«АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ» ОНЛАЙН-СЫНАК

  • 25.06.2020
  • 0

Айтматовду окуйбуз” аттуу онлайн-сынак республиканын жалпы билим берүүчү окуу мектептеринин, мектептен тышкаркы билим берүүчү мекемелердин окуучуларынын арасында жайкы эс алуу убагында өткөрүлөт. 2020 “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында өтөт.

«АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ» ОНЛАЙН-СЫНАК

Жалпы Жобо

Улуу инсан, ойчул, ааламдын, заманыбыздын залкар жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч.Т.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы — бул бир доорду камтыйт. Автордун чыгармалары балдардын нравалык кулк мүнөздөрүн калыптандырууга, Ата-Мекенди сүйүүгө, адамдарды бири-бирин сыйлоого, жакшы иштерге түрткү берип, эмгекке үйрөтүп, өз мекенинин патриоту болууга, абийирдүүлүккө чакырат. Ч.Айтматовдун чыгармалары, анын өмүрү жана чыгармачылыгы эң бийик руханий жана моралдык баалуулуктардын үлгүсү. Ч.Айтматовдун легендарлуу чыгармалары балдардын чыгармачылык потенциалын өстүрүүгө, гумандуулукка жана боорукердикке тарбиялайт.

Окуучулардын жайкы эс алуусун мазмундуу, китеп окуу менен өткөрүү.

Республиканын бардык булуң бурчунан балдарды китеп окууга, китеп дүйнөсүнө тартуу, китепке кызыктыруу.

Онлайн-сынактын уюштуруучусу: Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору, КР Билим берүү жана илим министрлиги.

Бул Жобо сынактын максатын жана милдетин кароо менен бирге, сынактын мазмунун камтып, аны өткөрүүнүн мөөнөтүн жана катышуучулардын милдеттерин карайт.

Максаттары:

1. Улуу жазуучунун көркөм чыгармаларын балдардын жана жаштардын арасында жайылтуу.

2. Балдарды жана өспүрүмдөрдү китеп окууга, көркөм адабиятты , улуу жазуучунун чыгармаларын окууга тартуу. Балдардын жайкы эс алууларын үзүрлүү өткөрүү.

3. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына балдарды жана өспүрүмдөрдү тартуу, алардын өз демилгелүү, активдүү болуусуна жана өз мамлекети үчүн сыймыктанууга тарбиялоо

Сынактын милдеттери:

Залкар жазуучу, ойчул, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышуу. Ч.Айтматовдун легендарлуу чыгармалары аркылуу балдардын нравалык мүнөздөрүн калыптандыруу, Ата-Мекенди сүйүүгө, патриоттуулук сезимдерди ойготуу, тарбиялоо.

Балдардын чыгармачылык потенциалын өстүрүп, өсүп келе жаткан муунду, окуучуларды Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча онлайн-сынакка катышууга үндөө.

Сынакты өткөрүүнүн шарттары:

1. Сынакка жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын окуучулары катыша алышат.

2. Сынак үч номинацияда өтөт: “ Эң жакшы сүрөт” ( катышуучлардын жашы 8 жашка чейин), “Эң жакшы монолог” (катышуучулардын жашы 9 жаштан 12 жашка чейин), “Эң жакшы эссе” (13 жаштан жогору)

Сынактын шарты:

Ч.Айтматовдун бир чыгармасын окуп бүтүп, айтылган үч номинацияда берүү шарт.

Жазуучунун бир чыгармасынан үзүндү тандап, окуп берип, жатка айтып берип, видеого тартып, бир чыгармасынан үзүндүдөн сүрөт тартып, жазуучунун чыгармасы аркылуу түшүнгөнүнө эссе жазып, эссени так, мазмуну менен окуп берип, видео аркылуу жөнөтүү.

Сынакка берилген катышуучунун иши окуган чыгарманын, улуу жазуучунун чыгармасынын түшүнүгүн, мазмунун жана маанисин бере алышы керек.

Ар бир катышуучудан талапка ылайык бирден автордук иш каралат.

Сынактын чечими:

Мөөнөтү: 2020-ж. 10-августу.

Сынакка жөнөтүлгөн сүрөттөр, видеороликтер монолог, эсселер жиберген ар бир катышуучунун — билдирүүсү менен жөнөтүлөт.

Сынакка автордук иштер гана кабыл алынат.

Бардык автордук иштер: [email protected], [email protected] почтасына, же WhatsApp номерлерине тел.: 0555769672, 0551727269 жөнөтүлөт, андан кийин алар иштелип чыгып: Fаcebook баракчасына, “Сейтек” борборунун сайтына жайгаштырылат.

Аягында катышуучулар дипломдор менен сыйланышат. Эң активдүү катышкан окуучулар “Сейтек” борбору өткөргөн иш-чарага чакырылат.

Тиркеме № 1

Катышуучунун билдирүүсү

Катышуучунун аты, ысымы ____________________________________________

Жашы_______________________________________________________________

Окуган мектептин аты, дареги _______________________________________________

Облусу________________________________________________________________

Сынакта аткарылуучу чыгарманын аты: ______________________________________

Кайсы номинация: (Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасын окудуңар, кайсы чыгармасынан

үзүндү:

Сүрөт__________________________________________________________________

Монолог ____________________________________________________________

Эссе ________________________________________________________________

Байланышуу (e-mail, моб. тел. WhatsApp): ______________________________

Кол тамга: _________________________________________________

«___» ____________ 2020 г.

Бөлүшүү

Комментарийлер