Жогорку балл ЖОЖго жеткирет

  • 01.07.2013
  • 0

Президент А.Атамбаев Жалпы республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку балл алган 50 абитуриентке  сертификаттарын өз  колу менен тапшырат.

28-июнда тестирлөөдөн эӊ жогорку балл алган 50 абитуриентке сертификаттарын Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзү тапшырат. Жогорку балл алган 50 абитуриент республиканын каалаган жогорку окуу жайынын каалаган адистигине конкурссуз тапшыра  алышат. Быйылкы жылы эӊ жогорку баллды (237) Бишкек шаарынын №61 физика-математикалык лицейинин бүтүрүүчүсү  Абдразакова Анжела алган. Ал эми 2012-жылы эӊ жогорку (238) баллды ушул эле лицейдин бүтүрүүчүсү Лукина Мария топтогон.

Кандайдыр бир себептер менен Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн каттоо 24-июнга чейин узартылган. Алар 26-27-июнда  Бишкек шаарында №24 мектепте жана Ош шаарында тестирлөөдөн өтүштү. Бул жылы Жалпы республикалык тестирлөө 2013-жылдын 18-майынан тартып 22-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага 53 миӊден ашык абитуриент катышкан.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Мыкты бүтүрүүчүлөр аныкталды

 

Быйыл бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 209 бүтүрүүчү мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктады. 

Жылдагыдай эле Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 11-класстын бүтүрүүчүлөрү артыкчылык аттестатына талапкерлер сындан өткөн. 1244 катышуучулардын ичинен 209 (16,8%) бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына татыктуулугун тастыктай алган. Артыкчылык аттестат менен бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр республикадагы  орто кесиптик окуу жайларына сынаксыз өтө алат. Ал эми жогорку окуу жайга тапшырууда артыкчылык аттестаты жалпы республикалык тестирлөөнүн  математика, физика, химия, биология, тарых жана англис тилиндеги кошумча тесттердин жогорку баллдарына теӊделет.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Поделиться

Комментарии