ОКУУЧУЛАР ОЛИМПИАДАСЫ МЫКТЫЛАРГА ДЕМ БЕРЕБИ ЖЕ?..

  • 27.03.2015
  • 0

Жыл сайын олимпиада башталганда мектептерден мыкты окуйт деп тандалган окуучулар райондук деӊгээлде иргелип, алдыга озгондору облустук, анан республикалык турга келип, жеӊип чыккандары жогорку окуу жайга кыйла оӊой өтүшөрү белгилүү. Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт дегендей, мыктылардын мыктылары озуп, улам кийинки айлампага өткөн сайын катары суюлуп, чыныгы татыктуулары марага суурулуп келген учур кандай шаӊдуу, кандай сүрдүү! Бирок чоӊ турмушка кадам койгон улан, кыздардын чоӊ жарышы канчалык туура уюштурулуп, тандоо канчалык калыс жүргүзүлөт? Ар кайсы предметтер боюнча сынак өткөрүүчүлөр кандай жоопкерчиликтүү ишти аркалап жатканын сезеби?

Билимдин баасы жана наркы: «бешиӊ» «үчкө» арзыйбы?

Ырас, баалоонун субъективдүүлүгүнөн чоӊ жарышка чыныгы татыктуулар эмес, шык-жөндөмү, билими, атайын даярдыгы ортозаар болгондор катыштырылып калышы да мүмкүн. Мисалы, бир мектепте жалаӊ «бешке» окуп жүргөн бала башка мектепке барганда «үч» менен «төрттөн» ары өтө албай калат. Кээде тескерисинче окуусу начар делген бала башка мектепке которулганда алдыӊкылардын катарында туруп калат. Конкреттүү мектептер ортосундагы эле эмес, жогорку билим берүү тутумундагы коюлуп жүргөн баалар менен турмушта ар бир бүтүрүүчү жетишкен ийгиликтер да коошпой, мектептин же университеттин «мыктылары» колунан эч нерсе келбей, кечээки «үчкө» окугандарга жалдырап калган учурлар абдан көп кездешет эмеспи. Андыктан беш баллдык баалоодон рейтинг аныктоо тутумуна өтүү зарылдыгы эчак эле бышып жетти.

Баалоонун  субъективдүүлүгү,  мугалимдин утурумдук маанайына, пенделик мамилесине  байланышкандыгы,  кээде карөзгөйлүгү, чындыктан алыстыгы далай жаштардын турмушта адашуусуна себеп болуп жаткан жокпу? Мисалы, химиядан көтөрмөлөнгөн «бештерди» алып жүрүп мектепти аяктаган окуучу медицинаны, адабияттан эки барак текстти өз алдынча жазып көрбөсө да, мугалимдин жаттатма тапшырмаларын дайым так аткаргандыгы үчүн жакшы баа алган бүтүрүүчү журналистиканы, филологияны тандап, бөөдө убара чеккен мисалдарды ким билбейт? Кесипке багыттоодо теориялык камылгадан тышкары ар бир баланын мүнөзү, темпераменти, шык-жөндөмү да көбүнчө эске алынбайт бизде.

Байге уурдап саткандар

Олимпиаданын алдыӊкы орундарын жеӊ ичинен соодалаган шылуундар сынакта «жандоочулукту» ачык эле сунуштап жүргөнү дайыма айтылып жүрөт. Мунун чындыгын мектептеги эӊ билимдүү окуучулар облустук сынакта 5-6-орундарга араӊ илинип, алардын ортодон эле бир аз жогору деӊгээлде окуган классташтары республикалык турга суурулуп чыгып кеткен фактылар кыйыр түрдө тастыктады. Ырас, муну деле мектептеги баалоонун субъективдүүлүгү менен байланыштырса болот. Бирок «калыстар» кара кылды как жарууну эмес, капчык кампайтууну ойлоп калган болсочу?.. Мисалы, маселелердин чыгарылышын «жеӊүүчүлөрдүн» колуна берип коюшсачы? «Балаӊдын алдыӊкы орунга  чыгышын  кааласаӊ,  жолдугун жаса», — деп кыйыткандардын жоругу ушуну каӊкуулап тургансыйт.

