Кыргыз элинин уюткулуу сырлары

  • 01.07.2013
  • 0

Жаратылышка аяр мамиле кылуу, аларды коромжусуз пайдалануу, мал багуу жана аны көбөйтүү, ошондой эле, дарылык касиетке ээ ар кандай чөптөрдүн түрлөрүн өз мезгилинде жыйноо, сактоо жана үй жаныбарларын дарылоо тууралуу салттуу билимдерди муундан-муунга өткөрүп берүүнү жана окутууну колго алган Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борбору “Супара” этнокомплексинде бул темага арналган семинар өткөрдү.

Кыргыз элинин уюткулуу сырлары

Иш-чарада Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун демилгеси менен иштелип чыккан салттуу билим боюнча атайын окуу программасы жана аталган программанын түзүүчүлөрү тарабынан салттуу билимдер топтолгон үч бөлүктөн турган окуу китеп каталогу  семинардын катышуучуларына сунушталды.

Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери дисциплина аралык окуу курсунун типтүү программасы салттуу билимдердин теориясы жана методологиясы, этноботаника, элдик тамак-аштар, элдик малчылык, элдик мал дарылоо деген беш бөлүмдөн турат. Окуу программа Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун демилгеси менен, Кристенсен  фондунун (АКШ) колдоосу аркылуу 2011-2012-жылдары атайын түзүлгөн жумушчу топтун аракетинин негизинде алгачкы жолу иштелип чыкты. Ал Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Кыргыз экономика университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун профессор-окутуучулары тарабынан түзүлдү.

— Тилекке каршы, бул билимдердин көпчүлүгү унутулуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул проблеманы чечүү, жөнгө салуу жана өсүп келе жаткан жаш муунга мурас катары калтыруу максатында жогорку окуу жайларга дал ушул курсту дисциплина аралык окуу курсу катары киргизүү зарылдыгы келип чыгууда, — дейт Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун жетекчиси М.Айтматов.

Китептин биринчиси жылкы баласына арналып, анда жылкы багуу, аны өӊ-түскө ажыратуу, жашын аныктоо сыяктуу сырлары камтылган. Экинчи китепте дары чөптөрдүн аталыштары (сүрөтү менен), аларды чогултуу, сактоо жана пайдалануу ыкмалары берилген. Үчүнчү китеп болсо улуттук тамак-аштарга арналып, анда кыргыздын байыртадан келе жаткан улуттук тамак-аштары, аны жасоонун сырлары камтылган. Китепти жазууда көптөгөн маалыматтар «Манас» эпосунан жана элдик оозеки чыгармачылыктан алынган.

— Бул ишти баштап жатканда ага ат коюу үчүн окуу жайдагы студенттердин арасында чоӊ сынак жарыялаганбыз. «Акыл жаштан» демекчи, студенттер «Кыргыз элинин уюткулуу сырлары» деген ат таап беришти. Ушул теманын артында көп нерсе жатат экен. Эми колубуздан келишинче иштеп жатабыз. Кошумча күч катары студенттерди дагы пайдаланып, аларды илимге тартып жатабыз, — дейт М.Айтматов.

Илимпоздорго күч берип жаткан студенттердин бири учурда кыргыздын кадимки чучугун иликтеп жатса, дагы бири ичеги-карындарга салына турган тигиштерди иликтөөдө. Кыргыздын тайганын дагы бир студент иликтеп, күндүр-түндүр тайган менен бирге болуп, жаратылыш берген өзгөчөлүктөрүн аныктап, салыштырып кандайдыр бир ачылыш жасоо аракетинде.

Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун алдындагы «Мураскер» студенттик клубу кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жайылтуу максатында дагы алгылыктуу иштерди жасап келет. Бул клуб эки жылдан бери Кыргыз радиосу менен биргеликте Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын арасында «Ой-таймаш» радио-дебатын өткөрүп келет. Иш-чарада аталган дебаттын жеӊүүчүлөрү дагы сыйланды. Сыйлыкты Кыргыз радиосунун продюсери Мирлан Самыйкожо тапшырды. Эӊ мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн БГУнун «Көкөтегин» командасы сегиз миӊ сом менен сыйланса, 2-орунду КУУнун «Кеменгер» командасы алып 10 миӊ сом менен сыйланды. 1-орунду алган БГУнун «Даанышман» командасына 12 миӊ сом ыйгарылды. Мыкты оюнчу номинациясында «Акыйкат» командасынын мүчөсү Касымбекова Мээргүлгө эки миӊ сом берилди.

Андан сырткары Кыргыз элинин уюткулуу сырларын иликтөөгө катышып, илим иликтеп жаткан студенттерге дагы сый акча берилди. Ага «Мураскер» клубунун жетекчиси Нурманов Чыӊгыз, тайганды иликтеп жаткан Таалайбек уулу Алтынбек, элдик тигиштер боюнча иликтеп жаткан Табылдиев Баатыр татыктуу болду.

Семинардын катышуучулары бул сыйга татыктуу болгон студенттерди алкоого алып, жаштарды илимге тартып жаткан окуу жайга алкыш айтышты.

— Бул окуу жай улуттук деген статусун актады. Жасалып жаткан иштер үч жыйынтык берди десем болот. Биринчиси, университет улуттук деген атына татып, улуттук нарк-насилди иликтеп, чыныгы патриоттордун башын бириктирсе, экинчиси, атайын база, башкача айтканда, окуу китептеринен, программасынан турган фонд түзүлдү деп эсептесек болот. Үчүнчүсү, жаштарды, өсүп келе жаткан муунду аркасынан кошо ала кетип, аларды илимге тартып жатканы, — деди өз сөзүндө Аскар Түгөлбаев, ветеринария илимдеринин доктору.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии