Мугалимдин профессионалдык устаттыгын жогорулатуу маанилүү иш

  • 21.03.2013
  • 0
Мугалимдин профессионалдык устаттыгын жогорулатуу маанилүү иш

Солдон оңго карай экинчиси I орундун ээси Жыпаргүл Шадыбекова

«Давха» мектеп-комплексинде «Жүрөгүмдү балдарга арнаймын» деген девиздин алдында мектеп ичинде «2013-жылдын мыкты мугалими» сынагы болуп өттү.

Мектептин илимий-методикалык иштер боюнча директордун орун басары Гүлсара Иманкулованын берген маалыматына таянсак, сынактын негизги максаты — мугалимдердин профессионалдык деңгээлин жогорулатууну, таланттуу чыгармачыл мугалимдердин жаңылыктарын башка кесиптештерине жайылтууну, окутуунун технологияларын жаңылантууну көздөйт.

— Сынак төрт баскыч менен өттү. Ириде сынактын катышуучулары визиттик карточкасын көрсөтүштү, андан соң менин педагогикалык философиям, мастер-класс, педагогикалык ринг, менин хоббим деген тапшырмаларды аткарышты. Сынакка математика мугалими Жыпаргүл Шадыбекова, башталгыч класстын мугалими Саида Раисова, дене тарбия мугалими Ольга Евсютина жана кыргыз тили, адабияты мугалими Жылдыз Масымканова катышты, — дейт Гүлсара Иманкулова.

Сынакты “кара кылды как жарган” калыстар тобу анализдеп, мугалимдик кесип өтө жооптуу, анын ичинде өзгөчө математика предметинин татаалдыгын баса көрсөтүү менен математика мугалими Жыпаргүл Шадыбекова окуучуларды уюштура алгандыгы, изденүүчүлүгү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнүп, эң жогорку балл менен биринчи орундун ээси болуп, «Жаңылыкты жаратуучу мугалим» деген номинациянын жеңүүчүсү деп табылды. Ал эми С.Раисова “Изденүүчү мугалим” номинациясын, О.В.Евсютина «Профессионал мугалим», Ж.Масымканова «Келечектүү мугалим» деген номинацияга татышты.

«Давха» мектеп-комплексинде өткөрүлүп жаткан бардык иш-аракеттер: «Эң мыкты кабинет», «Жылдын мыкты мугалими», мугалимдердин аттестациясы бардыгы тең мугалимдин профессионалдык устаттыгын жогорулатууга көмөктөш болуп келет.

— Заманбап мугалим өз билимин талыкпастан өнүктүрүп, изденип, чыгармачылыкта эмгектениши зарыл. «Адамдын жашоо маңызы өз рухун жетилтип олтуруу, дүйнөдө мындан бийик максат жок» деп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, мугалимдик кесип жооптуу, ардактуу, ары татаал. Мугалим сапаттуу билим бергенден сырткары, бир нече билгичтик сапаттарга ээ болушу зарыл. Мисалы, чыгармачыл жөндөмүн өстүрүү, ой жүгүртүүсүнүн кенендиги, өз алдынча чечим чыгара алгандыгы, изденүүчүлүгү, ошондой эле жаңы технологиялык ыкмаларды өздөштүрүүсү, аны практика жүзүндө колдоно билүүсү болуп саналат, — дейт илимий-методикалык иштер боюнча директордун орун басары.

Жогоруда айтылган максаттарды алдыга коюп, «Давха» мектеп-комплексинин мугалимдер жамааты эмгектенип келишүүдө. Бул мектепте мугалимдердин профессионалдык устаттыгын өстүрүү үчүн көптөгөн шарттар түзүлгөн. Предметтик кабинеттердин заманбап технологиялар менен жабдылышы, мультимедиялык кабинет, интерактивдүү доскалардын коюлушу, компьютердик жабдуулар, интернет дүйнөсүнө окуучулар жана мугалимдердин эркин пайдаланып кирүүсү, билим берүүнүн улам жаңы технологияларын өздөштүрүп, өздөрүнүн иш тажрыйбасында кенен пай­даланууга толук шарттар түзүлгөн. Бул окутуу-тарбиялоонун мазмунун түп тамырынан бери өзгөртүүгө алып келет. Кандай болгон күндө да мугалим негизги орунда турат, ошондуктан өнүккөн коомго ылайык компетенттүүлүгүн өстүрүп туруу талап кылынат.

Г.Мукашева

Поделиться

Комментарии