МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕДЖМЕНТИНДЕГИ ПРОБЛЕМАЛАР

  • 04.05.2015
  • 0

 (Башталышы өткөн санда 24-апрель 2015-ж.  №16)

ОКУУ УБАКТЫСЫН ПЛАНДАШТЫРЫП,  ПАЙДАЛАНУУ  КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Жогоруда  белгилегендей, мектептик билим берүүнүн сапатын  жакшыртууда  каржы жана материалдык факторлор, аларды оптималдуу пландаштыруу менен рационалдуу жана эффективдүү пайдалана билүү чечүүчү орунду ээлейт. Ошонуменен катар эле, мектептеги билим берүүнү жогорку сапаттык деңгээлге жеткирип, анын натыйжалуулугун көтөрүү үчүнал жердеги окуу процессинин мөөнөт, убакыт жана саат факторлорун оптималдуу пландаштырып, анын негизинде окуу иштерин рационалдуу уюштуруу маселелери дагы өтө чоң роль ойнойт. Тилекке каршы, Кыргызстандын жалпы орто билим берүү системасындагы билим берүү процессин уюштуруудагы айрым жетишсиздиктер, башаламандыктар, кемчиликтер,  кетенчиктөөлөр, мажирөөлүктөр сыяктуу терс көрүнүштөр мектептик билим берүүнүн сапатына өз залакасын тийгизүүдө.

Биринчиден, Кыргызстандын мектептик билим берүүсүнүн жалпы мөөнөтүндөгү алгоритмдин рационалдуу эместигин жана анын дүйнөлүк алдыңкы аналогдорго туура келбегендигин айтуу керек. Алсак:

а) жалпы орто билим берүү тармагын уюштуруудагы көптөн бери сөз болуп, бирок чечилбей келе жаткан олуттуу проблема катары  балдардын  мектепке кеч тартылышын (жети жашынан)  айтсак  болот.  Мындай “өзгөчөлүгү” менен Кыргызстан Африка жана Чыгыш Европанын айрым артта калган өлкөлөрүнө окшошуп кетет. Мектептик билим берүү боюнча алдыңкы орундагы дүйнөнүн өлкөлөрүнүн баардыгы тең балдарды беш-алты жашынан эле мектепке тартышат. Бул алгоритмдин артыкчылыктары белгилүү. Ал эми Кыргызстан мындай кадамдарга барууга батына албай кетенчиктеп кележатканына чейрек кылым болду. Мындай кадамдарга барууга Кыргызстан үчүн жүйөлүү себептер жана өбөлгөлөр жокэмес.  Бир  жагынан  мындай алгоритмдеги  балдар тез торолуп, балакатка эрте жетип,  кол арага бат эле жарап калган кыргыздардын менталитетине туура келет. Экинчи жагынан,  мамлекеттин тиешелүү кадамын күтүп олтурбастан  азыркы мезгилде эле кыргызстандык балдардын 40% мектепке алтыжашынан барышат. Демек, маселе өзүнөн-өзү эле40% чечилип калган. Үчүнчү жагынан,  дүйнөлүк билим берүү практикасындагы  балдарды алты жашынан мектепке тартуунун натыйжалуулугун жана тууралыгын байкаган совет мамлекетинде ушундай шартка өтүү үчүн1988-жылы эле КПСС БК менен СССР өкмөтүнүн токтомдору  кабыл алынган болчу. СССР жоюлуп кетпегенде мүмкүн бул нерсе эчак эле ишке ашырылмак. Мисалы, 1988-жылы эле Кыргыз ССРинин мектеп окуучуларынын 33998 окуучусу алты жаштагылар болушкан.

Айтор,  дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, алты жаштагы балдар мектепке чейинки мекемелерде билим алганга караганда мектепте билим алганы ылайыктуу жана пайдалууболмок;

б)  сапаттуу  билим  берүү боюнча  дүйнөлүк  лидер-өлкөлөрдүн мектептик билим берүүдөгү оптималдуу алгоритминен айрымаланып, Кыргызстандын билим берүүсүнө терс таасирин тийгизип келе жаткандагы бир осол көрүнүш катарыөлкөдөгү сакталып келе жаткан11 жылдык жалпы орто билим берүү маселесин айтсак болот.

Айтмакчы, жогоруда эскерген КПСС БК менен СССР өкмөтүнүн1988-жылкы  токтомдорунда СССРдин мектептерин12 жылдык жалпы орто билим берүү тартибине өткөрүү маселеси дагы каралган болчу. Кыргызстандын мектептеринин 12 жылдык окуу мөөнөтүнө киргизүүнүн дүйнөлүк билим берүү системасындагы эл аралык-укуктук нормативдерге туура келбеген жагы  бар. Мисалы, XX кылымдын 80-жылдарында ЮНЕСКО баш болгон  бир топ эл аралыкуюмдар дүйнөнүн билим берүүсистемаларынын документтерин изилдеп чыккан. Мисалы, Евробиримдиктин эксперттери Европа өлкөлөрүндөгү аттестаттар менен дипломдорду изилдепчыгып, DECS–HE 94/10 аттуу документти кабыл алган. Бул документте Европа өлкөлөрүндө кандай аттестаттар менен дипломдор таанылаары аныкталган. КМШ өлкөлөрүнө, ошонуничинде Кыргызстанга тиешелүүнерсе катары ЮНЕСКО сыяктууэл аралык уюмдар жактыргансунушка кайрылсак. Ал сунуш боюнча “стандарттуу (же“толук”) жалпы орто билим берүү мөөнөтү 12 жылдан кем болбошу жөнүндө айтылган. Ошону менен катар эле, бул системанын соңку стадияларында окуучу тандап алган  келечектеги кесибине жараша аларга акыркы үч окуу жылынан кем эмес мөөнөттө тереңдетилген жана дифференциялаштырылган сабактарды берүү каралган”.

Экинчиден, убакыт факторун эффективдүү пайдаланбагандыктан окуучуларга сапаттуу жана жетиштүү билим берилбей жатканы Кыргызстандын окуучуларынын дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн окуучуларына караганда мектепке бир жыл кеч барып, бир жылга аз окуп жатканы менен эле чектелбейт. Дагы бир орчундуу маселе, ансыз дагыбир жылга аз берилип жаткан жалпы орто билим берүүнүнар бир окуу жылынын  сааттары, күндөрү, жумалары, айлары дагы  азайтылып берилип,  бул нерселер дагы мектептик билимдин сапатына кесепетин тийгизип жатканында.

Мисалы,

а)  белгилүү  болгондой,  дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндөар бир сабак 55 минуттан турса, Кыргызстандын окуучулары мурдакы советтик тартип боюнча 45  минут эле окушат;

б) ар бири 45 минутадан турган төрт, беш же алты сабак боюнча окуп, андан кийин бош калган окуучулардын окуу күндөрү дагы кыска. Мектептик билим берүү боюнча дүйнөлүк лидерлерден болгон Финляндия,  Түштүк Корея, Гонконг, Япония сыяктуу  көптөгөн  өлкөлөрдө мектептен сырткаркы кошумча билим берүү маселелери жакшы чечилип, балдар мектептен сырткары дагы бир күндө төрт-алты саат кошумча билим алышаары белгилүү. Ошентип,  мындай өлкөлөрдүн мектеп окуучулары орто эсеп менен  ар бир күндүн 14 саатын сабак окуу жана сабакка даярдануу менен өткөрөт экен.  Ушундан улам, бул  өлкөлөрдөгү  мектептик билим берүү процесси балдар үчүн  тозок отундай  көрүнгөнү менен алардын натыйжалуулугу абдан жогору бааланат.

Мектеп окуучуларды узак убакытка жана  мыкты окутуу менен  келечекте аларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү  берет. Кыргызстандын мектеп окуучулары, өзгөчө айылдык окуучулары мындай мүмкүнчүлүккө дээрлик ээ эмес. Алар, жогоруда белгилегендей,  күнүнө төрт, беш же алты саат мектепте окумуш этип келгенден кийин калган убактыларын бекерчилик менен жана үй же коммерциялык жумуштарды иштөө менен өткөрөт. Жада калса, совет мезгилинде кеңири колдонулуп келген мектептен тышкаркы билим берүү иши дагы азыркы учурда дээрлик жок бо-луп,  алар айрым  мектептерде сакталып калганы менен өтө коммерциялашып кеткен. Эгер совет мезгилинде Кыргызстанда узартылган мөөнөт менен иш алып барган1105 мектеп болсо, азыр андай мектептерден саналуу гана бөлүгү калып, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдиргенине караганда, мектептен сырткаркы билим-тарбия берүүчү133 гана уюм сакталып, аларда 85 миң гана бала билим-тарбия алат.

