КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ИНСТИТУТУ ТҮРКИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДӨӨДӨ

  • 27.03.2015
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Кытай институту эл аралык кызматташтык багыттарын кеӊейтүүдө. Нооруз майрамынын алдында Түркия менен болгон кызматташтыкты чыӊдоо максатында окуу жай жетекчилиги бул мамлекеттен келген делегация менен жолугушуп, ар тараптуу кызматташтык боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Майрам алдында окуу жайга Түркиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлар башкармалыгынын башкы директору Семих Айтекин, Чет мамлекеттеги  билим  берүү башкармалыгынын  башчысы Эбубекир  Айдын,  Түркиянын Кыргызстандагы  элчисинин кеӊешчиси жана бул институт менен тыгыз кызматташып келе жаткан “ТТÖЕМЕР” билим берүү борборунун  директору  Адем Косеоглу  келип,  окуу  жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, Түркияга барып окуп келген кыргыз студенттери менен жолугушту.  Анда  Түркиянын  Стамбул, Анкара шаарларындагы окуу жайлар менен кызматташуу, студенттер, окутуучулар менен тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр болуп, түркиялыктар ар дайым колдоо көрсөтөөрүн жана ар та-раптуу кызматташтыкты колдоо-рун билдиришти.

— Түркия Кыргызстан менен достук мамилесин мындан ары дагы чыӊдай бермекчи. Буюрса, бул окуу жайдын сунуш-пикирлерин эске алып, кыргызстандык студенттерге Түркиянын башка окуу жайларынан дагы билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, жол ачып беребиз, — дейт Түркиянын Билим берүү жана илим министрлигинин чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлар башкармалыгынын башкы директору Семих Айтекин.

Буга  чейин  институт Түркиянын Кастамону жана Хитит университеттери менен кызматташып келген жана Улуттук уни-верситеттин алтымыш студенти бул окуу жайлардан билим алып келишкен. Ал эми Кыргыз-Кытай институтунда болсо кытай тили менен биргеликте түрк тили дагы чет тилдери катарында 3-курстан баштап окутулат. Андан сырткары “ТТОЕМЕР” билим берүү борбору аркылуу Улуттук уни-верситеттин жалпы студенттери атайын курстардан түрк тилин үйрөнүп келишет. “ТТÖЕМЕР” билим берүү борбору окуу жайда атайын заманбап борбор ачып берген.  Ал  зарыл  эмеректер, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган жана окуу китептери менен камсыздалган.

—  Түркиялык  коноктор  эки мамлекеттин достугун бекемдөө, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеӊейтүү максатын-да биздин окуу жайга келишти. Биздин максатыбыз — Түркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташуу үчүн багыты бир окуу жайларын  жана  алардын  факультеттерин табуу, түркиялык студенттерди биздин окуу жайдан окутуу, жайкы каникул учурунда студенттерди жайкы курстарга жөнөтүү сыяктуу иштерди алып баруу.  Учурда  Кыргыз-Кытай институтунун студенттери түрк тилин чет тилдери катарында 3-курстан баштап окушат. Буюрса, эмдиги жылы 2-курстан баштап  окутууну  пландаштырып жатабыз. Жаштардын түрк тилин билүүгө болгон кызыкчы-лыгы абдан зор жана алардын бул мамлекеттин башка чоӊ-чоӊ окуу жайларынан билим алуу кы-зыкчылыгын орундаталы деген пландарыбыз бар, — дейт Кыргыз-Кытай институтунун директору-нун эл аралык байланыш боюнча орун басары Бакыт Төрөбеков.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии