ЭГЕМЕНДИКТИН ЖАРЧЫСЫ

  • 18.01.2024
  • 0

 

ЭГЕМЕНДИКТИН ЖАРЧЫСЫ

Талас Мамлекеттик Университетинде  кыргыздын даңазалуу уулу, татыктуу жердешибиз илимпоз, натурасы нагыз аристократ Кубанычбек Нурбекович Нурбековдун 95 жылдыгынын жана анын урматына чыгарылган окумуштуулар тобунун «Кубанычбек Нурбеков- Эгемендиктин жарчысы» аттуу китебинин бетачары, ошондой эле аталыштагы илимий конференция болуп өттү.

Албетте, илимий докладдар окулду, куттуктоо сөздөр, эскерүү сөздөрү болду. Кубанычбек Нурбековдун феномени, же, анын башка окумуштуулар, илимпоздордон артыкчылыгы- анын жөн гана укуктук көрөгөчтүгү эмес, ал ошол эле кезекте, теориялык илимий-укуктук негизде тастыктап, эч коркпостон-үркпөстөн далилдегенинде. Бирок, тоталитардык системдүү державада мындай көз карашы үчүн ага «улутчул» жарлыгы тагылып, диссидент болуп калса да, ал сынып калбай, өз пикиринде бекем тутунуп кала бергендиги нагыз эрдик эле. Коммунисттик идеологиянын шартында моралдык кысымга кабылганы анын ден-соолугуна зыян алып келип, илимий потенциялы оргуштап турган кезинде, 57 жаш курагында дүйнө салып кете берген. Көп узабастан, эркиндиктин К.Нурбеков агайыбыз тастыктаган, эңсеген, эгемендиктин желаргысы келип, бүтүндөй система урап, Кыргызстан өз алдынчалыгына ээ болду. Мына ошондо гана көп чөйрөдө, анын келечекти көрөгөчтүк менен айткан тезистери ишке ашып айкындалды жана актуалдуулугу артты. Биз, Кыргызстандагы көптөгөн укук жаатындагы Усуп Мукамбаев, Мукар Чолпонбаев, Чолпонкул Арабаев, Осмонакун Ибраимов сыяктуу көптөгөн үлкөн кызматтагы жетекчилердин гезит беттерине агайы тууралу чыгарган баяндамаларын да окуганбыз. Бүгүнкү күндө, конференциянын жүрүшүндө баяндама-куттуктоо жасагандар айтып өтүшкөндөй, Кубанычбек Нурбеков агабыздын эмгеги республикалык денгээлде жогорку иш-чара иретинде өткөрүлүүгө тийиш экендиги айкын иш. Эгемендүүлүктүн карааны көрүнө электе, азаттык конгуроосун алгачкы каккан, укук тармагынын алгачкы чыйыр салган доктору, бүт тулку бою менен нагыз аристократ агайыбыз, «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» демекчи, элеси, кылган иши, тарбиясы, бийик идеясы менен билгендердин эсинде түбөлүк калат. Кыргызстан Эгемен күнүн белгилеген сайын, эгемендикке умтулуп, теориялык көз карашы менен азаттыкты жакындаткан инсандар, анын ичинде, Кубанычбек Нурбеков аталууга, эскерилүүгө, бааланууга, даңкталууга тийиш. Анын тунук акылы, калыстык иши, бала кезинен эле калыптанган окшобойбу. Раматылык менин энем менен бир класста окугандыктан, идиректүү, тартиптүү, жибектей созулган, окуу десе ичкен ашын жерге койгон окуучу болгондугун айтып калаар эле. Биз сыймык туткан агабызга арналган китептин да жарык көрүп жаткандыгы, жана жергиликтүү коомчулукта белгиленип жатышы абдан сыймыктуу да ардактуу да көрүнүш болду. Акырында, китепти чыгарууну демилгелеген «Мурас» фондусуна, жетекчиси тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымовго, ошондой эле, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген илимий топко, анын жыйноо ишин аткарган жаш окумуштуу Жунусова Махабат айымга, Талас мамлекеттик университетинин ректору Шаршембиев Жыргалбекке  жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү Жусупова Моймол, Сабатарова Махабатка айылдаштарынын атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип кетмекчимин.

Каныбек БАЙТИКОВ

 

Поделиться

Комментарии