12 ЖЫЛДЫКТЫН АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧТАРЫ ЖЕ АДЕМИ ЧЕЙРЕКТИ КАНДАЙ АЯКТАДЫ
- 23.12.2025
- 0
Мектеп окуучуларынын экинчи чейреги жыйынтыкталып, көптөн күткөн кышкы каникулу да минтип босогого келип калды. Адеми үчүн быйылкы жыл өзгөчө жыл болду, ал өзү курактуу курдаштары менен бирге мектептин босогосун биринчи жолу аттады. Ал борбор шаарыбыздагы бала бакчалардын биринде “Наристе” программасынын алкагында даярдыктан өткөндүктөн, 2-класстын окуу программасын жеңил өздөштүрүүдө.

Ата-энеси кызыбыз кыргыз тилин жакшы билсин деген изги тилеги менен атайын кыргыз тилдүү бала бакчага берген эле. Тун небересин мектепке ташуунун милдети жүктөлгөн таятасы кыргызчаны так сүйлөгөн Адеми үчүн эми башка тилдерди өздөштүрүү кызык болуп жатат дейт жылмайып.
— Калп айткан менен болобу, балдарыбызды орусча жакшы билсин, эл аралык деңгээлге чыксын деген ой менен баарыбыз эле орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге окутканга аракеттенчүбүз. Бир чети биздин балдарыбыздын бала бакча, мектепке бара турган курагында Бишкекте кыргыз тилдүү бала бакча тургай, мектептер саналуу эле болчу, ал эми кыргыз тилде окуткан класстар дээрлик жок болчу. Биз балдарыбызды жолдун алыстыгына карабай, кыргыз мектепке жөө жалаңдап ташып окутканбыз. Себеби орусча окуган балдар орусча ой жүгүртүп, кыргыз менталитетинен алыс болуп калат экен, муну ачык айтышпаса да, баары эле жакшы билет. Анан минтип неберелүү болгон кезде, кудай жалгап, кыргыз тилдүү мектептер, бала бакчалар ачылып, жыргап эле калдык. “Мектеп тандабай, мугалим танда” деген кеп-кеңештерди угуп, неберебиз Адемини өзүбүз жактагы эле катардагы мектепке бергенбиз, бирок мугалим тандоого жетишпей калдык, анткени быйыл мектепке кабыл алууга өзгөрүүлөр киргендигине байланыштуу класстар көбөйдү. Мына, экинчи чейректи аяктап жатабыз, неберебиздин класс жетекчиси жаш адис экен, байкап көрсөк, дилгир, тырышчаак, өз кесибин сүйгөн кыз экен, Малика эжейибизге ыраазыбыз, — дейт Авас мырза.

Адеминин класс жетекчиси Талант кызы Малика эмгек жолун жаңы баштаган жаш адистердин бири. Ал И.Арабаев атындагы КМУнун башталгыч класстарга билим берүү факультетин аяктаган.
— Быйыл жаңы ушул мектепке иштегени келдим. Азыркы учурда менин классымда 43 окуучу окуйт. Балдар менен иштеген мага аябай кызыктуу, классымдагы бардык окуучуларга бирдей мамиле жасап, баарына толук билим бергенге умтулам. Ар түрдүү мүнөздөгү, темпераменттеги балдар болот эмеспи, бири ачык мүнөз болот, ошого жараша тартынбай сүйлөйт, билбесе сурайт дегендей, ал эми кээ бир балдар уяң, алар билип турса да айткандан тартынат. Мен айрыкча жетишпеген окуучуларым менен иштешүүгө, аларды алдыга тартууга басым жасайм. Балдардын даярдыгы бирдей эмес, арасында калем сапты эми араң туура кармаганды үйрөнүп жаткандары да бар. Бирок окуу программасы жеңил, китептерде оюн аралаш сабактар көп болгондуктан, балдар кызыгуу менен кабыл алып жатат. Менин оюмча, мугалимдерге ата-энелер да жакындан жардам бериши керек. Ата-энелер балдарынын мектепте окуп-билгендерин үйдөн да кайталатып окутуп турса, мугалимдерге кадыресе жеңил болмок. Мен колумдан келишинче ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барууга аракеттенем, — дейт жаш мугалим Малика.

Ар бир эле ата-эне балдарыбыз мыкты деңгээлдеги бала бакчага барса, мыкты мектепте окуса, андан кийин күчтүү жогорку окуу жайында билим алып, эл керегине жараган адис болсо деп тилейт эмеспи. Арийне, көпчүлүк ата-энелер ушул жерден жаңылыштык кетирип жүргөнүн аңдабай калышат, анткени мурда белгиленип жүргөндөй статустуу мектептерде билим алууну каалагандар көп болгондуктан, бир класстагы балдардын саны да ошончо көп болуп мугалим ал жүктү көтөрө албай келген. Тагыраак айтканда, ар биринен үй тапшырмасын тактап суроого, баа коюуга жетишүүгө мүмкүн эмес эле. Окуучулардын окууну аяктаган кездеги көрсөткүчтөрүнө сереп салып көрсөк, эң кыйын деген мектептерде салмактуу акча төлөп окуткандардын арасынан бирин-экин гана мыктылар чыкпаса, көбү сүрмө топтун сүрүндүсүндө эле келип, ортосаар деңгээлде окугандар басымдуу болгон. Ошондо да ата-энелери балдарын кошумча курстарда окутуп, репетитор жалдаган үчүн гана алдыга озуп чыкканы жашыруун эмес.
Жашаган жерден алыс жайгашкан мектептерге ташып окутуу биринчи кезекте баланын ден соолугуна, психикасына зыян экендигин адистер акыркы кездерде көп айтышат. Жол тыгынга калбаш үчүн таң атпай тургузуп, кысталышта тартышып-түртүшүп мектепке алып барган балада кайдагы тынчтык болмок эле, баланын аң-сезиминде биринчи кезекте зааркануу сезими ойгонуп, окууга да табити тартпай калары анык. Адеминин ата-энеси да адегенде ташысак да, мыкты мектепте окуталы деп ойлогонун, кийин кайра кызыбыздын шык-жөндөмүнө жараша кошумча курстарга берели, азыр аны ашыкча кыйнап, ашыкча каражат жумшоонун зарылдыгы жок деген чечимге келишкенин айтышты.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуу жылы башталганда ата-энелерге кайрылып, балдарын өздөрү жашаган жеринен алыс ташып окутууга каршы экендигин, бул биринчиден балдардын ден соолугуна, коопсуздугуна зыян экендигин баса белгилеп айтканы бар.

Бишкек шаарындагы №73 мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Бактыгүл Мамбеталиева ата-энелер мектептеги балдардын коопсуздугу үчүн кооптонбой эле коюшса болот деди. Анткени көпчүлүк мектептердегидей эле бул мектепте да башталгыч класстардын окуучулары өзүнчө корпуста окуйт.
— Биздин мектептин сыйымдуулугу 1700 окуучуга ылайык болгону менен, учурда 3850 окуучу окуйт. Класс комплект толук түзүлгөн. Мугалимдер жетиштүү, биз алардын сабак жүгүртмөлөрүн ыңгайлуу түзүп бергенбиз, демек, башка нерсеге алаксыбай балдарды окутууга толук шарттары бар десек болот. Окуу китептери менен акырындап камсыздалып жатабыз. 12 жылдык билим берүүгө өткөнүбүзгө байланыштуу мугалимдер да байма-бай окуулардан өтүшкөн. Андан тышкары, ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Башталгыч класстардын ата-энелерине да өзүнчө чогулуш өткөрүп, тиешелүү маалыматтарды бергенбиз. Ушул кезге чейин ата-энелер тараптан суроо-талаптар боло элек. Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча билим сапаты 40 пайызды түздү. Бул жакшы көрсөткүч деп эсептейбиз. Ата-энелер да балдардын коопсуздугуна кам санабай койсо болот, анткени мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты окуучуларга коопсуз чөйрө түзүү менен бирге эле татыктуу тарбия-билим бергенге болгон күч-тажрыйбабызды жумшап иштеп келатабыз, — дейт Бактыгүл Мамбеталиева.

Ошентип, кетип бараткан жыл билим берүү тармагындагы чоң секирик жасаган өзгөчө жыл болуп көптөн бери сөз жүзүндө айтылып келаткан 12 жылдык билим берүүгө өттүк. Бул агартуучулар үчүн эле эмес, ата-энелер үчүн да өзгөчө даярдыкты талап кылды. Ата-энелер 12 жылдык билим берүүгө өткөн быйылкы окуу жылынын өзгөчөлүгүнө жараша алты жаштан мектеп босогосун аттаган балдарыбыздын коопсуздугу кандай болор экен деп кооптонсо, мектеп администрациясы мурдагы жылга караганда эки-үч эсе көп күтүлүп жаткан балдарды класстарга кантип батырабыз деп тынчсызданды. Ырас, алгачкы күндөрү кээ бир класстарда балдардын саны 60ка жеткен учурлар катталды, бирок бул маселе аларды паралелль ачылган класстарга бөлүштүрүү жолу менен чечилди. Бишкек шаарындагы төрт мектептин 1-2-класстарынын окуучулары жакын жайгашкан бала бакчаларга бөлүштүрүлдү. Ата-энелер кичинекей балдар үчүн бул эң жакшы болду деп кубатташты.
Учурда биз жогоруда сөз кылган №73 мектептин мугалимдери башка кесиптештери сыяктуу эле жаңы стандарттарга ыңгайлашуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү, балдарга ишенимдүү, коопсуз жана ачык чөйрө түзүү аракеттерин көрүү багытында эмгектенишүүдө. Алар орун алган кыйынчылыктарды өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана командалык бирдиктүү иши аркылуу туруштук бере алышарына бекем ишенет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер