КАТЫЛГАН КАЛПАК

  • 04.05.2015
  • 0

 (Бул чындык, мен көргөн согуштун тагын, Улуу Жеңиштин70 жылдыгына арнап, көргөн бир окуяны эскердим)

Мен жашаган айылда, биздин үйдүнкатарында үч-төрт үй ылдыйраакта, бир кесиптеш курбум жашайт эле. Экөөбүз тең жаш болгондуктан, бири-бирибиздикине көп барчу эмеспиз. Эки-үч балалууболуп, балдарыбыз беш-алты жашка таяп калганда каттообуз тездеп, ынак болуп калдык.

Ал курбумдун үйүндө төрт улгай-ган адам жашачу. Алар курбумду өтөжакшы көрүшчү. Ошондуктан мени дажакшы кабыл алышчу. Булардын экөө ата-энеси экенин билет элем. Бирокалардан улуураак эки энени көрүп таңкалчумун. Аларды ким деп сурабаптыр-мын. Дагы бир күнү, адаттагыдай курбумдукуна барып калдым. Жайдын күнүэле. Үйүндөгү буюм-тайымдарын жайып жатышыптыр. Анан баягы эки эненин жашыраагы өзүнчө капаланып, таарынычтуу сүйлөнүп жатыптыр. Мындай көрүнүшкө мурда кабылбагандыктан,  өзүмдү ыңгайсыз сезип калдым. Аны байкай койгон курбумдун, өзүнүн кайынэнеси мени жайгарып, чайга чакырып,  бирге чай ичип отуруп, аңгемесин баштады.

Кызым,  сен ыңгайсыз болбо, булкиши эч кимге деле таарынбайт. Өзтагдырына кээде капа болуп, сүйлөшүп,  бүгүн бизден чыгарып алат. Аны биз туура түшүнүп, капасы тарап кетишин чыдап күтөбүз. Бул адамдын кейигенин кээде капа болсом да, кээде аяп кечирип, бирге жашап келем. Кантсин бечара…

Мына бул, менин апамдын бир тууган сиңдиси. Бараар башка жери жок.  Апам да өмүр бою мени менен жашады.  Себеби менин жалгыз агам согуштан келбей калды. Таежем жаңы турмушка чыккан эле. Күйөөсү оттой жанган, эмгекчил, эл тоюнган алгачкы жылдардан албуут иштерман бригадири болгон.  Жаңы жашоолору капарсыз «эмгек жана жашоо» деген бактылуу күндөрү эми  башталганда,  соолуган  согуш чыкты. Согушка кимдер гана кетпеди.  Көппү, жалгызбы, жаш үйлөнгөнбү деги койчу, кимдер гана кетпеди. Ошол кымгууттукта ушул эжемдин түгөйү да кетти.  Жаш болсо ойноп оюнга, күлүп күлкүгө тойбогон чактары, бири-бирине жаман сөзү, ысык-суугу өтө электе эшикке чыгып кетип, кайра кирип келчүдөй болуп,  кеткендей сезип калган да.

Бирок жездем өтө зирек, албурлуу,  иштерман, иш билги, эл оозуна алынган, эл башында турган адам болгондуктан, «Согуш деген согуш да» — деп узун ойлоп, согушка жөнөп жатканда, кийип жүргөн калпагын, күндө колдонгон камчысын берип«мени күткүн, мен келем деп» — кеткен дейт. Бирок эки жылдай кат келип, анан кабар үзүлдү. Эжем үмүт үзгөн жок. Согуш бүттү, бирок жездем келбеди. Жездем жетим бала эле, ал кеткенден кийин эжем кайра биздикине келип жашап калды. Андамен кичине кыз элем. Агам согушкакетти деп айтпадымбы, көп өтпөй андан кара кагаз келди. Жалгыз агамдан келген бул кабардын бети курусун. Ба-арыбыз мөгдөп, мүңкүрөп калдык, айлаканча жашоо улана берди. Бул каардуу күн бизге эле келген жок, жалпы журтка келген алаамат эле. Кудай жалгап агам менен бирге согушка барып, бир жүргөн жоокер, согуштан жарым жан келип калды, ал адамга агам белине тарткан кайыш курун аманат кылып,  үйүмдөгүлөргө өлбөй жетсең, берип кой деп тапшырган экен. Ошону бизге тапшырып кетти. Ошондон бери мына минтип белимден түшүрбөй тагынып, ушуларды багуу милдети мага жүктөлдү. Ал күндү койчу, эч бир жанга салбасын, эчбир жан көрбөсүн деп, — үшкүрүп, сөзүнулады. Ошентип, мен бойго жеттим,  жездемден түңүлүп, таежемди башкаадамга турмушка узаттык. Бирок көп өтпөй эле кайра келди. Аны мурунку кыз тийген күйөөсүнө окшоштура албады. Андан кийин турмуш жөнүндө ойлонбоду, өз күйөөсүнүн кылык-жоругу менен жашады.

