Спартакиада — патриоттуулукка тарбиялайт

  • 20.05.2013
  • 0

Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча республикалык спартакиаданын финалдык туру башталды.

Спартакиада 15-18-майда Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунда болот. Иш-чаранын катышуучулары начар көргөн балдардын республикалык мектеп-интернатында жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыз кылынууда.

Спартакиаданын жеӊүүчүлөрү дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Республикалык аскердик прикладдык спартакиада балдарды па­триоттуулукка, эли-жерин коргоого, улууларды урматтоого тарбиялоо менен окуучулардын аскердик өнөр боюнча билимдерин жогорулатат. Мындан тышкары, жаштарды дени сак жашоого үгүттөп, мамлекетибиздеги спорттун өнүгүшүнө да чоӊ салым кошот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Поделиться

Комментарии