Анын үстүнө алардын арасында кошумча билим берүүчү уюмдары эмес, балдардын спорттук мектептери, эстетикалык тарбия берүү Борборлору сыяктуу уюмдар арбындык кылат;

в) өз кезегинде, кыскартылып пайдаланылган  билим берүү сааттары менен күндөрү толук пайдаланылбаган апталарды жаратышкан. Эгер, билим берүү жаатындагы лидерлерден болгон Түштүк Чыгыш Азиянын жана Батыш Европанын окуучулары бир аптанын  алты күнү тең окушса, кыргызстандык окуучулар беш күн окушат. Жыйынтыгында, Түштүк Чыгыш азиялыктар бир жылда 260 күн окушса,  Батыш европалыктар 230 күн,  америкалыктар178 күн окуйт. Ал эми кыргызстандыктар бир жылда165 күн гана окушат;

г) ал эми толук пайдаланылбаган окуу сааттары, күндөрү, апталары  билим  үчүн  толук кандуу иштетилбеген айларга айланышкан. Кыргызстандын ар бир окуу жылы расмий түрдө тогуз  айдан  турганы  менен каникулдар менен  көптөгөн майрамдарды алып салганда окуучулардын толук кандуу окуу мөөнөтү бир жылда сегиз гана айды түзөт. Ал эми дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө бардык жагдайларды эске алуу менен “таза” тогуз айлык билим берүү маселеси шартталат;

д)  ошону менен, окуу сааттары, күндөрү, апталары, айлары  гана эмес, Кыргызстандын мектептик билим берүүсүндөгү ар бир окуу жылдары дагы кем-карчы менен өткөрүлүп келген.  Алсак, жогоруда белгилеген-дей, сапаттуу билим берүүгө жетишкен Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндө  окуучулар  бир жылда44 апта окушса, Батыш европалыктар 39 апта, Германия менен Финландия 40 апта АКШ менен Канада окуучулары 36  апта окушат. Ал эми кыргызстандык окуучулар расмий түрдө 34  апта билим алышат деп айтылганы менен төрт каникулду жана майрам күндөрдү эске алганда толук эмес 33 апта эле окушат;

е)  баарын  жыйынтыктап келгенде,  мектепти  бүтүрүп чыккан Түштүк Чыгыш азиялык окуучулар жалпысынан 14560  сабак алса, Батыш европалыктар 12800 сааттык сабак, АКШ менен канадалыктар11900 сабак, россиялыктар 10540 сабак алышат экен. Кыргызстандык окуучулар мектепте окуган 11  жылдын ичинде10020 сааттык гана сабак алышы шартталган. Албетте, мектептик билим берүүнү уюштуруудагы “убакыт”  факторуна байланышкан кемчиликтерди ар ким ар кандай кабыл алып, ар кандай жүйөлөр жана жагдайлар менен түшүндүрүшү мүмкүн. Жогоруда сөз кылган айрым нерселер Кыргызстандын билим берүү системасына жана кыргыздардын менталдык өзгөчөлүктөрүнө туура келбеген нерсе катары кабыл алынып,  четке кагылышы дагы мүмкүн.

Бирок жогорку сапаттуу билим көптөгөн сааттарды, күндөрдү, апталарды,  айларды  жана жылдарды туура пайдаланып, чымырканып-чыдап, талыкпай окутуп-тарбиялоонун негизинде гана жараларын сапаттуу билим берип жаткан дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн мисалынан көрүүгө болот. Болбосо, өп-чап пайдаланылган убакыт ичинде, ага жараша эптеп эле ала турган билимге макул болгон коомчулук жана мындай шартты түзгөн мамлекеттик уюмдар бири-бирине доомат  айтуунун кажети болбош керек.

Поделиться

Комментарии