МАМЛЕКЕТТИН ПАЙДУБАЛЫН ТҮПТӨӨ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ

  • 20.03.2015
  • 0

«Үй-бүлө – коомдун башаты», — деп эзелтен айтылып келген. Үй-бүлө — бул чакан мамлекет десек жаӊылышпастырбыз. Турмуш көрсөткөндөй, үй-бүлө канчалык үлгүлүү жана бекем болсо — мамлекет да бакубат болот. Жаштарды турмушка даярдоо — улуу муундун ыйык парзы. Биз кандай тарбия берсек, ошого жараша үзүрүн көрөбүз.

Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 2-бөлүгүнүн 36-беренесинде жана ошондойэле, КР “Үй-бүлө” кодексинин 1-бөлүмүнүн 1-беренеси белги-ленгендей: “Үй-бүлө — коомдун негизи. Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык — бүткүл коомдун камкор-дугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү. Мамлекет жа-рандарды үй-бүлөлүк турмушка, жубайлыкка, аталыкка жана эне-ликке даярдоону камсыз кылат.

КР  “Үй-бүлө”  кодексинин 1-бөлүгүнүн 68-беренесинде бел-гиленгендей: ”Ата-энелер бала-ны тарбиялоого, алардын билим алышына,  камкордук  көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша  анын  иш-аракетин жетектөөгө  теӊ  укуктуу  жана милдеттүү. Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыӊдалышы, аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү…”.

Бала толук кандуу үй-бүлөдө тарбияланыш керек экени бар-дыгына маалым. Апанын жана атанын мээримин, камкордугун көргөн, үй-бүлөнүн мыйзамдары жана турмуштук мектеби менен таасирленген бала татыктуу тар-бия алат эмеспи.

Үй-бүлө мыйзамдарын билген, тарбия көргөн адам анын бийлиги-не баш ийет, үй-бүлөнүн, балда-рынын алдында жоопкерчиликти сезет. Бүгүнкү күнүөзүнүн укук-милдеттерин сезбеген, өзү билген көндүмүндө жашап, кетирген ка-таларына, кылган кылмыштарына жазаланбай жүрүп коомчулукка жана өзүнө зыян тийгизген адам-дардын саны арбын. Буга мисал, коомдогу миграция маселеси ме-нен байланышкан бир топ терс көрүнүштөр: Ата-энесинин кам-кордугунан ажыраган балдардын саны, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн, карызга батып үй мүлкүнөн ажы-раган жарандардын саны, СПИД, кургак учук илдети менен оору-гандардын, зордукка кабылган-дардын,  жабыр  тартып  майып болуп  калгандардын  саны,  өз өмүрүн кыйган балдардын саны, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок окуучулардын, мектепке тар-тылбаган балдардын саны, мерт болгон энелердин жана балдар-дын саны, жарандык үй-бүлөлүк каттоосу жок үй-бүлөлөрдүн саны, көп аял алган эркектердин саны көбөйүүдө ж.б.

Бул  проблемаларды  чечүүүчүн  мамлекеттик  деӊгээлде өзгөчө  комплекстүү  механизм-дерди иштеп чыгуу, ошолордун катарында  үй-бүлө  институтун бекемдөө,  мыйзамдардын  ал-дында ата-энелердин жоопкер-чилигин күчөтүү, алардын укуктук билимин  жогорулатуу,  үлгүлүүүй-бүлөнүн тажрыйбасын пайда-лануу, болочок үй-бүлөнүн мекте-бин ачуу муктаждыгы замандын талабы болууда. Анткени үлгүлүүүй-бүлөнүн тажрыйбасы ата-эне-ден балдарына мурас болуп өтүп, жаштардын кийинки турмушунда жакшы көнүмүшкө айланаарына көз жетет.

Баланы калыптандырып эре-зеге жеткирүүдө көп эркелетпей, даяр оокатка көндүрбөй, турмуш-тун ысык-суугуна тарбиялап, са-бырдуулукка, жоготууга да, жара-тууга да көндүрүп, аракеттенүүгө багыт берсек, кийинки турмушу-на  даяр,  ыймандуу,  күйүмдүү болуп өз алдынча оокат кылып кетээри  талашсыз.  Мыйзамда көрсөткөндөй үй-бүлө саясатын турмушка ашырууда мамлекет үй-бүлөлүк турмушка, жубайлыкка, аталыкка жана энеликке атайын даярдоону камсыз кылуусу тийиш.

Биздин коомдо “мыйзамдар талаптагыдай иштебейт” деген түшүнүк бар. Кээ бир мыйзамдар бири-бирине карама-каршы кел-ген учурлар да кезигет. Мыйзам-дарды толук кандуу иштетиш үчүн аларды даана, туура пайдалана билиш керек. Өз укуктарын кор-гой билүү үчүн калктын калыӊ катмарына мыйзамдарды кеӊири жеткирүү үчүн, атайын укук та-анытуучу адистикти киргизүүнү сунуштаганды туура көрөр элем.

“Көч бара-бара түзөлөт” де-гендей,  бири-бирин  сыйлаган, түшүнгөн, ынтымактуу, гендер-дик сезимтал үй-бүлөгө жетишиш үчүн болочок эне жана болочок атага маалымдуулук, укуктук би-лим, турмуштук тажрыйба керек десек жаӊылбастырбыз.

Ошого  байланыштуу,  жаш-тарды  калыптандырууда  үй-бүлө  саясатын  мамлекеттик деӊгээлде  кыймылдаткыч  күч катары  көрүп,  жер-жерлерде “Болочок үй-бүлөнүн мектебин” ачып,   үйлөнөөрдүн  алдында жаштарга билим берүү, сала-маттыкты сактоо, жарандык ак-тыларды каттоо органдары менен биргелешип  атайын  програм-манын  негизинде  белгиленген тартипте жана мөөнөттө башка мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, болочок жаш жубайларга тиешелүү таалим-тарбия берип, өкмөттүк деӊгээлде туруктуу иш жүргүзүүнү сунуштар элем. Ант-кени буга мамлекеттин саясаты, мыйзамдары, коомдун ментали-тети да дал келет.

«Болочок үй-бүлө мектебинин» максаты жана артыкчылыктары:

— Жаштарды турмушка даяр-доо, болочок үй-бүлөнү калып-тандырууга көмөктөшүү;

— Үй-бүлөдөгү баланын алдын-да ата-эненин функционалдык милдеттерин аткарууга үйрөтүү, эркек балдарды келечекке — ата, кыздарды — эне катары калыптан-дыруу;

— Жаш аялды эрежеге ылайык баласын туура асыроого, туура тамактантууга, күйөөсүн аздектеп күтө билүүгө багыттоо;

— Эркекке үй-бүлө багууга, аял-га — энени ызаттоого, үй эмгегин туура бөлүштүрүүгө багыт берүү;

— Мыйзам чегинде ата-эненин укук-милдеттерин, үй-бүлөнүн кы-зыкчылыгын коргоону, баланын — эненин укугун коргоону таанытуу;

— Атайын программанын не-гизинде  кесипке  багыт  берүү, ыксыз чыгымдарды кыскартууга багыттоо, үй-бүлө экономикасын пландаштырууга үйрөтүү;

—  Үй-бүлөнүн  турмуштук көндүмүн  калыптандырууну үйрөтүү;

— Үлгүлүүүй-бүлө түзүп, ынты-мактуу жашоого багыттоо болуп эсептелет.

Болочок үй-бүлөнүн мекте-бин бүткөндө жаш жарандардын арасында  үй-бүлө  маданияты, тукум улоо саламаттыгы боюнча маалымдуулук, укук-милдеттер боюнча билим көбөйөт, болочок ата жана эненин турмуш курууга көз карашы өзгөрүлөт, гендердик сезимталдык калыптанат, балдар-дын, энелердин, аталардын ден соолугун чыӊдоо боюнча аракет-тер жумшалат;

— Энелердин жана балдардын мерт болушу, ажырашуулар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, кыз ала качуу азаят, туугандык никеге турууга, эрте турмуш курууга, “ин-цестге” жол берилбейт;

— Эркектин жана аялдын, үй-бүлөнүн жана балдардын алдын-да жоопкерчилиги күчөйт;

— Жаш жубайлар өз убагында ЖААКтан (ЗАГС) каттоодон өтүүгө жана төрөлгөн балага өз убагын-да күбөлүк алууга милдеттенме алышат;

— Бир үй-бүлөдө туруктуу жа-шоо көндүмү калыптанат;

—  Үлгүлүү  үй-бүлөнүн   таж-рыйбасы  ата-энесинен  мурас болуп,  балдарынын  кийинки турмушуна өтүп уланат. Үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн саны арбыйт. Мам-лекеттин пайдубалын түптөө үй-бүлөдөн башталат.

Н.ИСМАНОВА,

Кара-Кулжа районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары.

Поделиться

Комментарии