Жолдош ТУРДУБАЕВ: «УЛУТ БОЛО АЛАБЫЗБЫ?»

  • 24.02.2015
  • 0

 «Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келатат!»

Фридрих ГЕГЕЛЬ

(2-маек)

– Биз эгемен өлкөгө ээ болдук деген күндөн бери мамлекетти мамлекеттик ишмерлер башкарган бактыга туш келбей койдук. Өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгү жалаӊ саясатчылардын колуна тийип келатат. Тунгуч ажобуз Аскар Акаев илимпоз болгону менен бара-бара саясатчыга айланып кетти эле, кийинки президент К.Бакиев ан-дан ашып өткөнүн көрдүк. Алмазбек Атамбаев болсо башынан эле саясат-чы-бизнесмен экени белгилүү. Дегеле сиз илимпоз катары айтсаӊыз, мам-лекеттик ишмер (государственник) деген термин менен саясатчынын айырмасы асман-жердей экени элибизге анчалык чоӊ мааниге ээ эмес үчүн эл башы болор инсанатка жарыбай келаткан жокпузбу?

– Мен саясат таануучу да, мамлекет куруу теориясы жана практикасы боюнча да адис эмесмин, адабиятчымын. Катар-дагы жаран (гражданин), анан журналист катары гана азыр сен айткан маселе-лерге көӊүл буруп жүрөм. Бул суроого колдон келишинче жооп берип көрөйүн.

Менимче,  ар  ким  кошунанын  ба-ласына  эрегишпей,  өзүнүн  дээрине, шык-жөндөмүнө, дареметине жараша кесип тандап, бир келген өмүрдү та-тыктуу жашап өткөнгө умтулса, коом такыр башка деӊгээлге өсүп чыгар эле. Азыр бизде маркетинг менен менед-жментти чаташтырган экономисттер, укук таануудагы эӊ жөнөкөй жоболорду билбеген юристтер, эл менен иштегенге эч кандай шыгы жок жетекчилер ж.б.у.с. абдан көп. Биздин коомдо «саясат», «са-ясатчы» деген түшүнүктүн жек көрүмчүл, дээрлик жийиркеничтүү сөздөргө ай-ланышына да дал ушул дилетанттар, б.а. саясатка адашып же башынан эле пас мүдөө менен барып калган киши-лер күнөөлү деп ойлойм. Болбосо «са-ясаттын» орусчада колдонулуп жүргөн эквиваленти «политиканы» кыргыздын «балит» деген сөзүнө үндөш жана маа-нилеш дебес эле бир депутат. Балким, ал деле күйгөнүнөн айткандыр, Кыр-гызстанда саясат ыплас технологиялар менен жүргүзүлүп жатканына жийиркен-генин билдирмекчи болгондур.

Бирок тээ Аристотель, Платондордон тартып азыркы дүйнөлүк саясат таануу илиминин дөө-шааларынын эмгектерин-де кабыл алынган классикалык аныкта-масын, ошондой эле мыйзамдуулукту туу туткан өлкөлөрдүн калкы түшүнгөн маанисин эске алсак, «саясатчы» жана «мамлекеттик ишмер» терминдерин ка-рама-каршы коюу жарабастыгын көрөбүз (грек., «полис» — шаар, «политика» — мам-лекеттик ишмердик).

Тилекке  каршы,  биздеги  эл башкарууга же мамлекеттик кызматка аралашкан «лидерлердин» көпчүлүгү (аларды саясатчы же мамлекеттик иш-мер деп атаганыбызга карабай) коом-дун өнүгүү мыйзамченемдүүлүктөрүн, башкаруу өнөрүнүн («саясаттын» бир аныктамасы ушундай) сырларын тереӊ окуп-үйрөнүүгө кызыкпайт же дегеле мындай деӊгээлдеги ишке шыгы жок. Дагы 5-10 жылда мамлекетти азыркыдай примитивдүү ыкмалар менен башка-руу мүмкүн болбой каларын билишпейт алар.

Саясатчы (же мамлекеттик ишмер) биринчи кезекте кеӊири жана тереӊ, ошол эле учурда ыкчам ой жүгүртө бил-ген, коомдогу таза, намыстуу, кесипкөй адамдардын кеӊешин өз убагында уга билген, улуттун жаратман дареметинин ачылышына шарт түзө алган күчтүү адам болууга тийиш. Ал мактай берип жардан ашыра түртө турган кошоматчыларды чөйрөсүнө жолотпой, ачуу чындыкты айт-кан саясий оппоненттерин («душманда-рын») жалпы улут кызыкчылыгы үчүн иш-тешкенге көндүрүп, ар бири мамлекеттик деӊгээлде ойлоно да, иш жүргүзө да бил-ген намыскөй инсандарды бир командага бириктире алган өтө кыраакы, сабырдуу, чечкиндүү, туруктуу, адилеттүү киши болушу керек. Анын командасындагы-лар «генерал болгусу келген солдат» эле эмес, жалпы ишти «генералдын», б.а. президенттин деӊгээлинде түшүнө жана аткара алгыдай сабаттуу, кесипкөй адистер, мекенчил болууга тийиш.

Менимче, бизде жалпы улутту бир максатка баштагыдай лидер чыкпай жат-канынын негизги себеби улут боло ал-бай, раматылык Алым Токтомушев эске салган уруучулдук деген көөдөк курактан өсүп чыга албай жатканыбызда. Орустун улуу жазуучусу Ф.М.Достоевский Чо-кон Валиханов менен аӊгемелешкенде айткан экен ошол аныктаманы, «уруу – улуттун бала чагы» деп.

Бирок  жакшылыктан  үмүт  үзбөш керек.  Тагыраагы,  реалистчил  опти-мист  болгон  оӊ.  Кемчиликтерди  ай-туу менен эле чектелбей, дареметти, мүмкүнчүлүктү да көрө билишибиз ке-рек. Жаӊылбасам, азыр жаӊы муундун дүбүртү угула баштады. Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп, теориялык билим эле эмес, баа жеткис тажрыйба да топтоп жат-кан орто муундагы мекендештерибиз-ден жана жаштарыбыздан үмүтүм чоӊ. Азырынча аларга жана Кыргызстанда эле жүргөн нукура кесипкөйлөргө (про-фессионалдарга) кокту-колоттун кол-доосуна таянган карт бөрүлөр менен «бөлтүрүктөр» – жергиликтүү «баатыр-лар» жол бербей турат.

Азыркы «элитанын» келечеги жок. «Эшегине  жараша  тушагы»  дегенди «асабачы-агымчылар» көп айтчу эле го, мунун чындыгы бар. Бирок азыр дүйнө жүзү суктанган өлкөлөрдүн бирине ай-ланган Сингапурдун калкы Малайзия өкмөтү өгөйлөп бөлүп салган мезгилде бизден беш бетер начар абалда бол-гон экен. Бардык жагынан – маданияты, аӊ-сезими, экономикасы ж.б.у.с. Ошол арасат, аламан коомду, жок мамлекетти гүлдөгөн өлкө кылып чыгарууга жетиш-кен Ли Куан Ю аттуу МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕРдин «Сингапур тарыхы: «үчүнчү дүйнөдөн» — «биринчиге» (1965-2000)» деген эскерүү китебин өткөн кышта окуп чыккандан кийин мен Кыргызстан деле гүлдөп өнүгүшү мүмкүн деп кыйла бекем ишене баштадым.

– Убагында Салижан Жигитов кыр-гызга улуттук жана мамлекеттик деген сөздүн маани-маӊызын чачыратып түшүндүрүп жүрүп өтүп кетти. Бирок азыр деле ушул эки терминди ой кел-ди колдонгонду өрөөн-параан көрбөй келебиз.  Мисалга  “Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы” деген түзүмдү эмнеге “Улуттук коопсуздук кызматы” деп эле колдонбойбуз же андан сөздүн мааниси кемип калабы? Анан калса “Мамлекеттик улуттук те-атр” же “Мамлекеттик улуттук тарых музейи” дейбиз жаӊылбасам… Баа-рын эле ушул сыяктуу “улутташты-ра” берген чечимдерибиз канчалык деӊгээлде чийки, канчалык деӊгээлде бышып жетилген деп ойлойсуз?

–  Расмий  терминдерди  ушундай чаржайыт түшүнгөндүктүн өзү биздеги мамлекеттик кызматкерлердин деӊгээли канчалык тайыз, жалаӊ бири-бирин кай-талаган, бири-бирине тоскоолдук гана кылуучу мекемелерден турган башкаруу түзүмүбүз жалпы улуттук (мамлекеттик) кызыкчылыктан канчалык алыс экенин көрсөтөт.

