ОШ МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

  • 28.05.2015
  • 1

 ДОСТУКТУН ЖАНА ҮМҮТТҮН УНИВЕРСИТЕТИ

Ош мамлекеттик социалдык университети алгач 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз-Өзбек университети болуп  түзүлгөн. 2010-жылы  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан, Ош мамлекеттик социалдык университети (ОшМСУ) катары  иш жүргүзүүгө уруксат берилген. 2014-жылы университетибиздин түптөлгөнүнө 20 жыл болду. Университетибиз 20 жылда өзүнүн өнүгүү жолунда мамлекетибиздеги алдыӊкы ЖОЖдордун катарынанан татыктуу ордун тапты.

ОшМСУ – тез өнүгүп жаткан алдыӊкы университеттердин катарына кирет. Айта кетсек, студенттерди окутууга оптималдуу шарттар түзүлгөн: интерактивдүү доскалар, мультимедиялык жана заманбап компьютердик класстар, атайын кесиптик лабораториялар, окуу-илимий борборлору ж.б.

Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу, компетенттүү адистерди даярдоодо бүгүнкү күндө профессордук-окутуучулар курамынын сапаты чоӊ роль ойнойт. Ошондуктан университетте окуу жараянын тажрыйбалуу окутуучулар менен камсыздоого өзгөчө көӊүл бурулган.  Бүгүнкү күндө университеттин кафедраларында, циклдык бирикмелеринде 500гө жакын профессордук окутуучулар жамааты студенттерге билим берет. Ал эми илимий даражалуу окутуучулардын саны- 57, алардын ичинен: илимдин докторлору, профессорлор – сегиз;  илимдин кандидаттары, доценттер – 54. Жалпысынан азыркы күндө ОшМСУда 10000 чукул студенттер билим алууда.

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Педагогикалык эмгек жамааттын жана студенттердин билимин, илимин жогорулатуу максатында: илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн алкагында илим жана аспирантура бөлүмү, университеттин курамында инновациялык технологиялар институту, беш илимий–изилдөө борбору (ИИБ) иш алып барат. Алар:  «Альтэнерго» ИИБ, «Комплекстик бирикмелердин химиясы» ИИБ, «Инновациялык экономика» ИИБ, «Формалуу кийимдер» ИИБ, «Табигый таш» ИИБ. Ошондой эле университетте 05.14.08 – Кайрадан калыбына келүүчү энергия түзүлүштөрү, 05.02.18. – Механизмдердин жана машиналардын назарияты адистиктери боюнча кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча К-0512040 Диссертациялык кеӊеши иштейт, илимий-техникалык (илимий-методикалык) кеӊеш,  «Илим. Билим. Техника» журналынын редакциясы жана илимий китепканасы иш жүргүзүүдө.

МАДАНИЙ–МАССАЛЫК ЖАНА ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИ

ОшМСУнун маданий–массалык жана тарбиялык иштери окуу жылынын башында бекитилген  иш-чаралардын планынын негизинде жүргүзүлөт. Уюштуруу – тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча таланттуу студенттердин башын бириктирген, улуттук музыкалык аспаптар менен камсыз болгон маданий-эстетикалык борбор, «Достук» спорт клубу, Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы, түрдүү спорттук ийримдер — «Волейбол», «Баскетбол», «Ордо», «Футбол», «Стол тенниси», «Жеӊил атлетика», «Тогуз коргоол», «Шахмат», «Эркин күрөш» ж.б. ийримдер, «Спорттук аянтчалар», «Спорттук манеж», «Студенттик кошун», ар түрдүү адабий ийримдер, «Гранит» студенттик телестудиясы, «Достук планетасы» студенттик гезити  профессордук-окутуучулар жамаатынын жана  студенттердин кызматында.

Мындан ары да ОшМСУ  Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлар арасында татыктуу өнүгүүсүн уланта бермекчи.

Ош мамлекеттик социалдык университети  азыркы күндө:  беш факультеттен, үч колледжден жана бир кесиптик лицейден турат.

Жогорку билим берүү боюнча күндүзгү жана сырткы (дистанттык технологияны колдону менен) бөлүмдөргө абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

Орто кесиптик билим берүү адистиктерине кабыл алуу университет тарабынан уюштурулуучу сынак аркылуу жүргүзүлөт.

ОшМСУ адистерди көп баскычтуу даярдоону төмөнкү программалар боюнча алып барууда:

— базалык жогорку билим, бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен (окуу  мөөнөтү күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);

— орто жана башталгыч кесиптик билим берүү (9, 11-класстын базасында).

Ош мамлекеттик социалдык университети жалпы мамлекеттик тесттин негизде бюджет, контракт орундарына төмөнкү багыттагы адистиктер боюнча кабыл алууну жүргүзөт:

 

Каржы-экономикалык факультети

—  580100. Экономика (финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, ишканалардын экономикасы жана башкаруу, салык жана салыкка тартуу — негизги тест, математика);

—  540200. Социалдык иш (негизги тест, тарых);

—  580200. Менеджмент (негизги тест, математика);

—  580300. Коммерция (негизги тест, математика).

Юридикалык-бажы факультети  

— 530500. Юриспруденция (негизги тест, тарых)

 

Тарых-филология факультети

— 550300. Филологиялык билим берүү (анг.тили  —  негизги тест, англис тили) (кыргыз тили, орус тили  —  негизги тест, тарых);

—  530400. Тарых (негизги тест, тарых);

—  550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых, укук таануу — негизги тест, тарых);

—  530003. Лингвистика (негизги тест, англис тили).

Инженердик-технологиялык факультети

—  670300. Транспорт жараяндарынын технологиясы (негизги тест, математика же физика);

—  710100. Информатика жана эсептөө техникасы  (негизги тест, математика же физика);

—  640200. Электроэнергетика жана электротехника (негизги тест, физика);

—  570700. Костюм жана текстил искусствосу (негизги тест, чыгармачылык сынак);

—  740700. Жеӊил өнөр жай буюмдарынын технологиясы  (негизги тест, физика же химия).

Табигый-педагогикалык факультети

—  550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика  — негизги тест, математика же физика);

—  550100. Табигый илимий билим берүү (химия, биология, география, экология — негизги тест, биология же химия);

—  532000. Дене тарбия  (ЖРТ — милдеттүү эмес);

—  550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы — негизги тест, тарых же биология);

—  510200. Колдонмо математика жана информатика  (негизги тест, математика же физика);

—  710300. Колдонмо информатика  (негизги тест, математика же физика).

Медициналык колледжи(11-класстын базасында)

— 060102. Акушердик иш – (күндүзгү);

— 060108. Фармация — (күндүзгү);

— 060109. Сестралык иш — (күндүзгү);

— 060101. Дарылоо иши — (күндүзгү);

— 060105. Стоматология — (күндүзгү).

Социалдык колледжи(9-11-класстын базасында)

—  260903. Тигүү буюмдарын үлгүлөө жана  конструкциялоо — (күндүзгү);

—  050704. Башталгыч класстарды окутуу – (күндүзгү, сырттан);

—  050704. Мектепке чейинки билим берүү — (күндүзгү, сырттан);

— 140212. Электрдик камсыздоо  (тармактар боюнча) — (күндүзгү);

— 190604. Автомобиль транспортун оӊдоо жана техникалык кароо — (күндүзгү);

— 210309. Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программмалык камсыздоо — (күндүзгү, сырттан);

— 080116. Финансы (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);

—  080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) — (күндүзгү);

— 030505. Укук таануу — (күндүзгү, сырттан).

Кесиптик лицейи

—  5146. Бычмачы;

—  5147. Электр жабдууларын оӊдоо боюнча  слесарь, электрик жана ширетүүчү;

—  7443. Тигүүчү;

—  5410. Чач тарач, косметолог.

ОКУУГА КАБЫЛ  АЛУУ ҮЧҮН ТАЛАП  КЫЛЫНУУЧУ НЕГИЗГИ ДОКУМЕНТТЕР:

—  Ректордун атына жазылган абитуриенттин арызы;

—  паспорт (көчүрмөсү);

—  негизги орто, орто, орто кесиптик же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документ;

—  тестирлөөнүн жүрүшүндө алган баллы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы;

—  аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк;

—  3×4 өлчөмүндөгү алты даана сүрөт.

            Дареги: Ош ш., Г. Айтиев көчөсү, 27, Курманжан Датка кичи р-ну, Н.Исанов көчөсү, 79.

 тел: (03222) 5-70-55, 2-34-73, 2-54-73, 4-87-20.

Поделиться

Комментарии

Жылдызкан / 04.12.2016 04:53
Чынара Авазова деген мугалимге айтып койгулачы. Бироонун уй-булоосун бузбай журсун. Мугалимдик этика кайда калды. Ош социалдык университеттин мугалимдери эрсиз калганбы? Ушундай мугалимге келечек муундарды кантип тапшырабыз.