ИНТЕРНЕТ-ОНЛАЙН СЕРВИСТЕРИНИН МУГАЛИМГЕ КӨРСӨТКӨН ПАЙДАСЫ ЧОҢ

  • 27.03.2020
  • 0

Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде ар бир мугалимдин креативдүү, чыгармачылык менен иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөн. Мугалимдерди заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү боюнча атайын онлайн жана оффлайн курстары уюштурулуп жатат.

ИНТЕРНЕТ-ОНЛАЙН СЕРВИСТЕРИНИН МУГАЛИМГЕ КӨРСӨТКӨН ПАЙДАСЫ ЧОҢ

Касымбек Жунусалиев, информатика жана физика мугалими:

«Азыркы интернет технологиялар өнүккөн, санариптештирүү кеңири кулач жайган маалыматтык кылымда коомубуздун бардык катмарлары жаңы багыттагы өнүгүүнүн жолуна түшүүдө. Санарип технологиялар жашообуздун бардык катмарларына сүңгүп кирди. Мындан 5-10 жыл мурунку маанилүү деп эсептелген жүздөгөн кесиптер жаңы технологиялардын алдында сүрүлүп чыгууда. Ал эмес коомдун жалпы түзүлүшү да маалыматтык технологиялардын таасиринде өзгөрүүгө дуушар болууда. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө санариптештирүү деңгээли 80-90% түзүүгө жетишти. IT технологиялары менен тыгыз байланышта болгон жаңы кесиптер пайда болууда. Маалыматтык технологиялардын мындай деңгээлде өсүп-өнүгүшү жакынкы 10-15 жыл ичинде биздин коомубузда, маданиятыбызда, а түгүл ар бирибиздин жеке жашообузда олуттуу өзгөртүүлөргө алып келүүсүнө шек жок.

Мына ушундай заманыбыздагы технологиялык тез өзгөрүүлөрдө билим берүү тармагында жасалган кадамдарыбыз да замандын талабына жооп бериши керек. Албетте, билим берүү тармагында да көптөгөн алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Интернет технологиялардын өнүгүшү билим берүүдө эң кубаттуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Ошону менен бирге онлайн интернет технологиялары билим берүүдөгү көптөгөн көйгөйлөрдү түп тамырынан бери чечүүгө көмөктөштү десек жаңылышпайбыз. Мисалы, айрымдарына токтоло турган болсок:

  • Окуу китептердин жетишсиздигин (электрондук китептер, электрондук ресурстар);
  • Мугалимдердин жетишсиздигин (электрондук мугалим, вебинар, онлайн окутуу ж.б.);
  • Маалыматтын жетишсиздигин (электрондук энциклопедиялар, электрондук колдонмолор);
  • Байланыштын жетишсиздигин (электрондук почта, соцтармактар, месенджерлер ж.б.).ИНТЕРНЕТ-ОНЛАЙН СЕРВИСТЕРИНИН МУГАЛИМГЕ КӨРСӨТКӨН ПАЙДАСЫ ЧОҢ

Ал эми билим берүүдө, окутуу процессинде дагы кандай артыкчылыктарды түзүп берүүдө? Учурда окутуу процессинде интернет-онлайн сервистеринин мугалимге көрсөткөн пайдасы өтө зор болууда. Мисалы: Предметтер боюнча онлайн тесттерди түзүү мүмкүнчүлүгү; электрондук китепчелерди түзүү мүмкүнчүлүгү; онлайн сурамжылоолорду жүргүзүү; онлайн жумушчу дептерлер менен иштөө мүмкүнчүлүгү; көнүгүүлөр менен иштөө үчүн арналган сервистер; мугалимдер үчүн онлайн инструменттер; сабактар үчүн сайт түзүү мүмкүнчүлүгү; онлайн курстарды түзүү мүмкүнчүлүгү ж.б.

Азыркы маалыматтык технологияларды колдонуунун жардамы менен мугалим сабагын өтө кызыктуу, жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып түзүп жана өткөрө алат. Ал үчүн интернет бизге өтө көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип жатат. Бирок эң көйгөйлүү маселе, ар бир мугалим ошол мүмкүнчүлүктөрдү жетиштүү деңгээлде колдоно алабы дегенде жатат.

Тилекке каршы, азыркы заманда көптөгөн мугалимдерибиз ошол компьютердик-маалыматтык технологияларды колдонуу жагынан аксап жатканы эч кимге сыр эмес. Албетте, мындай көрүнүшкө мугалимдерибизди күнөөлөөгө да болбойт. Анткени интернет технологиялары, санариптештирүү ушунчалык тездик менен өнүгүп жатканына байланыштуу, анын артынан кууп жетүү өтө чоң аракеттерди талап кылары шексиз. Бирок билим берүүнүн деңгээлин өнүктүрүүгө чындап далалатыбызды кылып, жаңы нерсени, жаңы технологияларды үйрөнүүнү өзүбүздүн приоритеттүү максаттарыбыздын бири катары карасак, ал көйгөйлөрдү жеңип чыгууга күчүбүз жетет деп ишенем. Бул замандын талабы. Азыркы маалымат кылымында окуучуларбыз үчүн маалыматка таңсыктык жок, алар маалымат алуунун түркүн булактарын өздөштүргөн, тескерисинче, кээде мугалимдерибиз окуучуларга караганда маалыматы чектелүү болгон учурлар көп кездешип жатат. Ошондуктан билим деңгээлибизди көтөргүбүз келсе, анда көп изденишибиз керек, сабактарыбызды окуучулардын кызыгуусун арттыргандай деңгээлге жеткирүү үчүн, албетте, интернет-маалымат технологияларын колдонууну үйрөнүшүбүз зарыл.

Мына ушулардын негизинде, биздин “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде алгылыктуу иштер жүрүүдө. Замандын талабына жараша көрөгөчтүк менен иш жүргүзгөн, жалпы жамаатты туура багытка багыттап, ар бир мугалимдин креативдүү, чыгармачылык менен иштөөсүнө эң сонун шарттарды түзүп берген жетекчиликтин колдоосунда мугалимдерди заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү боюнча атайын онлайн жана оффлайн окутуу курстары уюштурулуп жатат. Жалпы коллективди окутуудагы онлайн курстун форматына жана анын артыкчылыктарына токтолуп кетели:

ИНТЕРНЕТ-ОНЛАЙН СЕРВИСТЕРИНИН МУГАЛИМГЕ КӨРСӨТКӨН ПАЙДАСЫ ЧОҢ

Жалпы коллективди окутуудагы онлайн курстун форматы: Кайсы бир окутуунун интернет технологиясы тандалып алынат; ошол технологияны колдонуу боюнча этаптуу видеосабактар даярдалат; видеосабактар түшүндүрмөлөрү менен бир нече модулга бөлүнөт; андан соң ошол видеосабактар атайын онлайн платформада (сайт) жайгаштырылат; мугалимдер платформага катталышат; катталгандан кийин видеосабактарды көрүп, үйрөнгөндөрү боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышат; аткарылган тапшырмалардын жыйынтыктарын алар тренерге почта же башка сервистер аркылуу жөнөтүп турушат; тренер болсо алынган жыйынтыктарга жараша окуп жаткандарды багыттап турат; ар бир модул аяктагандан кийин, белгиленген убакытта онлайн видеоконференцияда же вебинарда мугалимдер түшүнбөй калган суроолорун талкуулашып, жеткиликтүү жооп ала алышат жана курстун жыйынтыгы боюнча жасалган практикалык иштердин жыйынтыгы менен тиешелүү күбөлүккө ээ болушат.

Мындай курстар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Мындай курстардын артыкчылыктары: Мугалимдер негизги жумушунан тышкаркы каалаган убакта окуу мүмкүнчүлүгү; убакыттын үнөмдөлүшү; курсту каалаган убакта, каалаган түзүлүштүн жардамында (телефон, компьютер, планшет) өтүү мүмкүнчүлүгү; алган билимди тез арада окуу процессине интеграциялоо мүмкүнчүлүгү; заманбап технологияларды колдонуу көндүмүнө оңой ээ болуу жана түшүнбөгөн суроолорду тез арада тренер менен чечип алуу мүмкүнчүлүгү ж.б.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии