Коррупция — “жети баштуу ажыдаар”

  • 28.04.2014
  • 0

Илгертеден ата-бабаларыбыз  уул-кыздарды тарбиялап өстүрүүдө  баалуу-нарктуу  этнопедагогикалык асыл мурастарды пайдаланып келгенин  билебиз. Балам, адамдын адамдыгы — адамдарды сыйлай билүүдөгү жогорку адамгерчилиги,  “ийилгенге ийилгин башың жерге тийгенче, какайганга какайгын төбөң көккө жеткенче”, эл башы  болуп калсаң ар кимдин чекилигин убагында өзүнө айт, артынан сүйлөбө,  анткени “бетке айткан сөздүн заары жок”, эч качан жакын ага-иниңди бийлик башына жакындатпа эл оозунда элек жок, “туугандуу бийде ыйман жок, туура айткан бийде тууган жок” деген кепке-сөзгө каласың, бирөөгө сыйынып бийликтин кулу болбо, жагалданып беделиңди түшүрбө, андан көрө  “пара бергенче, бара бер”- деген нарктуу нуска менен тарбиялашкан. Балдарына ар дайым  “мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот”,  ак эмгек менен нан таап жеп жаша”-  деген  таза идеологиялар аркылуу жан дүйнөсүн азыктандыра алышкан.

 

Бирок, азыркы кезде мектеп партасындагы жаш муундарга  туура тарбия берүү, кандайдыр бир идеологияга багыттап тарбиялоонун кыйын кезени жүрүп турган учур. Мектептен алган тарбия менен көчөдөгү, коомдогу көргөн нерселери шайкеш келбей жатат. Андыктан коррупцияга каршы күрөш деген “улуу чакырыктын” алдында азыркы учурда ар бир мектепте эң жакшы иш-чаралар өтүүдө. Мисалы, Бишкек шаарындагы №84 Ж.Садыков атындагы орто мектепте “Коррупцияны кандай жол менен жоюуга болот?” деген темада 10-11-класстардын окуучуларынын  ортосунда тегерек үстөл, “Коррупция” деген темада 8-9-класстардын окуучулары дил баян жазышса, 1-4-класстардын окуучуларынан  “Келечекте сен кайсыл кесиптин ээси болосуң?”- деген темада сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

 Айрым окуучулар мындай жаңы “ция ” менен бүткөн сөздү биринчи уккандыктарын айтышса, айрымдары телерадиодон акыркы күндөрү көп уга тургандыктарын жана гезит беттериндеги акча, паракорлук менен тигил же бул чиновник,  агай-эжелеринин кармалып жатышкандыгы тууралуу макалаларды окугандыктарын айтышат.

Сурамжылоодо балдар акчалуу кесиптерди тандашты

“Сен келечекте ким болосуң?” — деген сурамжылоого  2-4-класстардын окуучуларынан алган жооптор да бизди  абдан таң калтыртты. Окуучулардын 30 % — ГАИ,   15% — прокурор, 10% — сот, 25% — банкир, бизнесмен, депутат болом  десе, 15%  ырчы, 5% — мугалим, анан дарыгер болом деп жооп беришти. “Эмнеге баарыңар эле депутат, ГАИ, банкир, бизнесмен деп тандагансыңар? Ал кесиптер эмнеси менен жагат?” дегенде,  балдар “көп акчабыз болот, чоң-чоң тамдарыбыз, көп машинебиз болот” деген жоопторду айтышты.

 Айтса-айтпаса төгүнбү,  наристенин ак барактай таза сезимине бай болуу деген эмне же болбосо баюнун жолу кимдер аркылуу, кандай болуп келе тургандыктары боюнча эртелеп  “чыйыр” салынып жатканы өтө эле өкүнүчтүү. Заманга жараша го же болбосо:

“Коррупция деп жаш кезимде укпагам,

Коррупцияны башкалар да укпаган.

Коррупцияң жаман нерсе турбайбы

Коомду барып жарга такап кыстаган

Коррупция айыкпаган дарт тура

Коомго барып бир жабышса чыкпаган”

 

Коркунучтуу “коррупция” деген жугуштуу илдетти  чын эле жуктуруп алып, өнөкөт дартка  айлантып албайбызбы деген суроо ар бир ата-энени, коомчулукту ойлонтушу керек го?!

Коррупциянын кара чүмбөтүн сыйра турган кез келди, анткени бала  оюн угуп олтуруп, алардын коррупцияга деген жийиркеничтүү, жек көрүү сезимдеринин от алып тургандыгын сезесиң.

Кыргыздын уучу кур эмес, акыл-эстүү ата-бабаларыбыз калтырып кеткен элдик педагогика менен кылымдар бою тарбияланып келгенбиз, дагы да тарбиялап келебиз.  Ал үчүн ар бир мектепте болобу, тарбиялык мекемелерде болобу, балдар бакчаларда болобу  ар бир   эже-агайлар, ата-энелер, бизди алга жетектеген бийлик адамдары балдар үчүн этнопедагогикалык идеялогияны камсыздообуз зарыл, ал үчүн:

  • Бала өз укугун билүү, коргой алуусу керек;
  • Балдардын билимине артыкча көңүл бөлүү;
  • Балдардын туура тамактануусу, туура эс алуусу керек;
  •  Балдардын акыл-эси туура калыптанышына карата телерадиодо берилген берүүлөрдү электен өткөрүп берүү;
  • Батыштын жоосунсуз жорукка баткан (даректүү жана көркөм) кино тасмаларына тыюу салуу;
  • Чындыкка сүйлөгөнгө, аруулук тарбиялоону жетектөө;
  • “Кыздын саламаттыгы — кыргыздын саламаттыгы, уулдун саламаттыгы улуттун саламаттыгы” экендигин, ден соолуктун саламаттыгынан аң- сезимдин саламаттыгы өйдө турушу зарыл, керек болуп тургандыгын ойлойлу.

 Азыркы улан-кыздарды этнопедагогиканын түптүү тамыры болуп калган көөнөрбөс мурастарыбыз менен тарбиялайлы. “Кыш койгонго кыш коюп, таш койгонго таш коё билүүсү”, “Билимдүү озот, айга барып колун созот” экендигин, таза тамак — таза  соолук болоорун жана таза тил — аруу дил экендигин жана чачылганды жыйнай турган, үзүлгөндү улай турган урпактар керек экендигин, “улук болсоң ишиң менен улуксуң”, ак эмгек ак нан жедирет, асыл ой айга да жеткире тургандыгын айтып, боорукерликке, ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыралы.

Бала тарбиясын жалгыз мектепке таштап салуу оор. Ал үчүн ата-эне, коом жапа тырмак киришип, “нысапсызга кашык салса, беш ууртайт” деген балдар чыгып жүрбөсүн, же “май кармаган бармагын жаласа” болот экен да деген акыл эс менен өстүрүүдөн качалы. “Кыздуу болсок, кызы жакшы менен кошуна болгондой,  уулду болсок уулу жакшы менен кошуна боло тургандай” бири-бирибизге элдик идеологияны жайылталы!

Коорупция жети баштуу ажыдаар

“Кащей” сымал өлбөй турган, жаны бар

Жеңе турган ажыдаарды жок кылып

Жомоктогу “баатыр”  чыгаар, табылаар

Кошуна элдин салыштырып турмушун

Кыргыздарым козголсунчу  арыңар.

Чынара Султантөрөева,  Ж.Садыков атындагы № 84 мектептин адеп мугалими, Адеп борборунун жетекчиси.

          

Поделиться

Комментарии