Адегенде  «мамлекеттик»  макам-дын тарыхына учкай токтололу. Совет доорунда Кыргызстанда мамлекеттик университет (КМУ), медициналык, кыз-келиндер педагогикалык, дене тарбия, орус тили жана адабияты педагогикалык, айыл чарба, политехникалык, Оштогу педагогикалык – институттар бар эле. Союз мезгилинде ар бир багыт боюнча мамлекеттик макамдуу жогорку окуу жай бирден гана болгон, аларды кайтала-гандар филиал деп саналган (мисалы, университеттин Пржевальскидеги фи-лиалы). Эгемендикке жеткен соӊ мур-дагы техникумдар эле эмес, кесиптик техникалык окуу жайлар (ПТУлар) да университеттерге, атүгүл академияларга айлана баштады го. Баёо абитуриент-терди тартуу үчүн «жамгырдан кийинки козу карындар» эч кайсы ЖОЖдун бута-гы же туундусу эмес, өз алдынча макамы бар деп көрсөтүлө баштаганда, «мам-лекеттик» аныктоочу иш жүзүндө сырты жылтырак, ичи кылтырак, көптүн бири дегенди эле билдирип калды. Ошон-до башка толуп жаткан «мамлекеттик» университеттерден айырмалоо үчүн ил-герки КМУ «Кыргыз мамлекеттик улуттук университет» аталды. Бул аталышты биз далай ирет шылдыӊдап жазганбыз. Акыры азыркы Кыргыз улуттук универ-ситет деген кыйла сабаттуу аталышка токтошту.

Айтмакчы, Кыргыз Республикасы-нын  Улуттук  илимдер  академиясы-нын маӊдайына да «Илимдер улуттук академиясы» деген көрнөк илип алып жүрүшкөн бир нече жыл, «улуттук илим болбойт, улуттук академия болот» деп. Биздин кайран филологдор «улуттук» расмий макамы этникалык биримдик-ке  таандык  болгонду  эмес,  «бүткүл өлкөлүк»  же  «жалпы  мамлекеттик» даражаны билдирерин да, ал жалгыз «илимдер» сөзүнө эмес, «илимдер ака-демиясы» деген туруктуу сөз айкашына тиешелүү экендигин да кечигип түшүнүп, оркойгон катасын оӊдошту. Жогоруда «илимпоз эмесмин» дегенимдин да бир себеби ушуга байланышкан (тамаша).

– Дегеле мамлекеттик масштаб, улуттук  уӊгу  туюмду  кандайча түшүнгөнүбүз ийги?

– Илимпоз болбосом да, улут, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү, демокра-тия сыяктуу темаларда көп эле жазгам. Бул ирет жакында «Азаттык» радиосу-нун сайтына сунуштаган макаламдан (азырынча жарык көрө элек) үзүндү кел-тирсем туура болчудай: «…Ээрчимелик, белимчилик, баёолук, темирдей тар-типке салып кыӊк эткирбей башкарган падышаны эӊсегендик, ич ара бөлүнө жаатташуучулук  ж.у.с.  жактарыбыз-ды эске алганда, биз али өспүрүмдүк өткөөл курактагыдай көрүнөбүз. Бул бечелдигибиз. Сөздүн толук маанисин-де, айрыкча азыркы цивилизациялуу мамлекетке синонимдеш маанисинде, кыргыздар УЛУТ болуп жетиле албай келет. Өсүү даремети (потенциалы), жетилүү данеги бизде бар. Потенция ре-алдуулукка айланышы, данек мөмөлүү дарак болуп өсүп чыгышы үчүн биз эки нерсеге өзгөчө көӊүл бөлүп, кам көрүшүбүз зарыл.

Биринчиден, улут деген бүтүн, сын-дуу түзүлүш анын өкүлдөрүнөн жетиштүү сандагы ИНСАНдар өсүп чыккаӊда гана жаралат. Өз эркиндиги, адамдык бедели, намысы үчүн күрөшкөн, укук-милдетин даана билген, бул жагынан өзүнө да, тегерегиндегилерге да бекем талап коё алган, өзүнүн кайталангыс чыгармачыл шык-жөндөмүн, дареметин ачуу үчүн тал-бай эмгектенген адам гана инсан деген атка татыктуу болот. Бирок, экинчиден, караламан калктын катмарында ар бири өзүнчө уникалдуу дүйнө болгон инсандар көп болушу үчүн сырткы өбөлгө – мамле-кеттин максаттуу, ырааттуу, иш жүзүндө реалдуу жүргүзгөн саясаты зарыл. Укук-милдет таразасы так болмоюнча, сот адилеттүүлүгү толук камсыздалмайынча, улуттун аны түзгөн баштапкы бүтүндүк катары инсандык түзүмү кристалдаш-пай кала берери анык. Бул үчүн жогор жактан саясий адил эрк, чечкиндүүлүк, төмөндөн чыгармачыл эмгек, талыбаган күрөш керек…»

Олжобай ШАКИР

Поделиться

Комментарии