ЭССЕ-ДИЛБАЯН ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ КАНТИП ЖАЗЫЛАТ?

  • 13.05.2016
  • 0

 «Эссе» сөзү француз тилинен алынган жана ал  еssae- «аракет, киришүү, тажрыйба» деген түшүнүктү билдирет. Андай болсо, бул жанрда жазуу иши — алгач ирет жазган ар бир адамдын  өзү киришип жаткан же баштап жаткан иши, алдыдагы турмуштук же кесиптик пландары, максаттары тууралуу билдирүү, алгачкы аракеттери, жеке тажрыйбасы тууралуу баяндоо, аны жазуу жүзүндө бере алуу, практикалык сунуштарын айтуу иретинде  башталган  сыяктуу.

Алган илимий булактардагы маалыматтарга таянсак, аталган жанрдын тарыхы, чындыгында эле ушундай экен. Эссени адегенде ишке орношуу кезинде жазылуучу маалымат алуучу иш кагазы катары карашса көрүнөт, же азыркыча алганда чакан же кеӊири формада жазылган резюме сыяктуу да кабылданса керек. Ошондо  ишке жаӊыдан орношуп жаткан   адам өзүнүн адистик билими, кесиптик жөндөмү, алдыдагы планы, ишти жүргүзүүдөгү  ыкмалары, жетишер ийгиликтери тууралуу платформасы  катары жазышкан десе да болчудай экен.

Чындыгында, эссе жанры – чыгармачылыктын бардык  эле жанры сыяктуу адамдын ички толгонуусун чагылдырган, эркин жазылуучу чыгарманын бир түрү.  Анткени ар бир адамдын айта   турган ою бар, айта албай жүргөн толгонуулары бар, бирөө менен тажрыйбасын, ички сезимдерин  бөлүшкүсү келет.  Ал ой кээде кыска, кээде чоӊ көлөмгө  «батуусу»  ыктымал. Аны ар бир адам баяндап береби, сүрөттөп жазабы, ой толгоо түрүндө жазабы, сюжет түзөбү же түзбөйбү, демек, баары адамдын чыгармачыл эркин тандоосу аркылуу ишке ашмакчы. Ушуга жараша алганда,  эссе адамдын айтайын деген оюн, ички толгонуусун, турмушка болгон көз карашын эркин чагылдыруунун бир формасы катары көрүнөт. Ошон үчүн эссе деген эмне дегенде, ага түрдүүчө баа беришет, түрдүүчө мүнөздөшөт  жана ага түрдүүчө баа берилип келет.

Мисалы: биринчиден,  айрым учурда эссени «жүрөктүн музыкасы» деп да коюшат, ошого жараша аны «ойдун музыкасы» деп да мүнөздөп жүргөндөр бар. Экинчиден, эссеге публицистикалык ой жүгүртүү сыяктуу учурдун маанилүү коомдук проблемаларын чагылдыруу да мүнөздүү. Анда коомдун курч проблемаларын ортого коюу менен, аны чечүүнүн жолдорун сунушташат, өзү жашаган учур менен бетме-бет келишип, ой талашат. Ошондуктан, кээде эссени  «дүйнө менен талашып-тартышуунун куралы» деп да коюшат. Андай учурда эссенин мазмунунда  учурдун абалы, анын картинасы сөз  менен тартылып, жазуучунун ага болгон жеке мамилеси айтылат да, ал мамилеси улуу адамдардын накыл кептери менен бекемделип, алар жашаган мезгил  менен өзү жашаган мезгилди тематикалык жана проблемалык жалпылыктар менен байланыштырышат. Ойлорунун аныктыгын далилдешет.

Ошону менен бирге, эссе  жазууга машыгуу аркылуу мектеп окуучусу же студент  полемикалык ой-пикирин, турмуштук жеке көз караштарын берүү менен, келечекте чыгармачылыктын  жаӊы жолуна багыт алуусу да ыктымал. Сөз менен иштөөгө, оюн ирээттүү берип, баяндоо, сүрөттөө жана кептин ой жүгүртүү түрүндө иштей билүүгө машыгышы да ыктымал. Ошондуктан, эссе чыгармачылыкка машыктыруучу да, көнүктүрүүчү да  каражат катары бааланат. Бул — үчүнчүдөн.

Ошондуктан, учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мектептерде болсун, жогорку окуу жайларында болсун, алардын алдыдагы максаттары жана тандап алган болочоктогу кесиби тууралуу  оюн жазуу жүзүндө чагылдыруунун, андан өзүнүн чыгармачыл аракеттерин да көргөзүүгө жасаган алгачкы аракетин байкоонун, аны баалоонун бир формасы жана каражаты катары кеӊири пайдаланылып келаткандыгы ошондон.

Төртүнчүдөн, эссе — чыгармачыл толук кандуу жанр, ал аркылуу  саясаттын, илимдин, анын ичинде врачтардын, педагогдордун, ошондой эле экономисттердин ж.б. өкүлдөрү  турмуштук көз караштарын эркин формада  берип келишери практикада белгилүү. Мында, албетте, ар бир тармактын адамдары өз тармагынын маанилүүлүгү, проблемалары, келечектүү маселелери, аларды чечүүнүн урунттуу жолдору туурасында ой бөлүшүшөт, ошону менен бирге сунуштарын айтышат.

Бешинчиден, эссе чыгармачыл, жанр болгондуктан, анын көлөмү чектелбейт, бул анын  айрыкча мүнөздүүөзгөчөлүү касиети катары да мүнөздөлсө болот.

Кээде, чыгармачыл адамбы, же башка тажрыйбалуу адам болобу,  өзүнүн турмуштук байкоолорун, бир тамчы философиялуу ойлорун, же кайсы бир учурда күндөлүк формасында көз караштары менен байкоолорун да канаттуу сөздөр менен же толгонуу мүнөзүндө, бир сүйлөм болобу, бир абзац болобу, бир барак болобу, ыр түрүндөбү, кара сөз түрүндөбү, отура калып жазып коюусу да дал ушул эссе жанрына толук мисал болуусу турган иш.

Ошон үчүн мектепте болобу, же жогорку окуу жайында болобу, эссе жазуу — ал чыгармачыл же ойлонгон окуучу менен студенттин берилген темага ылайык чыгармачыл ой жүгүртүүсүн бир бараккабы, эки бараккабы, эркин формада  бере билүүсүнө машыктыруучу жазуу иши катары бекемделип келатат.

Ошондуктан эссе жанрында кенен формада публицистикалуу мүнөздөгү повесть-роман да жазылган тажрыйбалар дүйнөдө жок эмес. Соӊку жылдарда, чыгармачыл бул жанр биздин улуттук адабиятыбызга  адабий өзгөчө жанр катары келип отурат. Атап айтсак, кыргыз адабиятында бул жанрда өз тажрыйбасын сынап көргөн КРнын Эл жазуучусу К.Жусупов экендиги талашсыз. Анын жазган «Ата журт» романы буга мисал. Ошондой эле жазуучу, публицист, профессор А.Муратовдун «Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мырза Гапаров» аттуу публицистикалык эссе түрүндөгү эскерүүсү (жазуучу Мырза Гапаров тууралуу) ж.б. мүнөздүү.   Анткени аталган эки жазуучунун биз айткан чыгармалары эркин чыгармачыл  баяндоо менен, тандап алган темага жараша жеке чыгармачыл көз карашын, кенен жана тереӊ публицистикалык-философиялык ой жүгүртүүсүн билдирүүсү менен башка чыгармалардан мүнөзү, баяндоо, сүрөттөө жана ой жүгүртүү стили менен айырмаланат. Аларда, албетте, баяндоо да бар, сүрөттөө да бар, ой жүгүртүү да бар, сюжет да бар, образ да бар, эскерүү да бар, албетте, акырында, баарына  карата берилген автордук жеке баасы жана жыйынтыктоо  бар.

Эссе жазууда эске алууга болор үч эреже туурасында жазуучу В.Кротов буларды белгилейт:

Биричиси, кызыктуу теманы тандоо — деп айтылат анда. Экинчиси — айта турган ойду аныктоо, эмнени айткысы келет, ошону табуу; демек, проблеманы кое билүү туурасында сөз баратат. Үчүнчүсү — бирөөнүн жетегине түшпөй, ар ким, окуучу болобу, студент болобу, теманы өз алдынча ача алуу, өз көз карашын билдирүү, өз сөзүн айтуу.

