12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ АЧКАН АНГЛИС ТИЛИ

  • 01.04.2026
  • 0

Сапаттуу билим – келечекке инвестиция12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ АЧКАН АНГЛИС ТИЛИ

Менин оюмча, Кыргызстанда билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын эң маанилүү багыттарынын бири — 12 жылдык билим берүү системасына өтүү болуп саналат. Бул өзгөрүү жөн гана окуу мөөнөтүнүн узарышы эмес, ал билим сапатын жогорулатууга, дүйнөлүк стандарттарга жакындашууга жана окуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган маанилүү кадам деп эсептейм.
12 жылдык билим берүү системасы окуучуларга окуу предметтерин тереңирээк өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Окуу программалары окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгып, алардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле, бул система окуучуларга кесип тандоо мүмкүнчүлүгүн эртерээк берип, алардын келечектеги максаттарын так аныктоосуна жардам берет деп ойлойм.
Заман талабына ылайык, мен STEAM багытынын ролун өзгөчө жогору баалайм. Бул ыкма илимди, технологияны, инженерияны, искусствону жана математиканы бириктирип окутууну камтыйт. Өз тажрыйбамда көргөндөй, мындай ыкма аркылуу окуучулар теорияны жаттап гана койбостон, практикалык иштер аркылуу ойлонууга, изденүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөнүшөт. Ошондой эле, сабактарда 5Е моделин колдонуу окуучулардын кызыгуусун арттырып, алардын активдүү катышуусун камсыз кылат.
Мен үчүн 12 жылдык билим берүү системасында англис тилинин орду өзгөчө чоң. Себеби, азыркы глобалдашкан дүйнөдө англис тили эл аралык байланыштын негизги куралы болуп калды. Илимде, технологияда жана билим берүүдө керектүү маалыматтардын көбү англис тилинде экенин жакшы билем. Ошондуктан, бул тилди үйрөнүү окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат деп толугу менен ишенем.
Акыркы жылдары англис тилин окутууда бир катар жаңылануулар ишке ашырылып жатканы мени кубандырат. Мисалы, 3–9-класстар үчүн TOWE окуу китептери жарык көрдү. Бул окуу китептери англис тилин практикалык негизде үйрөтүүгө багытталып, окуучулардын угуу, окуп түшүнүү, жазуу жана сүйлөө сыяктуу негизги төрт көндүмүн өнүктүрүүгө чоң жардам берет деп эсептейм.
Ошондой эле «Алтын казык» программасынын алкагында мугалимдерге ноутбуктар берилип, санариптик ресурстар жүктөлгөнү биз үчүн абдан ыңгайлуу болду. Мен бул ресурстарды сабактарымда активдүү колдонуп, усулдук материалдарды, сабак пландарын жана кошумча маалыматтарды ыкчам табууга жетишип жатам. Бул менин ишимди жеңилдетип, сабактын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.
Мен, Осмонова Толкун Туратбековна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ново-Константиновка айылындагы Осмон Элебесов атындагы жалпы билим берүү мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенем. Эмгек тажрыйбам 21 жыл . Өз иш тажрыйбамда сабактарды интерактивдүү жана кызыктуу өткөрүүгө дайыма аракет кылам. Билим берүүдөгү максатым келечектин татыктуу инсандарын тарбиялоо жана дүйнө таанымына жол ачуу. Санариптик технологияларды колдонуу мен үчүн сабактарды натыйжалуу уюштуруунун жана окуучулардын кызыгуусун арттыруунун маанилүү куралы болуп калды.
Жыйынтыктап айтканда, 12 жылдык билим берүү системасын, англис тилин тереңдетип окутууну, Кембридж программаларын, Сингапур методдорун, STEAM жана STEM багыттарын, 5Е моделин, PISA эл аралык баалоо программасын жана санариптик технологияларды Кыргызстандагы билим берүүнү жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадамдар деп эсептейм. Бул өзгөрүүлөр келечекте билимдүү, чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртө алган муунду тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт.

 

Толкун Осмонова, Кыргызстандагы англис тилчи мугалимдеринин

KG Tesol ассоциациясынын Ысык-Көл облусу боюнча лидери

Бөлүшүү

Комментарийлер