12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАҢЫЛАНУУСУ

  • 22.12.2025
  • 0

Кыргызстандын билим берүү системасы 2025-2026-окуу жылында мектептик билим берүүнү 12 жылдык улуттук моделге трансформация кылууну баштады.  12 жылдык окуу моделине өтүү — бул жөн гана мектептеги мөөнөттү узартуу эмес, бул билим берүүнүн мазмунун, ыкмаларын жана мугалимдин иштөө чөйрөсүн түп тамырынан бери жаңылоо. Бүгүнкү күндүн мугалими — маалымат берүүчү гана эмес, заманбап технологияларды жана эл аралык методикаларды чебер колдоно билген багыт берүүчү (фасилитатор) болууга тийиш.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАҢЫЛАНУУСУ

Жаңы окуу жылынын башталышы менен КРнын Агартуу министрлиги STEM предметниктер жана англис тилчилер үчүн жаңы “Алтын Казык” ноутбуктары менен камсыз кылды. Мындай колдоо жаңы системада мугалимдин убактысын үнөмдөө жана ишин системалаштыруу үчүн бир нече негизги платформалар менен ишөөгө шарт түзүп берди десек болот.  Мугалимдер үчүн сунуштай турчу пайдалуу шилтемелер:

  • kg (Кыргыз билим берүү академиясы):Ар бир педагог үчүн «жол картасы». Бул жерде жаңыланган мамлекеттик стандарттар, окуу программалары жана методикалык сунуштар жайгашкан.
  • edu.kg:Жаңы муундун окуу китептеринин санариптик базасы. Мугалимдер үчүн бул каалаган жерде, каалаган түзүлүш (планшет, компьютер) аркылуу китепке жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.
  • Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунунда жаңы иштелип чыккан портал ustat.edu.gov.kg:Өз алдынча өсүү үчүн аянтча. Бул жерде мугалимдер үчүн атайын электрондук курстар жайгаштырылган. Бүгүнкү күндө аталган платформада 60тан ашык 72 сааттык жана 100 саттык курстар  бар. Электрондук курстардан мугалим өз алдынча кесиптик чеберчилигин жогорулатса болот. Аталган платформага катталуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн шилтемелер аркылуу маалымат алышса болот:
  • Санарип кампа жана РПККЖКДИнин сайтындагы «Методикалык куржун»: Бул жерден мугалимдер даяр ар бир предмет боюнча  сабактын пландарын, видеосабактарды жана интерактивдүү материалдарды таба алышат.12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАҢЫЛАНУУСУ

Биздин институттун 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстарында мугалимдер жаңы окуу китептери менен иштөөнүн предметтик өзгөчөлүктөрүн практикада өздөштүрүшөт. Ар бир предметтик багыт үчүн атайын натыйжалуу ыкмалар сунушталат:

  1. Табигый илимий предметтер (физика, химия, биология)

Окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмүн өстүрүү үчүн 5Е (Изилдөө, Түшүндүрүү, Иштеп чыгуу ж.б.) жана 3С+1Е моделдери окутулат. Бул ыкмалар теориялык билимди турмуштук тажрыйба менен байланыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

  1. Математика предмети

Математикалык түшүнүктөрдү терең өздөштүрүү үчүн КСА (Конкреттүү, Сүрөттүү (графикалык), Абстрактуу) модели колдонулат. Ошондой эле, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө МОЖ, ВВО жана REM сыяктуу заманбап ыкмалардын ролу чоң.

  1. Англис тили жана тил сабактары

Тил үйрөнүүдө маалыматты системалуу кабыл алуу үчүн Статистикалык цикл, билимди тепкич сайын бекемдөөчү Спираль методу жана аналитикалык TOWE стратегиясы үйрөтүлөт.

  1. Баалоонун жаңы форматтары

Сабактын аягында окуучуга жөн эле баа койбостон, анын өсүү динамикасын көрсөткөн баалоонун ар кандай заманбап ыкмалары (формативдик баалоо, критерийлер аркылуу баалоо) өзүнчө чоң блок катары каралат.

Бул инструменттерди өздөштүрүү мугалимден кошумча изденүүнү талап кылат. Курстун алкагында мугалимдер Жасалма интеллектти (ЖИ) сабакка план түзүүдө колдонууну, Canva, Quizizz, Google Forma, LearningApps жана башка ушулар   сыяктуу тиркемелер менен иштөөнү реалдуу шартта үйрөнүшөт.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАҢЫЛАНУУСУ12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАҢЫЛАНУУСУ

2025-2026-окуу жылында сентябрь-декабрь айларында жалпы 3290 мугалим окуудан өтүштү. Бул 1-жарым жылдыкка пландалган  мугалимдер боюнча 91,7 %ды түзөт.

Курстардын саныПлан боюнча угуучулардын саныАткарылды %
2053624329091,7
Аймактар боюнча56917,2

 

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАҢЫЛАНУУСУДекабрь айынан тартып институтта мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү максатында  жаңы окуу китептери боюнча жаңы ыкмаларды пайдалануу менен өлкөнүн эң алдыңкы мугалимдери менен биргеликте видеосабактар тартылып баштады.  Аталган видеосабактар институттун ютуб каналына жүктөлөт.

12 жылдык билим берүү — бул мугалим үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги. Заманбап сайттар, инновациялык ыкмалар жана практикалык курстар мугалимдин ишин жеңилдетип, сабактын сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. Санариптик сабаттуулук жана методикалык чеберчилик — бүгүнкү күндүн эң башкы талабы.

Жаркын Укеева, РПККЖКДИнун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер