Нарында кыргыз-түрк лицейинде акыркы коӊгуроо салтанаты болуп өттү

  • 24.05.2013
  • 0

Нарын областтык Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында Муратбек Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин 11-классынын окуучуларына арналган «Акыркы коӊгуроо» аземи болуп өттү.

Салтанатка окуу жайдын эмгек жамааты, окуучулары, ата-энелер, жергиликтүү бийлик жетекчилери, Кыргызстандагы «Себат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды жана Европадан, Түркиядан, Бишкектен барган 80ге жакын кыргыз жана түрк улутундагы демөөрчүлөр катышты. Аталган окуу жайдын директору Халил Кочтун айтымында, быйыл Нарында кыргыз-түрк лицейинин ачылганына 20 жыл болду.

— Быйылкы жылы болсо биздин уядан 31 балабыз учканы турушат. Мен балдарыбызга ден соолук, жакшылык, келечекте Нарын элин жана ата-энелерин унутпаган, Кыргызстанга кызмат кылган адамдардан болушун чын жүрөктөн каалаймын, — деди ал.

Ал эми өз сөзүндө Нарын облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбеков Нарын кыргыз-түрк лицейинин  бүтүрүүчүлөрү  учурда Европада да иштеп жаткандыктарын белгиледи.

— Мен жакында Голландияга, Германияга, Францияга барып келдим. Ал жактан бизди бир боор түрк туугандар тосуп алып жатышты. Мен ошол Европадан биздин Нарындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүрүп,  иштеп жаткан балдарды жолуктуруп сыймыктандым, — деп билдирди ал.

О.Инандын айтымында, республикадагы 15 кыргыз-түрк лицейлерде 800дөн ашуун бүтүрүүчүлөр окуу жайды аяктап жатышат.

Мындан сырткары, ушул күндөрү Нарын шаарында кыргыз-түрк кыздар лицейинин имаратынын пайдубалын салууга капсула салынды.  375 орундуу мектеп үч жыл аралыгында бүтүрүлөт. Ага 3 млн. доллар сарпталмакчы. Заманбап ашкана, спорт зал, жатакана жана окуу имараты курулат.

Поделиться

Комментарии