ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИНЕ АРНАЛГАН КИТЕП

  • 23.05.2016
  • 0

 «Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-руханий өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери» — аттуу бир темага бириктирилген үч автордун эмгектери бири-бирине байланыштуу келип, Республикадагы эгемендүүлүктүн шартында өнүккөн жана өзгөрүлгөн коомдун саясий, экономикалык, социалдык, диний, идеологиялык жана руханий маселелерин изилдөөгө алып, анын ийгиликтерин жана кемчиликтерин илимий талдоо аркылуу, орун алган кемчиликтерин жоюу багытында практикалык сунуштары берилген.

Көтөрүлгөн маселелердин авторлору (Т.Абдырахманов «Кыргызская Республика в период демократического транзита». – Б., 2013; ошол эле автордун «Переходные процессы и особенности демократического транзита Кыргызстана: власть  и общество.  – Б., 2009; Н.Курбанова «Ислам в общественно-политической жизни  Кыргызстана»  – Б., 2009; ошол эле автордун «Проявление политического ислама в постсоветских Центральноазиатских государствах» – Б., 2009; Э.Маанаев «Идеология современного Кыргызстана и ее перспектива». – Б., 2012.) ошол эле автордун «Кыргызстандагы идеологиялык кырдаал жана анын келечеги» — Б. 2012;  эмгектеринде көтөрүлгөн маселелерди комплекстүү жана салыштырмалуу ыкмада изилдешип, өз көз караштары менен ойлорун коомчулука тартуулашты.

Өткөөл учурда Кыргызстан пландуу экономикадан рыноктук экономикага, саясий багытта тоталитардык башкаруудан демократиялык башкарууга өтүп, бул багытта жүргүзүлгөн мамлекеттик деӊгээлдеги иш чаралардагы кетирилген кемчиликтердин натыйжасында республикада 2005 ж. жана 2010 ж. революциялык төӊкөрүштөрдү башынан өткөрдү.

  Ушул багытта жүргүзүлгөн Т.Абдырахмановдун изилдөөсүндө Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында  өнүгүүнүн позитивдүү нугуна түшпөй конструктивдүү туруктуулукка толук жете албай турганы далилденген.

Кыргыз Республикасынын Президенттери жана Өкмөт жетекчилери тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык реформалар жана андагы кеткен кемчиликтер стихиялуу, «жапайы капиталисттик системанын» нугун жаратып, андан жалпы калктын социалдык жактан жиктелүүсү жогорулоо менен жарандар  өзүн-өзү каржылаган социалдык-экономикалык түзүлүш пайда болгонун тарыхый фактылар менен жеткиликтүү бере алган. Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөргө карабай КМШ өлкөлөрүнүн ичинен башкарууунун жогорку демократиялык багыты болгон Парламенттик-президенттик башкаруу системасына өтсөк, коӊшулаш Орто Азия жана Казахстан мамлекеттеринде тоталитардык башкаруу системасы алигиче эски нугунда жүрүп жатканы Т.Абдырахмановдун эмгегинде салыштырылып,  иликтөө ыкмасы менен  ишенимдүү чагылдырылган.

Парламенттик бийликтин өзөгүн түзүүчү саясий партияларда саясий  жактан али бышып жетпеген, курамы боюнча негизинен мурдагы бийлик бутактарында жүрүп  байлыгын  топтогондор басымдуу бөлүктү ээлеп жатканы автордун изилдөөсүндө обьективдүү кырдаалда талкууга алынып, айрым маселелер боюнча практикалык сунуштар берилген.

Бүгүнкү Кыргызстандын коомдук турмушунда түздөн түз тиешеси бар маселенин бири  катары дин жана анын идеологиясын атоого болот. Диндин баалуулуктарын бурмалоо менен аны саясий оюндарга айландырып, улут, этнос аралык кагылышууларды комплекстүү талдоого алган окумуштуу Н.Курбанова мамлекеттик бийлик тарабынан динге карата кандай иш чара жүргүзүлүп жатк андыгын, диндин социалдык-укуктук нормативдик көрсөтмөлөрдү ишке ашыруудагы ийгиликтери жана көйгөйлөрү кеӊири талдоого алынып, ушул эле көтөрүлгөн маселелер коӊшу мамлекеттерде (Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан, Туркменстанда) кандай жол менен ишке ашырылып жаткандыгы салыштырылып, диндин теориялык, практикалык маселелеринде өз көз караштарын, ойлорун ортого салат.

Автор Кыргызстанда диндин кеӊири жайылышына түзүлгөн ыӊгайлуу абал өзгөчө экстремисттик уюмдар болгон «Хизбут – тахрир», «Акрамия», «Өзбекстан ислам кыймылы», «Таблиги жамаат» сыяктуу Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдөгү тыюу салынган ар кандай диний уюмдардын өлкөдө пайда болушуна алып келип, бул уюмдарга Кыргызстандын жарандары барган сайын кеӊири тартылып бара жаткандыгын талдоо менен, бул маселенин социалдык кризистен жана мамлекеттик бийликтин кайдыгерлик мамилесинен келип чыккандыгын далилдеген.  Көтөрүлгөн маселеде алгачкы 1991 ж. кабыл алынган «Дин эркиндиги жана диндик уюмдар» аттуу мыйзам диндин тездик менен таралышына шарт түзүп, аз убакыттын ичинде Республикада 2298 жеткен диндик уюмдар жана катталбаган диний агымдар пайда болгондугу белгиленет.

