ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНАТ

  • 05.07.2013
  • 0

Кыргызстандын (Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарын кошпогондо) айыл аймактарынын жана шаарларынын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия процесстерин камсыздоого чыгымдарды каржылоо 2013-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борборлоштурулган бухгалтериялары аркылуу республикалык бюджеттен каржыланат.

Мындай Токтомго 2013-жылдын 30-майында КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Токтомго ылайык  Билим берүү жана илим министрлиги мурда шаардын жана айылдык округдардын жергиликтүү бюджетинен каржыланып келген билим берүү уюмдарын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык түзүлүштөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которууну  ишке ашыруу максатында атайын буйрук чыгарды.

Буйрукту ишке ашыруу максатында министр Канат Садыков 28-июнда райондук жана айылдык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйында министр буйруктун аткарылышы жана анын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берип, буйрукта коюлган милдеттерди өз убагында аткарууну талап кылды. Министрликтин чыгарган буйругунда райондук  (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы борборлоштурулган бухгалтериясы жөнүндөгү типтүү Жобосун жана райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктардын) алдындагы борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин чектелген штаттык саны бекитилди. Мындан сырткары райондук  (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктардын) башчыларына 2013-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө буйруктун 1-пункту менен бекитилген, бир типтүү Жобого ылайык иштелип чыккан, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктардын) алдындагы борборлоштурулган бухгалтерия жөнүндөгү Жобо адилет органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана белгиленген тартипте, райондук  (шаардык) билим берүүчү бөлүмдөрдүн (башкармалыктардын) алдындагы борборлоштурулган бухгалтериянын штаттык ырааттамасы бекитилүүгө тийиш. Буйрукка ылайык, 2013-жылдын 15-июлуна чейин борборлоштурулган бухгалтерия биринчи кезекте, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан иштен бошотулган кесипкөй каржы кызматкерлерин ишке тартуу менен комплектөө ишин аягына чыгарууга жана алар борборлоштурулган бухгалтериянын материалдык-техникалык базасын жайгаштыруу жана камсыздоо маселесин райондук мамлекеттик администрация жана шаардын мэриясы менен биргеликте талкуулашат. 1-августка чейин борборлоштурулган бухгалтерияларга интернет коюлуп, анын иштөөсүн камсыз кылуулары зарыл.

 

Н.Кудайбергенова

Поделиться

Комментарии