ЖОЮШ-КЫСКАРТЫШ ОӉОЙ, ТҮЗҮШ- ӨНҮКТҮРҮШ ТАТААЛ…

  • 12.05.2015
  • 0

Билим берүү – бул коомдун өнүгүшүнө жана функционалдашуусуна активдүү таасир этүүгө жөндөмдүү, салыштырамалуу өз алдынчалыкка ээ автономдуу система. Бирок билим берүүнүн башка тармактарга салыштырмалуу өз алдынчалуулугун ашыра пайдаланылып, анын мамлекеттик милдеттенмелерден такыр эле оолактап кетишине жол берилбеши керек.

Билим берүү системасы мамлекеттин улуттук кызыкчылыктар тутумундагы өзгөчө маанилүү багыт. Себеби бул система мамлекеттин келечеги болгон жаштардын, өспүрүмдөрдүн адам, инсан катары калыптанышында чечүүчү ролду ойногон институт. Орто жана жогорку билим берүү системасы аркылуу жаш муундун социалдашуу процесси ишке ашат, ал өз кезегинде 20, 30 жылдан кийин коомдун негизин түзгөн муундун дүйнө таанымын, саясий маданиятын калыптандырат. Өлкөбүздүн билим берүү системасынын мектептик жана жождук деңгээлдеринде улуттук кызыкчылыкка караманча каршы келген көрүнүштөр кездешет.

Белгилүү экономист профессор Айылчы Сарыбаев “Общественный рейтинг” гезитинде интервю берип: “Билим берүү системасын талкалоо мамлекеттүүлүккө каршы диверсия менен барабар” деп эң таамай аныктама берди.

Эң негизгиси билим берүү системасынын көйгөйлөрү акыркы учурларда тармактык деңгээлден чыгып, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган стадияга өтө баштады.

Учурда жогорку окуу жайларындагы абал, алардагы билим берүүнүн сапаты көптөгөн суроолорду туудурган карама-каршылыктуу жагдайларды жаратууда. Өлкөбүздүн билим берүү системасы Болон процессине өткөндө кандай болот, эски союздук система түп тамырынан жоголобу же паралелдүү түрдө иштей береби буга окшогон суроолорго керек болсо министрликтин кызматкерлеринен да так жооп алуу кыйынга турууда. Кайсы гана окуу жай болбосун андагы окуу процессинин абалы окутуучулук-профессордук курамдын сапатынан алардын изденүүчүлүк деңгээлинен   көп учурда көз каранды. Окутуучулук курамдын билимин өркүндөтүү, билимин жогорулатып туруусуна шарт түзүү тигил же бул жождун маанилүү багыттарынан болууга тийиш. Базар экономикасынын шарттарында мындай кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик билим берүү мекемелери, министрлик эле эмес көз карандысыз жеке менчик же өкмөттүк эмес уюмдар да эң ийгиликтүү ишке ашырууда.

Жогорку билим берүү системасында мурдагы аттестациялоо процедурасы моралдык жактан эскирип, анын ордун акредитациялоо түшүнүгү баса турган болду. Мындай шартта акредитациялоонун өзгөчөлүктөрү ага даяр болуу боюнча кеңири түшүнүккө ээ болуу өзгөчө маанилүү. Себеби жождо билим берүү процессин өркүндөтүүдө, тартипке салууда акредитациялоо келечекте маанилүү кызматка айланат. Бул өз кезегинде билим берүүнүн сапатын арттырып окуу жайдын рынокто өзүнүн татыктуу ордун табуусуна шарт түзөт.

Мисалга Кыргыз-Россия билим берүү академиясы жеке менчик окуу жайлардын арасынан биринчилерден болуп EDNET көз карандысыз акредитациялык уюмунун тренерлерин чакырып жождордо билимдин сапатын көтөрүү боюнчаокутуучулардын билимин жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү. КРАОнун ректору Шакеева Чынара Асановна окутуучулардын билимин жогорулатуунун акысынын 50 пайызын төлөп берди.  Үч күнгө созулган тренингде окуу жайдын 17 окутуучусу   “акредитациядан өтүү маселелери”, “болон процесси”, “окутуучунун өзүн өзү баалоо принциптери” “окуу жайдын стратегиялык планын иштеп чыгуу” сыяктуу маанилүү багыттар боюнча билимин өркүндөтүштү. Бул уюмдун тренерлери Таалайбек Уметовдун, Онолкан Уманкуловнанын чыныгы профессионалдуулугу, педогогикалык мастерствосунун күчтүүлүгүнө тренинг катышуучулары чоң ыраазычылык билдиришти. Мындай тренингди уюштуруу менен жогорку окуу жай бир катар утуштарга ээ болоорун белгилөөгө болот. Биринчиден профессордук –окутуучулук курамдын сапатын жакшыртат, экинчиден структуралык бөлүмдөр кафедралар аттестацияларга, текшерүүлөргө даяр болуп калышат үчүнчүдөн окутуучулар сабактарын берүү менен эле чектелбей өзү иштеген окуу жайдын өнүгүүсүнүн стратегиялык планы жөнүндө ойлонуп башташат. Мында баса белгилей кетүүчү жагдай алгач тренинге 25 окутуучу жазылып анын 15тейи “жазылып койдум сертификатты мындай эле алам” деп ойлошкон, бирок ЕДНЕТтин тренерлери мындай формалдуулуктарга, кыргызчылыкка жол берилбесин түшүндүрүп тренинге активдүү катышпаган окутуучуларга сертификат берүүдөн баш тартты. Дал ушул кенир жайылган формалдуулуктар билим беруудогу реформаларга олуттуу турдо тоскоол болгон факторлордон, адатта биз ЖОЖдун мугалимдери “көп нерсени билебиз, биз окумуштуубуз бизден өткөн билимдүү жок” дегендей компойобуз. Бирок азыркы ааламдашуу маалымат алмашуу кучөгөн, маалымат технологияларынын өнүгүүсүң кууп жетүү кыйынга туруп калган азыркы шартта, билгенден биле элегин көп заманда билимди өркүндөтүп, кесипкөйлүтү жогорулатып туруу өзгөчө маанилүү. Мына ушул аталган тренингдин жүрүшүндө тренинг-семинарга катышкан мугалимдин “окутуучулардын өзүн –өзү баалоосунун төмөндөгү критерийлери аныкталды:

  1. ЖОЖдун Миссиясын билүүсү;
  2. Окутуунун жыйынтыктарын билүүсү;
  3. Билим берүү программаларына окутуунун жыйынтыктарын билүүсү;
  4. Предметти окутуунун жыйынтыктарын билиши;
  5. Сабактарды өтүүнүн технологиялары: салттуу технологиялар, инновациялык технологиялар.
  6. Окуу-методикалык комплекс; (УМК)
  7. Окуу программаларынын окуу планы жана типтүү окуу программалары менен дал келиши;
  8. Стейкхолдерлер менен иштөө.

Окуу процессинде булардын ар бирине кеңири токтолуу менен ар бир мугалим өз кемчиликтерин баамдап практикалык мисалдардын негизинде бул багыттарда эң жогорку билимдерге, көндүмдөргө ээ болушат.

Жогорку окуу жайларда абалды жакшыртуунун буга окшогон ыкмаларын киргизип, өркүндөтүп мамлекет тарабынан бул иштерди жандандыруу жаатында реформаларга барбай эле кээ бир жогорку даражалуу чиновниктер “ ЖОЖдордун көбүн жоюш керек”, “кыскартыш керек” деген сунуштарды көп айтышат. Ал эми ал окуу жайлардагы жүздөгөн окутуучулар, миңдеген студенттердин тагдыры аларды анча кызыктыра бербейт. Мамлекет завод фабрикаларды ачып жумушчу орундарын көбөйтө албай жаткан азыркы шартта жумушсуздардын санын эми “интеллигент ишсиздер” менен толуктап, жоюлган ЖОЖдун студенттеринин нааразычылыктары менен өлкөдөгү социалдык чыңалууну күчөтүү кимге керек же ошончолук эле зарылбы? Антип опурулгандын ордуна мамлекеттик органдар ЖОЖдор өздөрүн өздөрү реформалоого баруусуна мажбурласа, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруп көзөмөлдү күчөтсө жакшы болмок.

Анткени он, жыйырма жылдап калыптанган системаны талкалап жоюп салган оңой, кайра калыптандыруу жана өнүктүрүү эң татаал нерсе. Ал процессти 15, 20 жыл баштан өткөрүп жон терисинен сезген өзгөчө жеке менчик жогорку окуу жайлары болуп саналат.

Чолпонбек Сыдыкбаев саясий илимдердин кандидаты, доцент,  каф.ГМУ КРАО

Поделиться

Комментарии