ЗАМАНГА ШАЙКЕШ ИНСАНДЫ ТАРБИЯЛАЙЛЫ

  • 13.05.2016
  • 0

 ”Тарбиясыз билим берүү акмактын колуна кылыч карматканга барабар”.  Дмитрий Менделеев

Кыргыз Республикасынын адамды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган улуттук билим берүү концепциясында тармакты сапаттык жагынан кайра куруунун негизги шарты – бул коомдун экономикалык жана саясий системасынын өзгөрүшү экендиги ачык көрсөтүлгөн. Мындай олуттуу өзгөрүүлөргө эӊ биринчи кезекте билим берүүнүн тарбия жааты даяр эмес экендиги жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөр көрсөтүп турат.

Тарыхый эстутум, эстетикалык табит

Заманбап талаптарга жооп бере ала турган инсан предметтик сабак учурунда даяр түрүндө калыптанып кала тургандай кайдигер мамиле жасап келгендигибиз жашыруун эмес. Бул көӊүл коштук бир жагынан коомдо улуттук идеологиянын, тарбиялоо концепциясынын реалдуу иштелип чыкпагандыгынан, натыйжада педагогикалык жамааттардын тарбия иштериндеги жетектөөчү жаӊы идеяларсыз эле калыптанган эски ыкмалар менен кылдырап иштеп жаткандыгынан көрүнөт. Жаш муундун акылын билим менен абдан азыктандырып, бирок көкүрөгүн көӊдөй калтырсак, руху бечелдер эртеӊки эл тагдырын чечүүгө жарабастыгы анык.

“Адамды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган улуттук билим берүү концепциясы кандай болууга тийиш?” — деген суроо бир гана педагогдорду эмес, коомчулуктун бардык катмарын түйшөлткөн түйүндүү көйгөй экендиги талашсыз. Акыркы жылдары аталган маселе боюнча жасалган бир топ жагымдуу жылыштарды, топтолгон алдыӊкы эл аралык тажрыйбаларды жана улуттук аӊ сезимдин активдешүүсүн эске алуу менен башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тутумундагы №98 кесиптик лицейинде инсандын туруктуу өнүктүрүү багытындагы топтогон тажрыйбаларын коомчулук менен бөлүшүүнү чечтик. Окуу жайдын жетекчиси               Нурисат Увановна Иманкулова өзүнүн отуз жылдан ашуун педагогикалык жана жетекчилик тажрыйбасынын жыйынтыгы катары өз келечегине аӊ сезимдүү талдоо жүргүзүп, максаттуу жана ийгиликтүү ишмердикти тандай билген жаш адамды тарбиялоо деп эсептейт. Борбор шаарыбыздын алдыӊкы техникалык окуу жайларынын бири болгон байланыш лицейинин тарбиялык темасы: “Тарыхый-маданий эс тутуму калыптанган жана эстетикалык табити өнүккөн мекенчил жана кесипкөй инсанды тарбиялоо”.

Башталгыч этапта тарбиялоонун субъекти болгон окуучунун турмуштук тажрыйбасын, өнүгүү деӊгээлин эске алуу менен анын дүйнөсүн ар тараптан асылдандырууга багытталган түрдүү формадагы иштер жүргүзүлөт. Жаӊы келген студенттердин ден соолугу атайын белгиленген убакыттын аралыгында дыкат текшерүүдөн өткөрүлөт, окуу жайга бекитилген врач-терапевт жекече кеӊештерди берип, муктаж болгондорго медициналык жардам берет. Кураторлор жаштар менен ар кандай зыяндуу адаттардын алдын алуучу аӊгеме-талкуу уюштурушат. Лицейдин тайпаларынын арасында мониторинг жүргүзүлүп, алардын окуу аудиторияларынын тазалыгы, окуудагы жетишүүсү жана катышуусу, тарбиялык иштердеги күжүрмөн, чыгармачыл иштери боюнча рейтинги бааланып жыйынтыкталат. Жеӊүүчүлөргө атайын орундар, сыйлыктар ыйгарылат. Ар бир окуучу кызыгуусуна карай спорттук секцияларга жана ийримдерге тартылат.