Ошону менен бирге, жазуучу В.Кротов эссе жанрынын эркин жана ар тараптуу болорун билдирүү менен, эссе-ой жүгүртүү, эссе-изилдөө, эссе-аӊгеме, эссе-мүнөздөмө, эссе-этюд, эссе-очерк, эссе-эскерүү, эссе-гипотеза сыяктуу формаларын  жазууга болорун  да кыйытып айткан.

Эссе жазуу да алдын ала пландоо менен же эркин ой жүгүртүү аркылуу  жазылышын айтуунун анча зарылдыгы жоктур. Ошентсе да,  эгер окуучу же студент план түзүп жаза турган болсо, кадимки эле реферат же дилбаян, же баяндама жазган сыӊары пландап алуусу мүмкүн экенин белгилей кеткибиз келет.

          Мындай шартта, албетте, планда киришүү, иштин негизги бөлүгү жана корутундусу болууга тийиш.  Киришүүсүндө теманы ачуу, алдыдагы максатты белгилөө, ой жүгүртүүүчүн проблеманы коюу мүнөздүү болсо, негизги бөлүгүндө, айтайын деген оюн ортого салуу, оюнун орчундуу экенин  далилдөө, ал үчүн аргументтерди келтирүү, турмуштук мисалдарды тартуу, жеке  көз карашын туюнтуу ишке ашмакчы. Ал эми корутундусунда болсо, адаттагыдай эле, жалпы ойду жыйынтыктап, эмне маселелер козголгондугу дагы бир ирет айтылып, иш жалпыланат.

Ушул жерден мындай бир суроо  коелу: эссе менен дилбаяндын өз ара катышы кандай, же экөө окшошпу, же өз алдынчалуу  жазуу иши катары айырмалуубу?

Биздин оюбузча, бул суроого жооп мындайча: эссе менен дилбаян чыгармачыл жанр катары экөө окшош типтеги жанрдык мүнөзгө ээ, бирок, албетте, экөө эки башка чыгармачыл жанр. Ошентсе да, экөө таптакыр эле айырмаланган, бири–биринен алыс турган жанр да эмес. Анын  себеби мында: биринчиден, экөөнүн айырмачылыгы эмнеде дегенде, адабий дилбаян, албетте, белгилүү бир чыгарманын сюжетине таянуу менен жазылат, ал чыгарманын сюжеттинин чегинен чыкпайт. Ал эми окшоштугу- эгер, биз эркин темада, публицистикалык мүнөздө да дилбаян жазарыбызды эске алсак, публицистикалуу, эркин темадагы дилбаяндагыдай эле, эсседе да эркин ой айтылуу менен, окуучу же студенттин жекече чыгармачыл ой жүгүртүүсү — дилбаяндын да, эссенин да жаралыш  негизин түзөт.

Ошентсе да, илимий калыс баа берсек, дилбаян дагы, эссе дагы адамдын ички дилин, оюн, көз карашын чыгармачыл мүнөздө баяндап эркин чыгармачыл формада да жазыларын эске алсак, эссе менен дилбаян чыгармачыл эгиз жанр катары көрүнөт жана бири-экинчисин толуктап тургандай туюлат. Андай болсо, эссени   дилбаяндын бир формасы катары кабылдасак болчудай. Анткени дилбаянды эссе формасында да, адабий-публицистикалык ж.б. формада да жазса болорун жогорудагы практика далилдеп келатпайбы.

 Ошентсе да, эссе  чыгармачыл өз алдынчалуу бир форманы сактоо менен, дилбаяндын өзгөчө бир жанрдык тиби, айрыкча бир формасы катары  кабыл алуу менен, эссе-дилбаян деп, жанрдык бир тип  катары бөлүп көрсөтсөк неге болбосун.

Мында эссе-дилбаян өзүнүн эркин формасы, эркин көлөмү, эркин мазмуну, учкул ойлуулугу, андагы философиялуу ой жүгүртүүсүнүн күчтүүлүгү  менен жана да  жазуучу адамдын жекече стили менен айрымаланган жазуу ишинин бир формасы катары чыга келет.

Андай болсо, эссе-дилбаянда жазууда эмнелер көӊүлгө алынууга тийиш?

Биринчиден, теманы аныктоого айрыкча маани берүү зарылдыгы эске алынууга тийиш.

Экинчиден, эссенин темасына жараша атын коюуга өтө маани берилүүсү керек. Анда учурга жараша жарк эте көрүнө калар, адамдын сезимине жете турган, учкул ойду камтып тургандай ат коюу талап кылынат.

Үчүнчүдөн,  мазмундуу  материалдарды  топтоштуруу, фактыларды тандоо, айрыкча  маанилүүлөрүн топтоо, аларды  талдоо мүнөздүү.

Төртүнчүдөн, жалпы окурмандардын бүйүрүн кызыткан талылуу проблеманы кое  билүү, ага жараша жеке көз карашын алып чыгуу.

Бешинчиден, проблеманын үстүндө ой жүгүртө алуу, цитаталарды пайдалануу, курч сөздөрдү, афоризмдерди, учкул сөздөрдү колдонуу,  адамдын окугусун келтирген  ойлорду  алдыга коюу.

Алтынчыдан, маанилүү тезистерди белгилеп айта билүү, салыштырууларды, күчтүү сүрөттөөлөрдү, тереӊ ой жүгүртүүлөрдү бөлүп көрсөтүү.

Жетинчиден, философиялуу ой корутундусуна келүү жана маанилүү сунуштарды айтуу, аны турмушка ашыруу жолдорун так көрсөтүү.

Мына ушулардан улам, деги эле эссе жанры эмне мүнөзгө ээ, ал кантип жазылат? –деген суроолорго жооп ала алабыз жана дилбаян менен окшоштук-айырмачылык белгилери тууралуу да так маалыматтарга ээ болобуз.

Ошону менен бирге, чыгармачыл бул жанрдагы жазуу иштерин практикада кантип колдонобуз?-деген да суроо келип чыгары белгилүү. Бул маселени, балким мындайча чечүү  туура болор. Ири алдыда, салттуу жазуу ишин алуу, окуучунун билимин, жазуу көндүмдөрүн салттуу баалоо учурунда салттуу түрдө же мектепте болсун, же жогорку окуу жайларында болсун,  адабий же публицистикалык ж.б. жанрдагы дилбаяндарды жазуу, ошо менен алардын билим жетишкендиктерин баалоо талапка ылайык келмекчи дегибиз келет. Ал эми окуучу менен студенттин билимин, жазуу көндүмдөрүн, ой жүгүртүүсүн, чыгармачыл жөндөмүн салттуу эмес шартта текшерүү жана баалоо шарттарында, албетте, эссе-дилбаяндарды жазуу талапка ылайык келмекчи.

Жыйынтыктап айтканда, албетте, жазуу ишинин бул эссе-дилбаян тиби окуучунун да, студенттин да, жазуу ишинде сөздү колдоно билүүсүн,  жазып жаткан темага ылайык турмуштук проблеманы көрө билүүсүн, ага ылайык   өз оюн эркин стилде баяндап, сүрөттөп, ой жүгүртүп айта алуусун,  аларга карата инсандык жеке көз карашын билдире алуусун, турмуштук көрүнүштөрдү анализдеп, талдай билүүсүн, ал үчүн күндөлүк турмуштан далилдерди топтоп, талдай билүүсүн, айта турган ойлорунун ичинен негизгилерин бөлүп көрсөтө билүүсүн,  алардан бүтүн бир логикалуу жыйынтык чыгара алуусун, аны далилдер менен автор катары коргой билүүсүн, чыгармачыл түрдө аналитикалуу түрдө ой жүгүртө алуусун текшерүү, баалоо  жана өнүктүрүү максатындагы иш-аракеттердин системасын   жүзөгө ашыруучу жанр катары орундуу  пайдаланылса, ар качан өз жемишин берери шексиз.

С.Рысбаев,

педагогика илимдеринин

  доктору,  профессор

 

Поделиться

Комментарии