Келип колхоздун уюн саап, жашоосун биз менен бирге улантты, апамда саанчы эле. Экөөлөп саан саап,  күндөрдүн өткөнүн да билбедик. Мен турмушка чыктым, үч балалуу болдум. Апам, таежем, мен өзүмчө жашап жаттык. Мезгил деген токтобойт экен, экөө тең карыды минтип менин колума кайра келишти.

Бирок таежем өз оокат тиричилигине керектүү буюмдарын бизге кошпой күйөөм келет, биз да өзүбүзчө жашайбыз деп, куру кыял менен жашайт. Ар биржолу жүгүн жайып-жыярда ушинтип,  жүрөктү эзип, сүйлөнө берет. Тиги или-нип турган эски калпакты, жанындагы табылгы саптуу камчыны кара. Ошол күйөөсүнүкү. Ал  анын жанынын бир бөлүгү. Ошо менен жатып, ошо менен турат. Кантип сексенге таяп баратканынбилбей отурат. Билбейт. Бир билгени согуштагы күйөөсүнүн келээри. Күткөнү азыр да ошол, – деп аңгемесин аяктады.

Ошондон бери да бир топ жылдарөттү. Баягы менин жакын курбумдун үйүндөгү карыялардын баары өттү. Алтургай менин жанымдай көргөн курбумда өттү. Мен да улгайып таене, чоң энеболдум. Бирок…Ушул күнгө чейин, оюмдан баягыкатылган калпак менен камчы  кайда калды экен деген суроо оюмдан кетпейт. Ооба. Кандай аянычтуу. Солкулдаган жаш селки, анын- ой кыялы, кызыктуу жашоосу бир заматта талкаланып,  бир заматта жоготоорун эч ойлобогону көз алдыма келет.

Аргасыздан Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» аттуу чыгармасына салыштыра берем. Анда  Алиман  да  бир  заматта күйөөсүн, балдарын жоготуп, аш куйган аяктары менен сүйлөшүп калаарын ойлоду беле.

«Оо, жараткан.. Өзүңө жалынам,  ушундай айтпай келген алааматтан элди сакта!  Эл ичинде бала-чакамды сакта» — деп жакамды кармап, кудайга миң мертебе жалынам. Түшүнгөнгө  бүгүнкү «Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы» тоодой жоопкерчилик. Тооба келтирүүчүлүк. Бул күн канчалаган солкулдаган жигит-кыздын өмүрү, сүйүүсү, көрбөй калган күндөрү,  сүйбөй калган балдары, жетпей калган тилеги…

Канчалаган ата-эненин жалгыз баласы, келбей калган балдары, сүйбөй калган неберелери…

Оо, Улуу Жеңиш! Сен көп жол басып, көп кордук көрүп, көз жашыңды төгүп келдиң. Сенин кадырыңа жетебизби?!…Согуш тагы улам эскирип, жоголуп,  эл арасында суюлуп, согуш унутулуп барат. Бул жакшы, абдан жакшы! Согуш болбосун! Жашасын, Тынчтык!

Махабат ЖАКЫПОВА,

Ош областынын Алай районунун Кичи-Каракол айылындагы Жумабаев Токтомамат атындагы№15 орто мектебинин мугалими.

Поделиться

Комментарии