Лицейдин техникалык багытын толуктоо жана байытуу үчүн орус тили, кыргыз тили жана англис тили боюнча ийримдер сабактардан кийин иш алып барышат, бул жаштардын тилдик тоскоолдуктарды жеӊип, жаӊы уюшулуп жаткан студенттик жамааттарга тезирээк аралашуусуна шарт түзөт. Мындай тилдик жана маданий баарлашуу алардын дилин байытат, бир максатка бириктирүүгө жардам берет. Анткени окуу жайда ондон ашык улут балдары окушат.

Көп тилдүүлүк – кенен жол

 Лицейдеги бардык иш-чаралар кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлүп, майрамдык кечелерде ар түрдүү улуттардын маданиятын алып чыгууга шарт түзүлөт. Тилдик көп түрдүүлүк инсандын өнүгүүсүнө жол ачкан ийкемдүү куралга айлануусу тарбиялап окутуунун дагы бир өнүмдүү ыкмасы экендигин биздин көп жылдык тажрыйбабыз да көрсөтүп олтурат. Көп тилдүүлүк инсандын дүйнөлүк маалымат талаасына ийгиликтүү чыгышына жана өз кесибин талаптагыдай жогорку деӊгээлде өздөштүрүп кетишине кеӊири жол ача тургандыгы талашсыз. Бул жагдай эч кимдин тилдик укугун чектебейт, тескерисинче, ал жагымдуу чөйрө катары инсандын ой чабытын байытуучу негизги шартка айлана тургандыгын лицейде уюштурулуп жаткан көптөгөн иш-чаралар далилдейт. Студенттердин өзүн-өзү башкаруу кеӊеши ар түрдүү улуттагы студенттерден түзүлүп, алардын демилгеси боюнча жаштар шаардын аз камсыз болгон катмарына жардам берүү демилгесин көтөрүшкөн.

”Чач тарач – сулуулоочу” кесибин өздөштүрүп жатышкан студенттерибиз Абай, Интергельпо көчөлөрүндө жайгашкан карылар үйлөрүнө, Бах жана Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги кароосуз калган балдар үйүнө барышып, аларды акысыз тейлеп турушат. Күжүрмөн жаштар шаардагы балдардын кризистик борборуна да өз каражаттары менен ар түрдүү зарыл буюмдарды, оюнчуктарды сатып алышып жана чогултушуп, Нооруз майрамына карата концерттик номерлер менен барып келишти. Студенттердин өзүн-өзү башкаруу кеӊешинин демилгеси менен «Лицей FM» ички радиосу иштей баштаган, бул радио аркылуу орус жана кыргыз тилинде окуу жайдагы жаӊылыктарды, кызыктуу программаларды кабарлашып, ар түрдүү тилдердеги музыкалык бай фонотека топтолууда. СИТ тайпасынын (специалист по Интернет технологиям) устатынын жетекчилиги менен лицейдин атайын сайты түзүлүп, о. э. иш берүүчүлөрдүн сайттарында да окуу жай тууралуу маалыматтар жаӊыланып турат.

Тарыхый жана маданий тажрыйбаларды өздөштүрүү этабы – бул тарбиялык процесстердин лицейде калыптанган ар түрдүү формадагы жана эӊ негизги бөлүгү. Лицей сыяктуу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин негизги контингентин алыскы аймактар менен борборубуздун жаӊы конуштарынан келген жаштар түзө тургандыгын эске алып, аларды эӊ алгач коомдун маданий-рухий байлыктары топтолгон китепканаларга, музейлерге жана театрларга атайын график менен экскурсияларга алып чыгууга аракеттенебиз. Мисалы, Г. Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейи менен көп жылдардан бери салттуу түрдө келишим түзүлгөндүктөн, жыл сайын атайын факультативдик сабактар көргөзмө залдарында өткөрүлөт.

Музей күнүн утурлай

 Студенттер музей күнүнө карата уюштурулган иш-чараларга активдүү катышып турушат. Борборубуздагы тарых музейи да окуучулардын тарыхый эс тутумун калыптандырууга багытталып, улуттун уӊгулуу тарыхын ар бир инсандын жан дүйнө таразасына салып талдоо ишине зор өбөлгө болууда. Ушул максатты ишке ашырууда “КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер” Зинакан Кайыпова менен биргеликте КТРК музейине экскурсия зор түрткү болду. КТРК музейине келген студенттер теле жана радио берүүнүн тарыхы менен гана эмес, өз кесибинин чеберлери болуп, кыргыз тилин көркүнө чыгара сүйлөгөн Т. Жаманбаева, Ж. Кайыпов, Б. Мамытовдун, кыргыз тилинин патриоту Дооронбек Садырбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы менен жакындан таанышып, алардын жеке буюмдары, жазган кол жазмаларын да көрүүгө мүмкүндүк алышты.

Байланышчы кесибин өздөштүрүп жатышкан студенттер үчүн КТРК тарыхы, азыркы учуру жана келечеги менен таанышуу кыргыз тарыхына, тилине болгон зор кызыгууну жаратты. Шаарыбыздын Арсен Өмүралиев атындагы театрына, Ч. Айтматов атындагы орус драма театрына жана Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрына биздин студенттер көрүүчү жана талдоочу катары да катышып, тил сабактарында талкуу уюштуруп, эссе-баяндама жазып талкуулашат.

Тарбиялык иш-чаралар лицейдин “Нурай” сүрөт галлереясында өтө тургандыгын эске алсак, жаштардын маданий чөйрөсүн асылдандырууга жана жан дүйнөсүн байытуучу баалуулуктар менен көбүрөөк баарлашуучу эӊ сонун, ар тараптуу жагдай түзүлгөнүн айтууга болот. Кыргыз Эл сүрөтчүсү Абдырай Осмоновдун эӊ сонун көргөзмөсү лицейдин жагымдуу залында зор кызыгуу менен өткөрүлдү. Ошондой эле Ш. М. Анарбековдун, Н. Иннокентьевдин, М. С. Султаналиевдин, А. Т. Шаршекеевдин көргөзмөлөрүн студенттер менен бирге социалдык өнөктөштөр, иш берүүчүлөр жана белгилүү искусство ишмерлери, эстетиктери катышып, ММК кеӊири чагылдырылды. 2012-15-жылдары “Кереметке көз чаптыр” аттуу таланттуу балдардын иштери студенттердин эстетикалык табитин асылдандырып, керемет сулуулукка болгон дилгирлигин ойготту.

Өзөккө бурулуп, өзүн таануу

 Топтолгон социалдык, тарыхый-маданий тажрыйбалар аркылуу өзүн- өзү таанып билүүсү жана аларды өз жүрүм-турумунун активдүү мүнөзүнө айландыруусу эӊ негизги жана жыйынтыктоочу этап болуп саналат. Биздин ишибиздин жыйынтыгын көрсөтүүчү кызыл сызык мына ушул мезгилдин бүктөмүндө катылган. Улуттун уӊгулуу тарыхын түзгөн улуу адамдардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу адабий-музыкалуу кечелер, жолугушуулар, презентациялар өткөрүлөт. Мисалы, лицейде улуу жазуучубуздун чыгармачылыгына арналган «Ч. Айтматовдун ааламы» аттуу традициялуу адабий-музыкалуу кечелер түрмөгүөткөрүлүп турат. Кечени кыргыз тилинде окуган СПС, ПВ-1 жана орус тилдүү башка тайпалар, лицейдин алдында иштеген «Айкөл» чыгармачыл ийрими биргелешип өткөрөт. Залкардын өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча слайд-шоу жасалып, кино искусствосунда экинчи өмүрүн жашап жаткан чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлөт. Мындай кеченин коноктору болуп Роза Айтматова, Бакыт Карагулов, Т. Байдөбөтов сыяктуу кыргыз улуттук маданиятынын белгилүү ишмерлери катышты.

