12 жылдык мектеп: Элеттик мугалимдин практикасы
- 10.03.2026
- 0
«Көйгөйлүү алты окуучунун жан дүйнөсүн билиш үчүн, аларды туура жолго салыш үчүн психологияны да, педагогиканы да, философияны да окуп чыктым, бирок алардын көз карашын түшүнө албай, акыры ал балдарды тарбиялоонун жолун көркөм адабияттан таптым»,- деген экен орустун улуу педагогдорунун бири А.Макаренко. Анын сыӊарындай акыркы мезгилдеги агартуу тармагындагы өзгөрүүлөрдү түшүнүп, жан дүйнөмө сиӊирип алуу үчүн мага да көркөм чыгарма жардамга келди десем жаӊылышпайм. Атап айтсам сатирик аӊгемечи Касым Каимовдун айтылуу «Анарбайдын көпүрөсү» чыгармасы. Ташкындаган өзөн алып кеткен көпүрөнү көргөн бирөө: «Анарбайдын көпүрөсү азыркы шартка жарабайт. Жаӊыча көпүрө жөнүндө капкачан ойлоо керек эле»,- дейт. Демек жөн эле өзөндүн үстүндө турган көпүрө элге кызмат кылууга жарабай калса, улам төрөлүү, өсүү, өлүм болуп турган коомдо бир эле система менен жүрө бериш жарабайт экен. Андагы «…Балта, чоту жок кантип көпүрө салат»,-деп сарсанаа болгондой, мурдагы бир калыптагы «кылдыраган арабага» көнгөн жаныбыз, дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бизден алда канча алдыга кеткенин аӊдабай, аӊдасак да моюнга алгыбыз келбей, өзүбүздүн «комфорттук аймагыбызда» жүрө бериптирбиз. Качан гана дүйнөлүк деӊгээлдеги PISAнын жыйынтыгы көзгө сайып, биздин балдардын көбү кара жумуштан башкасына жарабай, акыл эмгегине жарамсыз экенин көрсөткөндө гана жаӊылануу керек, ал тургай зарыл экенин түшүнө баштадык. Жогорудагы сөздүн мааниси жалаӊ гана ошол көпүрө жөнүндө эмес, бүгүнкү дүйнөдөгү илим менен техниканын өнүгүүсүн, санариптешүүнү жана андан артта калган коомду айтып жаткандай туюлду.

Чындыгында, илим менен техника өнүккөн заманда мезгилден артта калбай, ар бир тармак өнүгүү жолуна түшөөрү турган иш. Анан бардык тармак жаӊыланып эле, ошол тармакка кызмат кылуучу болочок адистерди даярдаган билим берүү тармагы өзгөрбөй, мурдагы бойдон калуусу акылга сыйбайт. Анткени өсүп келе жаткан жаӊы муун бизден ошол өзгөрүүнү, жаӊыланууну талап кылып турат. Дүйнө жүзү алдыга умтулуп, жасалма интеллект өнүккөн доордо «балта, чот» менен жүрө берүү да жарабайт. Ошондуктан, табигый интеллект менен катар жасалма интеллекти да өздөштүрүп, келечекте жасалма интеллектке баш ийип калбаш үчүн агартуу тармагы туура багытта деп эсептейм. Биз, агартуучулар, өсүп келе жаткан жаш муундарга акыл эмгегин, алдыӊкы технологиялык платформаларды жана ошону менен катар эле адамзат үчүн эӊ бийик болгон адеп-ахлак, тарбия маселесин үйрөткөндө гана, келечектеги гүлдөгөн Кыргызстанды курган муун өсүп чыгарына ишенем. «Телефон зыян, телефон албагыла» деп эмес, теӊ салмакты сактап, окуучуларга табигый интеллект менен катар телефонду, жасалма интеллекти туура колдонууну үйрөтүшүбүз керек. Эки тармак айкалышканда гана жашоосунан кыйналбаган, кайда болсо жашап кете ала турган коом өсүп чыгат.

Сөзүбүз кургак болбош үчүн жаӊылануунун бир бутагы болгон 5Е модели менен өтүлгөн сабактан мисал келтире кетсек. Ал Алыкул Осмоновдун “θлүп тирилгендер” поэмасы. Алгач кызыктыруу үчүн “θлүп тирилүү деген эмне? Доор өлүп тирилиши мүмкүнбү?”-деген суроолор берилди. Балдардын бардыгы көӊүл буруп, айрымдары “Адам комадан ойгонгондо өлүп тирилген болот, бир канча убакыт эсин жоготуп койгондо өлүп тирилет”,-деген сыяктуу ойлорун айтышты. Ал эми замандын өлүп тирилүүсүн согуштан кийинки мезгилге салыштыруу болду. Ошентип окуучуларда “жаӊы тема кандай болду экен” деген кызыгуу пайда болду.

Кийинки этапта ошол “өлүп тирилүү” деген сөздүн бүгүнкү сабагыбызга кандай тиешеси? Буга чейин кайсы акын-жазуучуну өтүп жаттык эле? Кимдин, кайсы чыгармасы болушу мүмкүн? Деген сыяктуу суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп, жаӊы теманы алып чыгышты. 3-этабында болсо А.Осмонов “θлүп тирилгендер” поэмасында согуш мезгилиндеги эч ким кайрылбаган темага кайрылып, андагы кара кагаз келген айрым адамдардын кайра элине кайрылып келгендигин жана ошону менен катар акын согуштан кийинки элдин, жердин тирилишин кошо камтыгандыгын түшүндүрдүк. Ал эми тереӊдетүү бөлүгүндө балдар берилген тексттин негизинде эпизод аткарып беришти. Баалоодо “Кахут” платформасы аркылуу өтүлгөн сабак боюнча тесттен өтүшүп, окуучулардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү жакшы упай алып, теманы жакшы түшүнгөндүгүн тастыкташты.
Демек, мурдагы сабактарга салыштырмалуу 5Е модели менен сабак өтүү мугалимге алда канча жеӊил болоору сезилди. Балдар сабакты өздөштүрүү менен бирге чогуу иштөө, изилдөөнү өздөштүрдү.
Азыркы окуучулар илим менен техниканын заманында төрөлүп, бала күнүнөн смартфон, интернет, социалдык тармактар аркылуу көптөгөн «өзүлөрүнө кызыктуу» деп эсептеген маалыматтарды алышып, алынган маалыматтын пайда –зыянын аӊдабай жашоосуна колдонууга аракет кылышат. Мына ошол алынган маалыматтарды электен өткөрүп, керектүүсүн калпып алышы үчүн да санариптик сабаттуулук, СТЕМ багытындагы билимдерин тереӊдетиш зарыл. Балким заман талабына ылайык адистерди, бүгүнкү кымгуут доорго ыӊгайлашып жашап кете ала турган муунду ушул 12 жылдык билим берүү аркылуу жетиштире алабыз. Мындан сырткары ар бир окуучу жалпы билим берүү мекемесин аяктагандан кийин кошумча кесипке ээ болоору да кубанарлык .
Бир үй-бүлө бир үйдү куруш үчүн деле бир нече жылдар талап кылынат эмеспи. Ошол сыяктуу эле мурдагы орноп калган эски системадан жаӊы системага өтүү үчүн да убакыт талап кылынат. Жаӊылануудагы айрым мүчүлүштүктөргө нааразы боло бербей, Президентибиз өзү баш болуп агартуу тармагына мынча көӊүл буруп жаткандан кийин, «жабыла көтөргөн жүк жеӊил» кылып жапа тырмак аракет кылсак, 12 жылдык билим берүүнүн жакшы жактарын кабыл алып, жайылтсак, жаӊылануу жеӊил болот деп ойлойм.
Аны менен катар ар бир мугалим замандан, окуучудан артта калбай күнүгө изденип, жаӊы билимдерди өздөштөрүп туруусу керек. Окуучудан көбүрөөк маалымат билгенде гана мугалимдин сөзү өтүмдүү болуп, берген билими жугумдуу болот. Материалдык муктаждыкты гана ойлой бербестен руханий, маданий, илимий жактан да АГАРТУУЧУ деген атка татыктуу бололу!

Жунусова Дилбара Актан Тыныбек атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинин кыргыз тили жана адабиятынын мугалими
Комментарийлер