ТАЛАНТТУУ ПЕДАГОГ, ИШМЕР ЖЕТЕКЧИ

  • 16.02.2015
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясынын профсоюз уюмунун төрагасы, «Билим» басма борборунун башкы адиси Субанов Садыркул Ыманкул уулу 65 жашка толду.

Садыркул  агайдын  билим  берүү cubanjvтармагында басып өткөн жолу көп кыр-дуу,  узун  жана  сыймыктуу.  Ал  Кыргыз  мамлекеттик  университетинин  химия  факультетинде  окуп,  белгилүү академиктер К.Сулайманкулов, У.Асанов, К.Рысмендеевден сабак алган. С.Субанов педагогикалык эмгек жо-лун 1973-жылы Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа орто мектебинде химия са-багынын мугалими болуу менен баштап, 1975-жылдан мектеп директорунун орун басары, 1977-жылы мектеп-интернаттын окуу бөлүмүнүн башчысы, 1978-1981-жыл-дары №3 Фрунзе атындагы (Ташкыя) орто мектебинин директору болуп иштеди. Ал 1981-1984-жылдары агартуу кыз-маткерлеринин профсоюзунун Кара-Кулжа райондук комитетинин төрагалыгына шайланып, аз убакыттын ичинде профсоюздук уюштуруу иштерин мыкты өздөштүрдү. Ал эми 1985-1991-жылдары Сузак районунда-гы Николаев атындагы орто мектебинин директору болуп иштеп турган учурда, ал жетекчилик кызмат менен бирге «Мыкты мугалим – таланттуу окуучу» деген экс-перименттик тажрыйба жүргүзүп, мектепке жалаӊ таланттуу жана тажрыйбалуу муга-лимдерди топтоп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жетишкен. Натыйжада мектептин жаралуу тарыхында алгачкы жолу көптөгөн алтын жана күмүш медалына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү чыгарып, коомчу-луктун алкоосуна татыган. Садыркул  агай  1991-жылы  Жалал-Абад областтык билим берүү башкарма-сында мектептер бөлүмүнүн башчысы, 1992-1997-жылдары областтык мугалим-дердин  билимин  жогорулатуу  илимий-методикалык борбордун директору болуп дайындалып, эӊ мыкты кадрларды топтоп, түштүк аймагында биринчи жолу компьютердик  техниканы  билим  берүү системасында колдонууну мугалимдерге окутуп-үйрөтүп, тестирлөө борборун, окуу телеберүүсүн уюштурганын кантип айтпай коебуз. Ал кесиптештеринин, санаалашта-рынын пикиринде таланттуу, ишмер педагог — жетекчи.

— Таланттуу жана ишмер педагог — жетекчи катары 1997-2003-жылдары Кыргыз билим берүү институтунун Жалал-Абад-дагы Түштүк филиалын уюштуруп, анын директору, 2004-2008-жылдары Кыргыз билим берүү академиясынын ушул эле шаардагы билим берүү борборунун директору болуп иштеп, окумуштууларды областтык мугалимдер менен тыгыз бай-ланышта эмгектенүүгө «көпүрө» болуп кыз-мат өтөп келди. Анын демилгеси менен акыркы жылдары окумуштуу-педагогдордун жардамы аркылуу областта мугалимдер-дин билимин жогорулатуу курстарында беш миӊден ашык мугалимдер ар кандай адистиктер боюнча жаӊы шартка жараша билим деӊгээлин көтөрүүгө жетишишти. Ал мугалимдер, авторлор менен бирдикте окуу китептерге өзгөртүүлөрдү, жаӊылыктарды киргизишти.2009-жылы Кыргыз билим берүү ака-демиясынын Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунун базасын-да ачылган орто кесиптик билим берүү бөлүмүн да ал ийгиликтүү жетектеп келди. Тажрыйбалуу жана камкор педагог ката-ры ал профкомдун төрагалыгына шайланып, илимий кызматкерлердин шарттарын түзүүдө жана ден соолугун чыӊдоодо камкордук көрүп, жаштарга үлгү көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, өнүгүүгө туура жол көрсөтүп, чоӊ кадыр-барк топтоду. Учурдан пайдаланып, агайга узун өмүр, чын ден соолук, ишине чыгармачылык ийгиликтерди, бакубат жашоону каалайбыз, — дейт Кыргыз билим берүү академиясынын пре-зиденти Абакир Мамытов.

Ал эми Ош мамлекеттик социалдык уни-верситетинин Ала-Букадагы колледжинин директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент С.Рыспаеванын айтымында, Садыркул агай билим берүүдөгү таланттуу педагог, уюштургуч жетекчи, тажрыйбалуу тарбиячы эле эмес, ишке жан дили менен берилген ишенимдүү дос.

— 1992-1993-жылдары Сузактан Чаткал-га чейинки областтын 46 мектебине компьютердик техникаларды койдуруп, мугалимер-ди үйрөтүп даярдаган. 1993-1995-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетин уюштурууга, материалдык базасын түзүүгө чоӊ салым кошуп, химия лабораторияла-рын жабдууга жакындан жардам көрсөттү. Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  “Эмгек  сиӊирген  кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Садыркул агайдын билим берүүгө кошкон салымы ат  көтөргүс.  Ошондуктан  билим  берүү кызматкерлери аны “түштүктөгү Бекбоев” деп аташат, жакындары болсо «азыркы замандын Дүйшөнү» деп урматташат. Ал ар кандай сыйлыкка да, сыймыкка да татыктуу. Юбилейи менен биз эле эмес, миӊдеген окуучулары, миӊдеген мугалимдер аны куттукташууда, — дейт С.Рыспаева»Эмгек жерде калбайт» дегендей, Садыркул Субановдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз ССРинин «Ардак тактасына» жазылып, «Агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын «Кыргыз тили» жана Кыргыз Республикасынын «Профсоюздук кыймылынын отличниги» төш белгилеринин ээси, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, министрлик менен шаардык кеӊештин Ардак грамоталарына татыган жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии