим алгыла — бешенеңерден “чып-чып” этип тер тамчылагандай болсун. Тынбай окуш керек! — деп кайра-кайра кайталачу.

Ошондон улам билимге дагы да дитимди койдум. Мурда орусча окуу китебиндеги чыгармалардын үзүндүлөрүн окуп чектелсем, эми толук чыгарманы окуп чыгууга бел байлап, Лев Толстойдун “Хаджимурат” деген повестин барактай баштагам.

***

Айти агайдын сабагын болуп көрбөгөндөй кызыгуу менен окуй баштадым. Аракетимди байкагандыктан, орус тили боюнча райондук кароо-сынакка катышчу курама топко мени да кошуп, даярдай баштады. Ал жерде орус тилинде ырлар айтылып, обондор созулуп, интермедиялар аткарылмак.

— “Смуглянканы” билесиңби? — деп сурады агай менден.

— Жок билбейм, — деп жооп бердим. Ал “В бой идут одни “старики” деген согуш темасындагы атактуу советтик тасманы көркүно чыгарган даңазалуу обондуу ыр экенин кийин билдим.

— Анда муну жаттап кел, — деп текстин колу менен жазып берген.

Кийин өзү гитара ойноп коштоп, бул ырды мага ырдатты.

“Раскудрявый клен зеленый, лист резной

Я влюбленный и смущенный пред тобой”,

— деп аркамдан жигиттердин хору коштоп созолонтуп жатсам, Айти агай:

— Жылмайып, көзүңдү жайнатып ырдашың керек. Ыр — молдован кызына карата жоокердин сүйүүсү жөнүндө. Сулуу кызды берилип сүйүп калгандай образга кирүүгө аракеттен, — деп режиссердук кеңештерин берген.

Таза сүйүүнүн даамынан бир аз кабарым бар куракта элем. Образга кире алгам жана аным үчүн калыстардын мыкты баасына арзыгам.

***

Айти ага шахмат боюнча кружок ачкан. Кечиндеси шыктуу балдарды үйүнө жыйнап машыктырчу, окутчу. Арасында Аширали менен Эльмира классташтарым бар эле. Жыйынтыгында биздин мектеп шахмат жагынан райондогу мыкты дегендердин катарына кошулган.

— Окугула. Орусча аңгеме-жомокторду кыргызчага которуп жазгыла, — деген бир жолу, — Бирок, мунун бир коркунучтуу жагы бар.

— Ал кандай коркунуч? — деп сурагам.

— Жазуучу болуп кетишиң мүмкүн.

“Коркунучтуу” дегенди азил иретинде айтканын түшүнүп, күлүп жибергем. Оо, анда жазуучулук деген кол жеткис кенч сыяктуу туюлчу. Айтматов, Сыдыкбеков, Касымбеков, Токомбаев, Осмонов сыяктуу залкарлар — кыргыз коомчулугун жаркын келечекке багыттаган чолпон жылдыздардын сыңары эле.

Арадан 35 жыл өттү. Кудайга шүгүр, бир нече китептерибиз жарык көрдү. Жыйындарда кээде мени жазуучу жана акын катары тааныштырып калышат.

***

Окууну аяктап шаарга кеттим. Ошондон көп өтпөй, Айти агай мектептен чыгып, Орусияга иштегени жол алыптыр. “Абдан мыкты мугалимди соодага чыгууга мажбурлаган куу турмуш ай”, — деп кейигенден башка не чара? Ал жактан буту ооруп келип, операция болуптур. Туура эмес даарылоонун кесепетинен басуудан калганын кайгырып уккам. Телефон аркылуу баарлашып турчумун. Жакында дарегин таап, кабар алдым. Буту баспай калганы эле болбосо, дале демдүү, дымактуу, жигердүү. Жүзүндө нур жана жылмаюу. Эркиңизге жана кайратыңызга береке, ардактуу агайым. Эки сааттай баарлашып, дагы далай сабактарды алдым.

“Акылы, деңгээли, аң-сезими төмөн адамдын байыганы өтө коркунучтуу”, “Мурдагы кулдар — чынжырга байлануу эле. Азыркылар — галстукчан. Экөөнүн окшоштугу — кара курсак үчүн жашаганында”, “Жипте” бараткан адам, “Тикодогуну” сыйлабайт. Балким, тикону айдаган — аксакал кишидир”, “Жаныңда жакшы аялың, тарбиялуу балдарың, күйүмдүү тууганың болсо — өлүмдөн коркпойсуң”, “Салт — мамиле, той- сый, баарлашуу”, “Адамдар эркин дейбиз. Бирок, бай эркин адам, жакыр эркин адамды кул кылып алды”, “Тарбия — көргөн менен укканың”, — деген сөздөрүн таасирленип уктум.

Айти агай, менин аң-сезимимде улуу бурулуш жасаган адамсыз. Сиздин сабагыңыз али бүтө элек…

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, ФБ баракчасынани алынды

10-декабрь, 2025-жыл

Бөлүшүү

Комментарийлер