ОшМУ АЛДЫӉКЫ МЕКТЕПТЕРДИ КОЛДОЙТ

  • 22.05.2015
  • 0

ОшМУ 2013-2014-жылдарда ЖРТнын негизинде жогорку балл менен гранттык орундарга кабыл алынган студенттердин санына жараша мектептердин рейтингин чыгарып, натыйжада  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 12 мектепке “Электрондук мектеп”  программасынын  сертификатын тапшырды.

Чыгарылган рейтингге ылайык мектеп окуучуларына сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн Ноокат районунун “Билимканасынын” мугалимдер жамааты I  даражадагы диплом, компьютер, Ноокат районундагы А.Парпиев орто мектебинин мугалимдер жамааты II даражадагы диплом, компьютер, Баткен районундагы  Кара-Токой орто мектебинин мугалимдер жамааты II даражадагы диплом, телевизор, Ош шаарынын №6 А.С.Макаренко мектеп-гимназиясы  II даражадагы диплом, телевизор, Кадамжай районунун №17 Кадамжай орто мектеби III даражадагы диплом, телевизор, Кара-Суу районунун №28 “Учар” орто мектеби III даражадагы диплом, телевизор, Ош шаарындагы №4 Киров мектеп-гимназиясы  III даражадагы диплом, телевизор  менен сыйланышты. Ал эми Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясы, №18 А.Навои мектеп-гимназиясы, №23 Панфилов орто мектеби, №20 орто мектеби жана Кара-Суу районундагы №61 К.Жакыпов мектеп-интернаты, №86 Курманжан датка орто мектеби, Чоӊ-Алай районундагы С.Осмонов атындагы орто мектеби, Алай районундагы Мамат Ташиев орто мектеби, Ала-Бука районундагы №6 орто мектеби, Базар-Коргон районундагы №22 Тагай уулу Камал орто мектеби, Ош областындагы №28 У.Салиева атындагы лицей-интернаты ОшМУнун электрондук китепканасынан жана “Электрондук мектеп”  программасын акысыз пайдаланууга укук берген сертификат менен сыйланышты. Ал эми  Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамааты ОшМУнун электрондук китепканасынан жана “Электрондук мектеп”  программасын акысыз пайдаланууга укук берген сертификат жана интерактивдик доска, диапроектор жана персоналдык компьютер менен сыйланды. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына караштуу шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына ОшМУнун логотиби түшүрүлгөн маркердик доскалар тапшырылды.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии