Музыка мугалими Белек БАПЫТАЕВА: “МУЗЫКАСЫЗ ӨМҮРҮМДҮ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ”

  • 24.10.2016
  • 0

Бишкек шаарындагы №10 орто мектептин музыка сабагынын мугалими Белек Бапытаева чыгармачылык жана агартуучулук айдыңындагы 25 жылдыгын белгиледи. Ал борбор калаабыздагы мурдагы В.Маяковский атындагы (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) кыз-келиндер педагогикалык институтунун мектепке чейин музыкалык факультетинин музыка бөлүмүн 1987-жылы аяктагандан бери колуна аккордеон кармап, чыгармачылыктын ары шаңдуу, ары түйшүктүү жүгүн аркалап келет.

Мектептен үйрөнгөн гармошкам мага чыгармачылыкка чыйыр салды

Белек өзү кең Таластын кызы, ал 1983-жылы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ч.Түлөбердиев атындагы мектепти аяктаган. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле музыкага шыгы ойгонуп, классташтары менен теңтайлашып жүрүп аккордеон, гармошка тартканды үйрөнүп алган эле.

—          Апам да, атам да, чоң атам да музыкага жакын адамдар эле. Атам көз жумганда апам болгону 27 жашта экен, мен болсо алты ай боюнда калыптырмын, атым Белек аталып калганы да ошондон. Кыргыз элинде “Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим” деп туура айтылат. Апам мени, бир туугандарымды алдейлеп багып-өстүрүп, баардыгыбызды окутуп, турмуш жолуна аттандырды. Ал үчүн чексиз ыраазыбыз.

Эс тартканы музыкага жакын өскөнүмдү ошол ата-энемдин, айрыкча кыл кыякчы Бапытай чоң атамдын таасири деп ойлойм. Андан тышкары, мектебибиздеги “Ак-Шоола” деген эстрадалык топтун активдүү мүчөсү болчумун. Ал кез ошондой беле, же биздин мугалимдер ошондой күчтүү беле, билбейм, айтор биздин мектепте өздүк көркөм чыгармачылыгы жакшы иштечү. Мектеп администрациясы баш болуп балдардын музыкалык жөндөмүн туш тараптан демилгелеп турушар эле. Алигүнчө эсимде, окуучулардын күчү менен даярдалган спектаклдерди, оюн-зоок концерттерди район кыдырып көргөзүп келчүбүз. Эми ойлосом ошонун баары мага, мага окшогон мына-мына турмуш жолуна аттанам, кесип тандайм деп турган жаштарга дем-күч берип, түрткү болчу экен. Айылдын башында жашаган чоң энемдердин гармошкасы болор эле. Ошол гармошканы айылдын этегинен атайын барып сурап ойночумун. Айылга концерт келгенде бирин да калтырчу эмесмин. Биздин замандын залкар ырчылары Зейнеп Шакеева, Токон Эшпаев, Рыспай Абдыкадыров, Гүлсүн Момушева, Каныкей Эралиевалардын ырларын угуп, ошолорду кумир тутуп чоңойдум. Айрыкча, Токон Эшпаевдин “Апакем кайда, мен кайда” деген ырын мектепте ырдаган учурда ыйлап да жиберчүмүн. Аны көргөн апам “ушу сенден кандай ырчы чыгат” деп күлүп калчу.

Агам “окууга өтпөсөң ферманын 15 уйун саайсың” деген

—          Эс тарткандан музыкант болом деп эңсеген мени бирок, агам финансы адиси бол деп үндөй баштады. Бирок ыр жандуу дүйнөм ага ынанбай туруп алды. Акыры айтканымдан кайтпай турганымды көргөн агам айласы кеткенде мага “эгерде өзүң каалаган окууга өтпөсөң, айылга келип фермада уй саайсың, сага 15 уй даярдап коем” деп шарт койду. Көрсө, менин намысымды ойготуптур. Мугалим болом деп деле ойлобоптурмун, иши кылса айылга кайра келбесем, музыкадан ажырабасам болду дечүмүн. Ошентип борборго келип Кыз-келиндер институтунун студенти болгонумду агама кабарлаганымда, ал мурда берген дагы бир убадасы боюнча “Кировский” деген үч катарлуу баян сатып берген.

Музыканын коштоосундагы мектеп турмушу

Музыкага болгон ышкысы ошентип Белекти жетелеп келип мугалимдикке, мектеп турмушуна аралаштырды. Окууну аяктаганда өзү сүйлөшүп жүргөн жигитке турмушка чыкты. Жолдошу Мейкин да Таластын кулуну эле. Үй-бүлө куруп балалуу-чакалуу болгондон кийин турмуш шартына байланыштуу музыка дүйнөсүнөн алыстоого туура келди. Өмүрлүк жары менен 13 жыл бактылуу жашады. Тагдырдын жазмышы экен, ал 2000-жылы жүрөк дартынан капилет көз жумганда Белек үч баласын медер тутуп, жер муштап кала берди. Ошол кезде өзү 34 жашта, кичүү кызы бир жаш жети ай эле. Оор жоготуу аны музыкадан алыстатып койсо да, көкүрөгүнө жыйылган бугун, сагынычын ырга салып, обондун муңдуу кайрыктарына топтоп жүрдү. Белин бекем бууп, ал дагы энесиндей балдарына ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, ал да энесиндей балдарын “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай” татыктуу билим-тарбия берүүгө далалаттанды. Канчалык кыйналса да, мектептен кетүү оюна келген жок. Тогуз ай мектепте иштесе, жайкы каникул учурунда базарга соодага чыгып жүрүп топтогон каражатына үй салып, балдарын жогорку окуу жайларда окутту. Уул-кыздары энесинин ишенимин актап мектепте жакшы окушту. Мектепти медаль менен аяктаган уулу Максат  юрист кесибине ээ болуп, учурда Улуттук университеттин юридикалык факультетинде студенттерге сабак берет. Кызы болсо медициналык билим алып, фармацевт болду. Көкүрөк күчүгү КГУСТАнын курулуш-технологиялык кесибинде билим алып жатат.

“Кыз вальсы” деген алгачкы обону өнөр дүйнөсүнүн каалгасын ачты

Белек Бапытаеванын чыгармачылык эргүүсү институтта окуп жүргөн кезине туш келет. Институтта окуп жүргөндө белгилүү композитор Сталбек Бактыгуловдон билим алганына сыймыктанат. Бала кезде жазган обондору бар, бирок, тексттери туура келбесе керек, мезгили жетпей унутулуп калды. Чындап киришкен чыгармачылыгы 1982-1983-жылдары “Цыган кызына” деген обону менен башталды десек да болот. Кийин Карачал Курманбаевдин сөзүнө таандык “Сезим оттору” деген обону жаралды. Ага эмнегедир адегенде обондуу ыргактар келчү, ошол көңүл кушуна төп келип жаралган бир обонуна сөз жазып берүүсүн өтүнүп Кыялбек Урманбетовго кайрылды. Ошол жылдары болсо керек, кыргыз радиосуна барганда акын Кыялбек Урманбетов менен таанышып калган эле. Жообун көпкө күттүргөн жок, бир жумадан кийин “Кыз вальсы” деген обонуна сонун текст жазып чакыртып жибериптир. Ал ырды азыр белгилүү ырчы Салима Балтаева аткарып жүрөт. “Кыз вальсы” институтта популярдуу болуп, аны обончу катары таанытты. Ошондон кийин Белектин ырлары радиодон “Бейпил түндөн”, “Кутман таңдан” байма-бай жаңыра баштаган. Белектин калемине таандык “Сезим оттору”, “Менин арноом”, “Курбулар”, жолдошуна арналган “Сүрөтүңө” ж.б. ырлары бар. Ырлардын текстин өзгөчө табит менен тандаганга аракеттенип, көбүнчө белгилүү акындардын ырларына кайрылат. Обончунун ырларында лирикалык ырлар басымдуу. Арасында сүйүү, жоготуу, издөө ж.б. сыяктуу анын абалын чагылдырган жан дүйнө жаңырыгы орун алган.

Обончу катары азын-оолак белгилүү болгондон бери ырларын сүйүп уккан күйөрмандары артып, алардын таасиринен жаралган ырлар бар. Балага, небереге болгон сүйүүсү анын чыгармачылык ыргагын улантып келет.

Балдардын музыкалык табитин тарбиялоо оңой иш эмес

Белек Бапытаева баш аягы 25 жыл мектепте музыка мугалими болуп иштеди. Билгенге балдарга музыка үйрөтүү оңой эмес. Ал азыркы учурда Бишкек шаарындагы №10 мектепте музыка мугалими жана ийримдердин көркөм жетекчиси болуп эмгектенет. Өзү окуткан балдардын арасында өнөрлүү балдар көп экендигин айткан ал, кийинки учурда комуз, бий ийримдерине балдар көбүрөөк кызыгып жатышкандыктарын белгиледи:

—          Биздин мектепте карапайым үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар окушат. Балдарды окутууда мурда план, программалар жок кыйналчубуз. Өзүбүз ар кайсы жактан алып түзүп убара болчубуз. Азыр жакшы, баары бар, оңой болуп калды. Музыкасыз, балдарсыз өмүрүмдү элестете албай кетем. Менин чыгармачылыгыма мектептеги окуучуларым, өзүм иштеген жамаатым дем-күч беришет. Балдардын чөйрөсүндө кадимкидей ырахат алам, эргийм, эс алам. Азыр биздин окуучулардын мектептеги комуз, бий, эстрадалык вокал, хор, ыр ийримдерине кызыгуулары артып баратканы байкалат. Ар бир майрам, сынактар аларсыз өтпөйт. 7-класстын окуучусу Ысманалиев Нурсейит деген окуучубуз Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган “Жамгыр ыры” деген ырымды аткарып райондук кароо конкурстарга катышып жүрөт.

Негизи эле чыгармачылык менен алектенип жүргөн адамдын эртели-кеч артына бир кылчайып, өткөн-кеткенине баа берип, өзүнүн өнөр ченемин бир өлчөп алмайы бар тура. Мен да өзүм иштеген эмгек жамаатымдын колдоосунда, коштоосунда “Кайрылгым келет жылдарга…” аттуу чыгармачылык кечемди өткөрүп, өзүмдү бир ашуудан ашкандай сезип калдым. Кечеге мени менен бирге өнөр чөйрөсүндө жүргөн кесиптештерим, ырчылар, комузчулар келишип, жылуу каалоо-тилектерин айтышты. Айрыкча, мектептин директору Гулжан Уметалиева баш болгон бирге иштешкен эмгек жамаатыма ырахмат айткым келет, — дейт Б.Бапытаева.

 

Кубаныч-кайгысы аралаш артта калган жылдарына кайрылып, өнөр секисине эл оозуна алынып калган 50дөн ашык обондуу ырлары менен келген Белектин мындан аркы чыгармачылыгына чоң-чоң ийгиликтерди каалоо менен бирге агартуучулугундагы аракеттери арбый беришине тилектештигибизди билдиребиз.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим” 

Поделиться

Комментарии