“ИЙГИЛИКТИН ПАСПОРТУ” ЖАТАК-МЕКТЕПТИН БАЛДАРЫН ТУРМУШКА ДАЯРДАЙТ

  • 07.02.2014
  • 0

 

DSC_0077

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ЮСАИД каржылаган «Jasa.kg» Эл аралык жаштар фондусунун программасынын алкагында “Балдар институту” коомдук фонду менен бирдикте өткөргөн “Турмуштук кыйын кырдаалда балдар үчүн кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү жана уюштуруусу” аттуу республикалык семинар-кеңешмеде жатак-мектептеги билим берүү кызматтарын көрсөтүү системасын реформалоо, 2013-2016-жылдарга карата интернаттагы каржылоону жана башкарууну оптималдаштыруу пландары, андагы ийгиликтери менен проблемалары талкууланды. Ошондой эле эки жылдан бери “Балдар институту” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан “Ийгиликтин паспорту” долбоорунун жыйынтыктары, жетишкендиктери менен мектеп жетекчилери таанышты. Бул долбоор 2015-жылдын март айында аяктайт. Аталган иш-чара 2-7-февралга чейин Чолпон-Атадагы “Кыргыз деңиз” санаторийинде өттү.

Жогоруда аталган республикалык семинарга өлкөнүн жети дубанындагы жатак-мектептердин жетекчилери, психологдору жана “Ийгиликтин паспорту” долбоору даярдаган машыгуучулар катышты. Семинардын алгачкы күнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова “Билим берүүнүн өнүктүрүү стратегиясы: билим берүү кызматтарын көрсөтүү системасындагы реформа”, “2013-2016-жылдарга карата интернаттагы каржылоону жана башкарууну оптималдаштыруу пландары, ийгиликтери жана проблемалары” аттуу темага кеңири токтолду. Андан соң, эки күн бою жалаң “Ийгиликтин паспорту” долбоорунун жетишкендиктери, окумуштуулардын изилдөөлөрү, машыгуучулардын отчеттору угулуп, мыкты социалдык проектилердин роликтери көрсөтүлдү. Ошондой эле семинар учурунда машыгуучулар катышуучуларга кызыктуу сабак өтүштү. Бир заматта эле мектеп жетекчилери жаш баладай өзгөрүп, ойногулары келип, сүйлөбөй отургандар ачылып, шаңкылдап күлкүлөрү чыгып, позитивдүү маанай түзүлдү. Машыгуучулар мектеп жетекчилерин ойнотуп, аларды бири-бири менен баарлашууга, бири-бирине жакшы маанай тартуулаганга, жамаатта бир кишидей иштегенге 15 мүнөттүн ичинде жетишти. Демек, 45 сабактын ичинде окуучулар болуп көрбөгөндөй өзгөрөрүндө шек жок.
Ал эми БГУнун доценти Сания Амерханованын изилдөөсүндө, “Ийгиликтин паспорту” долбооруна катышкан окуучу менен үй-бүлөдө жашаган окуучунун турмуштук ар кандай кырдаалга даяр болуусу асман менен жердей экени далилденген. Анткени долбоордун катышуучусу өзүн жерде бекем турганын, 25 жашында үй-бүлөлүү болоорун, башкы дарыгер же белгилүү модельерге жетишээрин сүрөткө тартса, программага катышпаган окуучулар өздөрүн жерде кыйшак турганын, болгондо да көзү, мурду жок, колу-бутун таяк катары тартып, келечеги тууралуу ойлонбогонун сүрөттө билдирген. Ошентип, долбоорго катышкан балдар турмушка даяр экени, келечегине максат коюп, позитивдүү ойлор менен жашагандары аныкталса, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары эмнегедир үй-бүлө курууну тартышкан эмес. Окумуштуунун пикиринде, бул балдар келечекте кыйынчылыктарга дуушар болушат.
Уюштуруучулардын айтымында, “Ийгиликтин паспорту” методикалык окуу куралы даяр. Аны жалпы билим берүү мекемелеринде тарбиялык сааттарда, класстан тышкаркы иш-чараларда пайдаланса болот. Болгону аны Кыргыз билим берүү академиясы бекитип бериши керек. Бул 75 модулдуу окуу программасы 17 тилге которулган. Программанын версиясы Кыргызстандагы жатак мекемелердеги жаштар үчүн адаптацияланган жана 2012-жылы 12 жатак мекемелерде өткөрүлгөн. Аталган программага 1050 тоголок жетим, толук эмес жетим, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн, ата-энеси карабаган 14 жаштан 17 жашка чейинки балдар камтылган. Программанын ыкмасына 65 машыгуучу даярдалып чыккан.
Изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстанда кароосуз, ата-энесиз калган балдарды коомго аралаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү дегеле өнүккөн эмес. Андыктан интернаттын бүтүрүүчүлөрү мектептен кийин жашоонун кыйынчылыгына туруштук бере албай, коомго аралаша албай ар кандай ыплас жолдорго түшүп кеткендери белгилүү. Ошондуктан “Ийгиликтин паспорту” жаш муундарга үмүт байлап, коомчулукка даңгыр жол ачып берип жатканын катышуучулар баса белгилешти.

Салтанат МАМБЕТОВА, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

— Бул семинар Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен өткөрүлүп жатат. Семинардын максаты – интернатта окуган балдардын жашоосуна кандай шарттар түзүлүшү керек, аны кантип өнүктүрсө болот, ошондой эле республикалык 26 жатак-мектепте иштеп жаткан “Ийгиликтин паспорту” долбоорунун жетишкендиктерин көрсөтүү болуп саналат. Бул программаны улантуунун кажети барбы деп дагы талкууладык. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарттарды жакшыртуу боюнча, т.а. кирип бараткан эшиктердин, тепкичтердин жайгашышы, жарыктын берилиши, парталардын жайгашышы ж.б.у.с. маселелерди карап жатабыз. Минималдык стандарт талкуудан өткөндөн кийин, ал ишке ашырылышы керек болот. Жатак-мектептин айрым окуучулары жалпы билим берүү мектептерине которулат. Албетте, бул маселе психологиялык-медициналык комиссиянын чечими менен гана аткарылат. Белгилей кетчү жагдай, мамлекеттин камсыздоосунда жашаган жетим балдардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча реформа жүргүзүлөт. Биринчиден, жалпы билим берүү мекемелерине балдар которулса, алардын тарбиялануучусунун орду жана бөлмөлөр бошойт. Ошонун эсебинен мектепке чейинки даярдоо группаларын, коррекциялык группаларды жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүү үчүн ачса болот. Интернаттын балдарына сырттан келген балдар менен баарлашууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Албетте, бул иштердин баары министрликтин буйругу менен бекитилет. Ал эми “Ийгиликтин паспорту” программасын Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан бекитип алсак деген оюбуз бар.

Валерия АСЛАПОВСКАЯ, ЮСАИД каржылаган «Jasa.kg» Эл аралык жаштар фондунун программасынын Балдар үйлөрүнүн жаштары менен иштөө боюнча координатору:

— “Ийгиликтин паспорту” 26 интернатта эки жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Бул жолугушуунун максаты – долбоордун жыйынтыгы боюнча мектеп жетекчилери, машыгуучулар менен сүйлөшүп, канткенде бул долбоор туруктуу жана узакка созулушун талкуулоону көздөгөнбүз. Менимче, биз максатыбызга жеттик. Анткени мектеп жетекчилери программага кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дагы колдоп жатканын көрүп жатабыз. Айрым интернаттар, балдар үйлөрүнүн администрациясы бул программаны өздөрү колдоп, каржылап, машыгуучулардын демилгеси менен өтүшүүдө. Бул жакшы тажрыйбаны башка мектептер дагы алат деп ишенебиз.
Башка мамлекеттерде бул программа жалпы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн. Ал эми Кыргызстанда болсо, жалаң жатак-мектептерге киргизилди. Уникалдуулугу ушунда. Анткени так ушул мекемелерде балдардын таалим-тарбиясында кемчиликтер бар.
Донор уюму катары бул программанын жайылышына абдан кызыкдарбыз. Программанын өнүгүү процессин көзөмөлдөө абдан кызык.

Нуржамал ДЖАКУБОВА, “Балдар институту” коомдук фондунун президенти:

— Семинарга келген мектеп жетекчилеринин баардыгы программанын мындан ары да иштешине кызыкдар экенин билдиришти. Быйыл айрым мугалимдердин айлык акыларын төлөп жана канцелярдык товар менен камсыз кылуу боюнча жардам беребиз. Бир саат сабакка 70 сом төлөйбүз. Жалпысынан 47 сабак өткөрүлөт. Ошондой эле социалдык долбоорлорду дагы колдойбуз. Өткөн жылы социалдык долбоорго 100-300 долларга чейин бөлгөнбүз. Быйыл Кыргыз билим берүү академиясы менен программаны бардык жатак-мектептерге жайылтуу боюнча эксперттик иш жүргүзөбүз. Анткени балдар үйлөрүнө, интернаттарга мындай окуу курал абадай керек.

Дамира КУДАЙБЕРГЕНОВА, “Балдар институту” коомдук фондунун координатору:

— Интернаттын бүтүрүүчүлөрү окууну аяктагандан кийин деле колдоого муктаж болгондуктан, алардын мүдөө-талаптарын ишке ашырчу жаңы программа бар. Буга “Ийгиликтин паспорту” программасын дагы киргизсек деген ойдобуз. Программанын талабы боюнча тоголок жетим, ата-энеси таштап кеткен балдардын атайын тизмеси түзүлөт. Ал тизмеде баланын аты, жөнү, үй-бүлөсү, эмнеге муктаж экени көрсөтүлөт. Буларга өкмөт милдеттүү түрдө жардам бериши керек. Кээ бир балдардын ата-энелери ичип кетип, үйлөрүн жоготуп коюшат. Ушул балдарды да учетко алыш керек. Азыр булар жана кароосуз калган балдар учетко алынып жатат. Кийин жалпы жатак-мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө бул программа кирет.

Бүбүкан ЖУСУПОВА, Чүй облустук зээндүү балдардын жатак-гимназиясынын директору:

— “Ийгиликтин паспорту” программасы боюнча гимназиядагы 17 баланы окуттук. Алар сабак учурунда чоочун кишилер менен сүйлөшкөндү, өзүн кандай алып жүрүү керек экенин, официалдуу кагазды кандай толтуруш керек экенин, долбоорду кандай жазуу керектигин үйрөнүп чыгышты. Ар бир тема боюнча долбоор жазып, мектепке жакшы салым кошуп, ийгиликтүү иштерди аткарып жатышат. Мисалы, окуу жайдын чөйрөсүндө канча жылдан бери чыгарылбаган акыр-чикирди 15 миң сомго чыгарышты. Экинчи этапта дагы долбоор жазып, андан утуп алган каражатка айылдагы аялдамага отургучтарды жасап беришти. Үчүнчү этапта окуучуларга улуттук костюмдарды тиккенге дагы каражат утуп алышты, азыр ага заказ берип, тиктирип жатышат. Бизде зээндүү, таланттуу балдар окугандан кийин, албетте, активдүү окуучулар абдан көп. Андыктан тартынчак, уялчак, турмуштан запкы көрүп калган, ичине сыр катып жүргөн балдарды тандап, ошол балдарга жардам көрсөтүп жатабыз. Мектеп ансыз деле лидерлик сапатка үйрөтөбүз, ошондуктан дебатка күчтүү, жулунган балдар катышат, ал эми тартынчак балдар калып калчу. Ата-энелери бере албаганды “Ийгиликтин паспорту” берип жатат.

Кубанычбек ОРМОНОВ, “Балдар институту” коомдук фондусунун түштүк региону боюнча координатору:

— Түштүк региону боюнча алты интернат тибиндеги билим берүү мекемелери долбоорго катышып келатат. Учурда 130 ашык бала катышууда. Себеби бул программага кызыккандар көп. Мисалы, Салиева мектебинен колдон суурулган шок баланы программага кабыл алганбыз. Ал долбоорго киргенден кийин, мектептин президенти болуп калды. Дагы бир мисал, үчүнчү раунддун жыйынтыгы менен Алай-Куу өрөөнүнөн келген кыз окууга кызыгып, коомдук иштерге активдүү катышып жатканын айтып берди. Баса, Октябрь балдар үйүнүн тарбиялануучулары бул программага 6-класстан баштап катышат. Алар онунчу класстагы окуучулардай темаларды талкуулашат.

Жибек ӨЗҮБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, персоналдык пенсионер, Ысык-Көл облусу:

— “Ийгиликтин паспорту” программасы жөндөмдүү, таланттуу балдар окуган мектептерге да сөзсүз керек. Анткени программанын мазмунунда өзгөрүп турган дүйнөдө балдардын жашап кете турган жеке сапаттарын, коммуникациясын, социалдаштыруусун, кесипти туура тандоосун, ар түрдүү кырдаалдардан чыга билүүнү үйрөтөт. Андан тышкары, коомчулукта, айлана-чөйрөдө кандай көйгөйлөр бар, аны чечүү үчүн социалдык долбоорлорду жазып, боорукерлик, камкордук сезими дагы өнүгөт. Биринчи раундда 21 баланы, экинчисинде 20 баланы окуттук. Биринчи раунддун бүтүрүүчүлөрү “Эрудит” интеллектуалдык клубун түзүп, ар түрдүү тарбиялык иштерге жардам берип жатышат. Ошол балдар менен такай иштейбиз. Жеке чыгармачылык менен иштеп жатканын да көзөмөлгө алабыз. Бул балдар — лицейдин интеллектуалдык фонду. Балдардын эң күчтүү жагы үч компетенцияга ээ болушу: биринчиси — маалымат менен иштей алуусу, экинчиси – коммуникативдик, үчүнчүсү – ар кандай кырдаалдардан чыга билүүсү. Балдардын жазган эсселеринде “мен өзгөрдүм” деп жазышат. Ата-энелер дагы балдарынын өзгөргөнүнө ыраазы.

Миржан КАЧКЫНБАЕВА, Чүй облустук мектеп-гимназиянын долбоор боюнча машыктыруучусу:

— Программанын максаты – балдарды коомчулукка көндүрүү болуп эсептелинет. Бул сабак беш бөлүктөн турат. Ар бир бөлүгүндө кызыктуу темалар бар, баары балдар үчүн керектүү. Жаш мугалим катары бул программадан мен көп пайдалуу, керектүү нерселерди алдым. Бизде 2012-жылдан баштап төрт раунд өткөрүлдү. Ар бир раундда 20дан окуучуга билим бердик. Биринчи раундда Карлыгач деген кыз программага чейин түнт, элге аралашып сүйлөшө алчу эмес. Кийин ал кыздын элге, коомчулукка болгон мамилеси өзгөрүп, жыйынтыгында сүйлөшкөнгө үйрөндү. Презентация учурунда бизди таң калтырып, ырдап да берди. Ошондой эле чыр-чатакка жакын балдарды тартып, анын чечүүчү жолдорун үйрөттүк. Чырдашпай эле анын чечүүчү жолдорун табышты. Жыйынтыгында мектепте мушташтар азайды. Балдардын жашоого болгон көз караштары өзгөрдү. Балдар эмоция сабагында кадимкидей ачылышат. Мектеп директорлорго семинарда сабактарды көрсөткөндө, тарбия сааттарына керек экенин түшүнүштү.

Жаңыл ЖАНБАЕВА, А.Үсөнөв атындагы Нарын облустук
мектеп-интернатынын директору:

— Тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк ааламдашуу алкагында балдарды ийкемдүү, маалыматты көп билген жана көйгөйдү тез аранын ичинде чече билген, жашоого ыңгайланышкан, турмуштук көндүмдөргө ээ болгонуна, эмоцияларды чече билгенге, адамдар менен баарлашып, акча каражатын издеп, таба билген, турмушка даяр окуучуларды, айрыкча, интернат тибиндеги мектептерде ушундай окуучуларды даярдап чыгуу абдан зарыл болчу. Биринчи күндөн сабактарына катышып, кабинет тандап, шарт түзүп бердим. Эң керектүү турмушка зарыл темалар тандалып алынды. Сабакка катышпай жүргөн балдарды тартканбыз. Күтүлбөгөн натыйжаларды берди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии