Кыргыз-Түрк кызматташтыгына 22 жыл

  • 31.05.2013
  • 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде  «Кыргызстан-Түркия мамилелеринин 22 жылдык тажрыйбасы жана бул мамилелердин келечеги» аттуу конференция болуп өттү.

Конференцияга КР Жогорку Кеӊешинин депутаты Ч.Турсунбеков, ТР Кыргызстандагы  Толук ыйгарымдуу элчиси Нежат Акчал, ТР Стратегиялык ой жүгүртүү институтунун мүдүрү Йасин Актай, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Д. Кендирбаева, Маданият жана туризм министринин орун басары К.Кулуев катышып, сөз сүйлөштү

КР ЖК депутаты Ч.Турсунбеков Кыргызстан эгемендикти алганы түрктөр менен ымала күтүп, көптөгөн экономикалык, маданий, саясий жана эки өлкө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, инвестиция тартуу маселелери боюнча, билим берүү багытында бекем кызматташып келе жатканына токтолуп, мындан ары да кыргыз түрк мамилелери кеӊейе берет деген ишенимин билдирди.

Билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ата Түрк Ала-Тоо  университети жана республикадагы көптөгөн түрк лицейлери эки элдин бирин-бири жакын билүүсү жана байланышы үчүн да кызмат кылып жатканы айдан-ачык иш экендигин КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Д. Кендирбаева баса белгиледи.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Себахаттин Балжы жана биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев Кыргызстан-Түркия мамилелеринин 22 жылдык тажрыйбасында бир топ өрнөктүү иштерди жасап жаткандыгы жана ал өрнөктүү иштеринин бири Кыргыз-Түрк «Манас» университети экендигине токтолушуп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууда мыкты кадрларды даядап чыгуу университеттин милдети экендигин билдиришти.

Конференциянын иши 25-майда бир нече секцияларда өз ишин улантты  жана анда Кыргызстан менен Түркия ортосундагы  саясий, дипломатиялык, экономикалык, соода, билим, маданият жаатындагы мамилелери жана бул кызматташуулардын регионалдык саясатка тийгизген таасири, Кыргызстан-Түркия мамилелеринин келечеги тууралуу маселелер талкууланды.

Конференциянын иши резолюция кабыл алуу менен аяктады.

Поделиться

Комментарии