Калыстыкты камсыздоо үчүн бардык деӊгээлдерде  олимпиаданы  уюштуруп өткөрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Нааразы болгондор апелляция кылганга акылуу. Бирок муну да толук аныгына жеткирбесе болбойт. Алсак, орто окуган бала мыкты окуган классташынан озуп кеткен учурда экөөнө теӊ көз карандысыз комиссиянын көз алдында бирдей типтеги, татаалдыктагы маселе чыгартып көрсө болот.

Ачык-айкындык – калыстыктын зарыл шарты

Эгер ар бир баланын тагдырына, демек, бүтүндөй улуттун тагдырына кайдигер карабай, ар биринин жана бүткүл элдин даремети  толук  ачылышын  кааласак, олимпиаданын, ага чейинки жана андан кийинки балдарды баалоонун калыстыгын,  объективдүүлүгүн  камсыздагыдай шарттарды түзүшүбүз керек. Бул максатта төмөндөгүдөй иштерди аткаруу керек деп ойлойм:

1. Бардык талапкерлердин соӊку 2-3-класста «басып өткөн жолу»: чыгарган маселелери, аткарган көнүгүүлөрү, жасаган иштери, жетишкен ийгиликтери, жалпы рейтингдеги орду ж.б. аудио – жана видео жазуулары менен Интернетке коюлушу керек. (Айтмакчы, жакында Россияда окуучулардын реферат, дилбаян ж.б. жазуу иштерин интернетке койдуруу талабы киргизилди). Ошондой эле олимпиадалар, мамлекеттик жана көчүрүү сынактарынын материалдары да элдин көз алдында турушу абзел. Олимпиадада «озгондордун» кыйласы ЖРТда орточо көрсөткүчкө жетпей калышы да мүмкүн. Же кошумча аламан байгеде четке сүрүлүп калган, бирок Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча окууга өткөн классташы менен жанаша отуруп, кайра эле андан начар экендиги оркоюп билинип калышы ыктымал.

2. Мугалимдерге окутуунун жаӊы усулдары менен катар рейтинг менен баалоо ыкмасын да жакшылап үйрөтүү керек. Эч болбосо ортоӊку класстардан баштап ар бир баланын кайсы сабак боюнча кандай деӊгээлге жеткендиги Билим берүү жана илим министрлигинин атайын сайтында чагылдырылып турганы жакшы. Азыр кээ бир ичи тарлар жаптырыш керек деп жаткан «Себат» лицейлеринин артыкчылыгы ырааттуу, ургаал окуткандыгы гана эмес, бардык лицейлер боюнча ар бир окуучунун жетишкендиктери чейрек сайын рейтинг түрүндө көрсөтүлүп тургандыгы менен да шартталган. Тесттердин түркүн түрлөрүн пайдаланып, субъективдүүлүктү колдон келишинче азайтып, кимдин мүмкүнчүлүгү кандай болуп жатканын жалпыга көрсөтүп турса, балдардын атаандаша окууга кызыгуусу  артат.  Баалоо  тутуму  калыс, объективдүү болсо, олимпиадада, ЖРТда күтүүсүз жагдайлар, нааразылыктар азаят.

3. Чыныгы татыктуу талапкер апелляцияга бербесе деле «жеӊүүчүлөрдөн» кыйла өйдө экендигин ЖРТ жыйынтыгы, ЖОЖдогу мыкты окуусу менен далилдеши мүмкүн. Олимпиада, сынак өткөрүүчүлөрдүн, баа койгондордун  жоопкерчилигин  күчөтүү зарыл. Анткени алар улуттун келечегине жолду кеӊейтишет же тарытышат. «Калыстардын» карөзгөйлүгү аныкталган учурларда мындайларды кийинки сынактарга жолотпой, атүгүл административдик айып тарттырыш керек.

Жолдош ТУРДУБАЕВ

Поделиться

Комментарии