Адабий жана тарыхый баалуу мурасыбыздын калыптануу тарыхын, белгилүү манасчылар жана изилдөөчүлөр тууралуу жаӊы технологиялардын каражаттары аркылуу жеткиликтүү маалымат алышты. Айрыкча жаштардын эстетикалык табитин калыптандырууда “Манас” темасына кайрылган улуттук театр чеберлеринин оюну (“Манастын уулу Семетей” драмасынан үзүндү), баатырдык эпостун элестерин боёк менен бере билген атактуу сүрөтчү Таалай Курмановдун эмгектери, манасчы Талантаалы Бакчиевдин эпосту аткаруу өзгөчөлүгү зор роль ойноду. Ошондой эле лицейдеги “Өчпөс жылдыздар элеси” аттуу кечелер да эл үчүн жасаган эмгеги менен, өрнөктүүөмүрү менен улуттук маданиятыбыздын асманында жылдыз болуп түбөлүккө жанган белгилүү инсандарыбыздын үлгүсүн жаштарыбыздын ой сезимине сиӊирүү, чыгармачыл эмгекке, рухий сулуулукка умтулуусун арттырат.

Мындай жагымдуу маанайда өтүүчү кечелерди коштогон слайддарды студенттер өз алдынча маалымат топтоп түзүшөт жана презентация жасашат. Учурда студенттердин өз алдынча иштери катары Ч. Айтматов, М. Рыскулов, Б. Бейшеналиева, Б. Миӊжылкиев, С. Чокморов, Т. Турсунбаева, Б. Шамшиев, Т. Океев тууралуу слайд-баяндамалардын, автобиографиялык фильмдердин топтому китепканабызда сакталып турат. Улуттук маданиятыбыздын атактуу адамдары менен дайыма жолугушуп пикир алмашуу, көзүөткөндөрдүн замандаштары, жакындары менен чогуу эскерүү лицейдин көп жылдык салтына айланганы да кубанычтуу көрүнүш.

Өздөрү издеп окушат

Кыргыз элинин маданий тарыхынын, каада-салтынын байлыгын жана маӊыздуулугун даӊктаган “Жаша, Нооруз” майрамы шаӊдуулугу менен да, элдик таберик табылгалардын тарыхы катары да жаштардын жан дүйнөсүнөөнүмдүү угут таштайт. Бардык иш-чаралар кайра кайтарымдуу байланыштарды камсыз кылуучу сынак, брифинг, сурамжылоо формасындагы иштер менен коштоло тургандыгын белгилейбиз. Анткени жаштар өткөндөгү атактуу ата-бабалары тууралуу ой жүгүртүшөт, аларды үлгү тутушат, алар менен сыймыктанышат.

Жаш адамдын социалдык кызыкчылыгын жана турмуштук тажрыйбасын окуунун бардык түрүнө (кинотеатр, телевидение, компьютердик тексттер) болгон кызыгуусу менен байланыштыра билүү керек деп эсептейбиз. Мисалы, Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча  тартылган кинофильмдер көрсөтүлүп, талкуу уюштурулган адабий кечелерден кийин улуу жазуучунун ар бир чыгармасын студенттер өздөрү издеп окушат.

Дүйнөлүк классикалык чыгармалардан сырткары, жаштардын өзүн-өзү таанып билүүсүнө түрткү берген жана учурдагы иштиктүү жана чыгармачыл адамга коюлган талаптарды иштеп чыгуу технологияларын үйрөткөн инсандык өнүгүүгө багытталган психологиялык адабияттар да көп кызыгууну туудурат. Мындай күжүрмөн окурмандардын санынын артышына китепкана тарабынан уюштурулган “Күжүрмөн окурман тайпа”, “Кыз жана жигит” аталышындагы сынактар да түрткү болууда.

Лицейдин китепканасынын алдында «Айкөл» чыгармачылык ийрими уюштурулган. Мындай чыгармачыл топ окуу жайда өткөрүлгөн тарбиялык иш-чаралардын мазмуну көркөм жана тереӊ, формасы жагынан кызыктуу болушуна шарт түзөт. Демек, тарбиялык иш-аракеттердин натыйжасында социалдык жана маданий тажрыйбаларды өздөштүрүп, тарыхый эстутуму, маданий деӊгээли, инсандык сапаттары туура калыптанган жаш адамды, заманбап технологиялар аркылуу өз кесибин талаптагыдай аткарууга даярданган келечектеги жаш адисти тарбияласак гана, адам коому ийгиликтүү өнүгүшү мүмкүн.

Курманкан АБДИЕВА, Бишкек шаары

Поделиться

Комментарии