Дин маселеси коӊшулаш мамлекеттерде өзгөчө көзөмөлгө алынып, диний уюмдарды кайрадан каттоодон өткөрүп, мамлекеттин маданий, нарк-насил шарттарына туура келбегендерине тыюу салынып, өлкөдөн чыгарылгандыгы белгиленет.

Илимий изилдөөдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес диний билим берүү маселеси кеӊири орун алган. Диний окуу жайлардын саны боюнча Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен калктын санына жараша биринчи орунда турары статистикалык маалыматтар менен аныкталган. Өлкөдө 10 жогорку Ислам институту, 63 медресе, 16 христиан окуу жайлары бар. Чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларда билим алып жатышкан жарандардын саны арбын. Орто билимдүү дин кызматкерлерди даярдаган окуу жайлары дагы өз ичинен экиге бөлүнүп, аларды дагы көзөмөлдөө жүргүзүлбөйт. Ушул сыяктуу окуу жайлардын көптүгүнө карабай, көпчүлүк мечиттерде иштегендердин адистик билими жок. Бул багытта республикадагы көптөгөн диний уюмдарды кайрадан каттоодон өткөрүп, Конститутцияга жана элдин каада-салтына туура келбеген дин агымдарын чектөө менен диний баалуулуктарга жол ачуу сыяктуу көптөгөн маселелер талдоого алынган.

Республиканын эгемендүүлүктүн шартында өнүгүп келе жаткан экономикалык, саясий, социалдык жана руханий багыттарын аныктаган мамлекеттик идеологияны түзүү актуалдуу маселенин бири. Ал аркылуу ар бир жарандын да, коомчулуктун да дүйнө таанып билүүчүлүк көз карашы өзгөрүлөт. Ушул багытта, Э.Маанаев тарабынан иштелип чыккан эмгектер өтө актуалдуу.

Эгемендүүлүктүн алкагында  Мамлекеттик бийлик тарабынан түзүлгөн ар бөлөк комиссиялар, саясатчылар, илимий изилдөөчүлөр тарабынан бир канча идеологиялык долбоорлор  иштелип чыкканы менен алар негизинен улуттук идеологияга басым жасашып, бүгүнкүөзгөрүлгөн саясий кырдаал, экономикалык, социалдык абалга тыкыз байланышпагандыктан абстрактуу ой катары калып келет.

Автор, учурунда калк арасында мыйзамдуу да мыйзамсыз да жүрүп жаткан идеологиянын негизги беш багыттарына токтолуп, алардын баалулуктарын жана кемчиликтерин талдоо аркылуу, келечектеги түзүлүүчү идеологиянын өзөгүн, ааламдаштырууда кенири тарап жаткан неоконсерватизм, неолиберализм маселелеринин алкагында, улуттук каада- салт, нарк-насил, диндик баалуулуктар, коммунисттик идеологиянын социалдык маселелер боюнча ийгиликтерин талдап чыгып, эӊ биринчи мамлекеттик идеологияны түзүү менен гана улуттук идеологиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү маселесин көтөрөт.

Автор белгилегендей, ар бир социалдык катмардын өз турмуш тиричилигине, керектөөсүнө, муктаждыгына шайкеш келүүчү идеология түзүлбөсө жана ага кошумча Кыргызстандын калкынын көп улуттуу, этносторунун өзгөчөлүгү эсепке алынбаса, түзүлгөн идеологиянын ишке ашпай калышын өткөн турмуш өзү далилдеди.

Жазылган эмгекте өлкөнүн экономикалык, саясий, социалдык маселелериндеги өнүгүүнүн моделдери жана аларды модеринизациялоо багыттары боюнча практикалык сунуштар берилген.

Илимпоз-тарыхчы Э.Маанаев көтөрүлгөн проблеманын талаш-тартыштыгын эсепке алып, мурдагы идеологиялык концецияларды даярдоого катышкан же идеология маселесине жакын болгон окумуштуулар: философ А.Какеев, тарыхчы В.Плоских, экономист Т.Койчиев, саясат таануучу Ж.Сооданбеков, юрист Б.Борубашев тарабынан автордун китебине берилген рецензия  жана сын пикирлерин  тиркеме катары берилгени илимий эмгек илимпоз-саясатчылардын зор кызыгуусун жараткандыгын далилдеп турат.

 Көрсөтүлгөн эмгектер боюнча учурунда Республикалык маалымат каражаттарында бир катар окумуштуулар тарабынан   баалуу ой пикирлери айтылган.

Жалпысынан, корутундулап баа берүү менен, авторлор тарабынан (Т.Абдырахманов, Н.Курбанова, Э.Маанаев) жазылган эмгектердин бирикмесинен турган   «Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-руханий өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери» аттуу тема бүгүнкү Кыргызстандын коомдук өнүгүүсүндөгү теориялык маселелерди изилдөөдө чоӊ салым кошкон илимий изилдөө катары бааласа болот.

                                А.Ормушев,  т.и.д., профессор

Поделиться

Комментарии