ЭМГЕК ТАРБИЯСЫБЫ ЖЕ…

  • 05.07.2013
  • 0

Кабыргасы ката элек балдар, өспүрүмдөр бул күндө таӊ аткандан кеч киргенге чейин чоӊдор менен калышпай талаа бетин тырмалайт. Жайдын ысык аптабы куйкалап, тердеген денеге кирдеген кийим жабышат. Сууга кайнатылган макарон же күрүч тамакты даамсыз, кунарсыз болсо да жеп, чаӊкаганда муздак чайдан же жармадан ичип коюп пияз отогон, кызылча чапкан балдар…

Бишкекте базардын чаалыктырма опур-топуруна аралашып, араба түрткөн, жашылча-жемиш, гезит саткан, желим бөтөлкө чогулткан балдар көбүрөөк акча табууну бир ойлосо, тезирээк кеч кирсе экен деп миӊ ойлойт. Өтүк майлаган, чакадагы сууга салып лимонад ташыган, бири-бирине кыр көрсөткөн, чоӊдордун акаарат сөзүн уккан, чогоолураактары тил кайтарган балдар…

ЭМГЕК ТАРБИЯСЫБЫ ЖЕ…

Жалкытуу жана жалкоолук

 

Ырас, кичинекейинен эмгекчил болуп өссө, ата-энесинин кадырын билет, өз алдынча турмуш жолуна аттанганда көп кыйналбайт деген пикир да жүйөлүү. Чын эле, өзүн койорго жер таппай колоктоп бош жүргөнчө, иштеп акча тапканы, үй-бүлө бюджетине кичине болсо да салым кошкону оӊ эмеспи. Балдардын чыдамкай, жоопкерчиликтүү, күйүмдүү, чарбачыл болуп өсүшүнө эмгек зор өбөлгө түзөрү илгертен эле белгилүү. Жалкоолук, бекерчилик, шалаакылык, кайдигерлик, таш боордук, сабырсыздык, өзүмчүлдүк – булардын баары бүгүн жаштарды жапайылантып, «маймылга» айлантып баратат. Мунун бир дабасы туура уюштурулган, ченемден аша чаппаган эмгек экендиги талашсыз.

Бирок кептин баары ошол ченемдин азыр сакталбай жатканында. Сөөгү ката электерди чоӊдор үчүн белгиленген 8 сааттык жумуш күнүнөн да ашыкча иштеткен учурлар кеӊири кездешет. Айрыкча түштүктө күрүч сугарып, пахта терген, тамеки тилгендердин абалы жан кейитет. Эл аралык стандарттар боюнча бул иштер эмгектин балдар үчүн эӊ зыяндуу түрлөрүнө кирет экен.

Ден соолукка тийген зыяндан башка мунун дагы бир зор кесепети бар. Жаштайынан өтө оор түйшүккө малынып, эзүүдөн башы чыкпагандар мүнөзү мокок, акылы чабал, эрки бошоӊ (шалаакы), дили кереӊ болуп өсүшү көбүрөөк ыктымал. Иштегенден жалкып  калган адам жалкоо  болот, ал коркутуу же кыстоо, мажбурлоо менен гана кыймылдайт. Кулчулуктун бир тамыры ушул жакта.

 

Эмгек гигиенасы жөнүндө эки ооз сөз

 

Тажикстандын Жергеталындагы кыргыздар Совет бийлигинин тушунда деле жалданма эмгекке аралашып келген. Кышы кыйла узакка созулган бул жерде совхоздун берген айлыгы чай-нанга араӊ жетчү. Андыктан там салуу же үйлөнүү үчүн жыл сайын бойдок жигиттердин көбү Өзбекстанга барып дубалга иштеп, түзүк эле акча таап келчү. Ошондо пакса дубал койгондор өздөрүнүн бир тамашасын дайым айтып жүргөнү эсимде.

Өтө катуу чарчаганча иштеген адамдын кетмени тик койгондо жыгылса же өзү чалыштап, мүдүрүлүп кетсе, ага шериктери айып салчу экен. Шылдыӊдан кутулуу үчүн ал өз эсебинен атайын палоо демдетип, эт салдырат да, шылтоо менен баары көӊүлдөрүн бир сергитип, эс алышат.

Бир караганда зериккендердин эле чыгарган адатындай көрүнсө да, мунун мааниси зор. Чындыгында адам иштөө (акча табуу) үчүн жашабайт, жашоо үчүн иштейт (акча табат), бирок, тилекке каршы, муну унутуп койгондор көп. Эгер жетилген курактагылардын эмгек гигиенасы ушунчалык зор мааниге ээ болсо, эми гана өсүп бараткан, табият тартуулаган дараметин ачууга жол издеп жаткан балдар үчүн ого бетер зарыл экендигин ата-энелер унутпаса экен?!

 

Таалим уясыбы же наадандыктын уюгубу?

 

Гигиена демекчи, азыр бул талап мектептерде (айрыкча шаарлардагы гимназия, лицей ж.у.с. аталып алган орто билим берүү мекемелеринде) да жакшы сакталбай калды. Сабактар илгеркидей эле 45 мүнөттүк убакыт алкагында окутулуп жатканы чын, бирок билген-билбегенине карабай окуучулардын баарын акы төлөнүүчү кошумча сабактарга келүүгө мажбурлаган мугалимдер көбөйүп кетти. Алардын көпчүлүгү өздөрү деле муну каалабаса керек, бирок айлык акысы эч нерсеге жетпегенде аргасыздан ушуга барышат го. Түрдүү шылтоолор менен ата-энелерден чогултулуп жаткан ири өлчөмдөгү акча каякка жумшалууда?

Илгери бүтүрүүчү класстарда эӊ көп окуганда күнүнө 5-6 сабактан ашчу эмес, азыр башталгыч класстын окуучусу 7-8 сабакка чейин мектепте кармалган учурлар да кездешет. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Текшерсе да, буга окшогон толуп жаткан катачылыктарды жоюу үчүн эмес, «үлүш алуу» (ооз басырык өндүрүү) үчүн гана текшеримиш кылат окшойт.

 

Келечекке ким жооптуу?

 

Балдардын мектептен чыгып, иштеп кетүүсүнүн бир себеби ушул. Албетте, мындан да оор себеби кадимки эле жакырчылык экендиги бештен белгилүү. Бирок кедейлик деп кейий бергенден эч пайда чыкпайт. Андан көрө мунун себебин издеп, жойо албасак да, азайтуунун жолун табышыбыз керек. Бир жагынан, азга канаат кылып, төшөккө жараша бут сунганды үйрөнүү керек окшойт. Аш-тойлор, ашкере ысырапчыл шаан-шөкөттөр, жалтыр-жултур кийим, башкаларга эрегишип, мактаныч үчүн гана сатып алынуучу машина ж.у.с. – курсагы тоюп-тойбой оор иштерге эрте аралашып жүргөн балдарыбыздын тагдырына балта болуп чабылып жатканын ойлосок.

Ата-энелер менен бирдей деӊгээлде мамлекет да буга жооптуу. Билим берүү, тарбия системасын түп тамырынан өзгөртүп, инсандын чыныгы муктаждыктарын канааттандырууга ылайыктоо зарыл.

Жагабы, жакпайбы, капиталисттик коомго баратабыз. Азыр анын жапайы мезгилин баштан өткөрүүдөбүз. Андыктан социалдык теӊсиздик, бай-кедей болуп катмарлануу өкүм сүрө баштаган ушул мезгил тилкесинен эӊ аз жоготуу менен өтүүгө умтулуубуз зарыл. Азыр жаш муундун тагдырына кайдигер мамиле жасоо менен эӊ башкы жоготууга жол коюп жатабыз.

 

Жетимиш жыл илгери

 

Орус тилдүү абхаз жазуучусу Фазил Искандердин «Адам турагы» («Стоянка человека») аттуу чыгармасы бар. Анда Октябрь революциясынан кийинки балдарга кызыктуу мүнөздөмө берилген. Мурдагы байлардын балдары оокатка тыӊ, элпек, кедейлердики көбүнчө обу жок эрке, жалкоо же шалаакы экендигине таӊ калган өспүрүмдөрдүн суроосуна алардын бири минтип жооп кайтарыптыр: «Мунун себеби жөпжөнөкөй – байлар малайсыз калып, эми өз балдарын жумшап жүрөт. Кедейлер байсыз калып, өз балдарына кул болуп алган».

Чындыгында, кедей балдарынын жакырчылыкты «мурастап» калуусунун эӊ орчундуу себептеринин бири мындай. Өмүр бою кыйналып иштеп, орто оокаттуу болгондор көбүнчө биз көргөн азапты тартпасын деп балдарын ашкере аяп жүрүп, жүүнү бош, жатып ичер, жоопкерчиликсиз кылып алышат. Ал эми негизги байлык колдун кири болгон акча, мал ж.б. эмес, аны таба билүү, сарамжалдуу иштете билүү экендигин өз тажрыйбасынан түшүнгөн салмактуу байлар балдарын тырмактайынан иштиктүү, чарбачыл кылып өстүрүүгө умтулат.

 

Жолдош ТУРДУБАЕВ

Поделиться

Комментарии