ЖҮРӨКТӨ КАЛГАН КАРА ТАК

  • 27.02.2015
  • 0

Өткөн жылдын аягында Роза эженин (Айтматова Розетта Төрөкуловнанын) «Тарыхтын актай барактары: (Менин эскерүүлөрүм)», орусчасы: «Белые страницы истории: (Мои воспоминания)» — Бишкек, 2013) деген китеби колума тийип калды. Эженин бул китебинин биринчи варианты 2009-жылы жарык көргөн эле. Бул экинчи басылышы өтө маанилүү архивдик, тарыхый материалдар менен толукталыптыр. Мен биринчи басылышты кандай кызыгуу менен окуп чыксам, бул экинчи басылышты да ошондой эле кызыгуу менен бир демден окуп чыктым. Анткени дүйнөлүк маанидеги ойчул, жазуучу Чыӊгыз Айтматовго байланыштуу кандай гана маалымат болбосун кыргызстандыктарга гана эмес, бүткүл адамзатка кызыктуу го деп ойлоймун. Анын үстүнө бизге, жердештерине, мекендештерине бул инсандын үй-бүлөсү тууралуу так, тарыхый маалыматтар менен жакындан таанышуу өтө кызык жана зарыл.

Герменевтика  илими (чечмелеп,  талдап түшүндүрүү  жөнүндө илим) эгерде чыгарманын ав-торун, анын өмүр баянын, ал жашаган тарыхый эпоханы жак-шы билсе, окуучу ал заманга кирип, каармандар менен чогуу жашайт деп эсептейт. Чынды-гында эле биз Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы окуяларды башыбыздан кошо кечиребиз. Анткени Роза эженин бул ки-тебин кунт коюп окуган адам ошо эже жазган чоӊ эне, чоӊ аталарынын, эжелеринин-агаларынын, туугандарынын, ай-ылдаштарынын портреттеринен Айтматовдун каармандарынын образдарын тапса болот. Ал эми  ошол  жаныбыздагы  эле карапайым адамдардан жал-пы адамзаттык проблемаларды жаратып, көркөмдөп жазуу бул жазуучунун интеллектуалдык потенциясы  менен  жараткан зергердей усталыгынын жеми-ши. Ушундан улам Чыӊгыз Айт-матов планетардык деӊгээлдеги инсан катарында тарыхта кал-ды. Ошондуктан башка өлкөдөгү окурмандар бизди, кыргызстан-дыктарды Ч.Айтматов менен улутташ болгондубузга ал жа-шаган жерде жашаган, ал дем алган абадан дем алган, шартка жараша көзү тирүүсүндө жазу-учу менен кээде кезигишип ка-луу мүмкүнчүлүгү бар бактылуу адамдар деп эсептешет.

Ооба, Ч. Айтматов жөнүндө тээ союздун убагынан бери кы-пындай эле материалдар бол-со да чогултуп, тагдыр буйруп кээде саламдашып калгандагы, расмий же расмий эмес жагдай-ларда, той-топурларда учкай кезигип  калгандагы  таасир-лерди тизмелеп жазып жүргөн мен үчүн бул китептен кыя өтүү мүмкүн эмес эле. Ошондуктан окуп чыгып эле мени толкун-данткан, ойлонтуп түйшөлткөн маселелердин айрымдарын те-зис катарында берүүгө аракет кылдым.

***

Бул  дилбаян  (ушинт-сем  туура  болот  го) жети бөлүктөн турат. Биринчи  бөлүм  «Ата  бейит» деп  аталып,  репрессия  до-орунда курман болгондордун сөөктөрүнүн  табылыш  тары-хы,  ал  процесстин  жүрүшү, алардын туугандарынын оор кайгысы айтылат. Ушул окуя китептин негизги өзөгүн түзөт. Автор ошол 1991-жылдын 30-ав-густунда көзү ачык кеткен 138 кыргыздын элита интеллигент-терин, улуттун улуу уулдарын кайрадан жерге берип жаткан кездеги «көздө жаш, көкүрөктө муӊ», адам баласы чыдай албай турган трагедияны сергек акыл-дан өткөрөт. Ошол эле учурда «Эмне үчүн мындай болду?… Булкөз жаштар, ондогон жыл-дар бою өчпөгөн үмүттөр, эми буга ким жооп берет? Ким биз-дин көксөөбүздү басат?» деген сыяктуу миӊдеген суроолорго жооп жок эле. Андан ары автор-дун ой учугу төмөнкүчө уланат:

Экинчи жагынан кимге кереги бар азыр, кимден өч алабыз? Эми бардыгы өттү-кетти, бар-дыгы бүттү, болору болуп боёсу канды. Кимдир бирөө атайлап жасады, кимдир бирөө ушактап, жамандап  жеткирди,  кимдир бирөө өкүм чыгарды, кимдир бирөө аны аткарды… Мындай кара өзгөйлүк иштен кийин алар кандай жашап өтүштү? Ойло-нушту бекен ушундай трагеди-яны жасап жатышканын? Эми булардын бардыгы түккө тур-байт. Биздин үй-бүлөнүн көргөн кордугу, кайгы-муӊу, канчала-ган кыйынчылыктарды баштан кечирдик  —  мунун  баардыгы тарых. Андан ары Роза эже ай-тат: — Эми эч нерсени өзгөртө албайсыӊ. Бул трагедияны жа-саган система жок болду, аны ишке ашыргандардын да сөөгү сөпөт болду… Ал эми алардын урук-тукумдарында эмне айып. Айла жок кечиресиӊ, жамандык-тан пайда жок.

Мезгилди аттын сагалдыры-гынан кармагандай кармап тура албагандай эле ата менен энени Кудай маӊдайыбызга түбөлүк байлап бербейт да. Ушундан улам Роза эженин «Ата бей-итте»  ошол  августтун  ысык күнүндө көкүрөктө муӊ басып турганда ойлогону: КөрсөКу-дай берген жашты жашап ка-рып-арып, балдарынын астында кетип, урпактары, уул-кыздары өз колу менен топурак салган бул бакыт турбайбы! Чынында  эле  кыргыздар «картайган кемпир-чал өлсө майрам» дегени жөн жерден чыккан  эместигине  дагы  бир жолу ынанасыӊ.

***

Роза эженин китеби ме-нин баамымда көркөм чыгарма  эмес.  Биз билген классикалык тарыхый-илимий  монографиялык  эм-гекке да окшошпойт. Болбосо толук кандуу автобияграфиялык эскермеге да жатпайт ко. Кан-дайдыр бир ушул жанрлардын бардыгын  камтыган,  чыныгы жүрөктөн чыккан, жалганы жок, ашыкча көркөмдөлбөгөн, тур-мушта кандай болсо ошондой көрсөтүлгөн ыманы ысык эм-гек. Бул айтылгандарга далил катарында андан тарыхты, этно-графияны, канча заман өтсө да жадысынан чыкпаган окуяларды автобияграфиялык чыгарманын методикасы менен кандайдыр бир  профессионал  жазуучу-ларда кездеше бербеген баш-качараак маанай менен айтып бергенинде. Мен өзүм илим жа-атында алектенип жүргөнүмө байланыштуу эженин тарыхый материалдарды куруучу «кышты кынап койгондой» кынаштырып, ар бир фактыны, ойду, ал эле эмес, кайсы бир терминдерге чейин шилтеме берип, кайсыл булактардан алганын тастыктап олтурушу дасыккан тарыхчыны элестетет. Ал эми апасы На-гиманын атасы Төрөкулдун үй-бүлөсүн урук-туугандык «жети атасын» изилдеп, алардын ту-угандык схемаларын түзүшү, аларды чечмелеп түшүндүрүшү, ошондой эле «Айтматтын бу-тактары»  деген  бөлүмдөгү «Айымкан чоӊ эже», «Айымгүл апа», «Каракыз апа», «Гүлайым апа» деген бөлүмчөлөрү кыр-гыз  этнографиясына  баалуу материалдар болуп бере алат. Айрыкча кыргыздардын үй-бүлө тарыхын, анын эволюциясын из-илдеген окумуштууларга «Леви-рат жана Сарорат» маселесине кызыккандарга табылгыс булак катары кызмат кыла алат. (Кыр-гыздын чыгаан окумуштуу кыз-дарынын бири маркум этнограф К. Мамбеталиевадан кийин азыр кыргыз этнографиясынын бул маселелерин изилдеген адам барбы жокпу биле албадым).

***

Китептин башынан ая-гына чейин кызыл сы-зык менен өткөн ой бул «Төрөкулдун үзүлгөнүн улаган, өчкөн отун тутанткан» Нагима апанын образы. Чындыгында эле Ысык-Көлдүн башында Ка-ракол шаарында колунда бар баргер бай, азыркы тил менен айтканда  ишкер-бизнесмен-дин үй-бүлөсүндө туулуп, за-манына жараша илим-билим алып, ошол кездин тили менен айтканда, «Күн тийбес жерде» бөпөлөнүп өсүп, анан бакты-сына ошол кездеги кыргыздын илим-билимдүү  уулдарынын бири Төрөкул Айтматов менен баш кошуп Бишкекте, Жалал-Абадда, Ошто, Москвада бак-тылуу турмуш кечирет. Кыргыз-стандын Кыргызстан мамлекети болуп түптөлүшүнө ири салым кошкондордун биринин жары болуу  бактысы  пешенесине туш келген. Бирок бул бакыт көпкө  узабады,  босогодогу 1937-жыл, репрессиянын кара туманы өз кучагына Айтматтын уулу Төрөкулду да алып тынды. Мындан кийинки «көр турмуш» Таластын Шекеринен уланды. Албетте, ошол заманда бардык эле адамдар ачкачылык-жок-чулук, кыйынчылык турмуштун запкысын көрдү деӊизчи. Бирок Нагима апаныкы өзгөчө эле. Ал чиедей төрт баласы менен жөн эле кыйынчылыкты эмес «Эл душманынын аялы, балдары» катарында  корунуп-басынып турмуш кечире баштады. Кан-чалык азап-тозоктор башынан өтпөсүн, Нагима апа уул-кызда-рына, алардын келечегине ише-ним жаратып, окуусунакөӊүл бөлүп, Төрөкулдун жыгылган туусун кайра көтөрө алды. Бул кишинин, ошол кезде атын ук-канда «ыйлаган бала соорон-гон» Л. Берияга Төрөкулдун эч күнөөсү жоктугун далилдеп жазган каты эле канчалык ички интеллегинин жогору экенин, кат-сабатынын тереӊэкендигин көрсөтөт. Бирок канткен күндө да, ат көтөргүс кыйынчылыктар-ды башынан кечирсе да бакты-луу аял экен, эмгегинин акыбети кайтып уул-кыздарынын бар-дыгы орун-очок алып, илимдин кандидаты, доктору, академик гана эмес, Кыргызстандын соӊку жаӊы тарыхында тереӊ из кал-тырган инсандардан болушту. «Аккан арыктан суу агат» деген-дей, тун уулу Чыӊгыз Айтматов аалам аӊыз кылган пайгамбар-дай инсан болду. Бу Кыргызстан эле эмес дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген СССР деген чоӊ империянын президентинин кеӊешчиси болду. Дүйнөдөгү атак-даӊк, сыйлыктардын дэ-эрлик бардыгын алды. Ошен-тип, уул-кыздарынын, көптөгөн небере-чөбөрөлөрүнүн курчоо-сунда апалык-энелик милдетин толук актаган адам катарында тиги дүйнөгө жол салды. Бирок ошентсе  да  он  гүлүнүн  бири ачыла элек жаш кезинде мамле-кеттик саясаттын адилетсизди-гинен өмүрлүк жубайынан ажы-рап калышы «Эмне үчүн» деген жоопсуз суроо ондогон жылдар бою жүрөктү эзип, тарыхтын ак тактары  эненин  жүрөгүндөгү кара так бойдон өзү менен кошо кете берди.

***

Албетте, эмгекти баштан аяк  комментариялап чыгуу менин максаты-ма кирбейт, анын зарылчылы-гы да жок. Китепти окуп чыккан адам жалгыз эле бир үй-бүлөнүн башына түшкөн мүшкүлдү эмес, жалпы адамзатка келген апаат-тын ызгаарын сезгендей болот. Иши кылып эми мындай окуялар кайталанбай, Кыргызстандын калкын кудай өзү колдоп, жа-раткан өзү жар болсун.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ,

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору, саясий илимдеринин доктору

Поделиться

Комментарии