Кыргыз коомундагы эненин ыйык жана бийик статусу

  • 06.03.2015
  • 0

Л.Н.Гумилевдун эзелки доордо түрк калктарында эне деген ыйык катары өтө бийик баалангандыгы, уул-кыздар ата-энеге бет келгенде, адегенде энесине жүгүнүп салам берип, андан кийин атасы менен учураша тургандыгы жөнүндө даӊаза кылып жазган. Түрк дүйнөсүндөгү эненин ошондой бийик зоболосунун чындык эке-нин кыргыз турмушу ырастайт. Енисейдеги байыркы Барсбектин эстелигиндеги жазуу¬ адегенде эле «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем” — деген сөздөр менен башталат. Алтын-Көлдөгү эзелки кыргыз элчиси Эрен Улугка арналган таш эстеликтеги жазуу да «Он ай көтөрдү энем. Уул туулдум» деген сөздөр менен ачылат. Адамдын тагдырына чекит койгон мүрзөдөгү чегилген сөз, эӊ биринчи эне жөнүндө болуп отурат. Бул эмне дегендикти билдирет? Жакшылап аӊдасак, бул – сен чоӊоюп эр жетип, төбөӊ көккө тийип, канчалык көкөлөп өспө, кан-чалык атак-даӊка жетип зор болбо, баары бир сенин башатыӊ, башталышыӊ энеде деген акылгөй ой. Сен адегенде эненин курсагында түйүлгөнсүӊ, эненин канынан «баланын үйүндө» сенин денеӊ, жаныӊ «каймактаган». Түйүлдүк түйшүгүн тартып, жаныӊды жаратып жаӊы кыйналган, он ай көтөрүп, омурткасы сыздаган – эне! Бар-сбек менен Эрен Улугдун эстелигиндеги жазууда дал ушул улуу башталышты тереӊ түшүнгөн даанышмандык уюп жатат. «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем», «Он ай көтөрдү энем» деп, энелик улуу түйшүктү атайы басым коюп белгилеп, жан жара-тып, өмүр ыроолоп, жарыкка алып келген энелик өйкөл мээримге таазим кылып, аны өлбөс-өчпөс кылып даӊазалап, ташка чегип жатат го. Чын эле дүйнөнүн башаты энеэмеспи. Төбөбүздөгү теӊирден, көктөгү нур жаадырган күндөн, жер-энебизден кийинки эле жан жараткан экинчи кудайыбыз ушул эне го. «Ыӊаалап» жерге түшкөндөн кийин бооруна алып, эмчегин эмизип, ак сүтүн берип торолтконучу, түн уйкусун үч бөлүп, үстүӊдө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп, асырап-багып бутуӊа тургузканы-чы. Андан кийин уул-кызга өмүр бою эненин жаны курман. Балдарым деп отко-сууга түшүүгө даяр. Биздин илгерки ата-бабалар эненин мына ушундай айтып бүткүс улуу касиетин, өзгөчө табиятын, бөтөнчө мээ-нет-кызматын акылмандык менен аӊдап туюнгандыктарынан улам, өздөрүн апанын алдында түбөлүк милдеткер, өмүр бою карыздар сезишип, а түгүл ажал жетип, күн бүтүп, акыркы сапарга кетип жатып да, эненин ыйык ысымын оозанууну парзым деп эсептешкен. Барсбектин эстелигин-деги жазуунун жанагинтип эне жөнүндөгү сөз менен башталып жатышынын төркүнү, сыры мына ушул жакта жатат.

Орхон-Энесай таштарында чагыл-дырылган энеге карата мамиленин көрүнүштөрүнөн улам байыркы кыргыз тукумдарынын акыл-ой жана жан дүйнө маданиятынын жогору болгондугун баамдо-ого болот. Буга эл ичинде илгертен жашап келе жаткан төмөнкү макалдар жана на-кылдар да күбө: «Эне сүйүүсү күн шооласы сыяктуу болот», «Алтын-күмүштүн эски-си болбойт, ата-эненин баасы болбойт», «Дөөлөтүӊ – ата-энеӊ», «Эне баскан жөжө өлбөйт», «Эне – соолбос булак». Ушул жерден баса белгилей турган нерсе, деге-ле, кыргыз көчмөн цивилизациясы эненин статусун эӊ бийик чокуга койгондугу ме-нен бөтөнчөлөнөт. Эненин кыргыздагы эӊ жогорку руханий статусун «Манас» эпосу да ырастайт. Эне – Манас баатыр үчүн да ыйык. Таласта ажонун тагында отурган Манас өзүнүн Алманбет баатыр менен болгон достук шертин энеси Чыйырдынын ак сүтү менен бекемдейт. Достугубуз бу-зулгус, айрылгыс, түбөлүктүү болсун деп, ант кылышып, биринчи болуп Манас, андан кийин Алманбет Чыйырды эненин эмчегин эмишет. Мунун өзү достуктун шертин буз-сак, эненин ак сүтү урсун деген сөз. Демек, Манас үчүн чынында эле энеден ашкан ыйык нерсе жок.

Энеге карата болгон моралдык-фи-лософиялык көз караштын жана сый-урматтын салты тээ байыркы Мана-стын, Барсбектин доорунан бери карай уланып, элдик тарбиянын күчү менен улам кийинки тукумдардын рухуна сиӊирилип келген. Энеге болгон бийик ыймандык се-зим, кыргыз баласынын «рухий генинде» бар. “ Мен үчүн тогуз ай көтөрүп, омуртка-сөөгү сыздап, ымыркайымдан ысык-суугума чыдап, ак сүтүн эмизип, мээримин төгүп баккан энем баарынан кымбат” (Сарт Аке). Сарт Акенин бул сөзүнөн улам улуу акын Токтогул эске түшөт. Токтогул Сатылга-новдун өз энеси Бурмага болгон уулдук мээрим–ызааты, урмат-сүйүүсү өзүнчө бир унутулгус сабак.

Алыскы Сибирде орус падышачы-лыгынын каторикалык түрмөсүндө жүргөн кезинде акындын басса-турса са-нааркап, энесин эстегенине күбө боло-буз. «Туткун ырларында» Токтогулдун эки сөзүнүн бири эле апасы жөнүндө. («Ар-мандуу энем жүргөндүр, «Ардагым!» — деп жол карап». «Сагынып ырдайм ар күнү, көтөрүп баккан апамды». «Бурулуп барар бекемин, муӊдуу болгон апама»). Түрмөдөн качып чыгып, эл-жерин издеп жөнөгөндө да, биринчи эле эстегени энеси: «Алты аркар жылдыз батканча, алты айланып эмизген, айланайын апакем, ак сүтүӊдү сагындым!..» «Каны калып бир кашык, эти калып көк жашык» туулган жери Кетмен-Төбөгө эптеп жеткен кезде да, акындын алгач оозанганы энекеси: «Алдейлеп мени чоӊойткон, апакем аман барсыӊбы?». Бир боор уулдун табигый сезиминен башка да, Токтогулдун энесине болгон урматынын негизинде чоӊ адамдык акыл даанышман-дыгы жатат. Бул даанышмандык – «алты аркар жылдыз батканча, алты айланып ак сүтүн эмизип, алпештеп багып асырап, адам кылып, бутуна тургузган асыл эненин эмгегинин ыйыктыгын жана улуулугун ич-тен тереӊ туюнуу билгилиги («Балапандай баккансыӊ, ак сүтүӊдү эмизип, бооруӊа басып жаткансыӊ, алпештедиӊ апаке, адам кылдыӊ асырап»… «Кош апаке!» ырынан). Мына ушул ак сүтүн эмизген эненин, улуу ыйык эмгегин актоону Токтогул биринчи ыйык парзым деп сезет. Апанын ак сүтүн актабай бу дүйнөдөн кетүү, эӊ кечиримсиз иш. Буту-колунда кишен шалдырап, бүргөгө таланып, түрмөдө отуруп, бир түнү Токтогул азаптан кутулуш үчүн жанын кыйгысы ке-лет. «Арманыӊды чеч, эне, ак сүтүӊдү кеч, эне!» — деп энесине жалбарып, көз жашын төгөт. Бул жерде уул Токтогул өзүнүн өлүп калышынан коркпостон, элден мурун энеси-нин алдындагы карызынан кутулбай, өлүп калуудан коркуп отурат. Ошон үчүн «Ак сүтүӊдү кеч, эне!» — деп апасынан өтүнөт. Эгер оюнда апасы ак сүтүмдү кечтим десе, анда шордуу туткун акын абийири менен тынч өлүп кете бермек. Түрмөдөгү мындай жүрүм-турумунан Токтогул акындын уулдук адеп-ыйманынын аруулугу, Кетмен-Төбөнүн булагындай тазалыгы даана туюлуп жатат. Ал эми айдоодон кайтып келген кезинде, Токтогулду биринчи иретте, эненин кары-зынан кутулуу мүмкүндүгү ачылгандыгы кубандырат: «Айланып келдим алыстан, актоого ак сүт карызды». Эне деген – ыйык. Анын ак сүтүн актоо, эненин карызынан кутулуу – уулдун адамдык парзы, өмүрлүк мүдөөсү. Энени төбөгө көтөрүп урматтоо – бардык пенделер үчүн бузбай, аттабай турган адеп-ахлактык мыйзам. Токтогул-дун эне жөнүндөгү кан-жанына, акыл-эсине сиӊген, этикалык кеменгерлиги ушундай. Тоо булбулунун мындай адамгерчиликтүү, гуманисттик адеп-ахлагы кыргыз калкынын илгертен уланып келе жаткан энени эӊ бийик санаган элдик рух салтынын символу.

Эгерде эненин ким экендигин дагы бир жолу тереӊ билгибиз келсе, анда акын Шайлообек Дүйшеевдин “Агын-дылар” аттуу китеби менен таанышканы-бызабзел дээр элек. Ш.Дүйшеев аталган китебинде Канымгүл кемпирдин Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган Ормо деген уулун күтүп, жаны жай албай, ичи-нен түтөп, өрттөнүп, күйүп турган кебете-син художниктин реалистик чынчылдыгы менен тартып берген. Канымгүл апанын айылдын үстүндөгү талаадан “түшүрүп ийип топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай  жерди  кайта-кайта  айланып, кайта-кайта тегеренип” уулунун согушка кетип жатып акыркы жолу буту баскан жер-ди издеп жатканын, ошол жердеги уулу жөлөнгөн ташты сылап-сыйпап отурганын, таштын чеке белиндеги чөп-чарды аяр-лап тазалап жатканын, кудайлап салган төлгөсүн, “балекетиӊди алайын Шакен-бай, балам аман-соо жүрүптүр, күзү менен келип калчудай өӊдөнөт” деген жүрөктүн түпкүрүнөн атып чыккан, саргайган сагы-нычтуу сөздөрүн, чүрпөсүнүн таманы тий-ген жердин топурагынан алып, түйүнчөгүнө түйгөнүн, согуштун басылганына далай жыл болсо да, 50-жылдардын ортосунда апасын күткөн жаш баладай жол карап, кара козусун түлөөгө байлап, кудайлап тур-ганын көрсөткөн Ш.Дүйшеевдин докумен-талдуу баянынан улам бу жарыкчылыкта ЭНЕ деген ким экендигин дагы бир жолу таӊ кала, жүрөгүбүздү сыздатып, тереӊден сезип-туябыз. Эненин ушундай касиетин сезип-туйганынан улам даанышман Сарт Аке өз учурунда: “Адам баласы канчалык ак, эне сүтүндөй таза, Аллах-тааланын жолунан чыкпай адал эмгеги менен тер төгүп жашаса да, бу жалганда пенделик бардык милдетин түз аткарса да, эненин эмгегинен, энеге болгон парзынан кутула албайт. Эне өмүрдө эч нерсе менен ал-маштырбай турган нерсе! Бул – дүйнөдө баасы жок, баа коюуга мүмкүн болбогон нерсе” — деп айтса керек.

Энени Манас атадай, Токтогулдай, Сарт Акедей ыйык көрүү, анын ак сүтүн актоого бардык күчү менен умтулуу — ар бир кыргыз баласынын адамдык пар-зы, асыл мүдөөсү болуп келген. Бүгүнкү капиталисттик рынок мамилелердин кыр-даалында, өлкөбүз моралдык кризиске кабылып, жан кейиткен терс көрүнүштөр кездешип жатса да, ата-энени пир тутуп, урматтоо адеби, ыймандык салты бүгүнкү тукумдарда уланууда. Мисал иретинде, Евразия жылдызы Гүлжигит Калык уулунун сөзүнө кулак түрөлү: «Албетте, ата-эненин эмгегин ар бир бала жогору баалаш керек. Мен дагы тапкан табылгам, жеткен ийги-лигим баардыгы ата-энеме гана таандык деп эсептейм. «Евразия жылдызы» долбо-орунан жеӊген сыйлыгымды толугу менен ата-энемдин колуна тапшыргам. Себеби, бул алардын сыйлыгы. Мени ушул жарык дүйнөгө алып келгени, татыктуу тарбия бергени эле канча мээнет. Ушул сыйлык менен ата-энемдин милдетинен кутулдум деп айта албайм. Өмүр бою кызматымды кылып, ийгилигимди бөлүшсөм дагы энем-дин ак сүтүн актай албайт чыгаармын» («Жаӊы ордо» гезити, 2012-жыл, 18-май). Манастын урпагы деп дал ушул Гүлжигитти айтыш керек. Ал эми 2014-жылы октябрда дүйнө биринчилиги үчүн самбо боюнча Түштүк Кореяда өткөн эл аралык спорттук мелдеште алтын медал алып, биринчи байгени жеӊип, чемпион болгон 18 жашар Тилек Аманкулов кабарчынын: “күрөшүп жатканда биринчи эле оюӊа эмне келди?” — деген суроосуна, “жеӊилип калсам, апама эмне дейм? — деген тынчсыздануу пайда болду”, — деп жооп берип отурат (“Кутбилим” — 24.10.2014). Демек, кыргыз менталите-тинде эне деген улуу түшүнүк мурдагыдай эле ыйык саналып, уулдун ар-намысынын чен-өлчөмү катары жашоосун улантууда. Буга кыргыз поэзиясындагы соӊку кезде жаралган төмөндөгү элегиялык маанайдагы сагынычтуу, армандуу, муӊайымдуу ыр саптары да күбө өтүп турат:

Сени да тооруп бир күн ташбоор ажал,

Аргасыз балдарыӊдан бөлүнгөнсүӊ.

Бирок да ордуӊ апа, бейитте эмес,

Түбөлүк менин куттуу төрүмдөсүӊ.

Чын сырым, сени жерге бербегемин,

Апаке, жүрөгүмө көмүлгөнсүӊ!…

Эне менен ата — эгиз түшүнүктөр. Кыргыз социумунун ичинде, бул түшүнүктөр эч убакта бири-биринен ажы-ратылып каралбайт. Кыргызда эне менен катар эле Ата түшүнүгүнүн статусу да өтө жогору. Буга кыргыз элинин «Ата – ал-тын түркүк», «Ата – аскалуу зоо», «Ата арбагы – ыйык», «Атанын сөзү – акылдын көзү», «Ата – өчпөс чырак, Эне – соолбос булак» деген макалдары күбө. Кыргыздын түшүнүгүндө бала атанын руханиятынын уландысы, мурасчысы. Уул-кыз үчүн ата – тутуна турган тутка, кармана турган туу.

Азыркы глобалдашуу заманында коомдо антисоциалдык, деструктивдик жорук-жосун, жүрум-турум арбып, адамзат адеп-ахлак кризисине дуушарланып турган чакта тарбия-таалим системасы адамды арууланта турган моралдык үлгү-моделди көшөрүп издеп жатат. XXI кылымдын жана келечектин адамы кандай болуш керек дегенде, биз минтип айткыбыз келет: XXI кылымдын адамы кыргыздардагыдай эне менен атаны пир тутуп, тереӊ урматтаган инсан болуш керек. Ушул улуу адамдык асыл касиетсиз инсанды, ал канчалык билимдүү болсо да, Айга, космоско учса да, баары бир адам болду деп айтышыбыз мүмкүн эмес. Ата-энесине чүйгүсү менен карап, аркасын салган, апасынын ак сүтүн унуткан киши, ал болгону кош аяктуу социалдык макулук. Эне-атага болгон сый-урмат, ак жаркын мамиле, аларга өзүн түбөлүк карыздар сезип жашоо — бул дам болуунун чен өлчөмү. Адам болуунун кыргызча МОДЕЛИ. Мындай адеп-ахлак дүйнөлүк этиканын казынасынын алтын кенчи.

Акырында, корутундуга келели. Улуу акын Нурмолдо: «Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо», — дейт. Туура айтылган ой. Эгерде кишинин ыйык көрүп, сый-ынган нерсеси болбосо, ал жер менен жер болуп, «боортоктоп сойлогон» макулукка айланары да чын. Те байыркы Манас заманынан, Орхон-Энесай доорунан бери карай кыргыз элинин сыйынар нерсеси болуп келгенин, кыргыз баласы эне-атаны туу тутуп жашаганын көрдүк. Кыргыз ошол үчүн кыргыз. Эне менен атаны урматтоо-суз – кыргыз жок, керек болсо. Бул салт, бул сыйынар дөөлөт – кыргыздын руханий цивилизациясынын улуу көрсөткүчү, улутубуздун уӊгулуу наркы. Биз, педагогдор, өсүп жаткан муундарыбызды ушул рух цивилизациябыздын салтында, айкөл Манас атабыздын эне менен атага сыйынган улуу адептик-ыймандык дөөлөтүнүн үлгүсүндө тарбиялоого тийишпис.

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

“Кутбилим” газетасынын баяндамачысы

Поделиться

Комментарии