ДЕНЕ ТАРБИЯГА КЫТАЙЛАРДАЙ МАМИЛЕ КЫЛСАК

  • 27.03.2015
  • 0

Былтыр 25-28-августта Бишкек, Нарын, Талас жана Баткенден келген математика, физика мугалимдеринен жана мектеп окуучуларынан турган делегация Кытай жергесиндеги мектептердин ишин көрүп, жалпы орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп келишти. Делегациянын сапары «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан сунушталып, Кытай элчилигинин колдоосу менен жүзөгө ашкан. Делегация Кытай мамлекетинин Ланчжоу шаарынын Түндүк-Батыш педагогикалык университетинин алдындагы Жогорку мектептин ишмердиги менен таанышып келгендиги жөнүндө «Кутбилимде» маалымат берилген эле. Бул ирет кытай элинин спортко кандай маани берери тууралуу сөз кылууну туура таптык.

Кытайлык  өспүрүмдөр дүйнөлүк  мелдештерде башкы тепкичтерге ээ болуп келүүдө. Мунун баары ата-энелердин,  коомдун, мамлекеттин спортко болгон мамилесинен болууда. Үй-бүлө элге таанылгысы келет, мамлекет да башка өлкөлөрдүн катарында аброюн көтөрүүнү ойлойт.

Дене тарбия мугалими мындай  дейт:  «Көпчүлүк балдар ата-энелери менен чогуу парктарга, стадиондорго бирге барып машыгышат. Бул баары баласынын жеӊиши үчүн болгон аракет».

Кээ бир Интернет-сайттарында мындай деп жазылат:  «Балким  ар  бир спорттун түрү боюнча Кытайда миллиондогон спортсмендер бардыр. Ошонун арасынан эӊ жакшысын тандап алууга гана жетишүү керек».

Болочок чемпиондордун үч  жашынан  эле  спорт-ко   кызыгуусу  башталат. Себеби бала бакчаларда жана мектептерде негизги сабактардын арасына гимнастика кирет: ушу, акробатика, кыймыл оюндары ж.б. Андан кийин мектептерде окуучуларга жеӊил атлетика, баскетбол, стол тенниси, ушу жана бадминтон ойноо кеӊири үйрөтүлөт. Бирок болочок профессионалдар би-ринчи эле этапта тандалат.

Тандалып алынган окуучулар спорт интернаттарында жашап машыгууга жолдомо  алышат.  Кытай боюнча мындай интернат-тардын  саны  300гө  жакын. Окуучулардын саны 50000ге  чаап  барат.  Бул анча деле көп эмес, Кытай элинин жалпы санын алып салыштырсак. Бирок спорт интернаттарында чыныгы таланттуу, анан көпчүлүк машыгуучулардын элегинен өткөн окуучулар бар.

Интернет  булактарынан  алынган  маалыматтарга  ылайык,  спорт  интернаттарына  балдарын берүү ата-энеге кошумча акчалай киреше алып келет. Себеби окуучу толугу менен өкмөттүн каржылоосунда болот. Ошондой эле ата-энелерге ай сайын 120$ акча төлөнөт. 12 жаштан баштап окуучулар айына 40$ стипендия алышат.

Эгерде окуучу ар кандай себептер  менен  окуудан четтетилсе, анда ата-энеси ар бир окуу жылы үчүн 1200$  компенсация  алышат. Ошондой эле спорт интер-наттын мурдагы окуучулары университеттерге сынаксыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Дене тарбияга, дегеле денени чыӊдоого көп маани берилээрине ынандык. Мисалы, делегация барган Түндүк-Батыш педагогикалык университетинин алдындагы Жогорку мектепте ар күнү үчүнчү сабактан кийин окуучулардын баары спорт аянтчасына чыгып машыгууларды жасайт экен. Бул учурда мектептин дене тарбия мугалими радио аркылуу жасалуучу көнүгүүлөрдү айтып турат. Баса белгилеп кетчү нерсе, окуучулардын ызы-чуу кылгандары көрүнгөн жок. Ар бири көнүгүүлөрдү так жана чын дили менен берилип аткарууга умтулуп атышты.

Ошондой эле, мектепте экинчи сабактан кийин көз гимнастикасы жасалат экен. Гимнастиканын көнүгүүлөрү Кыргызстандагы Конфуций институту жана «Роза Отун-баеванын демилгеси» фонду тарабынан орус тилине которулуп даярдалган.

Ошентип,  жакынкы коӊшубуз Кытайда болочок чемпиондорду даярдоонун ыкмасын биз дагы колдонсок, келечекте Кыргызстан ден соолугу чыӊ жарандар жана чемпиондор өлкөсүнө айланат деген ойдомун.

У.МАМБЕТАКУНОВ,

педагогика илимдеринин доктору, БФЭА доценти

Поделиться

Комментарии