ЖАШ АДИСТЕРДИН МЕКТЕПТЕ МИЛДЕТТҮҮ ИШТӨӨ МӨӨНӨТҮ УЗАРТЫЛАТ

  • 20.03.2015
  • 0

Педагогикалык адистиктерди бюджеттик негизде бүтүргөн жаш адистердин атайын чектелген иш орундарында иштеп берүү мөөнөтүн үч жылдан беш жылга чейин узартуу сунушун Жогорку Кеӊештин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев киргизүүдө.

Депутат педагогикалык адистикти тандаган студенттерди мамлекет беш жыл бою акча төлөп окутканы менен алар мамлекетке иштеп бербегендиктен, мамлекеттин кетирген чыгымдары акталбай, мугалимдерге болгон таӊсыктык жоюлбай жаткандыгын айтат. 2001-жылдагы Өкмөттүн Токтомуна ылайык жаш адистер мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу эки жыл мектепте иштеп берүүгө милдеттендирилген. 2012-жылы бул мөөнөт үч жылга узартылган. Токтомго ылайык 2012-жылы окууга тапшырган студенттер 2016-жылы окуусун аяктагандан кийин милдеттүү түрдө мамлекетке үч жыл иштеп берет. Бирок студенттер мындай милдеттемеге карабастан окуусун бүткөндөн кийин мектепке барбай коюшууда.

— Жаштарды беш жыл акы төлөп окутабыз. Бирок алар мамлекетке иштеп беришпейт. Окууну бүткөндөн кийин мамлекетке эки же үч жыл иштеп бересиӊ деген милдеттемеге карабай мектепке барбай жатышат. Дипломун болсо ар кандай жолдор менен алып алы-шууда. Ошондуктан милдеттүү түрдө иштеп берүү мөөнөтүн беш жылга чейин узартсак туура болот. Ошондо бала окууга тапшырып жатканда эле ойлонот дагы, ошол жерден чечим чыгарат, — дейт К.Осмоналиев.

Негизинен респ убликада педагогдор 12 жогорку жана төрт атайын орто окуу жай-ында даярдалат. 2014-жылы педагогикалык адистикте окуган 4391 студент аяктаса, анын 2281 бюджеттик бөлүмдө, 2110 контракттык бөлүмдө окуган. Бюджеттик бөлүмдү аяктаган студенттердин 1977 Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жолдо-мо аркылуу мектептерге бөлүштүрүлгөн. Калган 304 бүтүрүүчү жобого ылайык эркин бөлүштүрүүгө туш болгон. Эркин бөлүштүрүүгө кош бойлуулар жана үч жашка чейинки баласы бар энелер кирет. Убагы келгенде алар дагы жумуш орду менен камсыз болу-шат. 2014-жылдын 15-октябрына карата бул бөлүштүрүлгөн адистердин 1415 иш ордуна барса, 2015-жылдын 15-январында ишке баргандардын саны жетимишке өскөн. Калган 492 адис түрдүү себептер менен иш ордуларына барган эмес.

КАНЧА АДИС ЖЕТИШПЕЙТ?

Ушул жылдын январь айында алынган маалыматка таянсак, учурда республикада 1410 мугалим жетишпейт. Сентябрь айында алардын саны 2476 болчу. Беш айдын ичинде миӊден ашуун адис иш ордуна барган. Былтыр болсо мамлекеттик бөлүштүрүү менен жолдомо алган 1901 бүтүрүүчүнүн болгону 1399 мектепке барган. Негизинен республикада Чүй жана Жалал-Абад облустары эӊ көп мугалим жетишпеген аймак болуп эсептелет. Андан кийинки орунда Бишкек шаары турат.

ЖАШТАР НЕГЕ КАЧЫШАТ?

Учурда министрликте быйылкы бүтө турган жаш адистердин саны, кесиби, жа-шаган жери ж.б. мамлекеттик бөлүштүрүүгө керектүү маалыматтар такталууда. Апрель айынан тартып мамлекеттик бөлүштүрүү башталат.  Талапка  ылайык  бөлүнгөн жаш  адистерге  ар  бир  айыл  өкмөтү мүмкүнчүлүгүнө жараша шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Анткени окуусун жаӊы бүтүп, айыл жеринде жашай турган үйү, шарты жок жаштардын көпчүлүгү ушундай себептерден улам мектепти таштап кети-шет же барбай коюшат.

— Жаӊы барган жаш адисти кармап калуу айыл өкмөттөрүнөн көз каранды болот. Аларга жер тилкесин бөлүп берип, убакты-луу турак-жай менен камсыздап, социалдык жактан колдоп турса барган жаш адистер кайра качпайт эле. Өзгөчө кыз балдар ошол жакка турмушка чыгып, отурукташып калмак. Жаш адистерди кармап калуу үчүн Жаш мугалимдин депозитин кайрадан киргизебиз деп жатабыз. Негизинен мугалим-дин эмгек акысын жогорулатып койсо эле бул проблема өзүнөн өзү жоюлмак, — дейт эл өкүлдөрү.

Чындыгында жаш адистердин мектепке барбай жаткандыгынын эӊ негизги себеби эмгек акынын аздыгы болуп саналат. Жаш-тардын көпчүлүгү беш-алты миӊ сом эмгек акы менен элетке барып иштегиси келбейт. Кыргыз улуттук университетинин филоло-гия факультетин эки жыл мурун бүтүргөн Жазгүл дагы ушундай бүтүрүүчүлөрдүн катарында. Ал окууну бүтүп жаткан кезде жаш баласы бар болгондуктан эркин бөлүштүрүүгө туш болгон. Учурда баласы чоӊоюп жумушка чыга турган маалы болду. Бирок ал арзыбаган эмгек акыга элеттен барып иштегиси келбейт.

— Негизи менин группамда он студент бүткөнбүз. Бирок учурда анын эки-үчөө эле өз кесиби менен иштебесе, калганы башка маянасы көп жумуштарга өтүп кетишкен. Группалаштарым Мирлан менен Адис учур-да Россияда иштеп жүрүшөт. Калган үч-төрт кызыбыз бала менен үйдө отурушат. Мен дагы окууну бүтүп жатканда балам бар болгондуктан эркин бөлүштүрүүгө туш болгом. Эми балам чоӊоюп ишке чыга турган маалым болгондо айылда же жашаган жерим жок, же алган эмгек акым эч нерсеге жетпегендиктен шаарда калууга аргасыз болуудамын. Анын үстүнө жолдошум ша-арда иштейт. Ал мени ээрчип айылга барбайт да. Анан айла жок бир жогорку окуу жайында иштеп баштадым. Ал жактан дагы диплом талап кылып жатышат. Убактылуу справка алып келип бердим, — дейт Жазгүл.

Депутат Каныбек Осмоналиев айткандай, бүтүрүүчүлөрдүн көбү дипломдорун же дипломдун көчүрмөсүн ар кандай жолдор менен алып алышып каалаган жумушунда иштеп жүрүшөт. Окуу жайлар болсо каралбай калган дипломдорго толуп кеткен.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии