ЖАӉЫРСЫН МЕКЕН ЫРЛАРЫ

  • 12.05.2015
  • 0

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын жана студенттеринин арасында «Жаңырсын Мекен ырлары» аттуу патриоттук ырлар сынагын өткөрдү.

ПКМДИнин басма сөз катчысы Мирлан Токтобековдун берген маалыматына таянсак, иш-чаранын максаты — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын, ардагерлерин жана согушта курман болгон жоокерлердин эрдигин даңктоону, Улуу Жеңишти даңазалоону, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоону, жогорку окуу жайлардын окутуучу-профессорлорунун жана студенттердин ынтымагын бекемдөөнү, чыгармачыл окутуучу-профессорлорго колдоо көрсөтүүнү жана жогорку окуу жайлар арасындагы коомдук-маданий иш-чараларды өнүктүрүүнү көздөдү.
Сынак бир тур менен өткөрүлүп, ага адистиги чыгармачылыкка багытталбаган, ондон ашык ЖОЖдон 18 жаштан 40 жашка чейинки, таланттуу окутуучулар жана студенттер катышып, сынакта Улуу Жеңишке, Ата-Мекенге жана аскерлерге арналган ырлар жандуу үндүн коштоосунда аткарылды.
Жогорку деңгээлде уюштурулган бул сынакка Бишкек шаарындагы ЖОЖдор жигердүү катышып, анын жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар сыйлыктарга татыды:

Кызыктыруучу сыйлыктар (1000 сомдон):
1. Жаныбек Жумалиев — И.Арабаев атындагы КМУнун студенти;
2. Санжар Бейшенбеков — И.Раззаков атындагы КМТУнун студенти;
3. Аида Шаршенбекова, Альбина Султакеева, Айганыш Акчабекова, Айжан Жайнакова (квартет) — КМЮАнын студенттери;
4. Гүлзат Эсенкожоева — К.Карасаев атындагы БГУнун окутуучусу;
5. Гүлзат Бегалиева — Н.Исанов атындагы КМКТАУнун окутуучусу.

III орун (5000 сом):
Аяна Эгембердиева — И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти.

II орун (8000 сом):
Азиз Кубатбек уулу — Ж.Баласагын атындагы КУУ ПКМДИнин студенти.

I орун (10000 сом):
Намыс Мукашев — И.Арабаев атындагы КМУнун студенти.

Баш байге (12000 сомдон):
1. Улукман Атабеков — Ж.Баласагын атындагы КУУ ПКМДИнин студенти.
2. Доорбек Абдырахманов — Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти.
Белгилеп кетчү нерсе, кароо-сынактын жалпы байге фонду 55 миң сомду түзүп, ал каражатты Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун эмгек жамааты жана студенттери демөөрчүлүк кылды. Андыктан, ПКМДИнин жалпы эмгек жамаатына, студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии