Кыргызстандагы тилдердин майданында кыргыз тилин коргойлу

  • 01.07.2013
  • 0

Кыргызстандагы тилдердин майданында кыргыз тилин коргойлу

Чүй университетинде өткөн “Тилдерди тез үйрөтүүнүн актуалдуу маселелери” деген темадагы тегерек столдун катышуучулары тил үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары тууралуу кеӊири сөз кылышты. Тил адистеринин бул жолугушуусу Чүй университетинин “бриллиант ветераны” доцент Үмүт Кыдыкбаеванын 50 жылдык мааракесине арналды.

Тегерек столго Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин тил адистери чакырылып, тил үйрөтүүнүн учурдагы күӊгөй-тескейин талкуулоо менен бирге, студенттерге канткенде сабакты жугумдуу өтүүгө жетишүүгө болоору тууралуу омоктуу ойлорун ортого салышты.

Керилген кер өзөн Чүйдүн атын алып жүргөн Чүй университетинин негиздөөчүсү, тилдерди тез үйрөтүү боюнча алгачкы методисттердин бири, Эл мугалими С.Мамбеткалиев өз сөзүн ары түйшүктүү, ары ардактуу кесипти аркалашкан мугалимдин ыйык вазийпасы жөнүндө баштап, өзүнүн 50 жылдык педагогикалык тажрыйбасындагы ийгилик сырлары менен бөлүштү.

— Биз бекеринен бүгүнкү жолугушууну биздин университеттин доценти Үмүт Кыдыкбаеванын юбилейине байланыштырган жокпуз. Анткени Үмүт Сартбаевна 23 жылдык тарыхы бар Чүй университетин түптөөдө мени менен түйшүгүн теӊ тартышкан, анын ысык-суугуна бирге күйүп-бышкан педагогдордун бири. Быйыл менин педагогиканын жүгүн аркалап келатканыма 50 жыл толот. Мугалим бар мээнетин төгүп балдарга берген билиминин акыбети кайтса экен деп тилейт. Эмгегиӊдин талаага кетпегенин сенден билим алган студент турмушта чоӊ ийгиликтерге жетишкенинен улам билесиӊ. Анан алдыӊдан чыгып калганда, чын пейилинен салам берсе – мугалимдин бактысы ошол. Мен ошол бактылуу окутуучулардын бири — Үмүт Кыдыкбаева деп эсептейм. Ушуга бирге иштеген ушул мезгил аралыгында ынанып отурам. Үмүттүн сабагына кирген адам ыраазы болбой койбойт, ал биздин окуу жайдын “Бриллиант ардагери” деген наамына татыктуу, — деди устаты шакирти тууралуу.

Окуу менен окутуучу жана окуучу үчөө бир бүтүмдү жараткандай эле тил үйрөтүүнүн адисинин эмгектеги тажрыйбасы, ийгилиги анын жеке инсандык жетишкендиктерине да тыгыз байланыштуу болот эмеспи. Жаӊы доордун жаӊы методдорун жайылтуу максатын көздөгөн Султан агайдын жаӊы университети ошол түптөлгөн кезден баштап студенттер үчүн эле эмес, окутуучулар, тил үйрөнүүнү каалаган көптөгөн башка тармактардын адистери үчүн чыныгы турмуштук окуу аудиториясы болуп калды. Агайдын чоӊ мектебинде бышып жетилген Үмүт Кыдыкбаева өзү минтип кийинки жаш адистерге устат болуп, мол тажрыйба топтоп, аны билим мейкиндигинде ийгиликтүү жайылтып келатат.

Тегерек столдо сөз алган ЧУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов Кыргызстанда тилдерди үйрөтүүнүн урунттуу айрым маселелерине учкай токтолуп кетти. Профессор тил үйрөтүү методикасы дагы да болсо жеткилеӊ болбой жаткандыктан, сабакта “беш” деген бааларды алган окуучу, студенттердин билим деӊгээли ал баага чындап татыбай жаткандыгына кейиди.

— Кыргызстан тилдердин демократиялык майданына айланып кеткендей, ошол кеӊ майданда кыргыз тили артка сүрүлүп жаткандай маанай жаралат. Кыргыз тилинин ээлеп турган аянтын сактоо, сактоо гана эмес, аны кеӊейтүү керек. Анткени бул Кыргызстандын тарыхына, келечегине байланыштуу. Ушуну бизге окшогон билим таратуучулар жаштарга жеткирип, аларды ынандырып, келечегине кеӊ жол ачып беришибиз керек. Ошондой баш аламандык өкүм сүрүп жаткан тилдердин талаасын ирээтке келтирүү – бул Үмүт Сартбаевнага окшогон тил адистеринин милдети. Андыктан менин каалоом – чет тилдерин үйрөтүүдө кыргыз элинин менталитети эске алынса. Тилдерди үйрөтүп жатканда кыргыздын салттуу таалим-тарбиясын, маданиятын тил аркылуу жеткирип, кошо сактап, калыптандырсак, — деген оюн билдирди С.Кайыпов.

Жолугушууда И.Арабаев атындагы КМУнун чет тилдери кафедрасынын башчысы А.Абдраева “Англис тилин веб-сайт аркылуу окутуу тууралуу кызыктуу баяндама жасап, жакынкы келечекте кыргыз тилин үйрөнүүдө да веб-сайт кызматын пайдалансак деген сунушун айтса, ушул эле жогорку окуу жайдын окуу бөлүмүнүн башчысы К.Кыдыкбаева тилдерди тез үйрөтүүдөгү инновациялык ыкмаларга кеӊири токтолуп, методист Султан Мамбеткалиевдин тил үйрөнүү ыкмасынын үч негизги баскычын белгилеп өттү. Кенже Кыдыкбаеванын айтымында, тил үйрөнгүсү келген адамда биринчи ушул тилди үйрөнүп кете алам деген ишенич, андан кийин тил үйрөнүүгө тоскоолдуктарды четтетүүгө аракет болушу керек. Ошондон кийин гана тил грамматикасы, туура сүйлөөгө үйрөнүү сыяктуу талаптарды кое баштаса болот.

— Мен сабак өтүүдө интерактивдик методун жана “мээге чабуул” деген аталыштагы ыкманы колдоном. Бул эки метод мугалим менен студенттин ортосундагы тоскоолдуктарды, тагыраак айтканда, барьерди жок кылууга жардамдашат. Дагы бир “айлана” деп аталган ыкманын жардамы менен бир теманы ортого коюп, мугалим өзүнүн маӊдайындагы окуучусу менен байланыш түзө алат, натыйжада анын окууга жөндөмү ойгонот, — деп, өзүнүн окуу методикасы менен бөлүштү.

Тил адистерин чакырып, тил маселесин талкуулоо менен бирге педагогдун  юбилейин белгилөө, анын профессионалдык жетишкендиктерине кошуп жеке инсандык ийгиликтерине баа берүү — бул жаӊы башталган жакшы жөрөлгө. Бул демилге жаратман устат агай Султан Мамбеткалиевге таандык. Ал өз шакиртинин эмгегин дагы бир жолу белгилеп, отургандарды жаӊы буйрук менен тааныштырды. Ага ылайык, Чүй университетинде Насаатчы ардактуу профессор кызматы түзүлүп, ал кызматка Үмүт Кыдыкбаева дайындалды жана Чүй университетинде иштеген маалында кошумча айлык катары ай сайын үч миӊ сом төлөнүп берилмекчи. Мындан тышкары жаш окутуучулардын туруктуу насаатчысы катары стажировкадан өткөндөргө өзүнүн атынан сертификат берүүгө укуктуу экендиги белгиленип, өзүнө бекитилген аудитория “Чүй университетинин бриллиант ветераны Кыдыкбаева Үмүттүн мастер классы” деп аталгандыгы тастыкталды.

Жолугушуунун соӊунда педагогдордун үй-бүлөсүндө чоӊоюп, билим алып, эмгек жолунда заманынын чыгаан педагогу Султан Мамбеткалиевдин чоӊ мектебинде такшалган Үмүт Кыдыкбаеванын кабинетинин ачылуу салтанаты болуп, тасмасы кесилди.

 

Айнагүл

Кашыбаева,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии