МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАЛАР МЕНЕН ӨТКӨН АПТА

  • 15.11.2017
  • 0

Бул апта Ош мамлекеттик юридикалык институтунда түрдүү иш-чаралар менен коштолууда. Айрыкча  17-ноябрь — Эл аралык студенттердин  күнүнө карата өткөрүлгөн «Таланттуулардын таймашы» аттуу конкурсу студент жаштарга көтөрүңкү маанай тартуулады.

Майрамдын урматына уюштурулган иш-чараны алгач институттун ректору Эгемберди Токторов салтанаттуу ачып, жаштарды куттуктоо менен алардын окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чара окуу жайдын укук жана ишкердүүлүк факультетинин демилгеси менен өткөрүлүп, анда студенттер өздөрүнүн  билимин жана өзгөчөлөнгөн таланттарын түрдүү шарттарда даңазалашты. Студенттер саламдашуу, кийинүү маданияты, улуттук үрп-адаттар, жандуу үн менен  ырдоо сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. Алардын жөндөмү  калыстар тарабынан ар тараптуу таразаланып, бааланып турду. Көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жогорку баага татыган Юридикалык колледждин таланттуу студенттери биринчи орунду жеңип алышты. Аягында активдүү катышкан студенттерге, алдыңкы орунду ээлеген командаларга баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы кабарлады.

Ч.Кийизбаева, “Кут билим”

Поделиться

Комментарии